М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

ХХV-1

07.11.2015

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  2015-жылдын 1- жарым  жылдыгына бюджеттин аткарылышы жөнүндө

2.

ХХV-2

07.11.2015

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  аймагынын Чечме-Сай   айылындагы  чоң  чыңалуудагы  электр  энергиясынын аба  чубалгылары жөнүндө  Ноокат РЭТинин  2015-жылдын  06-ноябрында берген  №115  каты  жөнүндө

3.

ХХV-3

07.11.2015

Улуу  Жеңиштин  70  жылдыгына  карата Кара-Таш  айыл  аймагындагы  1941-1945-жж .Улуу  Ата Мекендик согушта курман  болгондорго  эстелик аянтчасын  тургузуу үчүн  жер  ажыратып  берүү  жөнүндө

4.

ХХV-4

07.11.2015

Кара-Таш айыл  аймагындагы  аксакалдар  сотунун  төрагасынын  жеке  өтүнүчүнүн  негизинде   аксакалдар сотунун  курамына  өзгөртүүлөрдү  жана  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги  XХV cессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

ХХV-1

07.11.2015

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  2015-жылдын 1- жарым  жылдыгына бюджеттин аткарылышы жөнүндө

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  2015-жылдын 1- жарым  жылдыгына бюджеттин аткарылышы жөнүндө  угуп жана талкуулап  айыл кенеши   (а.ө башчысы. ФЭБ башчысы. А/к кенештин туруктуу комиссиясы)

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  2015-жылдын 1- жарым  жылдыгына бюджеттин аткарылышы  жана  айыл өкмөтүнүн  башчысынын  аткарган  иштери  канааттандыраарлык  деп белгиленсин.(тиркеме тиркелет)

2.         Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин  жогорулатуу максатында кошумча  киреше булактары каралсын.

3.         Айыл өкмөт башчысынын  жылдык билдирүүсү (отчёту) жазуу түрүндө,ачык жана так берилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин

Депутаттардын Кара-Таш айылдык  төрагасы 

 

А. Арынов

 

 

Назад

 

 

 

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV/1сеccиясынын   (заседаниеси)

БИЛДИРУУ

Кара-Таш айыл окмотунун  2015-жылдын 6-айында салык жанасалык эмес  жыйымдардын эсебинен  жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгүн  толтурууда  айыл өкмөтүндө  бир топ иш аракеттер болду.Натыйжада 2015-жылдын 6 айында  белгиленгентендештируучу грант жана жалпы салык, салык эмес    жыйымдардын  планы ошондой эле атайын краражаттарды кошкондо 4503,5 жүз сом  бекитилсе, аткарылганы 4829,4 жүз сом түздү.Аткарылган же пландагыдан 325,9мин сомго  же 107,2%  ашыкча аткарылган.Салыктардын түрү   боюнча  аткарылышын  алып караганда  аткарылгандары: салык агенти төлөгөн  киреше салыгы план 746,6  мин сом болсо 759,8 жүз сомго жеболбосо 13,2 жүз сомго коп аткарылган же 101,7%, патент салыгы 96,9 жүз сомго аткарылып, план боюнча 121,8 мин сомду түзуп 24,9 жуз сомго же 79,5% аткарылган.Кыймылсыз мүлк салыгы  42,6 мин сомго аткарылып,план 44,4 мин сом болсо1,8 мин сомшо же 95,9% аткарылган.Транспорт салыгы 405,0 жүз  сомго аткарылып, план боюнча 227,1 мин сомду түзүп 177,9 жүз сомго    ашыкча аткарылган,же болбосо 178,3 % ,физикалык тараптардан алынуучу салык 196,2 жүзсомго аткарылып план боюнча 91,2 мин сом, ашыкча105,0 мин сом же 215%, юридикалык салыгы 199,1 жуз сомго аткарылып ,план боюнча 142,6 жуз сом болсо 56,5 жуз сомго же 139,6% ашыкча аткарылган. Айыл чарба эмес  багытында жер салыгы 50,7  жуз сомго аткарылып план боюнча 38,1 жуз сом болсо 12,6  жуз сомго же 133,0%ашыкча  аткарылган,Сатуудан алынуучу  салык 99,0жуз сомго аткарылып ,план боюнча 145,5жуз сом болсо46,5 жуз сомго азже 68,0%  аткарылган.Калктуу  пункттардагы жерлерден  алынуучу акы 52,2 жуз сомго аткарылып,план боюнча33,6 жуз сом болсо 18,6 жуз сомгоже 64,3% аткарылган,кайра  бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 78,2 жуз сомго аткарылып, план боюнча 48,0 мин сомду түзүп, 30,2 жуз сомго же 162,0% аткарылган ,Таштанды төлөмү 102,4 жуз сомго аткарылып план боюнча 102,0 мин сомду түзүп 0,4 жуз  сомго аз аткарылган, мамлекеттик  пошлина18,9 жүз сомго аз аткарылган, жана башка толомдордон тушкон кирешелер 38,5 сомду тузгон.

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айына  кирешелеринин  аткарылышы жөнүндө.                     

Кирешелердин аталышы

Бекитилген план

Аткарылганы

% менен

1

Киреше салыгы

746,6

759,8

101,7

2

Фонддогу жерлерден түшкон  ижара акысы

 

 

 

3

Ыктыярдуу  патент

8,1

13,0

160,0

4

Милдеттуу патент салыгы

113,7

83,9

73,8

5

Кыймылсыз мулк салыгы

42,4

42,6

100,4

6

Транспорт салыгы

227,1

405,0

178,3

7

Калктуу пункттагы жерлерден алынуучу салык

22,4

52,2

233,0

8

Тамарка салыгы

142,6

199,1

139,6

9

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

91,2

196,2

215,1

10

Айыл чарба эмес багытындагы        салыгы

38,1

50,7

133,0

11

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун    акы толоо

22,5

8,4

37,3

 

12

Сатуудан тушкон  салыгы

145,5

99,0

68,0

 

 

 

 

 

 

 

14

Кайра  болуштуруу фондунун  төлөмү

48,0

78,2

162,9

 

15

Таштанды салыгы

102,0

102,4

100,3

 

16

Мамлекеттик алымдар

53,0

34,1

64,3

 

17

Атайын каражаттар

200,0

186,0,

93,0

 

18

Административдик штраф

5,7

38,5

675,4

 

19

Башка толомдордон тушкон салык

1,9

0,0

0,0

 

 

Жалпысы айыл өкмөт

2024,0

2349,9

116,1

 

 

2015-жылдын 6 айында такталган план тендештируучу грант 2479,5 жуз сом кошкондо 4503,5 жуз сомду тузду.

Жергиликтуу бюджеттин чыгаша болугунун план боюнча 4503,5 жуз сом болсо аткарылганы 4365,5 жуз сом же 96,9%.

Жергиликтуу бюджеттин болумдор боюнча аткарылышы:

-билим беруу тармагына план 1242,0 мин сом,1342,3 жуз сом же 110,3%

-социалдык камсыздоо план 53,0 мин сом аткарылганы 53,0 мин сом же 86,6%

-маданият тармагына план 423,3 жуз сом аткарылганы 366,4 жуз сом же 86,6%

-мамлекеттик башкарууга (аппарат) план 1751,6 жуз сом аткарылды 1635,5 жуз сом же 93,4%

-экономикалык тармактарга план 570,0 мин сом аткарылганы 517,9 жуз сом же 90,0%

-коммуналдык кызматтарга план 325,0 мин сом аткарылганы 308,6 жуз сом же 94,9%

Республикалык бюджеттен жалпы 4616,9  жуз сом берилген анын ичинен  тендештируучу гранттан 4616,9 жуз сом .

Болумдор боюнча алганда:

АППАРАТ

БЕКИТИЛГЕН ПЛАН

АТКАРАЫЛГАНЫ

1

Эмгек акы

1074,0

1074,0

2

Транспорт чыгашасы

75,0

75,0

3

Коммуналдык кызматка

41,3

53,7

4

Байланыш төлөмдөрү

24,5

11,2

5

Жана башка чыгымдар

40,0

38,4

6

Социалдык коргоо

 

 

7

Нефинансовые активы

138,6

115,6

8

Резервдик фонд

45,0

20,0

9

Чарбалык чыгымдарга

39,5

39,5

10

Учурдагы ондоо жумуштары

200,0

240,0

11

Сапардык чыгым акысына

41,5

41,5

 

ЭКОНОМИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР

 

 

1

Кеткен чыгым

570,0

517,9

 

КОММУНАЛДЫК ЧЫГЫМДАР

 

 

1

Кеткен каражат

385,0

308,6

 

КИТЕПКАНАГА

 

 

1

Эмгек акы жана соц толомдор

133,0

133,0

2

Сапардык чыгымдар акысы

 

 

3

Жана башка чыгымга

15,0

10,0

 

МАДАНИЯТ БОЛУМУНО

 

 

1

 Эмгек акы жана соц толомдор

118,8

118,8

2

Жана башка чыгым

156,5

156,5

3

Учурдагы ондоо жумуштарыга

 

 

 

Билим беруу тармагына

 

 

1

Эмгек акы учун

0,0

0,0

2

Сапардык чыгымдар акысы

10,0

10,0

3

Коммуналдык кызматка

406,3

595,1

4

Чарбалык чыгымдарга

140,0

140,0

5

Көмургө

90,0

90,0

6

Жана башка чыгымдарга

35,0

20,0

7

 Тамак аш учун

240,7

240,7

8

Учурдагы ондоо жумуштарга

120,0

112,2

9

 Соц коргоо болумуно

83,0

83,0

 

Кара-Таш айылдык округунун

башчысы:                                  Ж.Пратов

Кара-Таш айылдык округунун

ФЭБнун башчысы:        Ж.Кенжебаев

                              

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги  XХV cессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

ХХV-2

07.11.2015

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  аймагынын Чечме-Сай   айылындагы  чоң  чыңалуудагы  электр  энергиясынын аба  чубалгылары жөнүндө  Ноокат РЭТинин  2015-жылдын  06-ноябрында берген  №115  каты  жөнүндө

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  аймагынын  “Чайка”  лагеринин (карамагында турган) чыгыш  тарабындагы  дарактар, жогорку  жана төмөнкү  чыңалуудагы  аба чубалгыларына тийип  авариялык  өчүрүүлөр  көп катталып  жатканын  талкуулап, трансформаторлордун күйүп  калуусунун алдын алуу максатында  жана даарктар көп жылдык  болгондуктан, сынып  жолдон  өткөн  элдердин  коопсуздугуна  коркунуч келитргенин, айыл тургундарынын арызын  эске алып  айылдык  кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат РЭТинин  Кара-Таш айыл өкмөтүнө жолдогон каты  аткарууга алынсын.

 

2.         Дарактарды алдыруу боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн.

 

3.         Керектүү  иш кагаздары  Кыргыз   Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  тиешелүү  мекеме-ишканалардан суралсын.

 

4.         Токтомду   аткаруу Кара-Таш  айыл  өкмөт  башчысына, көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссияларына  милдеттендирилсин.

Депутаттардын Кара-Таш айылдык  төрагасы 

 

А. Арынов

 

 

Назад

 

 

Дарактарды алдыруу боюнча  тузулгон  комиссия  курамынын тизмеси

1.     Маматкулов  Туратбай  - айыл башчы комиссияын торагасы

2.     Эргешов  Талантбек  - а\кенештин депутаты, катчысы

3.     Колдошов  Абсатар  -  а\кенештин  депутаты, мучосу

4.     Кожоев  Абдырайим айыл тургуну, мучосу

5.     Кенжебаев  Жыргалбек айыл тургуну,мучосу

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги  XХV cессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

ХХV-3

07.11.2015

 

Улуу  Жеңиштин  70  жылдыгына  карата Кара-Таш  айыл  аймагындагы  1941-1945-жж .Улуу  Ата Мекендик согушта курман  болгондорго  эстелик аянтчасын  тургузуу үчүн  жер  ажыратып  берүү  жөнүндө

1941-1945-жж. Улуу  Ата  Мекендик согушта  мурунку   Советтер  Союзунун  Фашисттик  Германияга каршы  күрөшүүдөгү  орду  айтып бүткүс.  Ошол  согушка Кара-Таш айыл  аймагынан  да  311  жоокерлер аттанып, анын 189у  согуш талаасынан кайтпай  калышкан.  2015-жылдын 9-майына карата  3 согуш  ардагери ардактуу   карылыкты кечиришүүдө.  Согуш   ардагерлери  тууралуу  ар  жылы  өткөрүлүүчү  жеңиш  күнүндө белгиленип,  аларга болгон сый-урмат  көрсөтүлүп  келүүдө.

Бирок  ошого карабастан  айылдык  кеңештин  социалдык комитетинин төрайымы  И.Исмаилова   Улуу  Ата Мекендик согушта  курман болгондорго  эстелик тургузуу  демилгесин  көтөрүп чыккан. Ал демилгени бардыгы бир добуштан колдошуп,  көзү  өтүп кеткен  ата-бабаларыбыздын арбагын сыйлоо  ар бирибиздин милдетибиз  экендигин  эске алып алар үчүн   эстелик   аянтчасын  тургузуу боюнча  Кара-Таш айылдык кенеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Улуу  Жеңиштин  70  жылдыгына  карата  уюштурулган   1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта  курман болгондорго эстелик  тургузуу  демилгеси  колдоого  алынып, ишке ашырылсын.

 2. Улуу Ата Мекендик согушта  курман  болгондорго  эстелик аянтчасын  тургузуу үчүн  жер  ажыратып   берилсин.

3. Керектүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.

4. Токтомду аткаруу  айыл өкмөт  башчысына милдеттендирилип, анын аткарылышы боюнча 14 күн аралыгында маалымат берилсин.

5. Көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Депутаттардын Кара-Таш айылдык  төрагасы 

 

А. Арынов

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги  XХV cессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

ХХV-4

07.11.2015

 

Кара-Таш айыл  аймагындагы  аксакалдар  сотунун  төрагасынын  жеке  өтүнүчүнүн  негизинде   аксакалдар сотунун  курамына  өзгөртүүлөрдү  жана  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө

Аксакалдар  Сотубүгүнкү  күндө  коомдогу ар түрдүү  атай кетсекүй-бүлөлүк  чыр-чатактарды  чечүүгө, зордук-зомбулукка кабылгандарга кеп-кеңеш берүүгө, коомдогу ар кандай ыксыз чыгымдарды  кыскартуунун  үстүндө  иш алып баруучу уюм болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө  аксакалдар сотунун  төрагасы  Мамытов   Абдыманнаптын  суранычы менен  аксакалдар сотунун  курамына өзгөртүүлөр  менен  толуктоолорду киргизүү боюнча  сунушталган. Ал сунушта айтылгандай  көпчүлүк  мүчөлөр  өздөрү арыз менен  кайрылып, башка  иштей турган  жаштарды  мүчөлүккө  кабыл алууга макулдугун беришкен. Алардын айтымында  аксакалдар  соту  коомдо зор күч  ойной  тургандыгын баса белгилешти.  

Аймактагы   аксакалдар сотунун  төрагасы  А.Мамытовдун  пикирин, мүчөлөрдүн  сунушун эске алып   аксакалдар сотунун  курамына  өзгөртүүлөрдү  жана  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө Кара-Таш айылдык кенеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Аймактагы  аксакалдар сотунун  курамына  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизилсин.

2.Аксакалдар  сотунун  курамына   С.Айтматова, Б.Маманова, А Исаевдер  мүчө  болуп  бекитилсин.

 

3. Токтомду аткаруу  айыл өкмөт  башчысына,  анын аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин   туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Депутаттардын Кара-Таш айылдык  төрагасы 

 

А. Арынов

 

 

Назад

 

 

 

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кенешинин V чакырылышынын

кезектеги  XХV cессиясынын    4-токтомуна  тиркеме

 

Кара-Таш айыл аймагындагы аксакалдар сотунун  төрагасынын  жеке өтүнүчүнүн  негизинде  анын  курамына өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизилип, төмөнкү мүчөлөр  бекитилсин.

  1. Мамытов  Абдыманнап  -аксакалдар  сотунун  төрагасы
  2. Абдраимов  Сабир            -мүчөсү
  3. Осмонова  Бактыгүл        -мүчөсү
  4. Абирова  Элмира               -мүчөсү
  5. Маманова  Ботокөз           -мүчөсү
  6. Мусаев   Абдимажит         -мүчөсү
  7. Айтматова  Санахаткан   -мүчөсү