Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин Регламентинин мазмуну:

Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин регламентинин мазмуну.  .................................................1

 

I.           Жалпы жоболор. ......................................................................................................................2

 

II. Айылдык Кеңештин компетенциясы. ......................................................................................2

III. Айылдык кеңештин биринчи сессиясы. ...................................................................................3

IV. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруу тартиби. ......................................................................3

V. Айылдык Кеңештин сессиясы........................................................................................................4

VI. Айылдык Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары.......................................................6

VII. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби.........................................................................6

VIII. Айылдык Кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери............................................................................................................................................6

IХ. Кеңештин чечимдери. ..................................................................................................................7

Х. Айылдык Кеңештин төрагасы......................................................................................................7

ХI. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары......................................................................8

ХII. Кеңештин жооптуу катчысы. ....................................................................................................8

ХIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары. .......................................................................................9

ХIV. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби. Негизги жоболор...............................10

ХV. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби.................................................................................................................................................11

ХVI. Шайлоону уюштуруу. ..............................................................................................................12

ХVII. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби...........................................................13

ХVIII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби.......................................................................................................................13

ХIХ. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо...................................................................14

ХХ. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери...............................15

ХХI. Убактылуу комиссиялар..........................................................................................................15

ХХII. Кеңештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы......................................................................................................................................15

ХХIII. Жергиликтуу Кеңештин сандык курамы. ..........................................................................16

ХХIV. Депутаттык мандат................................................................................................................16

ХХV. Регламентти бекитүүнүн, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби.................................................................................................................................................16

XXVI. Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына айылдык кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби...........................................................................................................................................16-17

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин Регламенти

I. Жалпы жоболор.

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамына ылайык, кеңештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзөт.

Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөөрү жана штампы болот.

Айылдык кенештин Регламенти, айылдык Кенештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.

 

II. Айылдык Кеңештин компетенциясы.

 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.

2.  Айылдык  кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоону программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;

4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обөектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;

7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

9)тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

 

11) кеңештин регламентин кабыл алуу;

12) өз чечимдери аткарылышына контролдук кылуу;

13) өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;

14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;

15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;

16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.

3. Айылдык кеңештердин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:

1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;

3) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;

4) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;

5) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу, жайыттар боюнча башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү.

III. Айылдык кеңештин биринчи сессиясы.

 

3.1. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.

3.2. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет.

 

IV. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруу тартиби.

 

4.1. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.

4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүшөт (төрагасын, орунбасарын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлүмдөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.

4.3. Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн эрежелерин толук сактоого милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.

4.4. Айылдык кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.

4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (паспорт же башка өздүк документтери боюнча) толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.

4.6. Ар бир талапкер боюнча «колдогону», «каршы» болгону жана «бузулганы» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.

4.7. Айылдык Кенештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер, айылдык Кеңештин төрагасы болуп төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

4.8. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту эсептөөнү, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.

4.9. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушуна ээ болгон айылдык Кеңештин депутаты төраганын орун басары болуп шайланат.

4.10. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен төрага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

4.11. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта алып барат, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.

 

                                               V. Айылдык Кеңештин сессиясы.

 

5.1. Кеңештин сессиясы ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

5.2. Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралуу беш күндөн кечиктирбей кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, Кеңештин депутаттарына үч күндөн кечиктирбей таратылат.

5.3. Кеңештин кезексиз сессиясы Кеңештин төрагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары же Кеңештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн жана айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу менен чакырылат.

5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушун жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу Кеңештин төрагасына берилет.

5.5. Иш план боюнча Кеңештин сессиясына материалды, иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.

5.6. Кеңештин чечими же Кеңештин  төрагасынын буйругу менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.

5.7. Кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) Сессия болгонго чейин беш күндөн кечиктирбей кеңештин катчысына жазуу түрүндө берилиш керек.

5.8. Айылдык Кеңештин сессиясында каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.

5.9. Айылдык Кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык ар бир жаран айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияга катышууга укугу бар.

5.10. Айылдык Кеңеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.

5.11. Айылдык Кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын сессияларга кирүүсү үчүн баарык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.

5.12. Депутаттардын каттосу башталгандан кийин 30-минуттун аралыгында кворум жок болгон учурда, төрагалык кылуучу 30-минутка тыныгуу жарыялайт. Эгерде 30-минуттун ичинде кворум камсыз кылынбаса анда сессия болбой калды деп эсептелет.

5.13. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысын узактыгы каралат:

- баяндама – 10 мүнөткө чейин;

- баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкулоо үчүн- 5 мүнөткө чейин;

- күн тартибин талкулоо үчүн – 2 мүнөткө чейин

 - талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн - 2 мүнөткө чейин;

- шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн - 5 мүнөткө чейин;

- талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн -3 мүнөткө чейин;

 - добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;

- жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;

- сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн - 2 мүнөткө чейин;

- кайталап сөз сүйлөө үчүн  - 2 мүнөткө чейин;

5.14. Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга  укугу бар.

5.15.  Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык  сөз сүйлөөсүнө жол берилбейт.

5.16.  Кызматка шайлануучу талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.

5.17.  Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынан  өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.

5.18.  Сөз берүү жөнүндө сунуш  төрагалык кылуучуга  жазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.

5.19.   Айыл өкмөтүнүн башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн  кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.

5.20.   Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз сессияга төрагалык кылуучу тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 мүнөттөн ашпайт.

5.21.  Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар кандай маселелеринде» каралат. Айылдык кеңештин сессиясынын же төрагалык кылуучунун чечими боюнча «Ар кандай маселелерге»  5 мүнөт убакыт берилиши мүмкүн.

5.22.  Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү  же бүтпөй калган мурдагы маселелердин  бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү  сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.

 5.23. Сессияга төрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп)  жарыяланышы мүмкүн.

5.24.  Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.

 

VI. Айылдык Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары.

 

6.1. Айылдык Кеңештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлөө максатында жумушчу органдардын-секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептөө комиссиясынан, башка да комиссия түзүлөт. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.

6.2. Сессиянын секретариаты айылдык Кеңештин аппараты менен бирдикте, сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жүргүзүшөт. Сүйлөөчүлөрдү, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелүү материалдарын сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын Регламентинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмө берет.

6.3. Секретариат айылдык Кеңештин аппараты менен бирдикте сессия тарабынан материалдарды, протоколдорду жазып беш күндүн ичинде кол коюуга даярдайт.

VII. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби.

 

7.1. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби айылдык Кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат.

7.2. Күн тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.

7.3. Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипке жана иштөө тартибине өзгөртүү киргизүү же кошумча маселе сунуш кылышса, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитүүсүнө сунуш кылынат.

 

VIII. Айылдык Кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери.

 

8.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга өзүнүн талапкерлигин сунуштоого;

8.2. Күн тартиби, иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка  койдурууга;

8.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга, аны добушка койдурууга;

8.4. Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселер боюнча мекеме, ишкана жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторун угуунун күн тартибине киргизүүнү сунуштоого;

8.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого;

8.6. Сессиянын Регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого;

8.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кеттирүүгө жол берилбейт);

8.8. Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жеке пикирин сактоо менен добуш берүүгө.

 

IХ. Кеңештин чечимдери.

 

9.1. Кеңештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

9.2. Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссияларынын өзгөртүү жана мурда кабыл алынган ченемдерди жокко чыгаруу жана токтомго киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат.

9.3. Сессиянын жүрүшүндөгү маселелер боюнча Кеңеш токтом түрүндө кабыл алат жана токтомго Кеңештин төрагасы кол коңт.

9.4. Кеңештин депутаты Кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жүзүндө же оозеки билдирүүсү Кеңештин протоколуна жазылат.

9.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып, толугу менен кабыл алынат.

9.6. Кеңештин чечимин бастырып чыгаруу, Кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңештин аппаратына жүктөлөт.

9.7. Айылдык Кеңештин чечими айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-уюмдарда аткарылууга милдеттүү.

9.8. Кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн. 

Х. Айылдык Кеңештин төрагасы.

 

1. Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

2. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти айылдык кеңештин депутаты же депутаттарынын тобу көрсөтүүгө укуктуу. Депутат же болбосо депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

3. Эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, айылдык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.

Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.

4. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана башка шайлоонун жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат.

5. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин же фракциясынын демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

6 Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде бир жолку компенсация алат.

7. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:

1) жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат;

2) сессияларга төрагалык кылат;

3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коңт;

4) жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.

8. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет.

 

ХI. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары.

 

1. Айылдык  кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын ичинен сессияда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.

3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.

4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.

 

ХII. Кеңештин жооптуу катчысы.

 

12.1. Кенештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштүү маалыматтар менен камсыз кылат.

12.2. Айыл өкмөтүнүн катчысы айылдык Кеңешинин сессиянын протоколун жүргүзөт. Кеңештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.

12.3. Жарандардын айылдык Кеңешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелүү чара көрүү менен жооп берет.

12.4. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.

12.5. Кеңештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.

12.6. Кеңешке түшкөн документтердин эсебин жүргүзөт.

12.7. Кеңештин сессиясын материалдарын даярдайт, аны депутаттарга таркатат.

12.8. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү жана башка тиешелуу адамдарды сессияга катышууга чакырат.

12.9. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жүргүзөт.

12.10. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.

12.11. Айылдык Кеңештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.

ХIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары.

 

13.1. Жергиликтүү Кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.

Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтуу кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана орун басары шайланышы мүмкүн эмес.

Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы айылдык кеңештин депутаттарынын санынан: 3 ден кем болбогон жана 9 көп болбоого тийиш.

Айылдык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.

Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиисияларды түзө алат.

Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.

Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байлныштуу мөөнөтүнөн мурда токтотушу мумкун.

Жергиликтүү  кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.

Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.

Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.

13.2. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары:

- кеңештин кароосуна киргизилүүчү  экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат.

- тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндурүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.

- өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө  отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеүешке киргизет.

- жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат.

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кеңештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.

13.3. Жергиликтүү кеңештин турукутуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.

Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.

Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.

Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.

ХIV. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби.

Негизги жоболор.

 

14.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону өткорүү тартибин аныктайт.

«Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-берене жана ушул Жобо менен жонгө салынбаган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби айылдык Кеңештин регламенти менен аныкталат.

14.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы тийиштүү айылдык Кеңештердин депутаттары (депутаты) тарабынан анын чакырылышы  мөөнөтүнө жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.

14.3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө, айылдык Кенештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары-аким)  укуктуу.

14.4. Аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде же жеке менчик түрүндөгү чарбакер субөекттерде жетекчи кызматтарда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.

Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

 14.5. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.

Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.

Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин чакыруу мөөнотү аяктаганга чейин 90 каландардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айыл кеңешинин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалбайт.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндон тартып 20 календарлык күндүн ичинде өткорулөт.

Айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаңы айыл өкмөтү шайланганга чейин өзүнүн акты менен айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.

14.6. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндон тартып 25 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларында айылдык Округдун башчысын шайлоону жана өткөрүүнү координациялоону жүргүзүшөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы айылдык Округдун башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тийиштүү аймактык комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу.

14.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү Кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу ишке ашырылат. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо эгерде ага айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес катышса болду деп эсептелинет. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өткөрүү жол-жобосу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49 беренесине, ушул Жобого жана жергиликтүү  Кеңештин Регламентине ылайык ишке ашырылат.

14.8. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына тиешелүү аймактык комиссиясы тарабынан күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

14.9. Бул Жобону бузу шайлоону жараксыз деп табууга алынып келет.

 

ХV. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби.

 

15.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субөект тарабынан каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүдөй документтер сунушталат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим.

2) ат салышууга талапкердин арызы.

3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматы (кызматынын турун) жана турган жерин көрсөтүү менен талапкердин өмүр баянынын маалыматтары.

4) ушул Мыйзамдын 42 -беренсинин талаптарын тастыктоочу тийиштүү документтер.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө – чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жөнүндө талапкерди көрсөткөн субөектиге кабар билдирүүгө милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн субөект кабар алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизип, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди тапшырууга укуктуу.

Талапкерди каттоодон баш тартуу чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди көрсөткөн субөектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчурмөсүн берүүгө милдеттүү.

Талапкерлерди каттоодон баш тартууга төмөндөгүлөр негиз боло алат:

1) ушул Мыйзамда каралган көрсөтүүнүн тартиби сакталбашы.

2) Талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу.

3) Талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги

4) Талапкерди көрсөткөн субөектин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди бербегендиги.

Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерди каттагандан кийин эки календардык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай берүү, добуш берүү  үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн үкоктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону өткөрүүгө комөк көрсөтүүгө милдеттүү.

15.2. Талапкер кайсы учурда болбосо да бирок добуш берүүгө чейин эки күн калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө укугу бар субеөкт кайсы учурда болсо да добуш берүүгө чейин эки календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү  аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берип, талапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субөект тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

 

ХVI. Шайлоону уюштуруу.

 

16.1. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштуруу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына чечим менен курамында аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана эки мүчөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү  жана айылдык Кеңештин өкүлү болуп эсептөө комиссиясы түзүлөт.

Эсептөө комиссиясы өз отурумунда курамынан төраганы жана катчысы шайлоо жөнүндө чечим кабыл алат жана тиешелүү протокол  түзүлүп, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына ылайык жергиликтүү Кеңешке кабарланат.

16.2. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, аларды сактоону камсыз кылат, өз жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат, ушул жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.

16.3. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде басылып чыгарылат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрулөт жана ага эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коңт.

16.4. Бюллетенге айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.

16.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүчү жайды берүү, ал үчүн кабиналарды, үкөктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү аркылуу шайлоону уюштурууга көмөктөшүүсү милдеттүү.

16.6. Депутаттардын жыйынга келишине жоопкерчиликти тиешелүү айылдык Кеңештин төрагасы тартат.

16.7. Добуш берүү жол жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.

 

ХVII. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби.

 

17.1. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо атайын бөлүнгөн бөлмөдө  өткөрүлөт.

17.2. Добуш берүүнүн алдында добуш берүү үкөктөрү эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, мөөр басылып бекитилет.

17.3. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

17.4. Добуш берүүчү үкөктү ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет жана эсептоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн аякташы эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.

17.5. Добуш берүүчү үкөктү ачууга добуш берүү аяктаганга чейин тыюу салынат.

 

 

ХVIII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби.

 

18.1. Добуш берүү аяктагандан кийин эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык айкын эсептөөо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүүчү бөлмөдө тыныгуусуз өткөрүлөт.

18.2. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү пйдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана бул туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазышат.

18.3. Жараксыз бюллетендер өзүнчө эсептелет жана алар туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылбаган, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрөнүн колу коюлбаган же бекитилбеген формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.

18.4. Добуш берүүчү үкөктөгү бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, айылдык өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер үчүн берилген «макул» жана «баардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.

18.5. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана ага эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коңт.

18.6. Протоколго кол коюлгандан кийин эсептөө комиссиясынын төрагасы дароо айылдык Кеңештин депутаттарына жана катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыя кылат жана айылдык Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө протоколго киргизет.

18.7. Тиешелүү айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.

18.8. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду айылдык Кеңеш бекиткенден кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы анын мүчөсүн райондун акимине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.

18.9. Эки талапкер катталса жана алардын бирөө да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт.

- экиден ашуун талапкер катталса жана алардын бирөө да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнун экинчи түрү өткөрүлөт.

- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири көбүрөөк сандагы добуш алса ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алышса көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт.

18.10. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

 

ХIХ. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо.

 

19.1. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, айылдык өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт, эгерде биринчи турда айылдык өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер тең депутаттардан бирдей сандагы добушун алса, айылдык өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт, эгерде биринчи турда баардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса кайра шайлоо өткөрүлөт.

19.2. Эгерде «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттар көп добуш беришсе кайра шайлоо өткөрүлөт.

19.3. Эгерде добуш берүүнү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса кайра шайлоо өткөрүлөт.

19.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт.

19.5. Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясында кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.

19.6. Эгерде шайлоо кворум жоктугунан болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн  ичинде кайра шайлоону дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча  өткөрүлөт.

19.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо ушул жобонун 10-40-пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.

 

ХХ. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери.

 

20.1. Тиешелүү айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

20.2. Райондун акими өзүнүн буйругу менен жаңы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындай алат.

ХХI. Убактылуу комиссиялар.

 

21.1. Айылдык кеңеш атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды түзүүсү мүмкүн.

21.2. Убактылуу комиссия берилген мөөнөттү сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.

21.3. Белгиленген милдеттерди жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.

21.4. Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жүргүзүлөт.

 

ХХII. Кеңештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы.

 

22.1. Кеңештин көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кеңештин төрагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эң башкы милдеттеринин бири болуп эсептелинет.

22.2. Кеңеш өз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин түрүнө карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттүү.

 

ХХIII. Жергиликтүү Кеңештин сандык курамы.

 

 

23.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негиз Жаңы-Ноокат айылдык Кеңеши 31 депутаттан турат.

ХХIV. Депутаттык мандат.

 

 

24.1 Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.

24.2. Депутаттык мандатты токтотуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесине негиз жүргүзүлөт.

 

ХХV. Регламентти бекитүүнүн, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби.

 

25.1. Айылдык кеңештин депутаты Регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат.

Сунуштар айылдык кеңеш тарабынан  атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.

25.2. Айылдык Кеңештин Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кеңештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл  алынат

 

XXVI. Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына айылдык кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби

 

 

26.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы, райондун акими, анын орун басары, ошондой эле айыл аймагында иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар айылдык кеңештин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга  укуктуу.

26.2. Жогоруда аталган адамдар ачык сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо жураналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.

26.3. Айылдык кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф.а. а., жашаган жери, иштеген орду)  катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагалык кылуучуга  берилет.

26.4. Айылдык кеңештин депутаттары болуп саналышпаган адамдар  катталган учурдан тартып сессиянын, жыйындын катчысы аларды ушул Регламенттин 22-главасында белгиленген  айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына  катышуунун тартиби  жана айылдык кеңештин Регламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырат.

 

26.5. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин сессиясын ачар алдында, сессияга катышып жаткан айылдык кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.

26.6. Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн  жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде сессия, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жаткан  жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча  айылдык кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын өкүлдөрү  киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк  бир көчөдөн, бир кварталдан, бир райондон, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир  бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.