М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№25-3

16.03.2020

"CАSА-1000"долбоорун ишке ашыруу максатында 500кВтук  аба чубалгысын куруу үчүн  айыл өкмөтүнүн  жеринен 90008 м2  жер    аянтын ажыратып берүү   жөнүндө

2.

№25-5

16.03.2020

Ноокат  райондук прокуратурасынын 2020- жылдын     12-мартындагы №1/508-20 сандуу ченемдик укуктук актылардын   бузулушун четтетүү жөнүндөгү  сунушун аткарууга алуу жөнүндө

3.

№25-6

16.03.2020

Бел айыл аймагындагы  мамлекеттик  фондусунун         жерлерин инвентаризациялоодон   өткөрүп жана  фонддун жерлерине конкурс  өткөрүү боюнча комиссиянын курамын түзүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 25 сессиясы

Т О К Т О М

Бел айылы

№25-3

16.03.2020

 

"CАSА-1000"долбоорун ишке ашыруу максатында 500кВтук  аба чубалгысын куруу үчүн  айыл өкмөтүнүн  жеринен 90008 м2  жер    аянтын ажыратып берүү   жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн макулдашуусу боюнча электр  энергиясын  экспорттоо максатында  Кыргыз Республикасында узундугу 450 км болгон 500кВттук "Датка-Сугд" аба чубалгысынын курулушу боюнча  даярдалган чиймелерге таянып,"САSА-1000" долбоорун ишке ашыруу максатында ОШ ЖЧЭТИ  директоруМ.К.Раймалиевдин 2020-жылдын 28-февралындагы №13-3/183  сандуу катын жана   "САSА-100" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын  20-февралындагы №105 -токтомун  жетекчиликке алып Бел айылдык Кенеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105-токтому   жетекчиликке жана аткарууга алынсын..

2"Датка" подстанциясында 500кВт уячасы болгон "Датка-Сугд" 500 кВт электр  берүүнүн  аба чубалгысын куруу  үчүн  Бел айыл өкмөтүнүн айыл аймагынан жалпысы 90008 м2 аянты (анын ичинекн 4 даана электр  аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн2400м2 жер аянты) ажыратылып берилсин.

3."САSА-1000" долбоорун ишке ашыруу боюнча берилген жер аянттарынын бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан үлүш ,кайрак жер аянттарын аныктоо  жагы    Бел  айыл  Өкмөтүнун жер адисине жана Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчисине     милдеттендирилсин.

4.Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105-токтомун аткарууда Кыргыз  Республикасынын  жер  мыйзамдарына ылайык мүмкүн болуучу компенсацияларды  төлөп  берүү  жагы "Кыргыз улуттук электр тармактары "  ачык акционердик  коомуна сунушталсын.

Бел айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Т.М.Бекботоев                

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 25 сессиясы

Т О К Т О М

Бел айылы

№25-5

16.03.2020

 

Ноокат  райондук прокуратурасынын 2020- жылдын        12-мартындагы №1/508-20 сандуу ченемдик укуктук актылардын   бузулушун четтетүү жөнүндөгү  сунушун аткарууга алуу жөнүндө

Ноокат райондук  прокуратурасынын 2020-жылдын 12-мартындагы №1/508-20 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунуш катын угуп жана талкуулап,мындан ары мыйзам бузуучулукка жол бербөөнүн  алдын алуу  максатында депутаттардын   Бел  айылдык   Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезексиз  25-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат  райондук прокуратурасынын 2020- жылдын 12-мартындагы №1/508-20 сандуу ченемдик укуктук актылардын   бузулушун четтетүү жөнүндөгү  сунушу  аткарууга алынсын.

2.         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы  айыл аймагындагы  калктуу  конуштардын,көчөлөрдүн  аталыштарын 2020-жылдын 31-декабрына чейин өзгөртүүгө тыюу салган №690-токтомун эл арасында  түшүндүрүү багытында  ишти такай алып баруу жагы    айылдык кенештин туруктуу  комиссияларына жана Бел айыл өкмөтүнүн аппаратына  жүктөлсүн.

3.         Жарандардын арыздарынын аткарылышы боюнча арыз  ээсине мыйзамда көрсөтүлгөн  мөөнөттө жазуу  жүзүндө   маалымат берүү  айылдык Кенештин жооптуу катчысы А.С.Жумаевага  милдеттендирилсин.

Бел айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Т.М.Бекботоев                

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 25 сессиясы

Т О К Т О М

Бел айылы

№25-6

16.03.2020

 

Бел айыл аймагындагы  мамлекеттик  фондусунун жерлерин инвентаризациялоодон   өткөрүп жана  фонддун жерлерине конкурс  өткөрүү боюнча комиссиянын курамын түзүү  жөнүндө

        Бел айыл аймагындагы  мамлекеттик  фондусунун жерлерин  инвентаризациялоодон   өткөрүп жана фонддун жерлерине конкурс  өткөрүү боюнча  комиссиянын курамын   түзүү  максатында  Бел айылдык  Кенеши                    

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Бел айыл аймагындагы  фонддун жерлерин  тактоо жана конкурс өткөрүү максатында  №1-тиркемеге ылайык комиссиянын курамы  түзүлсүн.

2.Азыркы кырдаалга байланыштуу жергиликтүү тургундарды  топтобостон  ынгайлуу  шарттары менен тактоо  иштери  жүргүзүлүп, аймактагы аз камсыз болгон жарандарды  эске алуу менен  түз берүү  жолдору каралсын.

3.Чечимдин  аткарылышынын көзөмөлгө  алуу жер  маселелери боюнча туруктуу төрагасына жана  Бел айыл өкмөтүнүн  башчысына   милдеттендирилсин.

Бел айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Т.М.Бекботоев                

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад