М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№41-1

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын  жана ФЭБнүн башчысынын 2020-жылдын 9 айына карата отчету жөнүндө.

2.

№ 41-2

28.10.2020

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын  27-декабрындагы №33-2 токтомуна 2020- жылдын 9 айына карата өзгөртүүлөрдү жана  толуктоолорду киргизүү жөнүндө

3.

№ 41-3

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу   Борбаш  айылынын тургуну  Касымжан уулу Мамбетке материалдык жардам   көрсөтүү  жөнүндө

4.

№ 41-4

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнун башчысы С Минбаевдин       2020-жылдын 27-октябрындагы №1135 сандуу сураныч каты жөнүндө.

5.

№ 41-5

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы

С. Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы

№1132 сандуу сураныч катын кароо жөнүндө

6.

№ 41-6

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы

С. Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы

 №1132-санду сураныч катын кароо жөнүндө

7.

№ 41-7

28.10.2020

1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн

96 жылдык майрамынын урматына карата Көк-Жар айымактын милициянын ардактуу эс алуудагы кызматкерлерге Көк-Жар айылдык кенешинин "Ардак грамотасы" берүү жөнүндө

8.

№ 41-8

28.10.2020

1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн

96 жылдык майрамынын урматына карата Көк-Жар айымактын милиция бөлүмчөсүнүн          башчысы И. Кенешбаевдин         2020-жылдын 26-октябрындагы

№145 сандуу сураныч катына негиз "Ардак грамотасы" берүү жөнүндө

9.

№ 41-9

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы

С. Минбаевдин 2020-жылдын 26-октябрындагы

№1129 сандуу сураныч катын кароо жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№41-1

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын  жана ФЭБнүн башчысынын 2020-жылдын 9 айына карата отчету жөнүндө.

       Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 9 айда аткарган иштерин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн; 22-главасынын; 117-беренесине негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин жана ФЭБ нүн башчысы Тургунбай уулу Айтибектин алты айда аткарган иштери 1-тиркемеге  негиз,   "канааттандырарлык" деп табылсын. (тиркеме тиркелет)

    2.  Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы         

          С. Минбаевге тапшырылсын.

    3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына     

       жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О.Исаков                     

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 41-2

28.10.2020

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын  27-декабрындагы №33-2 токтомуна 2020- жылдын 9 айына карата өзгөртүүлөрдү жана  толуктоолорду киргизүү жөнүндө

    Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын сураныч катын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, соода жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин сунуш долбоорун карап, таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын "Бюжеттик кодексинин" 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз      Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомуна төмөнөкү тизмеге жана 1-2-тиркемеге негиз  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

"           Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында обсервацияга алынган имараттардын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болуп тууруусу үчүн, таза суу линияларын утурумдук оңдоо иштери жана имараттарды кыш мезгилине карата оңдоо жана үзгүлтүксүз элге кызмат кылуу үчүн шарт түзүп берүү максатында, жалпысы болуп   179 000 (бир жүз жетимиш тогуз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.

"           Борбаш айылынын Таштак участкасына көпүрө куруу үчүн 130 000 (бир жүз отуз миң) сом ажыратылсын.

"           Көк-Жар кабырыстанына суу кетүүчү латок орнотуу кызматы үчүн

20 000 (жыйырма миң) сом ажыратылсын.

"           Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарынын санитардык абалын жакшыртуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылсын.

"           Аппарат кызматкерлеринин ишин алдыга жылдыруу жана колдоо үчүн компьютер сатып алуу максатында 35 000 (отуз беш миң) сом ажыратылсын.

"           Көк-Жар айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын иштөөсүнө шарт түзүп берүү максатында 58 500 (элүү сегиз миң беш жүз) сом ажыратылсын.

"           Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Борбаш айылында жайгашкан китепкананы кыш карата жылуулоо үчүн 27 500 (жыйырма жети миң беш жүз) сом акча каражаты ажыратылсын.

2.         2020-жылдын 9 айына карата 1-2-тиркемеге негиз, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

3.         Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали Мукумовичке жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О.Исаков                     

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 41-3

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу   Борбаш  айылынын тургуну  Касымжан уулу Мамбетке материалдык жардам   көрсөтүү  жөнүндө

       Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Касымжан уулу Мамбеттин  арызына негиз, анын уулу Касымжанов Акбий Мамбетович I стадиядагы аккан (острый лейкоз из В-клеток предшественников, вариант ВII-common) оруусу  ооруп калгандыгына  байланыштуу, даарылануусуна акча каражаты жетишсиздигинен, ага материалдык жардам көрсөтүү максатында экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссия карап чыгып, угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш  айылынын тургуну Касымжан уулу Мамбетке айыл өкмөтүнүн бюджетинин резервдик фондунан 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын айыл өкмөт башчысы С.Миңбаевге тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ш. Абдуллаевге  жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О.Исаков                     

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 41-4

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнун башчысы С Минбаевдин       2020-жылдын 27-октябрындагы №1135 сандуу сураныч каты жөнүндө.

    Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы №1135 сандуу сураныч катына негиз, Жийде айылынын тургуну Акимов Канатбектин, өзүнө караштуу турак-жайы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоого кандайдыр бир себептер менен катталбай калгандыгын карап чыгып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу"  жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы №1135 сандуу сураныч катына негиз,  Жийде айылынын тургуну Акимов Канатбектин, өзүнө караштуу турак-жайы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоого өтпөй калгандыгына байланыштуу, жеке менчигине бекитилип берилсин. 

2.         Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О.Исаков                     

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 41-5

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы

С. Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы

№1132 сандуу сураныч катын кароо жөнүндө

        Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы №1132-сандуу сураныч катына негиз, Жийде айылында жайгашкан КБФнын жеринен суралып жаткан 5га жер аянтын,  кайрымдуу фонду тарабынан комплекс мектеп, бала бакча, спорт комплекс жана ФАП куруу максатында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз,  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынан комплекс куруу максатында суралып жаткан 5га жер аянтына,  кайрымдуу фонду тарабынан комплекс мектеп, бала бакча, спорт комплекс жана ФАП куруу жер аянты Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз, транформациялоо үчүн, жогорку органдарга кайрылуу жагына макулдук берилсин.  

2.         Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О.Исаков                     

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 41-6

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы

С. Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы

 №1132-санду сураныч катын кароо жөнүндө

        Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы №1132-сандуу сураныч катына негиз, Борбаш айылында жайгашкан КБФнын жеринен суралып жаткан 1,5га жер аянтын,  кайрымдуу фонду тарабынан комплекс мектеп, бала бакча, спорт комплекс жана ФАП куруу максатында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз,  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынан комплекс куруу максатында суралып жаткан 1,5га жер аянтына,  кайрымдуу фонду тарабынан комплекс мектеп, бала бакча, спорт комплекс жана ФАП куруу жер аянты Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз, транформациялоо үчүн, жогорку органдарга кайрылуу жагына макулдук берилсин.

2.         Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О.Исаков                     

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 41-7

28.10.2020

1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн

96 жылдык майрамынын урматына карата Көк-Жар айымактын милициянын ардактуу эс алуудагы кызматкерлерге Көк-Жар айылдык кенешинин "Ардак грамотасы" берүү жөнүндө

         1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык майрамынын урматына карата ардактуу эс алуудагы милициянын капитаны Сарыкулов Бактыяр Исмановичке, милициянын сержанты Исаков Орозали Нурмаматовичке, милициянын кенже лейтенанты Жарматов Абдыганы Жаанбаевичке, Көк-Жар айылдык кенештин Ардак грамотасын берүү жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына негиз,  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык майрамынын урматына карата Көк-Жар аймактык милициянын  ардактуу эс алуудагы кызматкерлери,  милициянын капитаны Сарыкулов Бактыяр Исмановичке, милициянын сержанты Исаков Орозали Нурмаматовичке, милициянын кенже лейтенанты Жарматов Абдыганы Жаанбаевичке, Көк-Жар айылдык кенештин Ардак грамотасын берүүгө макулдук берилсин.  

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана Көк-Жар айылдык кенешинин жооптуу катчысына жуктолсун.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О.Исаков                     

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 41-8

28.10.2020

1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн

96 жылдык майрамынын урматына карата Көк-Жар айымактын милиция бөлүмчөсүнүн          башчысы И. Кенешбаевдин         2020-жылдын 26-октябрындагы

№145 сандуу сураныч катына негиз "Ардак грамотасы" берүү жөнүндө

         1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык майрамынын урматына карата  Көк-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы И. Кенешбаевдин 2020-жылдын 26-октябрындагы №145 сандуу сураныч катына негиз, Көк-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, ага участкалык уполномоченный милициянын майору Пратов Шабданбек Шарабидиновичке, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жашы жетелектердин кызматкери, милициянын ага лейтенанты Закиров Улукбек Нурмаматовичке Көк-Жар айылдык кенештин Ардак грамотасын берүү жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына негиз,  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык майрамынын урматына карата Көк-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ага участкалык уполномоченный милициянын майору Пратов Шабданбек Шарабидиновичке,      Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жашы жетелектердин кызматкери, милициянын ага лейтенанты Закиров Улукбек Нурмаматовичке, Көк-Жар айылдык кенештин    Ардак грамотасын берүүгө макулдук берилсин.  

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана Көк-Жар айылдык кенешинин жооптуу катчысына жуктолсун.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О.Исаков                     

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 41-9

28.10.2020

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы

С. Минбаевдин 2020-жылдын 26-октябрындагы

№1129 сандуу сураныч катын кароо жөнүндө

        Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2020-жылдын 26-октябрындагы №1129-сандуу сураныч катына негиз,  Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү борбордук базарыны айланта курулган майда күркөлөрдүн курулуштардын колдонуу мөөнөтүнүн эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу бардык курулмаларды кайрадан ондоп түзөөгө макулдук берүү жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына негиз,  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2020-жылдын 26-октябрындагы №1129-сандуу сураныч катына негиз,  Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү борбордук базарыны айланта курулган майда күркөлөрдүн курулуштардын колдонуу мөөнөтүнүн эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу бардык курулмаларды кайрадан ондоп түзөөгө макулдук берилсин.  