Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

Келишим

                         1.Келишимдин тараптары

1.1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти,мындан ары «Департамент» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин   2022-жылдын 11-февралындагы № 27 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйругунун негизинде аракеттенген директор Э.Эсеналиеванын атынан, бир тараптан, жана Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү, мындан ары «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы» деп аталуучу, Н.Исанов айыл өкмөтүнүн  башчысынын негизинде аракеттенген Маматов Маратбек Раимбердиевич, экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конститутуциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыны жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө», «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы №90 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө» нускаманы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын   21-апрелиндеги №238 жана 2004-жылдын    4-декабрындагы №886 токтомдору менен бекитилген жоболорду жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.

2. Келишимдин негизи

2.1 Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн  республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансфеттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет;

-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспортту берүү;

-Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу,ошондой эле жекелештирген жалпы жарандык паспортту берүү;

-жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо;

-баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошндой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү; - өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо, ошондой эле өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү;

          - “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмгө арыздарды кабыл алуу.

          2.2   Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү жогоруда аталган берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын                                                                                                                         укуктары  жана милдеттери

        3.1 .Департамент жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өзүнүн ыйгарым  укуктарын  берүүдө төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- берилген  ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке  ашырылышын,ошондой эле ушундай максаттарга берилген  материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын контролдоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарылууга милдеттүү актыларды өзүнүн  компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан  жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндө сунуштарды берүүгө;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды жана документтерди суроого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык ,финансылык жана башка каражаттарды колдонуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун  формасын белгилөөгө;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген тартипте өндүрүп алууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;

-ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

3.2. Департамент өзүнүн компетенциясынын  чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү;

-жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органына усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам көрсөтүүгө, жергиликтүү өз алынча башкаруунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук,техникалык жана башка документтер менен камсыздоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана өткөрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого;

-Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.

4.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары жана милдеттери

       4.1 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү  берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттардын өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп  берилишин талап кылууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча Департаменттин кат жүзүндогү сунуштарына соттук тартипте даттанууга;

-ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипт Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

4.2.Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү  берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү;

- Келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуу бөлүгүндө мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүлүшү үчүн шарттарды камсыздоого;

-квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга;

-ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин Департаментке учурдагы айга  каржылоого Келишимдин 2-тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгө;

-ай сайын,  квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнө (мындан ары –Департаменттин АБсы) Келишимдин 3- тиркемесине ылайык отчет берүүгө;

-ай сайын, квартал сайын,  жарым жылда, жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө Департаменттин АБсына Келишимдин               4-тиркемесине ылайык материалдык отчет берүүгө;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;

-Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.

5.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз адынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси

 

5.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси

5.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган муниципалдык кызматкер болуп саналат.

5.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси даярдалган паспортторду жана жарандык  абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланктарын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат.

Документ жоголгон же бузулган  учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан  арыз ээсине келтирилген зыян документтерди кайра калыбына келтирүү чыгымдарынын наркынын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт .

Жогоруда аталган  учурларда арыз ээсине ,Департаментке келтирилген зыянга төлөө өз ыктыяры менен  же Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгиленген тартипте соттун чечими менен жүргүзүлөт.

5.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат;

-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын  каттоо боюнча берилген документтерди кабыл алуу,алардын аныктыгы жана  түп нускалыгы үчүн;

-туулгандыгын, никелешүүнү, өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн,ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;

-туулгандыгы, никелешүү, өлгөндүгү тууралуу үчүн, ошондой эле туулгандыгы  тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүү берүү үчүн;

-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн,ошондой эле даярдалган паспортту берүү үчүн:

-Кыргыз Республикасынын жаранынын   жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту беүү үчүн;

-жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;

-«балага сүйүнчү» арыздарын каттоо үчүн;

-арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун түп нускасы үчүн;

-арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн;

-арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

-«ЖААК» АМСте документтерди өз убагында жана туура тариздөө, актылык жазууларга ылайык күбөлүк берүү үчүн;

-арыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн;

-актылык жазуулар  жана жарандык  абалдын  актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында  берүү үчүн .

5.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө укуктуу;

-кызматтык ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;

-арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес,кош ИЖН болгон учурда бардык иш аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ТБсына кайрылуу зарылдыгы жөнүнүдө арыз ээсине билдирүүгө;

-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамалекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга);

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук ,консультациялык жана башка документтерди алууга;

-эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе ,тизмекке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого.

5.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын  адиси төмөнкүлөргө милдеттүү;

белгиленген тартипте ага жетүү режимин камсыздоого;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каоралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;

-«Инфоком» МИ КБнын  Регламентине Кошулуу жөнүндө макылдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого;

-берилген документтерден ондоолор жана же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнүн  жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү.

Мындай учурда жасалмалоо белгилерин сапаттоо менен үч нускада  эркин формада акт түзүлөт, анын бири бир иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бөлүмдөрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси-Департаменттин аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү-арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета –арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.

5.7. Ушул Келишимде каралбаган  жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.

6.Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкарууну  аткаруучу органынын финансылык, материалдык жана     башка каражаттар менен камсыздоо

6.1.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин(субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн  2014-жылдын  19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюжеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансфеттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасына ылайык ушул келишимдин  9.2-пунктунда көрсөтүлгөн  мөөнөткө белгиленген максаттуу трансферттердин (субвенцияладын) суммасы Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

6.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын эсебине  түшөт жана өз алдынча башкаруунун  аткаруучу органынын эсебине түшөт жана кезектеги финансылык  жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө чагылдырууга тийиш.

6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт.

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин эмгек акысын;

-берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды ;иш сапардын чыгымдарын,Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн,кенсе буюмдарын.

6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл материалдык каражаттар Департамент тарабынан кабыл  алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына убактылуу колдонууга өткөрүп берилет.

6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берүүчү материалдык каражаттар, чарба ишин жүргүзүү бөлүгүндө   (жабдуулар, обьектер, техника ж.б)                                                                                                алар макулдашуу комиссияларында каралып, колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүп берүүгө тийиш.

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнөн паритеттик башталышта түзүлөт.

6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги Тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдонуу тартиби Департамент тарабынан аныкталат.

6.9 Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 шаттык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан ишке ашырылат.

7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчеттуулук формасы жана мезгилдүүлүгү

7.1.Жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруучу органы Департаменттин аймактык ТБсына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт;

-ай сайын 3 күндөн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табыштаманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык;

-ай сайын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту Келишимдин 3-тиркемесине ылайык;

-ай сайын ,квартал сайын ,жарым жылда бир жолу ,жылдын аягында 4-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды колдонуу жөнүндө финансылык отчетту мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен макулдашылган форма боюнча Келишимдин 4-тиркемесине ылайык.

8.Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо тартиби

8.1.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо(мындан ары- контролдоо) Келишимдин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлөт.

8.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Департаменттин аймактык ТБсы жүргүзөт.

8.3.Департаменттин аймактык ТБсы;

-аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө сунуштарды жиберүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан  берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын,айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;

-Келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтоттуу жана ушул Келишимди бузуу жөнүндөгү сунуштарды даярдайт  жана жогоруда турган органга киргизет.

8.4.Берилген  мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүчө жүргүзөт;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы бөлүгүндө координациялоо;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан мыйзамда  же берүү жөнүндөгү отчетторду кабыл алуу;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын  ишин ,берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы  жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттардын колдонулушу бөлүгүндө текшерүү жүргүзүү;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу  органдарынаберилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу мыйзамдуулугу жана максаттуулугу жагынан баалоо.

9.Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү

 

9.1. Ушул Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү кенеш тарабынан Келишим бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

9.2.Ушул Келишим_______________________тартып_________________________ чейин колдонулат.Эгер ушул келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин эки Тарап тен Келишимди бузуу жөнүндө билдирбесе ,анда анын колдонуу мөөнөтү ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда автоматтык түрдө узартылат.

9.3. Ушул Келишим үч нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалык күчкө ээ; ар бир Тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.

10.Келишимдин шарттарын өзгөртүү

10.1 Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

10.2.Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш.

11.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздер жана токтотуу тартиби

11.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн;

-Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;

-Келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык буюджетте кезектеги финансылык жылга трансферттердин (субвенциялардын)жоктугу;

-ушул Келишим боюнча берилген мамалекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;

-мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алышы (келишимди  мөөнөтүнөн мурда бузуу)

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ушул Келишимде  жана же «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды  берүүтартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан  баш      тартуусу (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу).

11.2.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу Департаменти же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

11.3 Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат;

-мамлекеттик орган тарабынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместиги;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу .

11.4. Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат;

-Департамент тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруусун,анын ичинен алардын аткарбагандыгынан же тийиштүү ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышы;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык ,финансылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу, эгер иушул бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун  оордоткон шарттарды түзсө:

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.

11.5.Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууну болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

11.6.Берилген мамлекеттик ыйгарым укутарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган Тарап аны 15 иш күндүн ичинде     мамлекеттик  органга  кайтарылууга  тийиш .

11.9. Берилген  мамлекеттик  ыйгарым укуктарды аткарууну  каржылоо ушул Келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул жөнүндө 15 иш күндүн ичинде Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине жазуу жүзүндө билдирет.

11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган аны аткарууга тийиш.

11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтото туруу жана аткаруудан баш тарттуу жөнүндө чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынын бекитилет.

                                 12.Тараптардын жоопкерчилиги.

  12.1. Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зиян келтиргендиги үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2. Айыл өкмөттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү аткарууну уюштуруу, өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттууу колдонуу жана ушул Келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

                         13. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

13.1 Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу же соттук тартипте чечилет.

                           14. Тараптардын дареги жана колу

 

Кыргыз Республикасынын  Санариптик                            Ж.Б органы

 өнүктүрүү министирлигине караштуу                        ___________________________________

 Калкты жана жарандык абалдын актыларын            Э/счет ______________________________

каттоо департаменти Бишкек ш., Жибек-Жолу          БИК________________________________

пр., 381,(312)380058                                                       ИНН________________________________

                                                                                          ОКПО______________________________

Департаменттин диретору:                                           Айыл өкмөтүнүн башчысы

________________________                                           ___________________________________

                   Э.Эсеналиева                                                                  М.Маматов