Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) 27-кезектеги
сессиясынын 2019-жылдын 15-июнь
№15 токтомуна №1-тиркеме. Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу тургундардын турак жай
менен камсыз кылуу боюнча программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн Иш чаралар
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Худайназаров Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы
чакырылышы) 27-кезектеги
сессиясынын
2019-жылдын 15-июнь №15
токтомуна №2-тиркеме Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Программасы 1.
Киришүү 2.
Программанын максаты жана милдеттери 3.
Айыл тургундарын жер участогу менен камсыз кылууну иликтөө 4.
Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизимдери 5.
Күтүлүүчү натыйжалар 1.
Киришүү Жаңы- Ноокат айыл аймагынын тургундарын
турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программа (мындан ары — Программа) Кыргыз
Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын талабын аткаруу
максатында даярдалган. Кыргыз
Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде жер участогу Кыргыз
Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз
Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу турак жай курууга берилет
деп белгиленген. Жаңы-Ноокат айыл аймагында азыркы күндө элдин саны 28 386 кишини түзөт. Жыл сайын жаңыдан үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулап, 2017-жылы 290,
2018-жылы 340, 2019-жылдын 6 айында 210 үй-бүлө курулган. Адам санынын эсебинен чоң кожолуктарда турмуш курган жаңы үй-бүлөлөрдүн саны эки жана үчкө жеткендиги, ар түрдүү себептер менен турмушу бузулуп
кеткен үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугуна байланыштуу үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүгү жок айыл
тургундарынын санынын артышы, жер
участогун алууга мыйзам чегинде жеңилдиги бар айыл тургундары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн убакытта алардын саны 1370 кишиге
жеткен. Айыл
аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак жайга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү иликтөө иштеринин жыйынтыгы:
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы
калктуу конуштар боюнча турак жай куруу үчүн ажыратылган жер
участоктору:
2019-жылы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен жергиликтүү аймактардын шарттарын карап, турак жай
куруу үчүн жер участогун ажыратуу турак жайга муктаж
болгон жарандарга жер участогун бөлүп берүү иштери Программанын негизинде жүргүзүлүүсү белгилеген. 2. Программанын максаты жана милдеттери Жаңы-Ноокат
айыл аймагында жашаган жаңы курулган үй-бүлөлөрдү жана айыл тургундарынын
жашоо денгээлин жогорулатуу, жаштарды өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө шарт түзүү максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу
зарыл. 1.
Айылдардагы турак
жай курууга муктаж болгон үй-бүлөөлөрдүн тизмесин тактоо 2.
Турак жай курууга
муктаж үй-бүлөөлөрдү жашоо шартына карап
категорияларга бөлүштүрүү 3.
Айыл тургундарына
турак жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо 4.
Айыл тургундарына
турак жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо 5.
Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын
коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогору турган органдарга сунуштарды
берүү 3.
Айыл тургундарын жер участок менен камсыз кылууну иликтөө Жарандарга турак жай куруу үчүн бөлүнүп бериле турган жерлер
Жаңы- Ноокат айыл аймагында
турак жай куруу үчүн пландаштырылган 31,68 га жер аянты Катта-Тал айылынын Күнгөй жана Алгаз бөлүмүндө Сурпа-Тош бөлүмүндө № 228, 638, 658,
645, 651, 663, 655, 656, 657, 662, 653 контурларында, Жандама айылында пландаштырылган
31,46 га жер аянты № 2243, 2459, 888, 889, 2447, 2769, 2471, 2480, 866,
872, контурларында, Дөң-Кыштак айылында пландаштырылган
20,50 га жер аянты № 64, 68,138, 139, 4849, контурларында. Кызыл-Тейит
айылында 6,12 га жер аянты № 502, контурунда жайгашган жана баалуулугу кыйла төмөн, жасалма жол менен бак дарак тигилген жерлер. Бул бак дарактардын
түшүмдүлүүгү аз жана экономикалык жактан
эффективдүү эмес. 4. Программаны иш
жүзүнө ашыруунун механизимдери Жер участогун которуу боюнча
иш кагаздары жергиликтүү кызматтардын,
анын ичинде архитектура жана курулуш, айлана-чөйрөнү коргоо,
айыл жана суу чарбасы, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар,
энергетика, жер пайдаланылышын контролдоо инспекциясы жана башка райондук структуралар
менен макулдашылып иш жүзүнө ашырылат. Пландаштырылган
жер аянттарынын калктуу конушка жакын жайгашуусу инженердик коммуникацияларды,
электр энергиясынын берүү
линияларын, суу түтүктөрүн, телефон линияларын тартууга, ошондой эле социалдык объектилерди, анын ичинде: мектеп, балдар бакчасын, медициналык объектилерди курууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин аныктайт. 5. Күтүлүүчү
натыйжалар Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу калктын биринчи кезекте
кожолукта эки жана үч келини бар үй-бүлөөлөрдүн социалдык маселелери чечилет, мыйзам чегинде жеңилдиктери бар болгон айыл тургундардын мамлекетке болгон ишеничтерин
бекемдейт, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген,
жугуштуу ооруга дуушар болгон адамдардын жашоого болгон кызыгуусун
арттырууга, үй-бүлөлөрдө психологиялык
абалды стабилдештирүүгө, жаш үй-бүлөлөрдүн араздашуу жана
ажырашуу маселелерин азайтуу маселеси чечилиши күтүлүүдө. Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин жооптуу
катчысы А.Худайназаров |