М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

38-1

28.05.2020

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын  27-декабрындагы №33-2 токтомуна 2020- жылдын 6 айына карата өзгөртүүлөрдү жана  толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

2.

38-2

28.05.2020

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019- жылдын  12-ноябрындагы 6-чакырылышынын  кезектеги 31-сессиясынын 31-11 токтомуна  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

3.

38-3

28.05.2020

Көк-Жар айылдык кеңешинин "төрага" жана "жооптуу катчы"   кызмат орундарынын штаттык ырааттаммасын бекиттирүү   жөнүндө

4.

38-4

28.05.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн СЭӨП жана  жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга   жергиликтүү бюджети жана 2022-2023- жылдарга карата божомолун бекитүү жөнүндө

5.

38-5

28.05.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Сулайманов  Эшанкулго материалдык жардам  көрсөтүү  жөнүндө

6.

38-6

28.05.2020

Көк-Жар жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин 2020-жылга карата киреше бөлүгүн жогорулатуу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

38-1

28.05.2020

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын  27-декабрындагы №33-2 токтомуна 2020- жылдын 6 айына карата өзгөртүүлөрдү жана  толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

    Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын сураныч катын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, соода жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин сунуш долбоорун карап, таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын "Бюжеттик кодексинин" 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз      Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомуна төмөнөкү тизмеге жана 1-2-тиркемеге негиз  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

"           Жайыт комитетине АРИСтин "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2" долбоорунун алкагында айыл аймагына автосамосвал сатып алуу үчүн өздүк салым катары 443 750 (төрт жүз кырк үч миң жети жүз элүү сом) сом акча каражаты ажыратылсын.

"           Б. Матаипов атындагы "Алашан" орто мектебине "Маданият" орто мектебине, "Алашан келечеги" балдар бакчасына жана "Ак шоола" балдар бакчасына интернет желесин тартуу боюнча аткарылган долбоорго өздүк салым катары 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.

"           Аппарат кызматкерлеринин ишин алдыга жылдыруу жана колдоо үчүн компьютер сатып алуу үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом ажыратылсын.

"           Балдар бакчаларына мебел алуу үчүн  долбоорго катышкан бакчаны колдоо максатында 35 000 (отуз беш миң) сом.

 

2.         2020-жылдын 6 айына карата 1-2-тиркемеге негиз Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

  

3.         Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

38-2

28.05.2020

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019- жылдын  12-ноябрындагы 6-чакырылышынын  кезектеги 31-сессиясынын 31-11 токтомуна  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

   Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы 6-чакырылышынын 

кезектеги 31-сессиясынын 31-11 токтомунда Жайыт комитетине АРИСтин "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2" долбоорунун алкагында айыл аймагына жүк ташуучу автосамосвал сатып алуу үчүн өздүк салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө бекитилген. Бирок жогоруда бекитилген токтом долбоор тарабынан жүк ташуучу унаа өз убагында келбей калгандыгына байланыштуу, ишке ашырылбай калган. Ошол себептен долбоор 2020-жылда ишке ашкандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын "Бюжеттик кодексинин" 4-бөлүмүнүн 5-главасынын 28-беренесине негиз Көк-Жар айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жайыт комитетине АРИСтин "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2" долбоорунун алкагында айыл аймагына автосамосвал сатып алуу үчүн өздүк салым катары 443 750 (төрт жүз кырк үч миң жети жүз элүү сом) сом акча каражаты, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдык бюджетинин аппараттык башкаруу (70111) бөлүмүнүн активдер (3111) беренесинен ажыратылсын.

2.         Ажыратылган акча каражаты айыл өкмөтүнүн экономикалык маселелер (70491) бөлүмүнө коюлуп, Автосамосвал айыл өкмөтүнө алынып келинип, айыл өкмөтүнүн балансына алынгандан кийин төлөнүп берилсин.

3.         Ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали Мукумовичке жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

38-3

28.05.2020

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин "төрага" жана "жооптуу катчы"   кызмат орундарынын штаттык ырааттаммасын бекиттирүү   жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 "Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде , калкы 20001 ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык кеңештеринин төрага кызмат орду жана алардын айлык акылары каралган жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорду аткаруу максатында экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссия карап чыгып, угуп жана талкуулап  Көк-Жар айылдык кеңеши 

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин "төрагасы" жана "жооптуу катчы" кызмат орундарынын штаттык ырааттамасы бекитилсин.(Тиркеме тиркелет)

2.         Айылдык кеңештин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү жүргүзсүн.

 

3.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.

   

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Пирматовго  жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                     

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

38-4

28.05.2020

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн СЭӨП жана  жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга   жергиликтүү бюджети жана 2022-2023- жылдарга карата божомолун бекитүү жөнүндө

   Кыргыз Республикасынын финанасы Министрлигинин Ноокат башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 28-майында чыгарылган №26 сандуу буйругун аткаруу алуу максатында, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн "2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023-жылдарга болгон божомолу" жөнүндөгү долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин IX-бөлүмүнүн 19-главасынын 95-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын финанасы Министрлигинин Ноокат башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 28-майында чыгарылган №26 сандуу буйругун колдоого жана жетекчилике алынсын.

 

2.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн "2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023-жылдарга болгон божомолу" 1-тиркемеге негиз бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

3.         Ушул кабыл алынган токтомго ылайык иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевге жана жалпы аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

38-5

28.05.2020

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Сулайманов  Эшанкулго материалдык жардам  көрсөтүү  жөнүндө

       Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Э.Сулаймановдун арызына негиз,ооруп калгандыгына байланыштуу, ага материалдык жардам көрсөтүү максатында экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссия карап чыгып, угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Э.Сулаймановго айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын айыл өкмөт башчысы С.Миңбаевге тапшырылсын.

 

 

   

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Пирматовго  жүктөлсүн.

 

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

38-6

28.05.2020

 

Көк-Жар жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин 2020-жылга карата киреше бөлүгүн жогорулатуу жөнүндө

    Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, соода жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин сунуш долбоорун карап, таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата бекитилген киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

 

2.         2020-жылдын 9 айына карата Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше бөлүгүнө карата план тапшырмасынын аткарылышына негиз, кошумча план катары 131 700 (бир жүз отуз бир миң жети жүз)  сом кошумча план коюлсун.

  

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

 

 

Назад