М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

39-1

08.07.2020

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 

27-декабрындагы №33-2 токтомуна   Коронавирус илдетине байланыштуу  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

2.

39-2

08.07.2020

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы  №32-5 токтомуна толуктоолорду  киргизүү жөнүндө

3.

39-3

08.07.2020

Көк-Жар айылдык кеңешине төраганы  шайлоо   жөнүндө

4.

39-4

08.07.2020

 Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасына  жана катчысына кондиционер жана компьютердик жабдыктарды сатып алуу жөнүндө

5.

39-5

08.07.2020

Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш  айылындагы Таштак участкасына көпүрө  куруу жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 39 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

39-1

08.07.2020

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 

27-декабрындагы №33-2 токтомуна   Коронавирус илдетине байланыштуу  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

    Коронавируска каршы туруу боюнча райондук штабдын отурумундарынын протоколдорун, Ноокат аймактык ооруканасынын директорунун 2020-жылдын 2-июлундагы №126/3 сандуу сураныч катын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, соода жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин сунуш долбоорун карап, таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын "Бюжеттик кодексинин" 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомуна төмөнөкү тизмеге жана 1-тиркемеге негиз  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

"           Көк-Жар айыл аймагындагы обсервацияга алынуучу имараттардын капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары үчүн жалпысы болуп 366 200 (үч жүз алтымыш алты миң эки жүз) сом акча каражаты ажыратылсын.

"           Жарандык коргонуу кызматтарына 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратылсын.

"           Обсервация үчүн керектүү жабдыктарды сатып алуу үчүн 420 000 (төрт жүз жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылсын.

2.         2020-жылдын 6 айына карата 1-тиркемеге негиз Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин  чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

3.         Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

Н.Туманов                    

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 39 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

39-2

08.07.2020

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы  №32-5 токтомуна толуктоолорду  киргизүү жөнүндө

    Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы №32-5 токтомуна толуктоолорду киргизүү боюнча жана Борбаш айылынын тургуну Шамшиева Элмиранын жазган арызын угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комитетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну (маркум) Шамшиев Абдисабырдын өзүнө тиешелүү болгон турак үйү жайгашкан

 2121,00 чарчы метр жерине 1976-1994-жылга чейин жашап өз убагында тамарка салыктарын төгүп келген. 1994-жылы ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу ошол жылдан тартып анын кызы Шамшиева Элмира Абдисабыровна ушул күнгө чейин тамарка салыктарын төгүп, пайдаланып келгендиктен ошондой эле айыл өкмөтүнүн 2016-жылдан бери №35 чарбалык китебинде  катталып тургандыгына байланыштуу,  бир туугандарынын макулдугу менен Шамшиев Абдисабырдын атына  чыккан 2019-жылдын 25-февралындагы №16 сандуу токтому кызы Шамшиева Элмиранын атына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.

2.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну  Шамшиева Элмира Абдисабыровнанын  Көк-Жар айылдык кеңешине жазган арызы канааттандыраарлык деп табылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

Н.Туманов                    

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 39 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

39-3

08.07.2020

Көк-Жар айылдык кеңешине төраганы  шайлоо   жөнүндө

      Көк-Жар айылдык кеңешине төраганы шайлоо  боюнча 2020-жылдын 8-июлундагы №1 жана №2 протоколунун жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын негизинде  убактылуу шайлоо комиссия курамы карап чыгып, угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасына  2020-жылдын 8-июлундагы №1-2 протоколунун негизинде жашыруун добуш берүү жолу менен көпчүлүк добушка ээ болгон айылдык кеңешинин төрагасы болуп, Исаков Орозали шайлансын.

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы убактылуу комиссия курамынын төрагасы Ш.Абдуллаевге тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

Н.Туманов                    

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 39 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

39-4

08.07.2020

 Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасына  жана катчысына кондиционер жана компьютердик жабдыктарды сатып алуу жөнүндө

    Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы жана катчысынын ишин жакшыртуу жана иш кагаздарын жүргүзүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү макатында  , Кыргыз Республикасынын "Бюжеттик кодексинин" 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 9 айына болгон аткарылышына карата төмөнкү жумуштарга жалпысы болуп 110 000 (бир жүз он миң) сом акча каражаты ажыратылсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын кабинетине кондиционер сатып алып орнотуу үчүн 40 000 (кырк миң) сом.

Компьютер жана принтер сатып алуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом.

Терезелерине жалюзи алып орнотуу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом.

2.         Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө 2020-жылдын 9 айынын аткарылышына карата карап, статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

Н.Туманов                    

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 39 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

39-5

08.07.2020

Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш  айылындагы Таштак участкасына көпүрө  куруу жөнүндө

    Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылындагы Таштак участкасында жайгашкан 6 отводко, көп өлчөмдө суу аккандагына байланыштуу, коопсуз абалга келтирүү максатында көпүрө куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Ошол себептен бул маселе менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын "Бюжеттик кодексинин" 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 9 айына болгон аткарылышына карата Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылындагы Таштак участкасында жайгашкан 6 отводко Көпүрө куруу үчүн 130 000 (бир жүз отуз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.