М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 1

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары, тартиби тууралуу жана жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукцион жолу менен сатуу, конкурс, жерди ижарага берүү боюнча комиссия курамдарын түзүү жөнүндө

2.

№ 2

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү "Оомат" мектепке чейинки балдар мекемесине жаңы имарат куруу үчүн муниципалдык жерден жер аянтын ажыратып берүү жана имарат курулуп бүткөнгө чейин Жандама айылындагы Н. Найманбоев атындагы орто мектебинде убактылуу мөөнөткө өз ишмердүүлүгүн алып баруусу жөнүндө

3.

№ 3

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Кыр-Шамалы" дыйкан чарбасынын балансында болгон ФАП имараты (союз мезгилиндеги мурдагы тамеки сарайын сезондук балдар бакчасы болгон) жана ага таандык 990,0 чарчы метр жер тилкесин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

4.

№ 4

24.07.2021

Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетин каттоо жөнүндө

5.

№ 5

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы № 9-көчөсүнө наам ыйгаруу жөнүндө

6.

№ 6

24.07.2021

Памирдагы этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү жөнүндө

7.

№ 7

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айылындагы медицина кызматкерлерине айылдык кеңештин Ардак грамотасын ыйгаруу жөнүндө

8.

№ 8

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолуна орнотулган ыламдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздиктердин санын азайтуу жөнүндө

9.

№ 9

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айылынын борборун сарамжалдоо жөнүндө

10.

№ 10

24.07.2021

Сахоба эс алуу сейил багындагы иш чаралар жөнүндө

11.

№ 11

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл аймагында айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында "Абдусатар Абдуллаев Таза-Суу" муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби" жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары" жөнүндөгү токтомдоруна таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын жана тартибин жөнгө салуу боюнча комиссия курамына төмөнкү туруктуу комиссия мүчөлөрү сунуш кылынсын:

Комиссиянын төрагалыгына:

Коңурбаев Аширали - Кызыл-Тейит айылынын депутаты.

Комиссия мүчөлүгүнө:

Зияев Мамасидик - Жандама айылынын депутаты

Абдуллаева Ширинхон - Катта-Тал айылынын депутаты.

2.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер аянттарын менчик укуктарын түз жана аукцион жолу менен сатуу, конкурс, жерди ижарага берүү боюнча айыл өкмөтүнүн комиссия курамына төмөнкү туруктуу комиссия мүчөлөрү сунуш кылынсын:

Жураев Мусажон - Жандама айылынын депутаты

Хамзалиева Махабатхон - Дөң-Кыштак айылынын депутаты

Собирова Азизахон - Катта-Тал айылынын депутаты

3.         Түзүлгөн комиссия курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 жана 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомдоруна ылайык иш-чараларды алып баруу милдеттендирилсин.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 2

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү "Оомат" мектепке чейинки балдар мекемесине жаңы имарат куруу үчүн муниципалдык жерден жер аянтын ажыратып берүү жана имарат курулуп бүткөнгө чейин Жандама айылындагы Н. Найманбоев атындагы орто мектебинде убактылуу мөөнөткө өз ишмердүүлүгүн алып баруусу жөнүндө

 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө уюшулган "Оомат" мектепке чейинки балдар мекемеси өз ишмердүүлүгүн жеке адамдын үйүндө алып барып жаткандыгын, азыркы күнгө келип үй ээси менен келишим бүткөндүгүнө байланыштуу "Оомат" мектепке чейинки балдар мекемесине жаңы имарат куруу үчүн муниципалдык жерден жер аянтын ажыратып берүү жана имарат курулуп бүткөнгө чейин Жандама айылындагы Н. Найманбоев атындагы орто мектебинде убактылуу мөөнөткө өз ишмердүүлүгүн алып баруусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү "Оомат" мектепке чейинки балдар мекемесине жаңы имарат куруу үчүн муниципалдык жерден жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү "Оомат" мектепке чейинки балдар мекемесине жаңы имарат куруу үчүн муниципалдык жерден жер аянтын ажыратып берүү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         "Оомат" мектепке чейинки билим берүү мекемеси убактылуу мөөнөткө өз ишмердүүлүгүн улантуу максатында Жандама айылындагы Н. Найманбоев атындагы орто мектебинен 4 каана ажыратып берилишине макулдук берилсин.

4.         Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 5 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депуттатык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча жана Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 3

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Кыр-Шамалы" дыйкан чарбасынын балансында болгон ФАП имараты (союз мезгилиндеги мурдагы тамеки сарайын сезондук балдар бакчасы болгон) жана ага таандык 990,0 чарчы метр жер тилкесин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылына жаңы ФАП имаратын куруу максатында 990,0 чарчы метр жер тилкесине ээ болгон азыркы эски ФАП имараты (союз мезгилиндеги мурдагы тамеки сарайын сезондук балдар бакчасы болгон) Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Кыр-Шамалы" дыйкан чарбасынын балансында тургандыгын жана аталган жерди Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы", Кыргыз Республикасынын "Жер Кодекси" жөнүндөгү мыйзамдарына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Кыр-Шамалы" дыйкан чарбасынын балансында болгон ФАП имараты (союз мезгилиндеги мурдагы тамеки сарайын сезондук балдар бакчасы болгон) жана ага таандык 990,0 чарчы метр жер тилкесин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Кыр-Шамалы" дыйкан чарбасынын балансында болгон ФАП имараты (союз мезгилиндеги мурдагы тамеки сарайын сезондук балдар бакчасы болгон) жана ага таандык 990,0 чарчы метр жер тилкесин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү боюнча иш-кагаздарын даярдоо Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 4

24.07.2021

Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетин каттоо жөнүндө

Күн тартибиндеги Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын  аткаруу комитетин каттоо жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын чогулушунда жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесине таянып  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүүгө макулдук берилсин.

2.         Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетин каттоо боюнча тийиштүү документтерди даярдоо аткаруу комитетинин төрагасы Акбаров Шухратбекке милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 5

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы № 9-көчөсүнө наам ыйгаруу жөнүндө

 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы 09-көчөсүнүн аталышы боюнча айыл тургундарынын 2021-жылдын 02-июлундагы чогулушунун протоколун карап чыгып, талкуулап көчөлөргө наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы № 9-көчөсүнүн аталышына эл арасында кадыр-баркка ээ болгон Рахмонов Одилжон Эгамбердиевичтин наамы ыйгарылсын.

2.         Аталган көчөнү каттоодон өткөрүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 6

24.07.2021

Памирдагы этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Ош облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 14-июнундагы "Памирлик кыргыздарга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү" №265-б буйругун аткарууга алуу боюнча иш-чараларын жүргүзүү максатында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-июлундагы №318-а билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Памирлик кыргыздарга малдардын кыштоосуна ыңгайлуу шарт түзүп берүү жана курулуш иштерин жүргүзүү максатында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 763235-бөлүмүнүн 22-беренесинен 52 800 (эллү эки миң сегиз жүз) сом акча каражатын 2625-бөлүмүнүн 626-беренесине өткөрүүгө макулдук берилсин.

2.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инветиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 7

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айылындагы медицина кызматкерлерине айылдык кеңештин Ардак грамотасын ыйгаруу жөнүндө

 Саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдан бери эмгек сиңирген, пандемия мезгилинде коронавирус илдети менен күрөшүүдө чоң салымын кошуп, өз өмүрүнө болгон коркунучка карабай элдин амандыгын ойлоп, канчалаган өмүрлөрдү сакталып калышына себепчи болгон, кесиптик жана жарандык милдетин жогорку жоопкерчилик менен аткаргандыгы үчүн медицина кызматкерлерине айылдык кеңештин Ардак грамотасын ыйгаруу максатында Жаңы-Ноокат айылындагы №12-13-үДТнун эмгек жамаатынын 2021-жылдын 02-июлундагы сураныч катын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айылындагы төмөнкү медицина кызматкерлерине айылдык кеңештин Ардак грамотасы ыйгарылсын:

Гуломойдинова Шахзода - Зарбдор атындагы ФАПтын медайымы.

Жээнбаева Абыда - Кызыл-Тейит атындагы ФАПтын медайымы.

Тажимаматов Илхомжон - №12-13-үДТнын үй-бүлөлүк дарыгери.

2.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары И. Мамажоновга тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 8

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолуна орнотулган ыламдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздиктердин санын азайтуу жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолуна кырсыктарды алдын алуу максатында коюлган унаалардын ылдамдыгын төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздиктердин санын азайтуу боюнча 2021-жылдын 15-июнундагы Жаңы-Ноокат айылындагы такси айдоочулары тарабынан келген арызды жана тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлерине бейтаптарды Ноокат аймактык ооруканасына алып барууда бул жасалма тегизсиздиктер ыңгайсыз абал жаратып жаткандыгын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнун жолундагы Шакар-Кыштак мечитинин астына коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздик калтырылсын.

2.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолундагы Токтогул мектеп интернатынын астына коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздик калтырылсын.

3.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолундагы 134-үйдүн астына коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздик алып салынсын.

4.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолундагы 103-үйдүн астына коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздик калтырылсын.

5.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолундагы 55-үйдүн астына коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздик алып салынсын.

6.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

7.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 9

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айылынын борборун сарамжалдоо жөнүндө

 Жаңы-Ноокат айылынын борборунда ар түрдүү жайма базарлардын болуп жаткандыгы, унаалар жолдун четине тартибсиз коюлуп айыл тургундарынын жүрүшүнө ыңгайсыз абал жаратылып, айрыкча шаршемби жана ишемби күндөрү жолдор тыгын болуп айылдык поликлиникага баруучу бейтаптарга тоскоолдук жаралып жаткандыгын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы жайма базарларды бир тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар иштеп чыгылсын.

2.         Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы жайма базарларды башка жерге көчүрүү айыл өкмотүнө тапшырылсын.

3.         Жаңы-Ноокат айылынын борборун сарамжалдоо максатында айыл окмөтүнүн админстративдик имаратынын, банк мекемелеринин алдында айыл өкмөтүнүн жашоочуларына коопсуз, ынгайлуу шарт түзүү максатында жана айылдык поликлиникага баруучу бейтаптарга шарт түзүү максатында жеке ишкер Шухрат Жураевдин кыймылсыз мүлктөрү алдыдан (ПОМ имаратынын каршы тарабынан) жеке ишкер Арибжанова Азизахондын имаратына чейин (250 метр тегерегинде болгон) Т. Эргашев көчөсүнүн (эски "Книги" дүкөнүнөн) баштап Сахоба лицейине чейинки (280 метр тегерегинде) болгон тараптарына Кыргыз Республикасынын Жол кыймыл эрежесинин "Унааларды токтотууга мүмкүн эмес" (3.27) белгиси орнотулсун.

4.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад

10

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 10

24.07.2021

Сахоба эс алуу сейил багындагы иш чаралар жөнүндө

 Жаңы-Ноокат айылында ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү үчүн Сахоба эс алуу сейилбагына ички инвестиция тартуу, инфраструктурасын оңдоо, сейилбакда иш-жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү алып барып санитардык нормалар, өрт жана техникалык коопсуздук боюнча талаптарды коюп келишим түзүү, сейилбакка келүүчү адамдарга жакшы шарттарды жаратып берүү жана тейлөө маданиятын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айылында ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү үчүн Сахоба эс алуу сейилбагына ички инвестиция тартуу, сейилбактын инфраструктурасын оңдоо, сейилбакда иш-жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү алып барып санитардык нормалар, өрт жана техникалык коопсуздук боюнча талаптарды коюп келишим түзүү, сейилбакка келүүчү адамдарга жакшы шарттарды жаратып берүү, тейлөө маданиятын жогорулатуу жана айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча киреше булактарын изилдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн төмөнкү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:

Комиссиянын төрайымы:

С. Токталиева                                    айылдык кеңешинин депутаты

Комиссия мүчөлөрү:

М. Кариев                                          айылдык кеңешинин депутаты

Т. Жалолов                                        айылдык кеңешинин депутаты

М. Жураев                                         айылдык кеңешинин депутаты

А. Абдусаломов                                айылдык кеңешинин депутаты

Ф. Алимжанов                                   айылдык кеңешинин депутаты

А. Тешебаев                                       айылдык кеңешинин депутаты

Ж. Жамолов                                       айылдык кеңешинин депутаты

М. Мамажонов                                  айылдык кенешинин депутаты

Ш. Абдиллаева                                   айылдык кенешинин депутаты

М. Зияев                                               айылдык кенешинин депутаты  

2.         Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамында  көрсөтүлгөн "Жергиликтүү кеңештин убактылуу комиссияларынын түзүнүн тартиби" боюнча беренеге ылайык иш-чараларын жүргүзүүдө зарылчылыкка жараша адистер, эксперттер, сейилбактаги жеке ишкерлер, демилгечи топтор жана башка кызыкдар адамдар тартылсын.

3.         Убактылуу комиссия өз иштерин жыйынтыгын 2021-жылдын сентябрь айына чейин аяктап, иш-чаралар боюнча корутундусун айыл өкмөтүнө сунуштоо милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары И. Мамажоновга тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад

11

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 11

24.07.2021

Жаңы-Ноокат айыл аймагында айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында "Абдусатар Абдуллаев Таза-Суу" муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык жана Жаңы-Ноокат айыл аймагында айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында "Абдусатар Абдуллаев Таза-Суу" муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдында "Абдусатар Абдуллаев Таза-Суу" муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

2.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. З. Рузалиевке жүктөлсүн

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

К. Сатторов                  

Назад