М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

36-1

20.07.2016

Жийде айылынын тургуну Г.Маматеминовдун өз менчигиндеги ФАП куруу үчүн берилген жерин, муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

2.

36-2

20.07.2016

Көк-Жар айыл аймагынын Абшыр-Чыгыш

участкасынан  жайыт жерлеринин багытын     өгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

3.

36-3

20.07.2016

 Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  кенешинин кезексиз V чакырылышынын 36 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

36-1

20.07.2016

 

Жийде айылынын тургуну Г.Маматеминовдун өз менчигиндеги ФАП куруу үчүн берилген жерин, муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

Көк-Жар айыл  аймагындагы Жийде айылына ФАП куруу жөнүндөгү Жийде айылынын жашоочусу Г.Маматеминовдун өздүк менчигиндеги жерин ФАП курууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун, айылдык кеңештин сессиясында  угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Көк-Жар айыл  аймагына караштуу  Жийде айылынын тургуну Г.Маматеминовдун  ФАП куруу үчүн өз менчигиндеги жерди Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга жана мамлекеттик ФАП курууга  макулдук берилсин.

 

2.   Жерди өткөрүп алууда  анын юридикалык жактан мыйзамдуулугун кароо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.    М.Мамытов атындагы Жийде орто мектебинин жерине волейбол ойноочу аянтчаны куруугайыл өкмөтүнө түшкөн кошумча кирешенин эсебинен акча каражатын ажыратып берүүгө  макулдук берилсин.  

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин  мыйзамдуулукилим берүү,саламаттыкты сактоо,спорт,дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  кенешинин кезексиз V чакырылышынын 36 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

36-2

20.07.2016

 

Көк-Жар айыл аймагынын Абшыр-Чыгыш

участкасынан  жайыт жерлеринин багытын     өгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геологиялык жана минералдык ресурстар агенттиги тарабынан "Агро-Доор" ЖЧКна 2016-жылдын 13-июлунда берилген лицензияны жана №5 лицензиялык келишимди жана "Агро-Доор" ЖЧКнын жетекчилигинин 2016-жылдын 30-июлунда Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасына жазган №9 катын карап чыгып, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геологиялык жана минералдык ресурстар агенттиги тарабынан "Агро-Доор" ЖЧКна 2016-жылдын 13-июлунда берилген лицензияны жана №5 лицензиялык келишимди жана "Агро-Доор" ЖЧКнын  Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасына жазган катына негиз Көк-Жар айыл аймагынын "Абшыр-Чыгыш" участкасынан таштуу жайыт жерлеринен көмүр кенин казуу багытында иш аракеттерди жүргүзүүгө лицензияда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2.   Кыргыз Республикасынын "Жер учаскаларын трансформациялоо жөнүндөгү" Мыйзамдарына ылайык Көк-Жар айыл аймагынын "Абшыр-Чыгыш" участкасынан 96 (токсон алты) га асылдуулугу төмөн болгон жайыт жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер категориясына" "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, когоонун жана башкалардын жерлери" категориясына которуп берүү (трансформациялоо) жагы Ноокат райондук администрациясынан суралсын.

 

3. "Агро-Доор" ЖЧКна көмүр кенин иштетүү багытында иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн ажыратылып берилген 96 (токсон алты) га жер аянтын пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин пайдаланылган жер аянтын кайрадан калыбына келтирип, реконструкциялап берүү жагы "Агро-Доор" ЖЧКна милдеттендирилсин.  

 

4. Жогоруда асылдуулугу төмөн деп табылган жайыт жеринин максаттуу багытын которууга (трансформациалоого) байланышкан тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

5. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сакто, спорт, жаштар менен иштөө дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  кенешинин кезексиз V чакырылышынын 36 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

36-3

20.07.2016

 

 Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовдун билдирүүсүн караган  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 19-июлундагы №6 чечимин  айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 19-июлундагы №6 чечими колдоого алынсын.

 

2.         "Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Самсунг" эксковаторунун  ушул убакка чейинки айдоочусу А.Алимовдун аткарган жумуштарынын төлөмдөрү 15 күндүн ичинде төлөп берилишин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   Мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад