Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
21- сессиясынын 
ТОКТОМУ 21-01 
Көк-Бел айылы                                                                                                20.06.2023-жыл 
                                                                                     
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинин   
                                                                                     2024-жылга долбоору жана 2025-2026- 
                                                                                     жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө 
 
Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин 2023-жылдын 2-июнундагы        
№14-2/6898 сандуу  “2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 
долбоорун бекитүү” жөнүндөгү катын аткарууга алуу  максатында Көк-Бел айылдык 
кеңеши 
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1.
 
Көк-Бел айыл аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан келип түшкөн 
каржы булактарын эсептөөлөрдүн негизинде даярдалган айыл өкмөттүн 
бюджетинин 2024-жылга доолбоору жана 2025-2026-жылдарга иштелип чыккан 
бюджет болжолу жактырылсын (тиркеме тиркелет). 
2.
 
Жактырылган бюджет долбоорунун негизинде иш алып баруу жана бюджеттин 
киреше бөлүгүн көтөрүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү Көк-Бел айыл 
өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына 
милдеттендирилсин. 
3.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, 
экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 
 
 
 
Төрага                                                                                                     А.Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
                                                                                                         
Депутаттардын      Көк-Бел     айылдык 
                                                                                                                 кенешинин (VI чакырылышы) кезексиз  
                                                                                                               21-сессиясынын   № 21-01    токтомуна  
                                                           1-тиркеме
                
                             Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылга айылдык бюджетинин болжолу 
                                                                                                                                               (мин сом) 
 
Кирешелердин аталышы 2024-ж 
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 7200,0 
Ыктыярдуу негизиндеги патенттоо салыгы 56.2 
Ишкердик иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы 10,9 
Юридикалык жактардын транспорт каражатына салык 5,0 
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык 517.7 
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 286,1 
Айыл чарба багытындагы жер салыгы 255,3 
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 54,1 
Кен байлыктарды казууда  лицензия кармоо үчүн акы төлөө 369.9 
Жайыт ижарасы үчүн акы 405,3 
Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 346,0 
Таштанды төлөму 100,0 
Теңдөөчү грант  
Атайын каражаттар 621,6 
Кирешелердин жыйынтыгы: 10228,1 
 
 
 
Көк-Бел айылдык 
кеңешинин жооптуу катчысы:                                                                        А.Жороев

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
                                                                                                       Депутаттардын      Көк-Бел     айылдык 
                                                                                                                              кеңешинин (VI чакырылышы) кезексиз  
                                                                                                               21-сессиясынын   № 21-01  токтомуна  
                                                               2- тиркеме
                
        
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга айылдык бюджетинин болжолу  
                                                                                                                                              (мин сом
) 
Кирешелердин аталышы 2025-ж 2026-ж 
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 7200,0 7200,0 
Ыктыярдуу негизиндеги патенттоо салыгы 56.2 56,2 
Ишкердик иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы 10,9 10,9 
Юридикалык жактардын транспорт каражатына салык 5,0 5,0 
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык 517.7 517,7 
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 286,1 286,1 
Айыл чарба багытындагы жер салыгы 255,3 255,3 
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 54,1 54,1 
Кен байлыктарды казууда  лицензия кармоо үчүн акы төлөө 369.9 369,9 
Жайыт ижарасы үчүн акы 405,3 405,3 
Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 346,0 346 
Таштанды төлөму 100,0 100 
Теңдөөчү грант   
Атайын каражаттар 621,6 621,6 
Кирешелердин жыйынтыгы: 10228,1 10228,1
 
 
 
 
 Көк-Бел айылдык 
кеңешинин жооптуу катчысы:                                                                         А.Жороев

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
21- сессиясынын 
ТОКТОМУ 21-02 
Көк-Бел айылы                                                                                                20.06.2023-жыл 
                                                                                     
Көк-Бел айылдык  кеңешинин  
                                                                                              регламентин бекитүү  
                                                                                              жөнүндө 
 
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча 
башкаруу жөнүндө” №101мыйзамы күчүн жоготкондугуна байланыштуу, жаңы мыйзамга 
ылайык редакцияланган айылдык кеңештин   РЕГЛАМЕНТИН угуп жана талкуулап, 
Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү 
өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  
3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 9-пунктчасына  ылайык Көк-Бел айыл 
аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы  
токтом кылат: 
1. Кеңеш айылдык кеңешинин жаңы мыйзамга ылайык  редакцияланган Регламенти 
жактырылсын жана бекитилсин. (регламент тиркелет) 
2. Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына 
милдеттендирилсин. 
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун 
басары Д.Сейдалиевага милдеттендирилсин. 
  
 
Төрага                                                                                                      А. Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
21- сессиясынын 
 
ТОКТОМУ 21-03 
Көк-Бел айылы                                                                                                20.06.2023-жыл 
                                                                                                                             
Көк-Бел айыл аймагынын   
                                                                                              жергиликтүү жамаатынын  
                                                                                              Уставы жөнүндө 
 
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү 
башкаруу жөнүндө”  Мыйзамынын 28- беренесинин  5- пунктунун негизинде Көк-Бел 
айылдык   кеңеши
 
 айыл  аймактын жергиликтүү жамаатынын  Уставын карап жана 
талкуулап чыгып 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1.
 
Көк-Бел айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын  Уставы жактырылсын. 
2.
 
Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын. 
3.
 
Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы М.Жумаевага 
милдеттендирилсин. 
 
 
 
Төрага                                                                                                      А. Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
21- сессиясынын 
 
ТОКТОМУ 21-04 
Көк-Бел айылы                                                                                                20.06.2023-жыл 
 
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн   “Жергиликтүү 
маанидеги маселелерди башкаруунун  Типтүү 
тартиби” жөнүндө 
                                  
                                                                                                                             
Көк-Бел айыл аймагында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча 
функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү 
жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын  27 жана 34-
беренелерине ылайык, башчы К.Карыбековдун 
 
жергиликтүү маанидеги маселени чечүү 
үчүн
 “
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун  Типтүү тартибин»  бекитүү
 
жөнүндөгү сунушуна негиз , айылдык Кеңештин депутаттарынын  сунуш-пикирлерин  
угуп, талкуулап  Көк-Бел айылдык  кеңеши   
 
ТОКТОМ     КЫЛАТ
 : 
1.
 
Көк-Бел айыл өкмөтүнө
 
жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча
 
“Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун  Типтүү тартибин»  бекитүүгө  
№1 тиркемеге ылайык макулдук берилсин. 
2.
 
“Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун  Типтүү тартиби» 
жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат 
көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык 
белгиленсин. 
3.
 
Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү/жумуштарды уюштуруу 
жана милдеттерди бекитүү боюнча бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн  
жооптуу катчысы М.Жумаевага  милдеттендирилсин. 
4.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасынын 
орун басары Д.Сейдалиевага милдеттендирилсин. 
 
 
 
Төрага                                                                                                       А.Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
21- сессиясынын 
ТОКТОМУ 21-05 
Көк-Бел айылы                                                                                                20.06.2023-жыл
                                                                     
                                                                                                  
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн   
                                                                                                   этика боюнча комиссиясы 
                                                                   жөнүндө  
              Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын 
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, 
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын  31-майындагы № 171 Жарлыгы 
менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын 
жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексине жана башка ченемдик укуктук 
актыларга таянып, Көк-Бел айылдык  кеңеши   
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1.
 
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн этика боюнча комиссиясы жөнүндө ЖОБОсу бекитилсин. 
(Тиркеме №1) 
2.
 
Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын. 
3.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин этика, социалдык 
маселелер, билим берүү жана медицина боюнча туруктуу комиссиясына 
милдеттендирилсин.  
 
 
Төрага                                                                                                      А.Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
21- сессиясынын 
 
ТОКТОМУ 21-06
                                                                     
                      
  Көк-Бел айылы                                                                                                20.06.2023-жыл         
                                                          
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башка мамлекеттик 
                                                          кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке  
                                                          маалыматтардын пайдаланылышына көзөмөл  
                                                           жүргүзүү боюнча Жобосу жөнүндө 
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу 
өкүлүнүн 2023-жылдын 10-майындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер 
Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы “Мамлекеттик бийлик органдары жана 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик 
кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына көзөмөл 
жүргүзүү жөнүндө” №158 токтомун аткарууга алуу жөнүндө” 52-64 сандуу буйругун 
аткарууга алып, Көк-Бел айылдык кеңеши  
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1.
 
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) 
алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча 
Жобосу  жактырылсын.                                                             
2.
 
Жобого ылайык иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Карыбековго 
милдеттендирилсин.  
3.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасынын 
орун басары Д.Сейдалиевага милдеттендирилсин. 
 
Төрага                                                                                                      А.Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
   
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
22- сессиясынын 
 
ТОКТОМУ 22-01
                                                                  
                      
  Көк-Бел айылы                                                                                                17.07.2023-жыл 
                                                                               
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын 
                                                                               2023-жылдын 6 айында аткарган 
                                     
                                 иштери жөнүндө 
 
 
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү 
башкаруу жөнүндө”  Мыйзамынын негизинде, Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы 
К.Карыбековдун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштерин карап 
жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши  
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1.
 
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.Карыбековдун 2023-жылдын 6 айында 
аткарган иштери катуу эскертүү менен канаатандыраарлык деп табылсын. 
2.
 
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.Карыбековго 2023-жылдын 9 айлык 
жыйынтыгына чейин каралган жумуштар аткарылбаса, ага ишенбөөчүлүк 
көрсөтүлөрү эскертилсин. 
 
Төрага                                                                                                        А.Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
22- сессиясынын 
 
ТОКТОМУ 22-02
                                                                  
                      
  Көк-Бел айылы                                                                                                17.07.2023-жыл 
                                                                              
Н.Исановдун айкелин тургузууга            
                                                                              жер ажыратып берүүгө уруксат 
                                                                                   
                           берүү жөнүндө 
 
 
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү 
башкаруу жөнүндө”  Мыйзамынын  негизинде, Кыргыз Республикасынын туңгуч 
Премьер министри Н.Исановдун 80 жылдык мааракесинин иш чараларына ылайык, 
Н.Исановдун айкелин тургузууга жер ажыратып берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн 
башчысы К.Карыбековдун суранычын карап чыгып жана талкуулап,  Көк-Бел айылдык 
кеңеши  
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1.
 
Н.Исановдун айкелин тургузууга 270м.кв. жер аянтын ажыратып берүүгө уруксат 
берилсин. 
2.
 
Ажыратылган жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын 
мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы айыл өкмөттүн жер жана коммуналдык 
иштер боюнча адиси Ш.Шерматовго милдеттендирилсин. 
3.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин маданият, жаштар 
иштери жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун
. 
 
 
Төрага                                                                                                      А.Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                    
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
22- сессиясынын 
 
ТОКТОМУ 22-03
                                                                  
                      
  Көк-Бел айылы                                                                                                17.07.2023-жыл 
                                                                              
Ичүүчү таза суу тарифин жана “Көк-Бел           
 
                                                                              берекеси” муниципалдык ишканасынын 
                                                                                   
                                                                        2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө 
 
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү 
башкаруу жөнүндө”  Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2011- жыл 15-июль  № 
101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”  Мыйзамынын, бюджет кодексинин 
16- главасынын 78-беренесинин  негизинде   Көк-Бел айылдык кеңеши  
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1.
 
Көк-Бел айылынын ичүүчү таза суу тарифи жана Көк-Бел берекеси муниципалдык 
ишканасынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү 654 300сом 
өлчөмүндө бекитилсин. (№ 1-тиркеме). 
2.
 
Бюджеттин аткарылуусу “Көк-Бел берекеси” муниципалдык ишканасынын 
жетекчиси Э Жороевге милдеттендирилсин. 
3.
 
Бул токтомду   көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика 
жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн 
 
 
Төрага                                                                                                      А.Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                                                       
Депутаттардын      Көк-Бел     айылдык 
                                                                                       кенешинин (VI чакырылышы) кезексиз  
                                                                                    22-сессиясынын   № 22-03    токтомуна  
                                 1-тиркеме    
                                                                                 Бекитемин 
                                                                                  "Көк-Бел Берекеси" МИ директору 
                                                      Жороев Э______________________
   
"Көк-Бел Берекеси"муниципалдык ишканасынын 2023-жылга бюджети    
                          
Киреше бөлүк
   
   
 
 
№
 
 
Аталышы 
Бир 
айлык 
суу, 
м3 
Суунун 
тарифи 
сом 
Бир 
айлык 
киреше 
сом 
 
Кожо
лук 
Бир 
кварталга 
киреше 
сом 
1 Булактардан келген таза суу 5508 35 192780 474 578340 
2 Жерден казып алынган таза суу 588 40 23520 60 70560 
3 Бюджеттик мекемелерден 40 45 1800 1 5400 
4      0 535   
 
Жыйынтыгы     218100   654300 
             
                                                     
Чыгаша бөлүк
 
 
№ 
Аталышы Сом 
1 Эмгек  акыга 
393295 
2 
Соц. казына 17,25% 
67843 
3 Сыйлык 
  
4 
Кызматтык сапар чыгымдары 
10000 
5 Интернет кызматы 
2400 
6 
Күйүүчү май чыгымдары 
7200 
7 Базаны коштоо кызматы  
47500 
8 
Эмеректерди оңдоо 
5750 
9 СЭС кызматы 
3000 
10 
Канцелярдык товарлары чыгымы 
23830 
11 Чарбалык товарлар чыгымы 
4520 
12 Электр энергия чыгымы 
16335 
13 Сатуудан төлөнүүчү 4% 
26172 
14 Орг. техника сатып алуу чыгымы 
45000 
15 Амортизация (кирешенин 10%) 
65284,5 
 
Жыйынтыгы 652845 
  
 
 
Директор                                                                                                       Э.Жороев 
 
Бухгалтер                                                                                                       К.Сыдыкбаев

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
22- сессиясынын 
 
ТОКТОМУ 22-04
                                                                  
                      
  Көк-Бел айылы                                                                                                17.07.2023-жыл 
                                                                                               
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 
                                                                                               жергиликтүү бюджетине 
                                                                              өзгөртүүлөрдү киргизүү 
                                                   жөнүндө 
 
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү 
башкаруу жөнүндө”  Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 
109-беренесинин негизинде айыл аймакка зарыл болгон иш чараларды чечүү максатында   
Көк-Бел айылдык кеңеши  
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1.
 
2023-жылдын жергиликтүү бюджетине  өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат 
берилсин  жана аны аткаруу жагы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысына жана  
финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин. (№1-тиркеме негиз) 
2.
 
Бул токтомдун аткарылышы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.К.Карыбековго  
жана финансы экономика бөлүмүнүн  башчысы Ш.А.Дадабаевге тапшырылсын. 
3.
 
Бул токтомду   көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика 
жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн 
 
Төрага                                                                                                      А.Б.  Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
                                                                        Депутаттардын      Көк-Бел     айылдык 
                                                                              Кеңешинин  (VI чакырылышы) кезектеги 
                                                                         22- сессиясынын   № 22-04      токтомуна  
                        № 1-тиркеме    
            
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын  бюджетине өзгөртүү киргизүү 
(мин сом) 
Өзгөртүлгөн сумма (Коммуналдык чарба) 2799,5 
Өзгөртүлгөн сумманын жыйынтыгы 2799,5 
Коммуналдык чарба 1469,5 
Маданият 340 
Билим берүү 660 
Социалдык коргоо 330 
Чыгашалардын жыйынтыгы 2799,5 
 
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин  
жооптуу катчысы                                                                      А.Жороев

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз   
22- сессиясынын 
 
ТОКТОМУ 22-05
                                                                  
                      
  Көк-Бел айылы                                                                                                17.07.2023-жыл 
                                                                                               Көк-Бел айылдык кеңешинин 
                                                                                               2023-жылдын № 18-01 
                                                                                        токтомуна өзгөртүү киргизүү 
                                                  жөнүндө 
 
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү 
башкаруу жөнүндө”  Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 
115-беренесинин негизинде айыл аймакка зарыл болгон иш чараларды чечүү максатында   
Көк-Бел айылдык Кеңеши  
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
 
1.
 
Көк-Бел айыл өкмөтүнө караштуу  “ Көк-Бел Нуру” мектепке чейинки билим 
берүү мекемесине атайын каражаттан түшкөн 204,0 (эки жүз төрт)  миң сом 
акча каражаты бекитилсин. (№1-тиркеме негиз) 
2.
 
Токтомдун аткарылышы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.К. Карыбековго 
жана айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Дадабаевге 
тапшырылсын. 
3.
 
Бул токтомду   көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, 
экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 
 
 
Төрага                                                                                                        А.Ашимов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
                                                                        Депутаттардын      Көк-Бел     айылдык 
                                                                              Кеңешинин  (VI чакырылышы) кезектеги 
                                                                          22- сессиясынын   № 22-05      токтомуна  
                         № 1-тиркеме    
            
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын  бюджетине кошумча киргизүү 
(мин сом) 
Атайын каражаттан түшкөн киреше 204,0 
Кирешелердин жыйынтыгы 204,0 
Бала бакча 204,0 
Чыгашалардын жыйынтыгы 204,0 
 
 
Көк-Бел айылдык Кеңешинин  
жооптуу катчысы                                                                      А.Жороев

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз        
22- сессиясынын 
ТОКТОМУ 22-06
                                                                  
                      
  Көк-Бел айылы                                                                                                17.07.2023-жыл 
                                                                                                  
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн  
                                                                                                  маданият үйү жөнүндө 
 
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү 
башкаруу жөнүндө”  Мыйзамынын 28- беренесинин  5- пунктунун негизинде Көк-Бел 
айылдык   кеңеши
 
 айыл  аймактын  элдик чогулушунун протоколдук чечимин карап жана 
талкуулап чыгып 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1.
 
Көк-Бел айылдык маданият үйүнө белгилүү жазуучу Эсенбай Калдаровдун 
ысымын берүүгө макулдук берилсин. 
2.
 
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү юридикалык иш 
кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттун жетекчиси К.Карыбековго жана маданият 
үйүнүн жетекчиси Э.Токтошовго милдеттендирилсин. 
3.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин маданият, жаштар 
иштери жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун. 
 
 
Төрага                                                                                       А.Ашимов