М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XXIV-01

07.12.2018

Бузуулар боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө

2.

XXIV-03

07.12.2018

Көк-Бел айыл өкмөтүндө жеке менчик үй салуу үчүн кезекте турган атуулдарга тамарка бөлүп берүү боюнча Көк-Бел айыл  өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-декабрындагы № 88-токтомун жана жер маселелери боюнча комиссиянын № 1-протоколун бекитүү жөнүндө

3.

XXIV-04

07.12.2018

2018-жылдын 5-октябрындагы XXIII-01 токтомундагы бекитилген суммадан кыскартуу  жөнүндө

4.

XXIV-05

07.12.2018

2018-жылдын 11-айындагы үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүп бекитүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

Т О К Т О М

Кок-Бел айылы

XXIV-01

07.12.2018

 

Бузуулар боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө

 Көк-Бел айыл аймагындагы  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу ЖОБОнун негизинде комиссия курамы комиссиянын түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби, комиссия ишинин тартиби, комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдетьтери, комиссиянын иш кагазадарын жүргүзүү, айыл өкмөттүн аймагындагы аксакалдар сотунун ишинин Регламенти, аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби, аксакалдар сотторунда иштерди (материалдарды) кароого даярдоонун жана кароонун тартиби, аксакалдар сотунун чечимин чыгаруунун тартиби, акскалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси, аксакалдар сотунун иш кагазадарын жүргүзүү, аксакалдар сотторун материалдык - техникалык жактан камсыз кылуу, айылдык кенешинин депутаттык этикалык кодекси боюнча мыйзамдардын негизинде комиссия курамын түзүү боюнча күн тартибинде коюлган маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөттүн аймагында бузуулар боюнча комиссия курамы түзүлсүн.

2.         Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Этика, социалдык, билим берүү, медицина боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Депутаттардын Көк-Бел айылдык  төрагасы 

 

А.А.Раев                     

 

 

Назад

 

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

Т О К Т О М

Кок-Бел айылы

XXIV-03

07.12.2018

 

Көк-Бел айыл өкмөтүндө жеке менчик үй салуу үчүн кезекте турган атуулдарга тамарка бөлүп берүү боюнча Көк-Бел айыл  өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-декабрындагы № 88-токтомун жана жер маселелери боюнча комиссиянын № 1-протоколун бекитүү жөнүндө

    Азыркы күнгө чейин Көк-Бел айыл өкмөтүнө тамарка сурап арыздангандардын саны 517 ден ашкан. Айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча комиссия арыздарды толугу менен карап чыгып 517 арыздануучуга тамарка берүү зарыл экендигин белгиледи.

   Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-декабрындагы № 88-токтомун талкуулап айыл өкмөттүн аймагында жашаган турак жайга муктаж үй-бүлөлөргө жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндөгү арыздарды канааттандыруу максатында Көк-Бел айылдык Кенешинин кезексиз XXVII- 01 сессиясынын заседаниеси Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 жана 32-статьяларынын негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Айыл өкмөттүн турак-жай салуу үчүн арыз берген жарандардын арызын кароо боюнча түзүлгөн комиссиясынын турак-жай берүүгө уруксат берилген № 1-протоколу бекитилсин.

2.         Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган турак жай курууга муктаж үй-бүлөлөргө үй куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү 2010-жылдын 29-декабрындагы № 88-токтому бекитилсин.

3.         Турак жай куруу үчүн жер участокторун алуучу атуулдардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.(тизме тиркелет)

4.         Бөлүнүп берилген жер аянттарынын чек араларын тактап картографиялык материалдардын даярдап берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.

5.         Жеке менчик үй куруу үчүн ажыратылган жер аянттарынын планын, үй куруу долбоорун ар бир кожолук үчүн берүү райондук архитектура бөлүмүнөн суралсын.

6.         Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кенешинен суралсын.

 

Депутаттардын Көк-Бел айылдык  төрагасы 

 

А.А.Раев                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

Т О К Т О М

Кок-Бел айылы

XXIV-04

07.12.2018

 

2018-жылдын 5-октябрындагы XXIII-01 токтомундагы бекитилген суммадан кыскартуу  жөнүндө

   Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин XXIII-01-токтомундагы бекитилген жалпы 3 890 000 (үч млн сегиз жүз токсон миң) сом айыл өкмөттүн үч кварталындагы салык төлөмдөрүнөн түшкөн ашыкча каражат бир жылдык салык төлөмдөрүнөн топтолгон суммага чыкбай калгандыгына байланыштуу жана күн тартибиндеги коюлган маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин XXIII-01-токтомундагы бекитилген жалпы 3 890 000 (үч млн сегиз жүз токсон миң) сомдон айрым себептерден улам 1002500 (бир млн эки миң беш жүз) сом акча каражаты кыскартылсын.

2.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Депутаттардын Көк-Бел айылдык  төрагасы 

 

А.А.Раев                     

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

Т О К Т О М

Кок-Бел айылы

XXIV-05

07.12.2018

 

2018-жылдын 11-айындагы үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүп бекитүү жөнүндө

  Көк-Бел айыл өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 11 айындагы жарыяланган тендерлерден жана аткарылган жумуштардан үнөмдөлгөн акча каражаттарын тактап, керктелүүчү жумуштарга бекитип жана жарандардан түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында күн тартибине коюулган маселени карап жана талкулап Көк-Бел айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Бел айыл өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 11 айындагы жарыяланган тендерлерден жана аткарылган жумуштардан үнөмдөлгөн 3 780 000 (үч млн жети жүз сексен миң) сом айыл өкмөттүн өздүк бюджети не бекитилсин.

2.         Бекитилген акча каражаты:

-           Ветеринардык сервистин курулушуна айыл өкмөттүн салымы катары -400 000;

-           Эш жайлоосунан таза суу линиясын алып келүүгө - 2520000;

-           Канторанын жылытуу системасына - 400 000;

-           Н.исанов атындагы орто мектебинин жаны имаратына гилем сатып алуу үчүн - 60 000;

-           Сай тазалоого - 400 000 жалпысы 3 780 000 (үч млн жети жүз сексен миң) сом бөлүнсүн.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Депутаттардын Көк-Бел айылдык  төрагасы 

 

А.А.Раев                     

 

 

Назад