Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-9                18-февраль  2015- жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү

фондусун жерлерин ижара мөөнөтүн жана

башталгыч баасын бекитип берүү жөнүндө.

 

             Гулистан айыл кеңеши айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижара 

мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январындагы кайра

бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү № 4 токтомун көрүп чыгып жана

 талкуулап

Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

 

1.      Гулистан айыл өкмөтүнүн “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү

2015-жылдын 5-январындагы № 4 токтому бекитилсин.

2.      Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү мөөнөтү 2015-жылдан

баштап 5 жыл мөөнөткө белгиленсин.

3.      Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижара акысынын өлчөмү жердин түшүмдүүлүгүнө карап, Гулистан айылындагы жерлердин ижара акысынын башталгыч баасы

10 миң сомдон, Фрунзе айылындагы  жерлердин ижара акысынын башталгыч баасы 4 миң

сомдон деп белгиленсин.

4.      Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер

комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Айыл чарба жерлерин, кайра

бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү” токтомунун негизинде иш жүргүзсүн.

5.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин авйыл чарба, курулуш, өнөр жай

 жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                               И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-10                18-февраль  2015- жыл

 

                Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

 2014-жылдын 31-декабрындагы Жарлыгын

 турмушка ашыруу максатында юридикалык

жер салыгын ставкаларын бекитүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Президентинин жогрудагы Жарлыгында жергиликтүү өз

 алдынча башкаруу органдарынын экономикасынын өнүктүрүү максатында юридикалык жер

салыгын үч эсеге чейин көтөрүү сунушталган. Айыл чарба багытындагы жерлердин ставкалары

көп жылдардан бери өзгөрүүсүз келе жаткандыгы белгилүү.  Бул маселе айыл кеңештин айыл

чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу

комиссиянын заседаниесында көрүп чыгылды жана айыл чарба багытындагы жерлердин

ставкалары жерлердин банитетин аныктап чыгып, ошонун негизинде салык ставкасын белгилөөнү

 сунуштады.

            Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин

сессиясы

Т О К Т О М        К Ы Л А Т :

 

1.      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 31-декабрындагы Жарлыгы

 жетекчиликке жана аткарууга алынсын..

2.      Айыл чарба багытындагы юридикалык жер салыгы жердин банитетине карап 1,5 эседен

2,5 эсегечейин көтөрүлсүн.

3.      Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, салык кодексинин талаптарына ылайык

 айыл чарба багытындагы юридикалык жер салыктарын ставкаларын жердин банитетинин

 негизинде жогорулатуу үчүн  тийиштүү иш чараларды жүргүзүү Гулистан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай,

 ишмердүүлүк жана инженердик инфрастуктуралар боюнча туруктуу комиссиясына

тапшырылсын.

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                       И.Ташматов.

     

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-11                18-февраль  2015- жыл

 

Гулистан айылдык  кенешинин (V-шайланган)    кезектеги   XX- сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө.

 

        Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында Гулистан айыл кенешинин сессиясы 

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Гулистан айыл өкмөнүн аппарат кызматкерлеринин  эмгек акысы  үчүн 5,1 миң сом жана соц.фонд үчүн 142,6 миң сом, башка чыгымдары үчүн 0,6 миң.сом,  бардыгы болуп 148,3 миң сомду Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.

2.      Гулистан айыл өкмөтүнүн имаратын сатып алуу үчүн 342,4 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.

3.      Гулистан айыл өкмөтүнүн сатып алынган компьютерден калган карыз  үчүн  6,8 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажратып берилсин.

4.      Гулистан айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчөлөрүнө суу тутугун тартуу үчүн  91,1 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.

5.      Гулистан айыл өкмөтүнүн аймагындагы  мектептердын ремонту  үчүн 14,1 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.

6.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Гулистан айыл  кенешинин айыл чарба, өнөр жай, курулуш, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 Гулистан  айыл кеңешинин төрагасы:                                                          И.Ташматов

 

 

 

 

                             

 

                          

                            Гулистан айыл кенешинин             

                               (V-чакырылышы)   кезектеги

                              XХ-сессиясынын №XХ-11

                              токтомуна    № 1 тиркеме

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2015-жылдын 1 январына акча каражатынын калган калдыгын бөлүштүрүү боюнча

                                                                                                                          (мин сом)

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

497,5

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

91,1

Билим берүү

14,1

Чыгашалардын жыйынтыгы:

602,7

        

           Гулистан айыл өкмөтүнүн

             жооптуу катчысы :                                                     Г.Раимбердиева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-12                18-февраль  2015- жыл

 

 

Гулистан айыл  кенешинин (V-шайланган) кезектеги    XX- сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014-жылдын жыйынтыгы менен атайын эсеп счетуна ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө.

 

    Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014-жылдын жыйынтыгы менен атайын эсеп счетуна ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында Гулистан айыл кенеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Гулистан айыл өкмөтүнө караштуу “Теремок -Гулистан” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашынан болгон карызы үчүн 58,8 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.

2.  Гулистан айыл өкмөтүнө караштуу “Теремок Гулистан” балдар бакчасына башка чыгымдарды сатып алуу үчүн 7,7 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн  2014 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Гулистан айыл  кенешинин бюджет, экономика жана инвестиция  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Гулистан  айыл  кеңешинин төрагасы:                                                          И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-13                18-февраль  2015- жыл

 

 

Гулистан айылдык  кенешинин (V-шайланган) кезектеги    XX- сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл аймагында машруттук

микроавтобустар каттамын жолго

коюу жөнүндө.

 

        Гулистан айыл аймагындагы катктуу конуштар компактуу жайгашгандыгы себептүү шаар

аймагы менен кошулуп кеткен. Ноокат шаар башкаруусунун демилгеси менен шаар аймагында

маршруттук микроавтобустар каттамы жолго коюлду.  Мындай маршруттук каттамдарды айыл

аймагыбызда да жолго коюу боюнча тургундарыбыздан арыз жана сунуштар түшкөн.

        Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин

        сессиясы

Т О К Т О М        К Ы Л А Т :

 

1.      Гулистан айыл аймагынын тургундарынын  транспорттук көйгөйлөрүн чечүү максатында

айыл аймагында микроавтобустардын маршруттук каттамына уруксат берилсин.

2.      Гулистан айыл аймагында микроавтобустардын жаңы маршуруттарын ачууга  уруксат

берүү жагы тийиштүү жогоркү органдардан  суралсын.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин айыл чарба, курулуш,

өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                И.Ташматов.

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезексиз ХХ1-сессиясы

 

                                                                             Т О К Т О М

 

Фрунзе айылы                                       ХХ1-1                   25-март 2015-жыл

 

Гулистан айыл аймагындагы ЧилиСай дарыясынын боюнда жашоочу элдердин арыздарынын  негизиндеэлдердин турак жайларына зыянкелтирүүнүн алдын алуу максатында дарыядан  шагал, таш алууга тыюу салуу жөнүндө.

 

    Гулистан айыл аймагынан Чили Сай дарыясы өтөт. Чили Сай дарыясы негизинен суу таштоочу сай катарында пайдаланылат. Жагын коп болуп суу көбөйүп кетекенде же башка табыгый кырсыктар болгон учурларда  Найман каналынын суусу дарыяга ташталат. Каналдын суусу ташталган учурларда суунун көлөмү көбөйгөнүнөн дарыя боюнда жашоочу элдердин турак жайларына жана улуш жерлерине чоң зыян келтирет. Ошондуктан дарыя боюнда жашоочу элдерден айыл кеңешке, айыл өкмөтүнө дарыядан шагал, таш алууга тыюу салуу жөнүндө арыздар келип түшкөн.

        Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгырп жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М        К Ы Л А  Т :

 

1.      Чили Сай дарыясынын боюнда жашоочу элдердин турак жайларына жана үлүш жерлерине зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында дарыядан шагал-таш алууга 2015-жылдын аягына чейин тыюу салынсын.

2.      Өз башымчалык менен дарыядан шагалташ алган жарандарга мыйзам чегинде жазана колдонуу үчүн лардын иштери тийиштүү органдарга өткөрүп берилсин.

3.      Чили Сай дарыясынан шагал-таш алууга тыюу салуу максатында түзүлгөн комиссиянын курамы бекитилсин:

1.      У.Мирзакулов-айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы.

2.      А.Расулов- айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орунбасары.

 

М Ү Ч Ө Л Ө Р Ү:

 

3.      Ш.Гафаров-айыл кеңешинин депутаты.

4.      Ш.Журабаев- милициянын участкалык инспектору.

5.      М.Мусаев-айыл кеңешинин депутаты.

6.      М.Режабалиев- “АСИР” СПА сынын жетекчиси.

7.      Т.Тойчиев-айыл кеңешинин депутаты.

8.      И.Айбашов- айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары

9.      А.Мусурманкулов -айыл кеңешинин төрагасынын орунбасары.

4.      Өзгөчө кырдаал,  сел жана башка табыгый кырсыктар болгон учурларда дарыянын нугун тегиздөө, дамбаларды тазалоо, жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү “АСИР” СПА сына тапшырылсын.

5.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш,өнөр жай, ишмердүүлүк  жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                    Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                 И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезексиз ХХ1-сессиясы

 

                                                                             Т О К Т О М

 

Фрунзе айылы                                                  № ХХ1-2                           25-март 2015-жыл   

 

Гулистан айыл кеңешинин туруктуу   комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө. 

 

           Гулистан айыл кеңешинин алдында 4 туруктуу иштөөчү комиссиялар түзүлгөн. 3 комиссияга 5 тен депутат, 1 комиссияга 4 депутат мүчө болуп кирген. Комиссиялар жыл башында кабыл алынган иш пландардын негизинде иш жүргүзүшөт.   Туруктуу комиссиялардын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу жана депутаттардын жеке кайрылууларын эсепке алып, туруктуу комиссялардын курамына айрым өзгөртүүлөр киргизүү сунушталууда.

           Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, айыл кенешинин кезексиз сессиясы

Т О К Т О М        К Ы Л А Т :

 

1.      Гулистан айыл кеңешинин туруктуу комиссияларынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу жана айрым депутаттардын жеке кайрылууларын эсепке алып, туруктуу комиссиялардын курамына төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин:

1.      Айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча иштөөчү туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Б.Мирзаев жана Х.Мамажановтор социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына өткөрүлсүн.

2.      Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Т.Тойчиев жана Х.Хасановтор айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына өткөрүлсүн.

2.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин жооптуу катчысы С.Эркабаевге тапшырылсын.

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                            И.Ташматов

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезектеги  ХХ11-сессиясы

                                                                         Т О К Т О М

Фрунзе айылы                                        № ХХ11-1                   14-май 2015-жыл      

                           

Гулистан айылдык аймагынын  2015-жылдын I-кварталындагы социалдык  экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө.

 

       Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планы айыл кеңешинин 2013-жылдын 22-мартындагы 3-сессиясында Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде бекитилген. Айыл өкмөтү ички-тышкы ресурстарын жана жергиликтүү бюджеттин көлөмүн 2014-жылда курулушу аякталбай калган социалдык объекттерди эсепке алып, жумушчу топ тарабынан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киритилип, айыл кеңештин  2015-жылдын 15-февралындагы сессиясында бекитилди.

           Гулистан  айылдык  округунун  туруктуу комиссиясы айыл аймагынын 2015-жылдын I-кварталындагы  социалдык-экономикалык өнүгүү  программасын  аткарылышын  көрүп  чыкты. Айыл өкмөтүнүн жалпы  бюджетин  аткарылышы                   2 млн. 543,3 миң  сом пландаштырылган болсо, аткарылганы  3 млң 90 миң 544  сомду түзгөн. Анын ичинде жергиликтүү    бюджеттин  аткарылышын 2014-жылдын I-кварталында   пландаштырылганы 1 млн. 511 миң сом болсо, аткарылганы 1 млн 816,964 миң сомду  түзүп,  102 пайызга  аткарылган. 332   миң сом көп киреше жыйналган. Жапы план аткарылгандыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешесинин негизин түзгөн 9 түр салыктар боюнча 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100 миң сом аз акча жыйналган. 

        Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап

 

ТОКТОМ     КЫЛАТ   :

 

1)      Гулистан айыл аймагынын 2015-жылдын  I-кварталында социалдык экономикалык  өнүгүү программасынын негизинде  аткарылган  иштерди  кемчиликтерин  белгилөө  менен  канааттандыралы  деп  белгиленсин.

2)      Айыл өкмөтүнө :

-айыл аймагынын  2015-жылдын II-кварталындагы  социалдык экономикалык  өнүгүү  программасын  аткарылышын  негизги багыты инвестиция  тартууга, элди  мобилизациялоо  жолу менен социалдык  объекттерди оңдоо жана  курууга  көңүл бурушсун;

-Хужамов атындагы орто мектебинин базасында курулуп жаткан балдар бакчасынын имаратын 2015-жылдын 2-кварталында пайдаланууну камсыз кылышсын.

3)      Жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын (киреше салыгы, мүлк салыгы, сатуудан алынуучу салык) көбөйтүү боюнча атайын  иш-чаралар  иштеп чыгышсын.

 

4)      Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл  кеңештин   бардык туруктуу  комиссияларына  тапшырылсын.

 

 

            Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:_______________________ И.Ташматов.

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезектеги  ХХ11-сессиясы

                                                                         Т О К Т О М

 

Фрунзе айылы                                        ХХ11-2                   14-май 2015-жыл   

                              

Гулистан айыл аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана иретке келтирүү жөнүндө

 

    Гулистан айыл аймагын көрктөндүрүү жана иретке келтирүү максатында айыл өкмөтү атайын иш чаралар иштеп чыкты. Иш чараларда айыл аймактарын иретке келтирүү, көрктөндүрүү боюнча аткарылуучу бардык иштер камтылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл кеңеши ажыратып берген акча каражаты дагы эсепке алынган. Иш чараларда айыл аймагындагы бардык мекеме-уюмдардын айланасын жана кожолуктардын турак жайын иретке келтирүү жана көрктөндүрүү көрсөтүлгөн. Аткарылуучу иштерге жооптуу кишилер дайындалаган. Бул иш чараларды аткаруу боюнча айыл өкмөтү кароо-сынак жарыялаган. Кароо-сынакта “Мыкты айыл”, “Мыкты көчө”, “Мыкты үй бүлө”, “Мыкты мекеме (уюм)” номинациялары  жарыяланаган.  Кароо-сынактын сыйлык фондусу айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунан болуп, 50 миң сомду түзөт. Кароо-сынактын жыйынтыгы өлкөнүн эгемендүүлүк майрамына чыгарылат. (Иш чаралардын планы тиркелет)

        Күн  тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы

Т О К  Т О М         К Ы Л А Т :

 

1)      Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл аймактарын иретке келтирүү жана көрктөндүрүү боюнча иш чаралар планы бекитилсин. (Иш чаралар планы тиркелет)

2)      Айыл аймактарын иретке келтирүү жана көрктөндүрүү боюнча иш чараларды аткарууга ар тараптан көмөк көрсөтүү айыл кеңешинин  депутаттарына, көчө комитеттерине, айыл өкмөттүн кызматчыларына милдеттендирилсин.

3)      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин 2015-жылдын 14-майындагы № ХХ-2-токтомуна тиркеме

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн  аймагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү   боюнча үч айлыкты өткөрүүнүн

 

ИШ-ЧАРАСЫ

 

Иш-чаранын аткарылуучу жайы

Аткарылуучу иш-чаранын аталышы

Аткаруучулар

Аткаруу мөөнөтү

Иш-чараны уюштуруучулар

Иштин аткарылышын көзөмөлдөөчүлөр

1

Айыл

өкмөтүнүн аймагындагы мекеме уюмдардын, айылдардын жана алардын кварталдык комитеттеринин

аймактарында

- ишкана, мекеме, чарбалык субъекттерге менчик турүнө карабастан өзүнүн тийиштүү жана бекитилген жер участкаларын санитардык тазалоо (короолор, жолдор, арыктар, жол четиндеги суу латоктору, каналдар). Ар бир уй булө ээси 2 даана эсебинде көчөт өткозүү. Бак дарактарды тегиздөө, актоо, таштандыларды алып чыгуу

Айыл өкмөтү Мекеме-ишканалардын жетекчилери. Көчө комитеттери

2015-жылдын март, апрель айлары

Айыл башчылар. Көчө комитеттеринин төрагалары. Мекеме уюмдардын жетекчилери

Айыл

өкмөтүнүн штабы

 

Жарыктандыруу, декоративдик кооздоо

Айыл

өкмөтүнүн көчөлөрүнү, имараттарды, соода туйундоруну жарыктандыруу, жарнактык кооздоо, жаңылоо

Айыл өкмөтү Мекеме-ишканалардын жетекчилери.

2015-жылдын март, апрель айлары

Соода түйүндүн ээлери. Көчө комитеттери

         Айыл

өкмөтүнүн штабы

 

Каналдар жана ички арыктар

Айыл

өкмөтүнүн аймагындагы сугат каналдарын жана ички арыктарды тазалоо жана калыбына келтирүү

Айыл өкмөтү Суу чарбасы. Коомчулук

2015-жылдын март- май айлары

Айылдык округу. Суу чарбасы

 

Айыл

өкмөтүнүн штабы

 

Ишембиликтерди уюштуруу

- Айыл

өкмөтүнүн аймагын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча айылдык округунун бүткүл жашоочуларыны, мекеме-ишканалар, мектептерди жалпы ишембиликке тартуу.

Айыл өкмөтү Мекеме-ишканалардын, билим берүү тармактарынын  жетекчилери.

2015-жылдын март- май айлары

Айыл башчылар. Көчө комитеттери. Мектеп директорлору. Коомчулук

 

Айыл

өкмөтүнүн штабы

 

 

 

 

 

Айылдык округунда айылдарды инфраструктурасын жакшыртуу жылына карата аткарыла турган иштер

 

 

 

 

- Айыл өкмөтү 2013-жылды айылдарды инфрастуктурасын жакшыртуу жылына карата түзүлгөн иш-чаралар планын толугу менен аткаруу

 

 

 

 

Айыл өкмөтү Мекеме-ишканалардын жетекчилери. Көчө комитеттери. Коомчулук

 

 

 

2015-жыл ичинде

 

 

 

Айылдык округу

 

 

 

Айыл

өкмөтүнүн штабы

 

 

Гулистан айыл кеңешинин жооптуу катчысы:                      С.Эркабаев                                              

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                       № ХХ11-3                   14-май 2015-жыл

 

Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезектеги  ХХ11-сессиясы

 

                                                                         Т О К Т О М

                                

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы “Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын жеке менчигинде болгон жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү” № 13-токтомун бекитип берүү жөнүндө.

 

      Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын    20-мартындагы “ Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын жеке менчигинде болгон жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү”  № 13-токтомун көрүп чыгып, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү  № 0015217- сандуу мамлекеттик актын,  Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу  башкармасынын 2014-жылдын   19-майындагы 79/14 -корутундусунун,  Кыргыз Республикасынын жер кодексинини 12-13-беренесинин жана  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жана жергиликтүү администрациялар” жөнүндөгү  мыйзамынын 38-беренесинин негизинде Гулистан айыл кеңеши                

                                             Т О К Т ОМ         К Ы Л А Т:

 

1.      Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын   20-мартындагы “Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы “Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын жеке менчигинде болгон жер участогунун максаттык багытын өзгөтүү жөнүндөгү” № 13- токтому бекитилсин.

2.      Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын жеке менчигинде болгон  жер участогун максаттык багшытын “ошол жерде иштөөчү жумушчуларга жашаш үчүн имараттарды куруу” деген бөлүгүн “соода-сатык менен алектенүүчүимараттарды куруу”деп өзгөртүп, төмөндөгүдөй: жер участогун максаттык багытын айыл чарба жемиштерин кайра иштетүүчү ишканалар, айыл чарба жемиштерин сактоочу кампалар жана соодо-сатык менен алектенүүчү имараттарды куруу деп белгиленсин.

3.      Атуул Мурзакулова Караматтын жеке менчигиндеги жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү документтерди даярдап берүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк, социалдык инфраструктураларды оңдоо бонча туруктуу комиссиясыны тапшырылсын.

 

 Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                            И.Ташматов

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg 

Фрунзе айылы                                        № ХХ11-4                          14-май  2015-жыл 

 

  Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ11- сессиясы

 

  Т О К Т О М

 

                           

Гулистан  айыл  өкмөтүнүн алдыындагы конкурстук  комиссиясынын  2015-жылдын     4-апрелиндеги“Айыл  аймагындагы  артыкчалыктуу көйгөйлүү  маселелер  боюнча” чечимин  бекитип  берүү  жөнүндө

 

Гулистан   айыл  кеңешинин  туруктуу  комиссиялары  тарабынан  Гулистан  айыл  аймагындагы  социалдык  жана  инфраструктура  түзүмдөрүндөгү  артыкчалыктуу  көйгөйлүү   маселелер  боюнча  айыл  өкмөтүнүн  конкурстук  комиссиясынын  2015-жылдын  4-апрелиндеги  чечимин   карап  чыкты.   Конкурсттук  комиссия  тарабынан  айыл  аймагындагы  артыкчалыктуу   көйгөйлүү  иштер  туура  тандалгандыгын белгилеп,  Гулистан  айыл  кеңешинин  кезектеги  сессиясы  айыл  өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга  социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнү  камсыз  кылуу  максатында

 

                                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Гулистан  айыл  өкмөтүнүн  конкурстук  комиссиясынын  2015-жылдын  4-апрелиндеги “Айыл  аймагындагы   артыкчылыктуу  көйгөйлүү  маселелерди айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга  стратегиялык  планына  киритүү  боюнча”  чечими  бекитилсин.

2. Айыл  өкмөтүнүн  конкурстук  комиссиясы  тарабынан  артыкчалыктуу  көйгөйлүү  иштер  айыл  өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга  стратегиялык  планына  киритилсин.

3. Жогорудагы  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айыл  кенешинин  бюджет, экономика жана инвестиция   боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

                        Гулистан  айыл  кенешинин  төрагасы:                            И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Гулистан  айыл өкмөтүнүн  конкурстук  комиссиясынын  отурумунун

 

ПРОТОКОЛУ № 2

Фрунзе                                                                                                 15.04.2015

Өткөрүлгөн  жери:   Айыл  өкмөтүнүн  имараты

Катышкандар: Гулистан  айыл өкмөтүнүн  конкурстук  комиссиясынын  мүчөлөрү

Отурумдун  торагасы: И.Айбашов

Катчысы: А.Эркебаев                   

КҮН  ТАРТИБИНДЕГИ  МАСЕЛЕ:

Гулистан  айыл  аймагында  артыкчалык  көйгөйлүү  маселелерди  айыл  өкмөтүнүн  стратегиялык  планына  киритүү  жөнүндө

Күн  тартибиндеги  маселе  боюнча  айыл  аймагынын  конкурстук  комиссиясынын  төрагасы  И.АЙбашов  билдирүү  берип,Гулистан  айыл  аймагын  социалдык-экономикалык   өнүгүсүнүн  камсыз  кылуу  боюнча  айылдардагы  артыкчалык  көйгөйлүү  маселелерди    аныктап,  конкурстук  комиссияга   сунуштады.  Гулистан  айылында  10  (он) көйгөйлүү  маселе  Фрунзе  айылында  10(он)  артыкчалык  көйгөйлүү  маселелер. Бул  көйгөйлүү  маселелерди аныктоого  конкурстук  комиссия    төмөндөгү  критерийлер  менен  артыкчалыктык   көйгөйлүү  маселелерди  анкытоону  сунуш  кылат.

1.Артыкчалыктарга  ылайыктуулугу

2.Чыгымдуулугу

3.Коомчулуктун  катышуусу

4.Реалдуулук

5.Жергиликтүү  бюджеттин  салымы

6.Айыл  өкмөтүнүн  балансында  туруусу

7.  Түз  бенефицер  жана  кыйыр  бенефицер

        Конкурстук  комиссиянын  мүчөлөрү  жогорудагы  критерийлердин негизинде  аныкталган көйгөйлөрдү  айыл  өкмөтүнүн  стратегиялык  планына  киритүү  максатында

 

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:

 

1.      Гулистан  айыл  аймагында  социалдык  жана  инфраструктура  түзүмдөрүндө  төмөндөгү  10 маселе  көйгөйлүү  маселелер  деп  тандалды.

                                        Көйгөйдүн  аталышы

1

Айыл  аймагындагы  таза  суу  системаларын  ребилитациялоо

2

Мектептерге  компьютердик  класстар  ачуу, интерактивдик  доскалар  менен  камсыз  кылуу

3

Чили-Сай  орто  мектебинин  базасында  балдар  бакчасын  куруу

4

Гулистан   айылында  ФАП  имаратын  куруу

5

Гулистан  айылындагы Сай-Бою  участкасында  1-4 класстык  мектеп  куруу

6

Фрунзе  айылынын  Вахм  участкасына  башталгыч   мектеп  куруу

7

Адыр  участкасына  электр  линия   тартуу

8

Сүттү  кайра  иштетүүчү  цех   куруу

9

Гулистан айылындагынын  таза  суу  түтүктөрүн  капиталдык  ремонттоо

10

Аулгаз  участкасына  скважина  куруу

 

2. Гулистан   айыл  аймагындагы  артыкчалык  көйгөйлөрдү  айыл  өкмөтүнүн  стратегиялык  планына  киритүү  боюнча  айылдык  кенештин  сессиясына  сунушталсын.

3. Ушул  чечимдин  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  конкурстук  комиссиянын  мүчөлөрүнө  тапшырылсын

 

                 Отурумдун  төрагасы:                                      И.Айбашов

                 Катчысы:                                                           А.Эркебаев

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезектеги  ХХ11-сессиясы

 

  Т О К Т О М

  Фрунзе айылы                                        № ХХ11-5                       14-май 2015-жыл

 

Гулистан айыл  өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылдын 13-январындагы № 1, 2014-жылдын 5-мартындагы № 24,  2014-жылдын 5-мартындагы № 25 токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө. 

 

        Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 1- токтомунда Беш Коргон айылынын тургуну А.Маллаевдин арызынын негизинде Беш Коргон  айылындагы автоунаа жолунун четинен контейнер коюу үчүн жер аянтын ажыратып берилген.  Бул токтом мыйзамсыз кабыл алынгандыгы жана аны жокко чыгаруу жөнүндө Ноокат районунун  прокуратурасы  2015-жылдын 24-апрелинде  каршылык билдирүү (протест) берген.  

       Ноокат районунун прокуратурасынын протестинде көрсөтүлгөндөй  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29 ст. талабына ылайык, ыйгарым укутуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жер участогунун менчикке же пайдаланууга соодалашууда сатуу аркылуу беришет деп көрсөтүлгөнүнө карабастан, тескерисинче аталган талап өдөнө түрдө бузулган. 

      Ошондой эле, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укутарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571-токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү”  Жобонун талаптары дагы бүзүлган. 

          Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы  № 24- токтомунда Гулистан айыл өкмөтүнүн тургуну Р.Абдукадировдун арызынын негизинде Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаров Гулистан айыл аймагынын Гулистан участкасынан өздөштүрүү үчүн 1,5 га жер аянтын Р.Абдукадировго 7 жылдык мөөнөткө ижара келишимдин негизинде бекитип берген.  Бул токтом мыйзамсыз кабыл алынгандыгы жана аны жокко чыгаруу жөнүндө Ноокат районунун  прокуратурасы  2015-жылдын                       24-апрелинде каршылык билдирүү (протест) берген.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306-токтому менен бекитилген “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 11-пунктунун талабына ылайык, каралып жаткан жер участогун берүү же башкаруу (тескөө) компетенциясына кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана жергиликтүү мамлекеттик администрация “ошол жер участогунун укуктук абалы жөнүндө жергиликтүү каттоо органы берген маалыматты жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин “Кыргызгипрозем” жерге жайгаштыруу боюнча  мамлекеттик добоорлоо институтунун кыртыштардын бонитетинин жана чабындылардын  түшүмдүүлүгүнүн  сапаттык абалын балл менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган жер участогунун күрдүүлүгүнүн төмөндүгү жөнүндө корутундусунун негизинде гана тийиштүү чечим чыгарат” деп баса көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, тескерисинче эч кандай тастыктоочу жана тиешелүү документтерсиз эле токтом чыгарган. 

                   Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы  № 25- токтомунда Гулистан айыл өкмөтүнүн тургуну А.Абдукадировдун арызынын негизинде Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаров Гулистан айыл аймагынын “Кочкор Ата” участкасынан өздөштүрүү үчүн 1,5 га жер аянтын А.Абдукадировго 7 жылдык мөөнөткө ижара келишимдин негизинде бекитип берген.  Бул токтом мыйзамсыз кабыл алынгандыгы жана аны жокко чыгаруу жөнүндө Ноокат районунун  прокуратурасы  2015-жылдын  24-апрелинде каршылык билдирүү (протест) берген.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306-токтому менен бекитилген “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн таотиби жөнүндөгү” Жобонун 11-пунктунун талабына ылайык, каралып жаткан жер участогун берүү же башкаруу (тескөө) компетенциясына кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана жергиликтүү мамлекеттик администрация “ошол жер участогунун укуктук абалы жөнүндө жергиликтүү каттоо органы берген маалыматты жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин “Кыргызгипрозем” жерге жайгаштыруу боюнча  мамлекеттик добоорлоо институтунун кыртыштардын бонитетинин жана чабындылардын  түшүмдүүлүгүнүн  сапаттык абалын балл менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган жер участогунун күрдүүлүгүнүн төмөндүгү жөнүндө корутундусунун негизинде гана тийиштүү чечим чыгарат” деп баса көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, тескерисинче эч кандай тастыктоочу жана тиешелүү джокументтерсиз эле токтом чыгарган.

      Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезекситз ХХ11-сессиясы

                                            Т О К Т О М           К Ы Л А Т : 

 

1.       Гулистан айыл  өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылдын 13-январындагы № 1, 2014-жылдын 5-мартындагы № 24, 2014-жылдын 5-мартындагы № 25 токтомдору мыйзам бузуучулук менен кабыл алангандыгына байланыштуу бузулуп, жокко  чыгарылсын.

2.      Токтом кабыл алууда мыйзам бузуучулукка жол койгон айыл өкмөтүнүн жооптуу  адистерине тийиштүү чара көрүү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаровго тапшырылсын.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                            И.Ташматов

   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                     

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезектеги  ХХ11-сессиясы

 

  Т О К Т О М

 Фрунзе айылы                                        № ХХ11-6                       14-май 2015-жыл

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын  3-майындагы  №75 сураныч  каты жөнүндө.

 

      Гулистан айыл өкмөтүнүн жогорудагы катында айыл аймагынын Гулистан кичи базарынын аймагынын күн батыш тарабынан сел өткөрүүчү канал өткөн. Канал жакасындагы муниципалдык менчик эсебиндеги жер аянттарына курулуш куруу же болбосо убактылуу контейнер коюуп пайдаланууга арендага берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн тургундары арыз менен кайрылышкан. Бул маселе айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссисында карап чыгылды жана айыл кеңештин сессиясына сунуш берилди. Туруктуу комиссиянын заседниесы Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнүн  негизинде каналдын жакасы коопсуздук  (защитная) зонасы болуп эсептелгенине байланыштуу курулуш курууга же контейнер орнотууга  мүмкүн эместиги жөнүндө токтом кабыл алып, тийишт сунуш берген.

       Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы

Т О К Т О М           К Ы Л А Т :

 

1.      Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча бшкармалыгынын 2015-жылдын 8-майындагы № 71-билдирүүсүнүн негизинде Гулистан айыл аймагыныдагы Гулистан кичи базарынын күн батыш тарабындагы сел өткөрүүчү канал жакасы коопсуздук зонасы (зашитная зона) экендигин эсепке алып курулуш курууга же убактылуу контейнер коюуга тыюу салынсын.

2.       Аталган сел өткөрүүчү каналдын коопсуздук зонасынын чек араларынын тактап,  курулуш ченеми жана эрежелерин бузууга жол койгондорго тийиштүү жазана колдонуу айыл өкмөтүнүн жооптуу адистерине милдеттендирилсин.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссисына тапшырылсын.

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                            И.Ташматов

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

№ 75                                                                  “03” май 2015 жыл

 

 

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы  И.Ташматовко

 

 

 

СУРАНЫЧ  КАТ

 

 

            Гулистан айыл аймагындагы  Гулистан кичи  базарын алдындагы  сел түшө турган  каналдын  жакасында айрым ишкерлер  контейнер  коюуга курулуш кылганы уруксат сурашып жатат.  Бул маселени   мыйзамдуулугун  карап  корутунду берүүнү    Райондун МЧС бөлүмүнө жана архитектура бөлүмүнөн суралган. Райондун МЧС бөлүмү  сел түшө турган каналдын жакасына   контейнер коюууга  корутунду берген.  Архитектура бөлүмү сел түшө турган  каналдын жакасы  коопсуздук  зонасы  болуп эсептелгендигине байланыштуу  эч кандай  курулуш курууга жана  контейнер    орнотууга болбойт деп кат берген. Ошол маселени  айылдык кенеши сессиясында  мыйзамдуулугун карап берүүнү  суранамын.

 

 

 

 

 

 

 

Гулистан  айыл өкмөтүнүн                                                                                          башчысы:                                                                     Э.Шаназаров.

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ11-7                       14-май   2015-жыл

 

Гулистан айыл кеңешинин  V-чакырылышынын  кезектеги ХХ11-сессиясы

 

                                                                      Т О К Т О М

 

    Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын   8-майындагы  “Гулистан айыл аймагынын тургуну Арипжонов Рахимжондын жеке менчигинде болгон жер участогуна пайдалануу багытын өзгөртүп, чайкана имаратын курууга уруксат берүү  жөнүндөгү арызы тууралуу” № 19- токтомун бекитип берүү жөнүндө

 

      Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын    8-майындагы “ Гулистан айыл аймагынын тургуну Арипжонов Рахимжондын менчигинде болгон жер участогунун  пайдалануу багытын өзгөртүп, чайкана  курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызын карап, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү “Ч” № 0039031 сандуу мамлекеттик актын, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу  башкармасынын 2015-жылдын                   13-майындагы № 77/15 -корутундусунун,  Кыргыз Республикасынын жер кодексинини 12-13-беренесинин жана  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жана жергиликтүү администрациялар” жөнүндөгү  мыйзамынын 38-беренесинин негизинде Гулистан айыл кеңеши

                                                     Т О К Т ОМ         К Ы Л А Т:

 

1)       Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын   8-майындагы “Гулистан айыл аймагынын тургуну атуул Арипжонов Рахимжондын  жеке менчигинде болгон жер участогунун  пайдалануу багытын өзгөртүп, чайкана курууга уруксат берүү  жөнүндөгү арызы тууралуу”  № 19-  токтому бекитилсин.

1)       Гулистан айыл аймагындагы атуул Арипжонов Рахимжондын жеке менчигиндеги 612,0 ч.м. жер аянтынын пайдалануу багытын  өзгөртүп, чайкана курууга уруксат берилсин.

2)      Атуул Арипжонов Рахимжондын  жеке менчигиндеги соода-сатык сатуучу дүкөн куруу үчүн сатып алган жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп , чайкана курууга уруксат берүү жөнүндө тийиштүү документтерди даярдап берүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3)      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк, социалдык инфраструктураларды оңдоо бонча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

                       Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                            И.Ташматов

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

 

                         Фрунзе айылы                          № 19                                   8-май  2015-жыл

 

Гулистан айыл аймагынын тургуну Арипжонов Рахимжондын жеке менчигинде болгон жер участогунун  пайдалануу багытын өзгөртүп, чайкана имаратын курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы тууралуу.

 

      Гулистан айыл аймагынын тургуну Арипжонов Рахимжондын 2015-жылдын 10-мартындагы № 2015/3880-кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу келишиминин  негизинде сатып алган жер участогунун пайдалануу багытын  өзгөртүп,чайкана имаратын курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызын карап, жер участогуна менчик укугу жөнүндөгү Ч № 0039032 сандуу мамлекеттик актысына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-13-статьяларынын, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын 2015-жылдын 13-майындагы  № 77/15 корутундусунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 38-статьясынын негизинде  Гулистан айыл өкмөтү

 

                                                       Т О К Т О М        К Ы Л А Т :

 

1.      Гулистан айыл аймагынын тургуну Арипжонов Рахимжондын  жеке менчигиндеги жер участогуна тиешелүү 612,0 ч.м. жер аянтынын пайдалануу багыты өзгөртүлүп, чайкана имаратын курууга уруксат берилсин.

2.      Максаттык багыты өзгөртүлгөн жер аянтына чайкана куруу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнөн суралсын.

3.      Ушул токтомду бекитип берүу жагы Гулистан айыл кеңешинен суралсын.

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси А.Тажимаматовго тапшырылсын.

 

 

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы:                                         Э.Шаназаров

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ11-8                       14-май   2015-жыл

 

Гулистан айыл кеңешинин  V-чакырылышынын  кезектеги ХХ11-сессиясы

                                                                         Т О К Т О М

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2016-2018-жылдарга бюджетинин  болжолун бекитүү  жөнүндө

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттү болжолун долбоорун бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2015-жылжын 17-мартындагы “2016-2018-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттү болжолу долбоорун жана 2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоору жөнүндөгү” № 103-б буйругунун негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү  мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Гулистан айыл кеңешинин «Экономика, бюджет жана инвестиция» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык Гулистан айыл  кенеши

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

1        Гулистан айыл өкмөтүнүн  2016-2018-жылдарга  айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн  болжолу  жактырылсын.

         2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Гулистан айыл кеңешинин «Экономика, бюджет жана инвестиция боюнча»  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

          

            Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                        И.Ташматов   

 

 

 

   

Түшүндүрмө

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-2018 жылдар үчүн бюджетинин долбоору

Киреше боюнча

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жыл  үчүн бюджети киреше жана чыгаша боюнча 12576,7 миң сомду түзөт. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 348,9 миң сомго көп. Бул акча каражаты киреше салыгы боюнча долбоордо 2538,0 миң сом болсо, 2015-жылга салыштырмалуу 288,0 миң сомго көп белгиленген.

Милдеттүү патент долбоор боюнча 75.0 миң сом болсо, 2015-жыл менен бирдей.

Ыктыярдуу патент долбоор боюнча 1220,0 миң сом болсо, 2015 -жылга  салыштырмалуу 60,0 миң сомго көп белгиленген.

Кыймылдуу мүлк салыгы долбоор боюнча 1126,0 миё сом болсо, 2015 –жыл менен бирдей.

Кыймылсыз мүлк салыгы долбоор боюнча 170,0 миң сом болсо, 2015 –жыл менен бирдей.

Жер салыгы долбоор боюнча 966,7 миң сом болсо, 2015 –жыл менен бирдей.

 Сатуудан алынуучу салык долбоор боюнча 630,0 миң сом болсо, 2015-жылга салыштырмалуу 70,0 миң.сомго көп белгиленген.

Арендадан алынуучу салыктын долбоор боюнча 190,0 миё сом болсо, 2015 –жылга салыштырмалуу 100,0 миё. сомго кем белгилендген. Таштандыдан алынуучу салык долбоор боюнча 280,0 миң сом болсо, 2015–жылга салыштырмалуу 132,0 миң сомго көп белгиленген. Мамлекеттик алымдар долбоор боюнча 43,0 миң сом болсо. 2015-жыл менен бирдей.            Атайын каражат боюнча 486,0 миң сом болсо, 2015-жыл менен бирдей.                Административтик  штраф долбоор боюнча 40.0 миң сом болсо. 2015-жыл менен бирдей. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жыл  үчүн бюджетинин долбоору киреше жана чыгаша боюнча 13044,7 миң сомду түзөт. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 468,0 миң сомго көп. Бул акча каражаты киреше салыгы долбоор боюнча 2918,0 миң сом болсо, 2016-жылга салыштырмалуу 380,0 миң сомго көп белгиленген.                                                                  Милдеттүү патент долбоор боюнча 75.0 миң сом болсо, 2016-жыл менен бирдей.Ыктыярдуу патент долбоор боюнча 1220,0 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей.

Кыймылдуу мүлк салыгы долбоор боюнча 1126,0 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей.

Кыймылсыз мүлк салыгы долбоор боюнча 170,0 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей.

Жер салыгы долбоор боюнча 966,7 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей.

 Сатуудан алынуучу салык долбоор боюнча 760,0 миң сом болсо, 2016-жылга салыштырмалуу 130,0 миң.сомго көп белгиленген. Арендадан алынуучу салык долбоор боюнча 190,0 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей. Таштандыдан алынуучу салык долбоор боюнча 280,0 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей.

Мамлекеттик алымдар долбоор боюнча 43,0 миң сом болсо. 2016-жыл менен бирдей.

Атайын каражат боюнча 486,0 миң сом болсо, 2016-жыл менен бирдей.

Административтик  штраф долбоор боюнча 40.0 миң сом болсо. 2016-жыл менен бирдей.

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жыл  үчүн бюджетинин долбоору киреше жана чыгаша боюнча 13044,7 миң сомду түзөт. Бул көрсөткүч 2017-жыл менен бирдей. Бул акча каражаты киреше салыгы долбоор боюнча 2918,0 миң сом болсо, 2017-жыл менен бирдей.

Милдеттүү патент  долбоор боюнча 75.0 миң сом болсо, 2017-жыл менен бирдей.

Ыктыярдуу патент долбоор боюнча1220,0 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.

Кыймылдуу мүлк салыгы долбоор боюнча 1126,0 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.

Кыймылсыз мүлк салыгы долбоор боюнча 170,0 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.

Жер салыгы долбоор боюнча 966,7 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.

 Сатуудан алынуучу салык долбоор боюнча 760,0 миң сом болсо, 2017-жыл менен бирдей.

Арендадан алынуучу салык долбоор боюнча 190,0 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.

Таштандыдан алынуучу салык долбоор боюнча 280,0 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.

Мамлекеттик алымдар долбоор боюнча 43,0 миң сом болсо. 2017-жыл менен бирдей.

Атайын каражат боюнча 486,0 миң сом болсо,2017-жыл менен бирдей.

Административтик  штраф долбоор боюнча 40.0 миң сом болсо. 2017-жыл менен бирдей. 

Чыгаша  боюнча

Гулистан айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын  2016- жылдын долбоору боюнча 4782,8 миң сомго түзүлдү. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 363,1  миң сомго кем белгиленди. 2017-жылга 4992,8 миң сомго түзүлдү. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу  210,0 миң.сомго көп белгиленди.2018-жылга 4992,8 миң сом- 2017- жыл менен бирдей, штат бирдиги 24 адамды түзөт.

Коргоо маселелери боюнча түзүлгөн бюджеттин долбооруу 2016-жылга50,0 миң сом , бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 50,0  миң сомго кем белгиленди. 2017-2018-жылдарга каралган жок.

Экономикалык маселелер боюнча түзүлгөн бюджеттин долбоору 2016-жылга 600,0 миң.сом, бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 50,0  миң сомго кем белгиленди. 2017-2018-жылдарга каралган бюджет 2016-жыл менен бирдей.

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча түзүлгөн бюджеттин долбоору 2016-жылга 3443,9 миң сомду түзүп,  2015- жылга салыштырмалуу 467,0 миң сомго коп белгиленди. 2017-жылга 3501,9 миң сомду түзүп,  2016-жылга салыштырмалуу 58,0 миң сомго көп белгиленди. 2018 жылдын бюджетинин долбоору 2017- жыл менен бирдей.

Эс алуу,маданият жана дин тармагы боюнча түзүлгөн бюджеттин долборуу 2016-жылга 1200,0 миң сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу  633,5 миң сомго коп каралды. Себеби айыл өкмөтүнүн алдындагы маданият үйүн капыталдык ремонттон чыгаруу үчүн акча каражаты каралды, ошондуктан көп . 2017-жылга 850,0 миң сомду түзүп,  2016 салыштырмалуу 350,0 миң сомго кем  белгиленди. 2018-жылдын бюджетинин долбоору 2017-жыл менен бирдей.

Билим берүү тармагы боюнча түзүлгөн бюджеттин долбоору 2016-жылга 1714,0 миң сомду түзүп, 2015 –жылга салыштырмалуу 237,3 миң сомго кем белгиленди. 2017-жылга 2314,0 миң сомду түзүп,  2016-жылга салыштырмалуу 600,0 миң сомго көп белгиленди. Себеби Р.Хужамов атындагы орто мектептин алдында 2 тайпалык балдар бакчасы ачылышы күтүлүүдө. 2018-жылдын бюджетинин долбоору 2017-жыл менен бирдей.

Социалдык коргоо тармагы боюнча түзүлгөн бюджеттин долбоору 2016-жылга 300,0 миң.сомду түзүп,  2015 –жылга салыштырмалуу 51,2 миң сомго кем белгиленди. 2017-2018-жылдар үчүн түзүлгөн бюджеттин долбоору 2016-жыл менен бирдей.

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн

финансы –экономика

бөлүмүнүн башчысы:                                                              М.Нарматов

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ11-9                      14-май   2015-жыл

 

Гулистан айыл кеңешинин  V-чакырылышынын  кезектеги ХХ11-сессиясы

 

                                                                         Т О К Т О М

 

Гулистан айыл аймагындагы маданият үйүндө жана борбордук стадионунда спорттук мелдештерди, концерттик программаларды, жолугушуу жана башка массалык оюн-зоокторду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө.

 

     Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде маданият үйү жана борбордук стадион бар. Борбордук стадионду жана маданият үйүн жакшы абалда сактоо максатында айыл өкмөтү тарабынан акча каражаты бөлүнүп, тийиштүү тазалоо, калыбына келтирүү иштери аткарылып келүүдө. Бирок аталган массалык иш чараларга болжолдолгон объектилерден эч кандай киреше болгон эмес. Андан тышкары өткөрүлүп жаткан оюн-зоокторго, концерттик программаларга, жолугушуларга  жооптуу адам бекитилбейт. Эч кандай келишим түзүлбөйт.

     Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Кыргыз Респуликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде жана муниципалдык менчиктен максатту пайдалануу үчүн  Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы

 

Т О К Т О М          К Ы Л А Т :

 

1.      Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги борбордук стадиондон жана маданият үйүнөн туура  пайдаланууну жолго коюу максатында аталган объектилер тийиштүү келишимдин негизинде гана пайдаланууга берилсин.

2.      Массалык иш-чаралардын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо иш чараларды уюштуруучуларына тапшырылсын.

3.      Айыл аймагында өткөрүүлүчү массалык иш чараларды тартиптүү өткөрүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин соцциалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                             И.Ташматов