М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 1

19.11.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы жергиликтүү бюджетинин 9 айлык аткарылышы жөнүндө

2.

№ 2

19.11.2021

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-ноябрь күнү болуп өтүүчү Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата иш-чаралар тууралуу

3.

№ 3

19.11.2021

"Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары жөнүндөгү" Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрындагы №25-кезектен сырткары сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу

4.

№ 4

19.11.2021

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2019-жылдын 01-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө

5.

№ 5

19.11.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга карата келечек пландарына кошумча жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

6.

№ 6

19.11.2021

"Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги спорт залдарда жаштардын машыгуусуна уруксат берүү жөнүндөгү" айылдык кеңештин 2018-жылдын 10-декабрындагы алтынчы чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын №8 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 1

19.11.2021

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы жергиликтүү бюджетинин 9 айлык аткарылышы жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы жергиликтүү бюджетинин 9 айлык аткарылышы жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин "Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан 2021-жылдын 13-ноябрындагы протоколун карап чыгып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 13-ноябрындагы протоколун негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы жергиликтүү бюджетинин 9 айлык 3-чейректеги аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин төрагасы 

 

К. Сатторов                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 2

19.11.2021

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-ноябрь күнү болуп өтүүчү Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата иш-чаралар тууралуу

 Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-ноябрь күнү болуп өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө уюшулган 11 участкалык шайлоо комиссияларында шайлоону таза жана туруктуу өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-ноябрь күнү болуп өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүнө карата шайлоону ачык, таза жана туруктуу өткөрүү үчүн төмөнкү депутаттар участкалык шайлоо комиссияларына тартылсын:

№5404 "М. Улугбек" шайлоо участкасына - А. Тешебаев

№5405 "Жандама" шайлоо участкасына - И. Мамажонов

№5406 "Катта-Тал" шайлоо участкасына - М. Каримов

№5407 "Ташкоргон" шайлоо участкасына - Т. Жалолов

№5408 "Шалдырама" шайлоо участкасына - М. Кучканов

№5409 "Кызыл-Тейит" шайлоо участкасына - А. Коңурбаев

№5462 "Шакар-Кыштак" шайлоо участкасына - А. Кадиров

№5492 "Н. Найманбаев" шайлоо участкасына - М. Жураев

№5536 "Темир-Корук" шайлоо участкасына - М. Кариев

№5572 "Күнгөй-Хасана" шайлоо участкасына - Ш. Абдуллаева

№5573 "Тескей" шайлоо участкасына - Ф. Алимжанов

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторовга жүктөлсүн.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин  төрагасы 

 

К. Сатторов                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 3

19.11.2021

 

"Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары жөнүндөгү" Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрындагы №25-кезектен сырткары сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу

 Жаңы-Ноокат айылында той марекелерди сарамжалдуу жана артыкча чыгымсыз өткөрүү боюнча Жаңы-Ноокат айылынын 2021-жылдын 19-октябрындагы жалпы тургундарынын чогулушунун протоколун, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021 жылдын 09-ноябрындагы 493-катын жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар" жана "Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депуттатык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо" боюнча туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын 09-ноябрындагы кошмо жыйынын протоколун карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айылында той-марекелерди өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча төмөнкү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:

Комиссиянын төрагасы: М. Хайдаралиев - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары

Комиссиянын орунбасары: Н. Сотимбоев - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун төрагасы

Мүчөлөрү:

 

М. Кодиралиев - Таш-Коргон участкасынын, Ш. Кодиралиев көчөсүнүн көчө комитетинин төрагасы

Ф. Алимжонов - Дөң-Кыштак айылынын депутаты

Т. Жалолов - Катта-Тал айылынын депутаты

М. Хамзалиева - Шакар-Кыштак айылынын депутаты

М. Жораев - Жандама айылынын депутаты

С. Холбоев - Шалдирама участкасынын маала комитетинин төрагасы

С. Бахромов - Аксакалдар сотунун катчысы

Г. Мирзабоева - Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн маданият кызматкери

М. Хайитов -Жандама участкасынындагы "Абдусалом ажы" атындагы мечитинин имамы

Х. Мирзаңкубов - Мончок-Дөбө айылынын тургуну

2.         Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айылынын Аксакалдар сотуна жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин  төрагасы 

 

К. Сатторов                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 4

19.11.2021

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2019-жылдын 01-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө

 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2019-жылдын 01-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2021-жылдын 04-ноябрындагы №01-14/451 сандуу катын үйрөнүп чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2019-жылдын 01-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн отчетунун жана сунушунун негизинде келтирилген кемчиликтер боюнча төмөнкү иш-чаралар көрүлсүн:

А) Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аппараттагы кызматкерлеринин чогулушунда каралып, тийиштүү адистердин жоопкерчилиги талкууланып, мындан ары катачылыктарга жол бердирбөө жагы эскертилсин.

Б) Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө мындан ары сапар чыгымдарын төлөөдө Кыргыз Республикасынын 26.08.2008-жылдын №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндөгү" токтомунун нормалары аткарууга алынсын.

В) Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасына сарпталуучу күйүүчү майлардын сарпталышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 сандуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген норманын чегинде жүргүзүлсүн.

Г) Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетторду түзүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө" буйругу менен бекитилген Жобого ылайык жүргүзүү милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин  төрагасы 

 

К. Сатторов                  

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 5

19.11.2021

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга карата келечек пландарына кошумча жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн 2018-2023-жылдарга карата бекитилген келечек пландарын аткаруу мезгилинде Жаңы-Ноокат айылынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында "CASA-1000" эл аралык долбоору тарабынан ишке ашырылып жаткан "Коомчулуктагы айылардын инвестициялык ассоциациясынын" 2021-жылдын 13-ноябрындагы чогулушунун протоколун, айыл аймагынын денгээлинде артыкчылыктарды аныктоо долбоорунун онлайн добуш берүү жыйынтыгы жана Ноокат райондук аймактык ооруканасынын 2021-жылдын 22-октябрындагы №165 катын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл аймагында медицина тармагын жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнүн 2022-жылкы стратегиялык планына №12-13-үДТнын жана Темир-Корук ФАП имараттарынын оңдоо иштери киргизилсин.

2.         №12-13-үДТнын жана Темир-Корук ФАП имараттарынын оңдоо иштеринин сметалык документтерин даярдоо үчүн Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылкы жергиликтүү бюджетинен акча каражаты ажыратып берилсин.

3.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат өкмөтүнүн башчысы Н. Рузалиевге жүктөлсүн.

4.         Токтомдун аткарылышын козөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин  төрагасы 

 

К. Сатторов                  

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№ 6

19.11.2021

 

"Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги спорт залдарда жаштардын машыгуусуна уруксат берүү жөнүндөгү" айылдык кеңештин 2018-жылдын 10-декабрындагы алтынчы чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын №8 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жаштарды кыш мезгилинде мектептердин спорт залдарынан окуу сабактардан бош убакыттарда спорттун баскетбол, улуттук күрөш, волейбол жана башка түрлөрү менен машыгуулары үчүн пайдаланууга уруксат берүү туралуу 2021-жылдын 14-ноябрындагы айыл жаштарынын кайрылууларын карап чыгып, айыл жаштарынын ар түдүү экстремистик агымларга кошулуп кетишин, спирттик жана наркотикалык заттарга берилбестигин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы алтынчы чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын №8 токтомуна төмөнкүдөй озгөртүүлөр киргизилсин:

 

-           Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жаштардын ар түдүү экстремистик агымларга кошулуп кетишин, спирттик жана наркотикалык заттарга берилбестигин алдын алуу максатында кыш мезгилинде билим берүү мекемелериндеги спорт залдарында окуу сабактарынан бош убакытта машыгууларына уруксат берилсин.

 

-           Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептердеги спорт залдарында жаштардын спорт менен машыгууларын уюштуруу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынан турган төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:

 

 

 Комиссиянын төрагасы: Мамажонов Исломбек

 

 Мүчөлөрү:

 Холбоев Рузали

 Жалолов Тулкинжон

 Алимжонов Фуркат

 Нишанбаев Мирзабек

 

2.         Айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги спорт залдарда жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүп берүү үчүн Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинде түзүлгөн комиссия курамы менен мектептердин дене тарбия мугалимдери катышуусунда жаштардын спорт менен машыгуусу боюнча графиктер түзүлсүн.

3.Окуу сабактарынан бош убакыттарда спорт залдарда уюштурулган машыгууларга катышып жаткан жаштарды коомдук тартипти сакталышы, билим берүү мекемелеринин мүлкүн жана тазалыгын сакталышына айылдык кеңештин төмөнкү депутаттары дайындалсын.

 

М. Улукбек атындагы орто мектебине Ф.Алимжанов

 

М. Эргашов атындагы орто мектебине И.Мамажонов

 

Амир Темур атындагы орто мектебине Т.Жалолов

 

М. Мирзакаримов атындагы орто мектебине Р.Холбоев

 

Кызыл-Тейит атындагы орто мектебине М. Нишанбаев

 

3.         Жаштарды билим берүү мекемелериндеги спорт залдарында машыгуулары үчүн шарт түзүп берүү жагы билим берүү мекемелеринин директорлоруна тапшырылсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын

 

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин  төрагасы 

 

К. Сатторов                   

 

 

Назад