М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№30-1

19.03.2022

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө жана Жар-Коргон айылдарына кетүүчү жолдун аралыгындагы жол жээгиндеги эгилген карып,чирип, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн арча, карагай, кайың көчөттөрүн отургузуу жөнүндө

2.

№30-2

19.03.2022

Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Кожоке айылына караштуу эски А.Чынкараев атындагы орто мектебинин айланасындагы куурап, карып, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында арча, карагай, кайың, алма дарактарынын көчөттөрүн отургузуу жөнүндө

3.

№30-3

19.03.2022

Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы турак-жай куруу үчүн жайыт эсебиндеги 167,41 га жер тилкесин которуу (трансформациялоо ) жөнүндө

4.

№30-4

19.03.2022

"Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы жер участоктору жана турак жай боюнча тийиштүү комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө"

5.

№30-5

19.03.2022

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Турдубаева Дильбархан Ташполотовнанын жашап жаткан турак-жайын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө"

6.

№30-6

19.03.2022

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө"

7.

№30-7

19.03.2022

"Н.Исанов атындагы атындагы айыл өкмөтүндөгү Жар-Коргон айылынын тургуну Маликов Эркин Жаңыбаевичтин жеке турак -жайын "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк" Мыйзамынын негизинде бала-бакча ачуу жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№30-1

19.03.2022

 

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө жана Жар-Коргон айылдарына кетүүчү жолдун аралыгындагы жол жээгиндеги эгилген карып,чирип, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн арча, карагай, кайың көчөттөрүн отургузуу жөнүндө

 Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Чеч-Дөбө жана Жар -Коргон айылдарына кетүүчү жол жээгиндеги эгилген карып, чирип, куурап, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн арча, карагай, кайың көчөттөрүн отургузуу жөнүндөгү айыл башчы М.Мөнөковдун билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесинин 9-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана чөйрөнү коргоо " Мыйзамынын 42-беренесине негиз, Чеч-Дөбө жана Жар-Коргон айылдарынын аралыгындагы жол жээгиндеги эгилген карып,чирип ,куурап, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды Экология жана Экотех мекемелери менен макулдашуунун негизинде кыйып-тазалап, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында отургузууга уруксаат берилсин.

2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин айыл-чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№30-2

19.03.2022

 

Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Кожоке айылына уюшулган А.Чынкараев атындагы орто мектебинин алдындагы “Парча эне” атындагы мектепкечейинки билим берүү мекемесинин айланасындагы куурап, карып, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында арча, карагай, кайың, алма дарактарынын көчөттөрүн отургузуу жөнүндө

 Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы караштуу Кожоке айылында уюшулган  А.Чынкараев атындагы орто мектебинин алдындагы "Парча эне" атындагы мектепкечейинки билим берүү мекемесинин айланасындагы куурап, карып, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында арча, карагай, кайың, алма дарактарынын көчөттөрүн отургузуу жөнүндө “Парча эне” балдар бакчасынын директору М.Ташбаеванын билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы караштуу Кожоке айылында уюшулган  А.Чынкараев атындагы орто мектебинин алдындагы "Парча эне" атындагы мектепкечейинки билим берүү мекемесинин айланасындагы куурап, карып, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында арча, карагай, кайың, алма дарактарынын көчөттөрүн отургузуу максатында экология жана эко тех мекемелери менен макулдашып мыйзам чегинде уруксат берилсин.

2. .Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесинин 9-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы №53 "Айлана чөйрөнү коргоо" Мыйзамынын 42-беренесине негиз,Кожоке айылына караштуу эски А.Чынкараев атындагы орто мектебинин айланасындагы куурап, карып, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды Экология жана Экотех мекемелери менен макулдашуунун негизинде кыйып -тазалап, көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында жаңыдан арча, карагай, кайың, алма көчөттөрүн отургузууга уруксат берилсин.

 3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин "айыл чарба,жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№30-3

19.03.2022

 

Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы турак-жай куруу үчүн жайыт эсебиндеги 167,41 га жер тилкесин которуу (трансформациялоо ) жөнүндө

 Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы турак-жай куруу үчун жайыт эсебиндеги 167,41 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- июлундагы № 145 " Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамына, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 22.03.2022 № 01-8-/ 505-10/77 сандуу чыгыш катындагы Күнгөй -Кожеке айылынан суралган 112 га, Байыш айылынан 3,37 га, Жаңы -Базар айылынан 34,98 га, Кожоке айылынан 6.8 га, Жар-Коргон айылынан 10,15 га жер тилкелерин, башчынын орун басары А.Жолдошевдин билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндөгү турак-жай куруу үчүн жайыт эсебиндеги 167.41 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу" (трансформациялоо ) жөнүндөгү Мыйзамына ылайык уруксат берилсин.

2.         Бул токтомдун мыйзамдын негизинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы башчынын орун басары А.Жолдошевге жана жер адисине милдеттендирилсин.

3.         Көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин "айыл-чарба, жерге жайгаштыруу жана экология" боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№30-4

19.03.2022

 

"Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы жер участоктору жана турак жай боюнча тийиштүү комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө"

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому ,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы токтому менен бекитилген № 1997-3 типтүү жоболоруна ылайык, Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Жолдошевдин билдирүүсүнө негиз, айылдык кенештин депутаттарынын сунуш -пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл аймагында муниципиалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча жер комиссиясынын курамы бекитилсин . № 1 тиркеме тиркелет

2.         Жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча жер комиссиянын курамы бекитилсин. № 2 тиркеме тиркелет

3.         Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамы бекитилсин. № 3 тиркеме тиркелет

4.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин "айыл -чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча" туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№30-5

19.03.2022

 

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Турдубаева Дильбархан Ташполотовнанын жашап жаткан турак-жайын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө"

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар -Коргон айылынын тургуну Турдубаева Дильбархан Ташполотовнанын жашап жаткан турак-жайын жана ага тиешелүү жер аянтын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө арызын карап чыгып, Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин 1997-жылдын 23-августундагы 1-чакырылышынын

Х-заседаниесинин № 11-5 чечимине , Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2021- жылдын 24-мартындагы № 1542, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 5173-маалыматынын жана Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 10.02.2022. № 213- чыгыш катына негиз, үйдүн жанындагы жеке пайдалануусундагы 0,20 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-32-беренесине таянып, айылдык кенештин сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Турдубаева Дилбархандын жашап жаткан турак-жайы жана ага тиешелүү 0,20 га жер тилкеси бекитилип берилсин.

2. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынан жана Ноокат райондук архитектура бөлүмүнөн Турдубаева Дилбардын жашап жаткан турак-жайы жана ага тиешелүү болгон 0,20 га жер тилкесине тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

3. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. Көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин "айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология" боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№30-6

19.03.2022

 

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө"

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайын жана ага тиешелүү жер аянтын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө арызын карап чыгып, Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин 1997-жылдын 23-августундагы 1-чакырылышынын Х -заседаниесинин № 11-5 чечимине, Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2021-жылдын 24-марттагы №1542, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 5173 маалыматынын жана Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 18.02.2022-жылдагы № 1474 чыгыш катына негиз, үйдүн жанындагы жеке пайдалануусундагы 0,15 га жер аянтынын катталгандыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-32- беренесине таянып, айылдык кеңештин сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайы жана ага тиешелүү 0,15 га жер тилкеси бекитилип берилсин.

2.         "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынан жана Ноокат райондук архитектура бөлүмүнөн Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайы жана ага тиешелүү 0,15 га жер тилкесине тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

3.         Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. Көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин "айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология" боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№30-7

19.03.2022

 

"Н.Исанов атындагы атындагы айыл өкмөтүндөгү Жар-Коргон айылынын тургуну Маликов Эркин Жаңыбаевичтин жеке турак -жайын "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк" Мыйзамынын негизинде бала-бакча ачуу жөнүндө"

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Маликов Эркин Жаңыбаевичтин 2141,35 кв.м жеке турак - жайын бала -бакча үчүн пайдаланууга өткөрүп берип жаткандыгы жөнүндө айылдык депутат Г.Асаеванын билдирүүсүнө негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап, айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Маликов Эркин Жаңыбаевичтин 2141.35 кв.м жеке турак жайын "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк" Мыйзамынын негизинде бала -бакча ачууга уруксат берилсин.

3. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Жолдошевге милдеттендирилсин . Көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин "экономика-соода ишкердүүлүк жана финансы" иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад