М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

27.12.2018

Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотунун 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө

2.

№2

27.12.2018

Жаңы-Ноокат айылдык милиция бөлүмчөсүнүн участкалык тескөөчү кызматкеринин Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо  жана кылмыштуулуктун алдын алуу  боюнча  жүргүзгөн иштери  тууралуу

3.

№3

27.12.2018

Жаңы-Ноокат  жайыт комитетинин

 2019-жылга  карата  бюджетин бекитүү  жөнүндө.

4.

№4

27.12.2018

ЖаңыНоокатайылдыккеңешининдепутаттарын"Ардак Грамота" менен сыйлоо жөнүндө

5.

№5

27.12.2018

Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы  базарды  айылдын стадионуна көчүрүү жөнүндө

6.

№6

27.12.2018

Ноокат райондук статистика бөлүмү менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү ортосундагы экономист-статистин "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды  жергиликтүү   өз алдынча башкаруу органдарына  берүү жөнүндө" түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№1

27.12.2018

 

Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотунун 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө

     Жаңы-Ноокат  айылдык Аксакалдар сотуна 2018-жыл ичинде айыл аймагында жашоочу   94 айыл тургундары    арыз менен кайрылган.  Арыздар каралып, жыйынтык чыгарылган учурда   үй -бүлөөлүк  өз ара  чыр-чатак болгон 19 үй -бүлөө жараштырылган, 13 үй- бүлөөгө мөөнөт берилген, 9 үй- бүлөө райондук сотко жиберилген, 5 үй -бүлөө ажыраштырылган, 28 арыз ички иштер кызматкерлерине жиберилген, 30 арызда көрсөтүлгөн иштер тараптарды келиштирүү жолу менен чечилген.  Той марекелерди өткөрүү    тууралуу  91 арыз боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

    Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотунун 2018-жылда жүргүзгөн иштери   канааттандырарлык деп табылсын.

2   Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотунун жүргүзүү убагында негизги маселелер  айыл тургундары арасында ынтымактуулукту сактоо, коомдук тартиптин  бузулушун алдын алуу, жаш үй-бүлөөлөрдүн турмушун чыңдоо, ажырашуулардын алдын алуу, ар түрдүү укук бузууларды  жана кылмыштуулуктарды болтурбоо, элдик каада салтарда, той -маарекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө үчүн  айыл тургундары арасында түшүндүрүү  чаралары күчөтүлсүн.

3   Коомдук тартити бузуу,  ар түрдүү бузууларга жол берген айыл тургундарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жаза чаралары колдонуу иштери боюнча айыл тургундары арасында жолугушуулар өткөрүлүшү айылдык Аксакалдар сотуна тапшырылсын.

4  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№2

27.12.2018

 

Жаңы-Ноокат айылдык милиция бөлүмчөсүнүн участкалык тескөөчү кызматкеринин Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо  жана кылмыштуулуктун алдын алуу  боюнча  жүргүзгөн иштери  тууралуу

      Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1 Жаңы-Ноокат айылдык милиция бөлүмчөсүнүн участкалык тескөөчү кызматкеринин Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо  жана кылмыштуулуктун алдын алуу  боюнча  жүргүзгөн иштери   канааттандырарлык деп табылсын.

 

2   Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо,кылмыштуулуктун алдын алуу, ар түрдүү мыйзамсыз арекеттердын алдын алуу, айыл аймагында ынтымактуулукту сактоо иштерин боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин өз убагында жүргүзүү жагы камсыз кылынсын

 

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№3

27.12.2018

 

Жаңы-Ноокат  жайыт комитетинин

 2019-жылга  карата  бюджетин бекитүү  жөнүндө.

Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2019-жылга карата  бюджетинин  киреше  бөлүгү 380590 сом ,чыгаша бөлүгү 380590 сом  боюнча түзүлгөн  эсептерди карап чыгып жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2019-жылга карата  бюджетинин  киреше бөлүгү 380590 сом ,чыгаша бөлүгү 380590 сомго бекитилсин.

 

2   Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин бюджетинин аткарылышында бекитилген бюджетте көрсөтүлгөн иштер толугу менен аткарылышы жана кошумча булактарды таап, айыл аймагындагы жайыттардын сакталышы үчүн сарптоо, жайыт пайдалануучулар арасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чарбалык иштерди   түшүндүрүү  жана туруктуу жүргүзүү жагы  жайыт комитетинин кызматкерлерине тапшырылсын.

 

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча турукту комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№4

27.12.2018

 

ЖаңыНоокатайылдыккеңешининдепутаттарын"Ардак Грамота" менен сыйлоо жөнүндө

   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары тарабынан  сунушталган 2018-жылда  Жаңы-Ноокат айыл аймагында депутаттык иштерди жүргүзүүдө активдүүлүк көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттарын Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Ардак Грамотасы менен сыйлоо маселесин  карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   2018-жылда  Жаңы-Ноокат айыл аймагында депутаттык иштерди жүргүзүүдө активдүүлүк көрсөткөн  төмөнкү айылдык кеңештин депутаттарын Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Ардак Грамотасы менен сыйлансын. 

 

1   Тешабаев Махаматкосим,

2   Абдусаломов Абдуллажон,

3   Номан уулу Хасанжон,

4   Абдукодиров Турсунбой,

5   Эргашов Абдухаллок,

6   Тожибоев Нусратилло,

7   Уринбоев Абдимомин 

 

2    Жогоруда аталган Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Ардак Грамотасы" менен сыйлоону уюштуруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун  басары К.Саттаровго  тапшырылсын

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№5

27.12.2018

 

Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы  базарды  айылдын стадионуна көчүрүү жөнүндө

        Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы Т Эргашов, Х. Турсункулов,Садарахим Ата атындагы көчөлөрдүн башталышында тартипсиз соода сатык иштерин натыйжасында  автоуналардын тигындыгы  жаралып айыл борборундагы Амир Темур, М Эргашов, №58 кесиптик лицейи  окуучуларын  жолдон өтүп,  окуу сабактарына каттоосуна  коркунуч туудуруп жаткандыгы тууралуу айыл тургундарынан көптөгөн кайрылуулар болуп жаткандыгы себебтүү, тартипсиз соода -сатык иштерин тартипке келтирүү үчүн айылдын стадионуна убактылуу көчүрүү маселесин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы Т Эргашов, Х. Турсункулов,Садарахим Ата атындагы көчөлөрдүн башталышында тартипсиз соода сатык иштерин натыйжасында  автоуналардын тигындыгы  жаралып айыл борборундагы Амир Темур, М Эргашов, №58 кесиптик лицейи  окуучуларын  жолдон өтүп,  окуу сабактарына каттоосуна  коркунуч туудуруп жаткандыгы  үчүн аталган жайларда соода-сатык иштери жүргүзү токтотулсун.

2    Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундары үчүн соода-сатык иштерин жүргүзүү үчүн   айылдын стадионунна  убакытылу  базар уюштурулсун.

3    Айылдын стадионунда базар уюштуруу  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4   Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы Т Эргашов, Х. Турсункулов,Садарахим Ата атындагы көчөлөрдүн башталышында тартипсиз соода сатык иштерин токтотуу иштерен камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айылдык ПОМ дун аймактык тескөөчү милиция кызматкерлерине тапшырылсын.

5   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин соода транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№6

27.12.2018

 

Ноокат райондук статистика бөлүмү менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү ортосундагы экономист-статистин "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды  жергиликтүү   өз алдынча башкаруу органдарына  берүү жөнүндө" түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

                Ноокат   райондук мамлекеттик статистика бөлүмү   тарабынан  берилген каттын негизинде  Ноокат райондук статистика бөлүмү менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү ортосундагы экономист-статисттин "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды  жергиликтүү   өз алдынча башкаруу органдарына  берүү жөнүндө" түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү катын карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы  сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Ноокат райондук статистика бөлүмү менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү ортосундагы экономист-статисттин "Статисттикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды  жергиликтүү   өз алдынча башкаруу органдарына  берүү жөнүндө" түзүлгөн келишим бекитилсин.

 

2  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин мыйзамдулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад