М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№44-1

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2021-жылдын 1-январына  карата эсептик счетундагы 2020-жылдан калган калдыкты бөлүштүрүп берүү жөнүндө

2.

№44-2

17.02.2021

"Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын

2020-жыл ичинде аткарылган жумуштарынын отчету жана 2021-жылга карата  бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү  жөнүндө.

3.

№44-3

17.02.2021

"Тешик Таш" ИСКАКБнын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштарынын отчету жана 2021-жылга карата  бюджетин киреше жана чыгаша  бөлүктөрүн бекитүү  жөнүндө.

4.

№44-4

17.02.2021

"Абшыр Таны" СПАсынын 2020-жыл ичинде

аткарылган жумуштарынын отчету жана 2021-жылга карата  бюджетин киреше жана чыгаша  бөлүктөрүн бекитүү  жөнүндө

5.

№44-5

17.02.2021

"CASA -1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер       

участокторун "Айыл чарба багытындагы " 

жерлер категориясынан "Өнөр жайынын,

транспорттун, байланыштын, энергетиканын,

коргонуунун жерлери жана башка багыттагы

жерлер" категориясына которуу(трансформациялоо) жөнүндө

6.

№44-6

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин 2021-жылдын 1-январына  карата эсептик счетундагы 2020-жылдан  калган калдыктын эсебинен, айыл  өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине  акчалай үстөктөрдү кароо жөнүндө

7.

№44-7

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнун башчысы С Минбаевдин 2021-жылдын 10-февралындагы №86 сандуу сураныч каты, Көк-Жар айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине көп жылдык бак-дарактарды бутоо,зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорүчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

8.

№44-8

17.02.2021

Көк-Жар айыл  өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2021-жылдын         12-февралындагы №92 сураныч каты жөнүндө

9.

№44-9

17.02.2021

Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

10.

№44-10

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Алашан айылынын тургуну Кожомбердиева Бүбүкатчагаматериалдык жардам берүү жөнүндө

11.

№44-11

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын  жана ФЭБнүн башчысынын 2020-жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун  бекитүү жөнүндө

12.

№44-12

17.02.2021

 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун

жерлерин ижарага берүү учун комиссия курамын түзүү жөнүндө

13.

№44-13

17.02.2021

 Көк-Жар айыл аймагындагы БАП (биргелешкен аракеттер пландын)тарабынан аныкталган көйгөйлөр,айыл өкмөтүнүн 2021-2022- жылдар  үчүн түзүлгөн социалдык -экономикалык өнүгүүсүнүн планына киргизүү,биргелешкен мониторинг жана баалоо курамын жана демилгечи топтун курамын бекитүү жөнүндө

14.

№44-14

17.02.2021

Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын       

депутаттарынын 2020-жылдын 28-декабрындагы            кезектеги 43-сессиясынын №43-7-токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө        

15.

№44-15

17.02.2021

Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын       

депутаттарынын 2020-жылдын 28-декабрындагы            кезектеги 43-сессиясынын  №43-6-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

16.

№44-16

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, Борбаш айылынын М. Чолпонов көчөсүнүн күн батыш тарабындагы,

жаны конуштун аты жок 2(эки) көчөсүнө,

Борбаш айылынын тургуну, маркум, Жарматов Абсатардин атыны коюу   жөнүндө

17.

№44-17

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, Жийде айылынын "Жийде Бурак" балдар бакчасынын көчөсүнө, Жийде айылынын тургуну, маркум,Жусупов Зулпукаардын атыны коюу   жөнүндө

18.

№44-18

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, №5412-Жийде жана №5574-Ак-Өтөк участкалык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

19.

№ 44-19

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу,      №5413-Көк-Жар участкалык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

20.

№ 44-20

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы  С Минбаевдин 2021-жылдын  17-февралындагы № 107-сураныч каты жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-1

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2021-жылдын 1-январына  карата эсептик счетундагы 2020-жылдан калган калдыкты бөлүштүрүп берүү жөнүндө

Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 12-февралындагы сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик кодексинин" 9-бөлүмүнүн 20-главасынын 102-беренесинин 1-пунктуна ылайык  Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2021-жылдын 1-январына карата 2020-жылдан калган калдык суммасы 4 771 864  (Төрт млн жети жүз жетимиш бир миң сегиз жүз алтымыш төрт) сом  болуп бекитилсин.

2.         2021-жылга карата калган калдык акчанын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинен калган 4 490 840 (Төрт млн төрт жүз токсон миң сегиз жүз кырк) сом акча каражаты, 1-тиркемеге негиз ажыратылсын.(тиркеме тиркелет)

3.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата 2020-жылдан калган 281 024 (Эки жүз сексен бир миң жыйырма төрт) сом калдык акча каражаты, 2-тиркемеге негиз ажыратылсын. (тиркеме тиркелет)

4.         Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке  милдеттендирилсин.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-2

17.02.2021

"Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын

2020-жыл ичинде аткарылган жумуштарынын отчету жана 2021-жылга карата  бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү  жөнүндө.

"Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштарынын отчетун жана 2021-жылга  карата бюджетин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн  бекитүү жөнүндө, "Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору А. Ч. Акматовдун докладын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу"  жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча  жана экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.             "Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштары №1-тиркемеге ылайык  "Канааттандырарлык" табылсын.                            (№ 1-тиркеме тиркелет)

2.             "Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата бюджетин киреше жана чыгаша бөлүктөрү № 2 -тиркемеге негиз бекитүүгө макулдук берилсин. (№2-тиркеме тиркелет.)

3.         "Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата  таштанды тарифин №3-тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.

4.         "Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата  штаттык бирдиги  №4-тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.

5.         "Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата  иш планы  №5-тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк жана экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-3

17.02.2021

"Тешик Таш" ИСКАКБнын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштарынын отчету жана 2021-жылга карата  бюджетин киреше жана чыгаша  бөлүктөрүн бекитүү  жөнүндө.

    "Тешик-Таш" ИСКАКБнын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштарынын отчетун жана 2021-жылга  карата бюджетин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн  бекитүү  жөнүндө, "Тешик Таш" ИСКАКБнын директору А Жаяевдин докладын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу"  жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча  жана экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.             "Тешик-Таш" ИСКАКБнын  2020-жыл ичинде аткарылган жумуштары №1-тиркемеге ылайык  "канааттандырарлык" .  табылсын. (№ 1-тиркеме тиркелет)

2.             "Тешик-Таш" ИСКАКБнын 2021-жылга карата бюджетин киреше жана чыгаша бөлүктөрү № 2 -тиркемеге негиз бекитүүгө макулдук берилсин. (№2-тиркеме тиркелет.)

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк жана экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

ТИРКЕМЕ №3

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-4

17.02.2021

"Абшыр Таны" СПАсынын 2020-жыл ичинде

аткарылган жумуштарынын отчету жана 2021-жылга карата  бюджетин киреше жана чыгаша  бөлүктөрүн бекитүү  жөнүндө

    "Абшыр Таны" СПАсынын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштарынын отчетун жана 2021-жылга  карата бюджетин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө, "Абшыр Таны" СПАсынын директору М. Абдилазизовдун докладын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу"  жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча  жана экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         "Абшыр Таны" СПАсынын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштары №1-тиркемеге ылайык  "канааттандырарлык" .  табылсын. (№ 1-тиркеме тиркелет)

2.         "Абшыр Таны" СПАсынын 2021-жылга карата бюджетин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн № 2 -тиркемеге негиз бекитүүгө макулдук берилсин. (№2-тиркеме тиркелет.)

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк жана экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

ТИРКЕМЕ №4

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-5

17.02.2021

"CASA -1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер       

участокторун "Айыл чарба багытындагы " 

жерлер категориясынан "Өнөр жайынын,

транспорттун, байланыштын, энергетиканын,

коргонуунун жерлери жана башка багыттагы

жерлер" категориясына которуу(трансформациялоо) жөнүндө

  "CASA -1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер  участокторун "Айыл чарба багытындагы " жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,  коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына  которуу(трансформациялоо)  масатында "CASA -1000" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айыр мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Мыйзамына ылайык" , "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу"  жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл  аймагынан өтүүчү "CASA -1000"  долбоорун ишке ашыруу үчүн 23 даана электр аба чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн, № 403,404,405,406,407: контурларында жайгашкан жалпы 1770 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган КБФнун кайрак айдоо жер участокторун, жалпы 6802 чарчы метр №413,417,418,419,420,421,422,423,424,425,426,428,429,430,431,432,433 контурундага жайыт жер аянты, жалпысы 8572 чарчы метр жер аянты мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун "Айыл чарба багытындагы " жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,  коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына  которууга(трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси М Калматовко долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин. 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы                                 С Минбаевке тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-6

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин 2021-жылдын 1-январына  карата эсептик счетундагы 2020-жылдан  калган калдыктын эсебинен, айыл  өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине  акчалай үстөктөрдү кароо жөнүндө

       Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин 2021-жылдын 1-январына 

карата эсептик счетундагы 2020-жылдан калган калдыктын эсебинен, айыл  өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине акчалай үстөктөрдү кароо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131-токтомунун 4-пунктуна негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн жыйынтыгы жана бекитилген жылдык план тапшырмаларын аткарууга жетишкендиктери үчүн 2020-жылдан калган калдыктын эсебинен 491 901 ( төрт жүз токсон бир миң тогуз жүз бир) сом акча каражаты муниципалдык кызматкерлеринин маяналарына үстөктөр төлөнүп берилсин.

2.         Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык кызматкерлердин акчалай сыйлыктарынын соц.фонд төлөмдөрү үчүн 84 853 (сексен төрт миң сегиз жүз элүү үч) сом акча каражаты 2020-жылдан калган калдыктын эсебинен ажыратылсын.

3.         Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  башчысы С. Минбаевге жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке тапшырылсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-7

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнун башчысы С Минбаевдин 2021-жылдын 10-февралындагы №86 сандуу сураныч каты, Көк-Жар айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине көп жылдык бак-дарактарды бутоо,зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорүчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнун башчысы С Минбаевдин 2021-жылдын 10-февралындагы   №86 сандуу сураныч каты, Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын 2021-жылдын 9-февралындагы каты,  Көк-Жар айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа   иштерине көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге ооруларга каршы дарылоо  иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор   үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү боюнча, жеке агроном Абдуллаев Шамшидиндин маалыматын угуп жана талкуулап жана жеке агрономдорго колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы   "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу"  жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа   иштерине көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге ооруларга каршы дарылоо  иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акы 1,0га жер аянтындагы көп жылдык бак дарактарды дарылоо 1000 сомдон 1500 сомго чейин, 1,0га жер аянтындагы эгин талааларын даарылоо 500сомдон 1000сомго чейин, 1 түп бак-дарактарды бутоо 20сомдон 120 сомго чейин өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.

2.         Жогорудагы бекитилген бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акынын өлчөмүн, айыл аймагындагы дыйкан-фермерлерге, багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды жеткирүү айыл өкмөтүндөгү жеке агрономдорго жана айыл башчыларга тапшырылсын.

3.         Ушул токтомдун аткарууга алуу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы                             С. Минбаевке тапшырылсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-8

17.02.2021

Көк-Жар айыл  өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2021-жылдын         12-февралындагы №92 сураныч каты жөнүндө

           Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2021-жылдын                                   17-февралындагы №92- сандуу сураныч катына,м элдик жыйындын 2021-жылдын 3-февралындагы №1-протоколун карап чыгып негиз, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн балансында турган борбордук стадионго, маркум Каранай айылынын тургуну Ысманов Ташполоттун атын ыйгаруу тууралуу,  Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы   "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2021-жылдын                            17-февралындагы №92- сандуу сураныч катына , элдик жыйындын                   2021-жылдын 3-февралындагы №1-протоколуна негиз,  Көк-Жар айыл өкмөтүнүн балансында турган борбордук стадионго, маркум Каранай айылынын тургуну Ысманов Ташполоттун атын ыйгарууга макулдук берилсин.

2.         Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин депутаттарынын мандаттары жөнүндөгү мыйзамына ылайык, андан кийинки көп добуш алган талапкерди тактап, ага депутаттык мандат берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар  айылдык кенештин, мыйзамдуулук  билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-9

17.02.2021

Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

    Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2121-жылга карата иш планын бекитүү үчүн, Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы А. Карабаевдин 2021-жылдын 10-февралындагы №2-катына негиз, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу"  жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы А. Карабаевдин                        2021-жылдын 10-февралындагы №2-катына негиз, Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2121-жылга карата иш планы №1-тиркемеге негиз бекитүүгө макулдук  берилсин. 

2.         Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2121-жылга карата иш планына негиз иш алып баруу жагы Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы А. Карабаевге милдеттендирилсин .

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

ТИРКЕМЕ №5

Назад

10

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-10

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Алашан айылынын тургуну Кожомбердиева Бүбүкатчагаматериалдык жардам берүү жөнүндө

         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2021-жылдын 10-февралындагы №85-сураныч катына негиз, Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Алашан айылынын тургуну Кожомбердиева Бүбүкатчанын  жүрөгүнө операция жасоо үчүн, көп акча каражаты талап кылынууда. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен акчалай жардам берүү максатында,  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз,  экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, Алашан айылынын тургуну Кожомбердиева Бүбүкатчага жүрөгүнө операция жасоо үчүн, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин резервдик фондунан 50000(элүү мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.         Акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевге жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы А. Тургунбай уулуга тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

11

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-11

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын  жана ФЭБнүн башчысынын 2020-жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун  бекитүү жөнүндө

       Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 2020-жыл ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн; 22-главасынын; 117-беренесине негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин жана ФЭБ нүн башчысы   

Тургунбай уулу Айтибектин 2020-жыл ичинде аткарган иштери 1-тиркемеге негиз "канааттандырарлык" деп табылсын. (тиркеме тиркелет)

2.         Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн 

башчысы С. Минбаевге тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

ТИРКЕМЕ №6

Назад

12

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-12

17.02.2021

 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун

жерлерин ижарага берүү учун комиссия курамын түзүү жөнүндө

       Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекчине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 2019-жылдын 15-февралындагы №55-токтомдоруна негиз, комиссия курамын түзүү максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамдарына депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекчине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 2019-жылдын 15-февралындагы №55-токтомдоруна негиз, комиссия курамын түзүү №1-тиркемеге негиз бекитүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)

2.         Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн 

башчысы С. Минбаевге тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

ТИРКЕМЕ №7

Назад

13

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-13

17.02.2021

 Көк-Жар айыл аймагындагы БАП (биргелешкен аракеттер пландын)тарабынан аныкталган көйгөйлөр,айыл өкмөтүнүн 2021-2022- жылдар  үчүн түзүлгөн социалдык -экономикалык өнүгүүсүнүн планына киргизүү,биргелешкен мониторинг жана баалоо курамын жана демилгечи топтун курамын бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагындагы БАП (биргелешкен аракеттер пландын)тарабынан аныкталган көйгөйлөр,айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдар үчүн түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планына киргизүү ,биргелешкен мониторинг жана баалоо курамын жана демилгечи топтун курамын бекитуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп,жана талкуулап,айылдык кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруусунун "Пландоо"жалпы жоболорунун III-бөлүмүнө негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.             Көк-Жар айыл аймагындагы БАП (биргелешкен аракеттер пландын)тарабынан аныкталган көйгөйлөр,жалпы жыйындагы элдин сунуштарын эсепке алып айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдар үчүн түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планына киргизүүгө макулдук берилин.

2.             БАПты сапаттуу аткаруу максатында биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы жана демилгечи топтордун курамы бекитилсин(тиркеме №1,Тиркеме № 2)

3.            Бул БАП (биргелешкен аракеттер пландын)тарабынан аныкталган көйгөйлөрдүн үстүнөн максаттуу иш алып баруу жагы координаторлор Т.Пирматов менен М.Мамыровага тапшырылсын.

4.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

ТИРКЕМЕ №8

Назад

14

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-14

17.02.2021

Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын       

депутаттарынын 2020-жылдын 28-декабрындагы            кезектеги 43-сессиясынын №43-7-токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө        

    Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын

2020-жылдын 28-декабрындагы кезектеги №43-7-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу"  жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын

2020-жылдын 28-декабрындагы кезектеги №43-7-токтомундагы ,  Жийде айылынын тургуну Исакова Ануир Токторалиевнанын, өзүнө караштуу 0,07га турак-жайы 2002-2003-жылдардагы  системалык каттоого өтпөй калгандыгына байланыштуу, дегендин ордуна, Жийде айылынын тургуну Исакова Ануир Токторалиевнанын, өзүнө караштуу 0,07 га турак-жайы 2009-жылы системалык каттоого өтпөй калгандыгына байланыштуу жеке менчигине бекитилип берилсин, деп өзгөртүүгө макулдук берилсин. 

2.         Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

15

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-15

17.02.2021

Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын       

депутаттарынын 2020-жылдын 28-декабрындагы            кезектеги 43-сессиясынын  №43-6-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын

2020-жылдын 28-декабрындагы кезектеги №43-6-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу"  жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.           Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын

2020-жылдын 28-декабрындагы кезектеги №43-7-токтомундагы,  Жийде айылынын тургуну Исакова Айнура Мамазакировнанын, өзүнө караштуу 0,07га турак-жайы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоого өтпөй калгандыгына байланыштуу, дегендин ордуна, Жийде айылынын тургуну Исакова Ануир Токторалиевнанын, өзүнө караштуу 0,07 га турак-жайы 2009-жылы системалык каттоого өтпөй калгандыгына байланыштуу жеке менчигине бекитилип берилсин, деп өзгөртүүгө макулдук берилсин. 

2.         Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

16

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-16

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, Борбаш айылынын М. Чолпонов көчөсүнүн күн батыш тарабындагы,

жаны конуштун аты жок 2(эки) көчөсүнө,

Борбаш айылынын тургуну, маркум, Жарматов Абсатардин атыны коюу   жөнүндө

         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, Борбаш айылынын М Чолпонов көчөсүнүн күн батыш тарабындагы жаны конуштун аты жок 2  көчөсүнө, Борбаш айылынын тургуну, маркум, Жарматов Абсатардин атын коюу максатында, Борбаш айылынын М. Чолпонов көчөсүнүн күн батыш тарабындагы жаны конуштун тургундарынын 2021-жылдын                         16-февралындагы  чогулушунун № 1-протоколуна негиз,     "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз,  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Борбаш айылынын М. Чолпонов көчөсүнүн күн батыш тарабындагы жаны конуштун тургундарынын 2021-жылдын 16-февралындагы  чогулушунун                            № 1-протоколуна негиз, Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, Борбаш айылынын,               М Чолпонов көчөсүнүн күн батыш тарабындагы жаны конуштун аты жок                               2(эки)  көчөсүнө, Борбаш айылынын тургуну, маркум, Жарматов Абсатардин атын коюуга макулдук берилсин.

2.         Иш-кагаздарын даярдоо жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

17

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-17

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, Жийде айылынын "Жийде Бурак" балдар бакчасынын көчөсүнө, Жийде айылынын тургуну, маркум,Жусупов Зулпукаардын атыны коюу   жөнүндө

         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, Жийде  айылынын "Жийде Бурак" балдар бакчасынын көчөсүнө, Жийде айылынын тургуну, маркум, Жусупов Зулпукаардын атын коюу  максатында, Жийде айылынын "Жийде Бурак" балдар бакчасынын көчөсүнүн тургундарынын 2021-жылдынм 16-февралындагы  чогулушунун № 1-протоколуна негиз,     "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз,  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, Жийде  айылынын "Жийде Бурак" балдар бакчасынын көчөсүнө, Жийде айылынын тургуну, маркум, Жусупов Зулпукаардын атын коюу  максатында, Жийде айылынын "Жийде Бурак" балдар бакчасынын көчөсүнүн тургундарынын 2021-жылдынм 16-февралындагы  чогулушунун                           № 1-протоколуна негиз, маркум, Жусупов Зулпукаардын  атын коюуга макулдук берилсин.

2.         Иш-кагаздарын даярдоо жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

18

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№44-18

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, №5412-Жийде жана №5574-Ак-Өтөк участкалык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, №5412-Жийде жана №5574-Ак-Өтөк участкалык шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүү максатында,      "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз,  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, №5412-Жийде жана №5574-Ак-Өтөк участкалык шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүүгө  макулдук берилсин.

2.         №5412-Жийде участкалык шайлоо комиссиясына, Жусупова Чолпонай Орозовнаны, №5574-Ак-Өтөк участкалык шайлоо комиссиясына Мавлянова Миргүл Абдраимовнаны киргизүүгө макулдук берилсин.

3.         Иш-кагаздарын даярдоо жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

19

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 44-19

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу,      №5413-Көк-Жар участкалык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, №5413-Көк-Жар участкалык шайлоо комиссиясынын курамын өзгөртүү максатында,      "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз,  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап                 Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, №5413-Көк-Жар  участкалык шайлоо комиссиясынын  курамын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.         №5413-Көк-Жар участкалык шайлоо комиссиясына, Моминова Венера Абдулаевнаны, киргизүүгө макулдук берилсин.

3.         Иш-кагаздарын даярдоо жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

О. Исаков                    

Назад

20

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 44 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 44-20

17.02.2021

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы  С Минбаевдин 2021-жылдын  17-февралындагы № 107-сураныч каты жөнүндө

         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2021-жылдын 17-февралындагы №107-сураныч каты, "Жийде -Бурак" билим берүү мекемесинин 3-корпусу эскилиги жетип, жараксыз авариялык абалда турат. Пайдаланууга жараксыз болгон имаратты мыйзам чегинде бузууга уруксат берүү максатында,   "Жергиликтүү өз  алдынча башкаруу" жөнүндөгү  мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз,  мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап                      Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2021-жылдын 17-февралындагы №107-сураныч каты, "Жийде -Бурак" билим берүү мекемесинин 3-корпусу эскилиги жетип, жараксыз авариялык абалда турат. Пайдаланууга жараксыз болгон имаратты мыйзам чегинде бузууга макулдук берилсин.