М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№23-1

30.12.2019

Бел   айыл өкмөтүнун 2019-жылдагы  бюджетинин       аткарылышы,2020-жылга  айыл өкмөтүнүн бюджети жана 2021-2022- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

2.

№23-2

30.12.2019

Бел айыл  аймагындагы  кожолуктарга жер салыгынан женилдик  берүү  жөнүндө

3.

№23-3

30.12.2019

Бел  айылдык  Кенешинин  2020-жылга  иш-планын бекитүү     жөнүндө

4.

№23-6

30.12.2019

Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

2019-жылдын 30-декабрындагы "2019-жылга жайыт

пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылшы

жана 2020-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети

жөнүндөгү" №1 жалпы жыйынынын токтомун 

бекитүү тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 23 сессиясы

Т О К Т О М

Бел айылы

№23-1

30.12.2019

 

Бел   айыл өкмөтүнун 2019-жылдагы  бюджетинин            аткарылышы,2020-жылга  айыл өкмөтүнүн бюджети жана 2021-2022- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

Бел айыл өкмөтүнүн  2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы,2020-жылга каралган  бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени " Кыргыз  Республикасынын 2020-жылга  республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга  болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде  иштелип чыккан  долбоор  тиешелүү  мекеме-ишканалардын  жетекчилеринин  катышуусунда.депутаттардын  Бел айылдык кенешинин "Экономика,юджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча  туруктуу  комиссиясында  каралып чыгылган.Кыргыз  Республикасынын  " Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү " Мыйзамынын   27-статьясынын  5 -пунктуна ылайык  депутаттардын  Бел  айылдык  Кенеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.               2020-жылга Бел айыл  өкмөтунун айылдык  бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 15992,7 мин сом   өлчөмүндө бекитилсин.

2.                2020-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин  түзүүчү булактары  жана чыгашалар боюнча багыттар №1 тиркемеге  ылайык аныкталсын,гранттардын чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте  корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц фондго чегерүү,тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга)каржылануусу белгиленсин.

3.                   Бел айыл өкмөтунүн 2021-2022- жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун   негизги көрсөткүчттөрү  колдоого алынсын.

          Кирешенин  болжолу 2021-жылга 16413,5 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6288,6 мин сом менен)жана 2022-жылга 16501,2 мин сомго (республикалык   бюджеттен алынуучу  гранттар 6138,2 мин сом менен) белгиленсин.

          Бел айыл өкмөтунүн 2021-2022- жылдарга айылдык  бюджетинин  негизги  көрсөткүчтөрүнүн   болжолу жактырылсын,аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо  жүргузүү  жагы белгиленсин.

4.         Атайын каражаттардын    кирешесинин  сметада бекитилген  өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик  мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

            Айылдык  бюджеттик мекемелери  казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары,мекеменин  кассасы аркылуу  атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

5.         Атайын каражаттар казыналыктан тышкары(бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу)чыгымдалган учурда   Кыргыз  Республикасынын "Кыргыз  Республикасынын  2020-жылга  республикалык бюджети 2021-2022- жылдарга болжолу жөнүндөгү"Мыйзамынын 14-бернесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

6.   2020-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык  накталай акча 530,0мин сом  суммасында белгиленсин.

7.     Айыл өкмөтунүн  башчысы  төмөнкүгө   укуктуу:

-   Ушул токтомдун 1-бернесинде бекитилген суммалардын чегинде,эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ущул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү  киргизүүгө;

-     ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

-     киреше  бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша  бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо.

8.  2018-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнун пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн  каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү  киргизүү айылдык кенешке ыйгарылсын.

9. Жергиликтүү  бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо,алардын  финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансэкономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

10. Бел айыл өкмөтунүн 2019-жылдагы айылдык  бюджеттин киреше бөлүгү     15061,0мин сомго,чыгаша бөлүгү 14792,0 сомго же кирешенин чыгашадан 269,2 мин сомго  артыкчылыгы менен  аткарылгандыгы белгиленсин.

11.   Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы  депутаттардын Бел  айыдык кенешинин "Экономика.бюджет соода жана ишкердүулүк боюнча" туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Бел айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Т.М.Бекботоев                

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 23 сессиясы

Т О К Т О М

Бел айылы

№23-2

30.12.2019

 

Бел айыл  аймагындагы  кожолуктарга жер салыгынан женилдик  берүү  жөнүндө

 Жер салыгынын  женилдик алуучу  атуулдардын тизмелери менен  таанышып жана талкуулап депутаттардын  Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги жыйырма  үчүнчү  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

.1.Бел айыл өкмөтүнүн  чарбалык китебине катталган кожолуктун саны 2284 кожолук анын ичинен:

Пенсионерлер - 579 кожолук,   жери 88,4 га         суммасы 884,0 мин сом

Көп балалуулар -137 кожолук,  жери 16,4 га         суммасы 164,0 мин сом

              Афган,эмгек майыптары 72 кожолук   жери 9,2 га суммасы 92,0мин сом

жогорудагы кожолуктар жер салыгынан  көп жылдан бери  айылда жашабаган жана үй салбаган 628 кожолук өз ара жыйымдарынан бошотулсун. 

2.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө    Бел айылдык Кенешинин  экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Бел айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Т.М.Бекботоев                

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 23 сессиясы

Т О К Т О М

Бел айылы

№23-3

30.12.2019

 

Бел  айылдык  Кенешинин  2020-жылга  иш-планын бекитүү     жөнүндө

Бел айылдык  Кенешинин 2020-жылга  түзүлгөн  иш-планын  угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) 23--сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1   Бел  айылдык  Кенешинин 2020-жылга түзүлгөн  иш  планы  бекитилсин.

                                  (иш план    тиркелет.)

 2.    Бекитилген  иш-пландын так жана  сапаттуу  аткарылышын  камсыз кылуу   айылдык    Кенештин  жооптуу   катчысы   Жумаева  Анар Сатыевнага  жүктөлсүн.

3.     Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кенештин     мыйзамдуулукту сактоо боюнча   туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Бел айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Т.М.Бекботоев                

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 23 сессиясы

Т О К Т О М

Бел айылы

№23-6

30.12.2019

 

Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

2019-жылдын 30-декабрындагы "2019-жылга жайыт

пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылшы

жана 2020-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети

жөнүндөгү" №1 жалпы жыйынынын токтомун 

бекитүү тууралуу

        Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдын 30-декабрындагы "2019-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2020-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү" №1 жалпы жыйынынын токтомун депутаттардын айлдык кеңеш бекитүү максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдын 30-декабрындагы "2019-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2020-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү" № 1жалпы жыйынынын токтому бекитилсин.

2.         Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети бекитилсин жана малдарын жайытка чыгаруу мөөнөтүн тиркемеге ылайык, айдап чыгуусун көзөмөлгө алуу ЖПБ нын төрагасы Эшимовго тапшырылсын. (тиркеме тиркелет)

3.         Бел жайыт пайдалануучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана мал ылаңдарына каршы алдын-ала эмдөөлөрдөн өткөн малдардын ветеринардык аныктамасына карап жайытка чыгарууну көзөмөлдөө жагы ЖПБнын төрагасы Эшимовго тапшырылсын.

4.         Бел жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды, социалдык казынага жана башка төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөнүшүн камсыздоо жагы ЖПБнын төрагасы Эшимовго тапшырылсын.

5.         Жайыт жерлерине бак дарак эгип мурунтан тосуп алган жеке тараптардын жаыт акылары төмөнкүдөй болуп белгиленсин; жаңыдан олтургузулган бак-дарактардын 1 га жер аянты үчүн 500 сом, 3 жылдан ашкан дарактардын 1 га жер аянты үчүн 3000 сом. Белгиленген өлчөмдөгү жайыт акыларын төлөөдөн баш тарткан жеке тараптарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алуу жана ага дагын баш бербеген жеке тараптардын жерлерди алып коюу, жайыттарды ачтыруу жагы ЖПБ нын төрагасы Эшимовго тапшырылсын.

6.         Жайыт жерлеринин экосистемасын жана малдардын эпизетологиялык абалын туруктуу сактоо максатында жайытка чыкчу жолдорго айылдык аймактагы ветеринардык врачтар менен биргеликте ветеринардык эпизоотологиялык жайыт постторун уюштуруу жагы ЖПБнын төрагасы Эшимовго жүктөлсүн.

7.         Ноокат токой чарбасынын жайыт жерлеринде 1 баш карамал, жылкы, жана эчкилердин 1-айына 20-0 сомдон 3-айга 60,0сом, койго айына 20,0 сомдон төлөп берүү сунуншу жактырылсын.

8.         Ушул токтомдун апткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Бел айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Т.М.Бекботоев                

 

 

Назад

 

 

Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын

П Р О Т О К О Л У № 1

30-декабрь 2019-жыл                                                           Бел  айылы

 

         Чогулушка катышкандар: Бел айылдык кеңешинин  депутаттары, Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.Казначиев, Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар бирикмеси ассоциациясынын төрагасы Жолдошов Т. Жана айыл тургундары  жалпысы 32 адам.

Күн тартиби:

 

         1. Бел айыл аймагынын  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери.

         2.2020-жылга карата Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин божомол бюджети.

         3. Ар түрдүү  маселелер.

Угулду:

         Жыйынды  Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.казначиев ачып күн тартибиндеги биринчи  маселе боюнча  сөздү Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н.Эшимовко берди. Ал өз сөзүндө  2019 жылы ЖПБ тарабынан жүргузүлгөн иштерге кенен токтолуп өттү. Ошондой эле жайыт маселесиндеги көйгөйлөр менен чечүүчү маселеллерге  басым жасады. Атап айтканда  жайытка  элдер малды  эрте айдоо менен чөптү өстүрбөй жайыттар деградацияга дуушар болуп жатат,  Аскалы,Ноовалы жайлоолорунун жолдорун оңдоо биринчи маселе экендигине токтолуп өттү. Булактардын да  айлана тегерегин тазалап иретке келтирүү зарыл экендигин белгиледи. 2020-жылга баары чабандарды тизмеге алып, чыгарылуучу мал боюнча толук  маалыматты  Кой-Басар  бөлүмүндө  атайын постто тактааларын айтып өттү. Малдар жайытка чыккандан кийин да  ЖПБнын инспекторлору  атайын рейддерди уюштуруп жайыттарды көзөмөлгө аларын катышуучуларга эскертип өттү. Бул деген  башка коңшу айыл өкмөттөрдөн да  чабандар малдарды биздин аймакка айдап чыгуусуна бөгөт болот. Мындай фактылар болсо  чара көрүлөт.

         Күн тартибиндеги экинчи маселе  боюнча  Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н.Эшимов   ЖПБнын 2020-жылга болжомол бюджети менен тааныштырп өттү. Өз сөзүндө  ЖПБнин 2020-жылга  койгон аткаруучу пландары, киреше жана чыгаша  бөлүктөрү менен тааныштырды.2020-жыл үчүн  ЖПБнын  киреше, чыгашаларынын  божомол бюджети жалпысынан 412722 (төрт жүз он эки миң жети жүз жыйырма эки) сомду түзөрүн маалымдады.    

            Жогорудагыларды угуп жана талкуулап  жалпы жыйын

 

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1.Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

         2.Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдын  30-декабрындагы  22019-жылга  жайыт пайдаланууда  жүргүзгөн  иштеринин аткарылышы  жана 2020-жылга карата түзулгөн  божомол бюджети  жөнүндөгү” жалпы жыйынынын токтомун бекитип берүү жагы депутаттардын Бел айылдык кеңешине сунушталсын.

         3.Жайыт жерлерине  бак-дарак эгип  мурунтан тосуп алган  жеке тараптардын  жайыт акылары  төмөнкүчө белгиленсин:жаңыдан  олтургузулган  бак-дарактардын  1 га  жер аянты үчүн  500 сом, 5 жылдан ашкан  дарактардын 1га  жер аянты үчүн  3000 сом. Көрсөтүлгөн жайыт акыларын төлөөдөн баш тарткан жараандарга  түшүндүрүү иштерин  жүргүзүүнү колго алуу, каршы чыккан убакта жайыт жерлерин алып коюу, жайыттарды ачтыруу жагы ЖПБнын төрагасы Н.Эшимовго  тапшырылсын.

         4.Бел жайыт пайдалануучулар арасында  өрт коопсуздугун  сактоо  жана  мал ылаңдарына каршы  алдын-ала эмдөөлөрдөн өткөн  малдардын  ветеринардык аныктамасына негиз  жайытка  чыгарууга  көзөмөлдөө ЖПБнын төрагасы Н.Эшимовго жана айыл өкмөтүнүн ветеринардык  даарыгерине (А.Сулайманов) жүктөлсүн.

         5. Бел  жайыт пайдалануучулар  тарабынан  пайдаланылган  жайыт акыларын  өз убагында  өндүрүү  жана башка толөмдөрдү өз мөөнөтүндө  төлөнүшүн  камсыздоо жагы  ЖПБнын төрагасы  Н.Эшимовко милдеттедирилсин.

            6.Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н.Эшимовко  жүктөлсүн.

 

 

 

Жыйындын төрагасы                                                         К.Казначиев

 

Жыйындын катчысы                                                           А.Абабакиров