М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

01.12.2020

Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн аймагында уюшулган №5572-Күнгөй-Хасана жана  №5409-Кызыл-Тейит участкалык шайлоо комиссиясын мүчөлүгүнө сунушталган  талапкерлердин кошумча   тизмелерин бекитүү жөнүндө

2.

№2

01.12.2020

     Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  №5572 "Тескей" жана №5462 "Шакар-Кыштак" шайлоо участкаларына материалдык  жактан камсыз кылуу максатында акча каражатын ажыратып берүүгө макулдугу жөнүндө

3.

№3

01.12.2020

    "Кызыл-Тейит" орто мектебине "Каныбек Исаков атындагы Кызыл-Тейит" орто мектеби наамын ыйгаруу жөнүндө.

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 38 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

  Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн аймагында уюшулган №5572-Күнгөй-Хасана жана  №5409-Кызыл-Тейит участкалык шайлоо  комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлердин кошумча    тизмелерин карап чыгып, талкуулап бекитип берүү   максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жана Кыргыз Республикасынын  "Шайлоо кодекси" жөнүндөгү  мыйзамдарын негизинде  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги  сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагында уюшулган  №5572-Күнгөй-Хасана жана  №5409-Кызыл-Тейит участкалык шайлоо  комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлердин кошумча    тизмелери бекитилсин.  (тизме тиркелет)

2.         Ушул токтомдун бекитип берүү жагы Ноокат райондук  аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулук, мандат, дин, каада-салт, депутаттык этика" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

Номан уулу Х                 

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 38 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№2

01.12.2020

     Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  №5572 "Тескей" жана №5462 "Шакар-Кыштак" шайлоо участкаларына материалдык  жактан камсыз кылуу максатында акча каражатын ажыратып берүүгө макулдугу жөнүндө

      2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу үчүн  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагында уюшулган №5572 "Тескей" жана №5462 "Шакар-Кыштак" шайлоо участкалары  жеке менчик жайда жайгашкандыгына байланыштуу имараттын ижара суммасы 3000 сомдон  6000 миң сом, имаратты жылытууга 2000 сомдон 4000 сом, жалпы суммасы 10000 (он миң) сом акча каражатын ажыратып берүү максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү   мыйзамдарын негизинде  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги  сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагында уюшулган №5572 "Тескей" шайлоо участогу жеке менчик үйдө жайгашкандыгы үчүн турак-жайды жылытууга 2000 (эки миң) сом, турак жайды ижара суммасы 3000 (үч миң) сом, бардыгы болуп 5000 (беш миң) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагында  уюшулган №5462 "Шакар-Кыштак" шайлоо участкасы жеке менчик чайканада жайгашкандыгы үчүн имаратты жылытууга 2000 (эки миң) сом, чайкананын  ижара суммасы 3000 (үч миң) сом, бардыгы болуп 5000 (беш миң) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

3.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Махмудовго жүктөлсүн.

4.         Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу  комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

Номан уулу Х                 

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 38 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№3

01.12.2020

    "Кызыл-Тейит" орто мектебине "Каныбек Исаков атындагы Кызыл-Тейит" орто мектеби наамын ыйгаруу жөнүндө.

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө жайгашкан "Кызыл-Тейит" орто мектебине аталган мектептин ардактуу  бүтүрүүчүсү, филология илимдеринин доктору, Чыңгыз Айтматов атындагы академиянын академиги, Кыргыз Республикасынын мурдагы билим берүү жана илим министри, Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек сиңирген ишмери маркум Каныбек Исаковдун наамын ыйгарууну карап чыгып, талкуулап   Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнун  Кызыл-Тейит  айылындагы "Кызыл-Тейит" орто мектебинин кесиптик бирликтин  кезектен тышкары отурумунун 2020-жылдын 01-декабрындагы  №3 протоколунун негизинде "Кызыл-Тейит" орто мектебине "Каныбек Исаков атындагы Кызыл-Тейит" орто мектеби наамын ыйгарууга макулдук берилсин.

2.         Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук администрациясына жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн  суралсын.

3.         Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү  жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  "Элге билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо, миграция, туризм жана жаштар саясаты" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

Номан уулу Х                 

Назад