Дата публикации 16.06.2015

М А З М У Н У

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

23-1

 

30.05.2015

Шайлоого карата Т.Кулатов атындагы айыл аймагына жолугушууга келген саясий партиялардын өкүлдөрүнө шарт түзүү, алардын жарнамалык көрнөктөрүн орнотууга уруксат берүү жана ижарага акылары жөнүндө

23-2

 

30.05.2015

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга өзүнчө статус алуу жөнүндө (тиркеме)

23-3

 

30.05.2015

Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин XXI-сессиясынын 1 токтомунда айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен билим берүү тармагына каралган акчадан Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү Исманов Болотбек Талиповичтин жеке менчигиндеги 1500 ч.м жер аянты 29.05.2015-жылдагы көз карандысыз балоочунун балоо отчетунун негизинде багытын өзгөртүп, балдар бакчасына жер аянтын сатып алып куруу үчүн 550 000 (беш жүз элүү мин) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө (тиркеме)

23-4

 

30.05.2015

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016 -2017-2018-жылдарга бюджетинин  болжолу жөнүндө (тиркеме)

23-5

 

30.05.2015

Ноокат райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2015-жылдын 27-апрелиндеги «Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү» № 1-428-15 сандуу сунуш катын аткарууга алуу жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы токтом 5, тиркемелери 2 токтомдо

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

кезектеги XXIII сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак

23-1

30.05.2015

 

Шайлоого карата Т.Кулатов атындагы айыл аймагына жолугушууга келген саясий партиялардын өкүлдөрүнө шарт түзүү, алардын жарнамалык көрнөктөрүн орнотууга уруксат берүү жана ижарага акылары жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутаттарынын сессиясында айтылган ой-пикир сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Шайлоо боюнча келген өкүлдөрдүн эл менен болгон жолугушуусу үчүн маданият үйү,клуб,стадион, спорт аянтталары айыл өкмөтүнүн келишимине негиз 3000 (үч мин) сом ижара акы төлөө менен берилүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Айыл өкмөттүн аймагындагы орнотулган жарнамалык щиттерге саясий партиялардын көрнөк, жарнактарын илүү үчүн бир айга 10 000 (он мин) сом, ал эми соода сатык жана башкаларга 5000 (беш мин) сом өлчөмүндө ижара акы төлөө жагы бекитилсин.

 

  1. Көчө бойлоруна жарнамалык щиттерди стандарттык өлчөмгө ылайык, айыл өкмөтүнүн келишимине негиз уруксат берилсин.

 

  1. Жайыттан пайдалануучу жерлерге ар кандай жарнамалык сөздөрдү жазууга тыюу салынсын.

 

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин «Экономика ,бюджет,сода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Т.Кулатов айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ажибаев А.

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

кезектеги XXIII сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак

23-2

30.05.2015

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга өзүнчө статус алуу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын айыл башчысы Ж.Паязовдун билдирүүсүндө 2015-жылдын 13-мартындагы элдик жыйында Кожо-Арык айылынан Абшырсай,Т.Бекиев жана Сой жылан бөлүмдөрү өзүнчө айыл болгондугуна байланыштуу «Абшыр-Ата» айылы статусун алуу үчүн өткөргөн чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап  депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы «Абшыр-Ата» айылынын тургундарынын өзүнчө статус алуу жөнүндөгү 2015-жылдын 13-мартындагы № 11 жалпы элдик чогулушунун протоколу бекитилсин.

 

  1. Айыл аймагындагы Абшыр-Ата айылына өзүнчө статус болуп, мамлекеттик классификаторго (САОТЭ) алып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

Т.Кулатов айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ажибаев А.

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын Абшыр-Сай жана Т.Бекиев участкасынын жалпы элдик жыйналышынын

ПРОТОКОЛУ № 11

     13-март  2015-жыл.                                                                          Кожо-Арык айылы

 

Чогулушка катышкандардын саны: 128 киши

Чогулуштун төрагасы : Айыл башчы Паязов Жаанбай

Катчысы: Сабиров Имарали

 

 

Күн тартибиндеги каралуучу маселе:

 

1.Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан Кожо-Арык айылынын Абшыр-Сай, Т.Бекиев жана Сой жылан участкаларына «Абшыр-Ата» айылы деген ат берип, өзүнчө айыл болгонго статус алууну КЫргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштоо боюнча

  

                                                        Угулду:

          Жогорудагы маселе боюнча биринчи болуп сөзгө чыккан Кожо-Арык айылынын башчысы Паязов Жаанбай төмөнкүлөргө токтолуп кетти: Урматтуу жамаат Кожо-Арык айылынын территориясы өтө чон болуп, калкынын саны 7638 кишини түзгөндүгүнө байланыштуу айылды тейлөө жана башкаруу иштерине бир айыл башчы жетишсиз болуп, иш алып барууга кыйынчылык түзүлүп жатат. Ошондуктан мен бул элдин сунушун толугу менен колдоймун жана жалпы элдин бир добуштан ушул маселени колдоп берүүсүн суранып кетем.

        Жогорудагы маселе боюнча сөзгө чыккан Абшыр-Сай айылынын тургуну Топчубаев Абдыманап төмөндөгүлөргө токтолуп кетти: Бул маселе 2011-жылы көтөрүлүп, айылдык Кеңешинин сессиясынын чечими менен райондук Кеңештин сессиясында бекитилип, Жогорку Кеңешке сунуштоо үчүн берилген болчу, бирок кандайдыр себептер мененЖогорку Кеңештен жооп болгон эмес. Азыркы күндө биздин айылыбыздын калкынын саныөтө көп, айыл башчыга да оор болуп жатат, ошого байланыштуу ушул айылга «Абшыр-Ата» деген статус алып, өзүнчө айыл болуп, иш алып баруу керек. Мен бул маселеге толук бойдон кошулам.

        Жарыш сөзгө чыккан айыл тургуну Матанов Абдырахман төмөнкүлөргө токтолду: Урматтуу бүгүнкү чогулуштун катышуучулары сиздер менен биргеликте мына бүгүн жакшы маселе козгоп жатабыз, чындыгында айылыбыз чоң. Айылыбызга өзүнчө статус алып, атын «Абшыр-Ата» деп атап алсак жакшы болор эле, бул маселе чечилип калса, айыл тургундары баары эле макул болот деп ойлоймун.

        Сөзгө чыккан Кожо-Арык айылынын тургуну, жергиликтүү Кеңештин депутаты Арынов Замир төмөнкүлөргө токтолду: Урматтуу туугандар мен жогоруда мага чейин сөзгө чыккан кишилердин сунуштарын толугу менен колдоймун жана жалпы элибизди ушул маселени колдоп берүүсүн суранамын

      

Жогорудагы айтылган сунуштарды эске алып, жалпы элдик чогулуш

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1.т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын Т.Бекиев жана Абшыр-Сай участкаларына өзүнчө статус алууну жана айылдын атын «Абшыр-Ата» деп атап берүү сунушун колдоп берүү жагы жергиликтүү Кеңешке сунушталсын.

 

Кожо-Арык айылынын айыл башчысы:                                     Ж.Паязов

 

Катчысы:                                                                                       И.Сабиров.

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

кезектеги XXIII сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак

23-3

30.05.2015

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин XXI-сессиясынын 1 токтомунда айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен билим берүү тармагына каралган акчадан Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү Исманов Болотбек Талиповичтин жеке менчигиндеги 1500 ч.м жер аянты 29.05.2015-жылдагы көз карандысыз балоочунун балоо отчетунун негизинде багытын өзгөртүп, балдар бакчасына жер аянтын сатып алып куруу үчүн 550 000 (беш жүз элүү мин) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Г.Абдуллаевдин билдирүүсүндө Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү Исманов Болотбек Талиповичтин жеке менчигиндеги 1500 ч.м 5-05-05-1005-0181 сандуу коду берилген жана мамлекеттик актысынын сериясы Ч № 574108, 29.05.2015-жылдагы көз карандысыз балоочунун баалоо отчетунун негизинде, багытын өзгөртүп, балдар бакчасына жер аянтын сатып алып, куруу үчүн 550 000 (беш жүз элүү мин) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү Исманов Болотбек Талиповичтин жеке менчигиндеги 1500 ч.м 5-05-05-1005-0181 сандуу коду берилген жана мамлекеттик актысынын сериясы Ч № 574108, 29.05.2015-жылдагы көз карандысыз баалоочунун баалоо отчетунун негизинде, багытын өзгөртүп, балдар бакчасына жер аянтын сатып алып, куруу үчүн 550 000 (беш жүз элүү мин) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.

2.      Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз  мүлккө каттоо башкармалыгынан жер аянтарынын укугун каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.

3.      Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын. Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын

 

Т.Кулатов айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ажибаев А.

 

 

Назад

 

 

 

 

 

                                                                Т О К Т О М  61

                                                          

Кызыл-Булак айылы                                                                                                     «02»  июнь 2015ж.

 

Т . Кулатов айылдык  Кенешинин 5 чакырылышынын 23 чү кезектеги  сессиясынын № 21-3 токтомун турмушка ашыруу максатында.

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Г.Абдуллаевдин билдирүүсүндө Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү Исманов Болотбек Талиповичтин жеке менчигиндеги 1500 ч.м 5-05-05-1005-0181 сандуу коду берилген жана мамлекеттик актысынын сериясы Ч № 574108, 29.05.2015-жылдагы көз карандысыз балоочунун баалоо отчетунун негизинде, багытын өзгөртүп, балдар бакчасына жер аянтын сатып  алуу максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32 беренесинин 4 пунктуна негизинде Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү

 

                                                                         

                                                                    Т О К Т О М    К Ы Л А Т:                   

 

1.       Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү Исманов Болотбек Талиповичтин жеке менчигиндеги 1500 ч.м 5-05-05-1005-0181 сандуу коду берилген жана мамлекеттик актысынын сериясы Ч № 574108, 29.05.2015-жылдагы көз карандысыз баалоочунун баалоо отчетунун негизинде, багытын өзгөртүп, балдар бакчасына жер аянтын сатып алып, курууга уруксат берилсин.

2.      Бекитилип берилген жер аянтынын чек араларын тактап тийешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун тактап берүү жагы Ноокат райондук кадастр  жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинен суралсын.

3.      Архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыганан суралсын.

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 

                 Т.Кулатов атындагы айыл

                 өкмөтүнүн башчысы:                                                                                         Н. Мадимаров                                                       

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

кезектеги XXIII сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак

23-4

30.05.2015

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016 -2017-2018-жылдарга бюджетинин  болжолу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун кароо жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-февралындагы  «2016-2017-2018-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун жана 2016-2017-2018-жылдарга Кыргы Республикасынын республикалык  бюджетинин долбоору жөнүндөгү» № 103-б  буйругунун негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү  мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депуттардын Т.Кулатов айылдык кенешинин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган .Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү малекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин  5-пунктуна ылайык Т.Кулатов атындагы айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга бюджетинин негизги

көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.

 

  1. Ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго тапшырылсын.

 

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин «Экономика ,бюджет,сода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Т.Кулатов айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ажибаев А.

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин  (5 чакырылышы) кезектеги

23 сессиясынын №23-4 токтомуна     1  тиркеме

Төрөбай Кулатов  атындагы айыл окмотунун  2016-жылга   айылдык бюджетинин долбоору 

Кирешелердин аталышы

2016-жылга болжолу

Кирише жана активтер

68481,6

Салык кирешелери

67079,6

Кирешелерге жана пайдага салыктар

5532,6

Кирешелер жана пайдага салыктар

3100,0

Салык агенти тологон киреше салыгы

3100,0

Патенттоо негизиндеги салык

295,0

Патенттөө негизинде салыктар

295,0

Ыктярдуу негиздеги патенттоо салыгы

295,0

Менчикке салык

2137,6

Мүлккө салык

506,0

Кыймылсыз мүлккө салык

136,0

Ишкердик иш аракет жүргүзүү үчүн  колдонулган  кыймылсыз  мүлк салыгы

136,0

Кыймылдуу  мүлк салык

370,0

Транспорт каражаттарынан алынуучу салык

370,0

Жеке адамдардын  транспорт  каражатына салык

370,0

Жер салык

1631,6

Жер салык

1631,6

Тамарка короо жайлардан  даначылык жер участкаларынан  пайдаланылгандыгы үчүн жер салыг

258,0

Айыл  чарбасына  жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн  жер салыгы

552,6

Айыл  чарбасына  жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн  жер салыг

821,0

Сатуудан салык

22100,0

Сатуудан салык

22100,0

 Роальти

39447,0

Атайын каражаттар

340,0

Салык эмес кирешелер

1402,0

Ижара акы

898,0

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

90,0

Жердин ижарасы үчүн акы

358,0

Калктуу конуштардан жер ижара акысы

128,0

Жайыт ижарасы  учун акы

230,0

Администрациялык жыйымдар жана  төлөмдөр

450,0

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

400,0

Таштандыларды  ташып чыгуу  жыйымдар

150,0

Мамлекеттик пошлина

50,0

Административтик штраф

14,0

Чыгашалардын жыйынтыгы

68481,6

Жалпы максатагы мамлекеттик кызмат корсотуулор

8210,0

Айыл окмоттун  резервдик фонду

680,0

Коргонуу

400,0

Айыл чарбасы

25814,6

Комуналдык чарба

7589,0

Маданият

2234,0

Билим беруу

23054,0

Социалдык коргоо

500,0

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы                                                                                                                                                                                     айылдык Кенештин жоопту катчысы                                                     А.Жээнбаева

 

 

 

 

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин         (5 чакырылышы) кезектеги 24 сессиясынын №23-4 токтомуна                 2  тиркеме

 

 

 

                   Төрөбай Кулатов  атындагы айыл окмотунун  2017-жылга   айылдык

                                                      бюджетине долбоор 

 

 

 

Кирешелердин аталышы

2017-жылга болжолу

 

1

 

 

Кирише жана активтер

78666,6

 

Салык кирешелери

77264,6

 

Кирешелерге жана пайдага салыктар

6072,6

 

Кирешелер жана пайдага салыктар

3640,0

 

Салык агенти тологон киреше салыгы

3640,0

 

Патенттоо негизиндеги салык

295,0

 

Ыктярдуу негиздеги патенттоо салыгы

295,0

 

Менчикке салык

2137,6

 

Мүлккө салык

506,0

 

Кыймылсыз мүлккө салык

136,0

 

Ишкердик иш аракет жүргүзүү үчүн  колдонулган  кыймылсыз  мүлк салыгы

136,0

 

Кыймылдуу  мүлк салык

370,0

 

Транспорт каражаттарынан алынуучу салык

370,0

 

Жеке адамдардын  транспорт  каражатына салык

370,0

 

Жер салык

1631,6

 

Жер салык

1631,6

 

Тамарка короо жайлардан  даначылык жер участкаларынан  пайдаланылгандыгы үчүн жер салыг

258,0

 

Айыл  чарбасына  жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн  жер салыгы

552,6

 

Айыл  чарбасына  жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн  жер салыг

821,0

 

Сатуудан жана акылуу кызмат көрсөтүү үчүн салык

26745,0

 

Сатуудан салык

26745,0

 

 Роальти

44447,0

 

Атайын каражаттар

340,0

 

Салык эмес кирешелер

1402,0

 

Ижара акы

848,0

 

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

90,0

 

Плата за использование природных ресурсов

358,0

 

Жердин ижарасы үчүн акы

358,0

 

Калктуу конуштардан жер ижара акысы

128,0

 

Жайыт ижарасы  учун акы

230,0

 

Администрациялык жыйымдар жана  төлөмдөр

450,0

 

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

400,0

 

Таштандыларды  ташып чыгуу  жыйымдар

150,0

 

Мамлекеттик пошлина

50,0

 

Административтик штраф

14,0

 

 

Чыгашалардын жыйынтыгы

78666,6

 

Жалпы максатагы мамлекеттик кызмат корсотуулор

12589,6

 

Айыл окмоттун  резервдик фонду

780,0

 

Коргонуу

800,0

 

Айыл чарбасы

25385,5

 

Комуналдык чарба

8596,5

 

Маданият

4235,0

 

Билим беруу

25680,0

 

Социалдык коргоо

600,0

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы                                                                                                                                                                                                   

 

 

 айылдык Кенештин жоопту катчысы                                                     А.Жээнбаева

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин         (5 чакырылышы) кезектеги 23 сессиясынын №23-4 токтомуна                 3тиркеме

Төрөбай Кулатов  атындагы айыл окмотунун  2018-жылга   айылдык бюджетинин долбоору 

Кирешелердин аталышы

2018-жылга болжолу

Кирише жана активтер

86227,5

Салык кирешелери

84991,1

Кирешелерге жана пайдага салыктар

6679,9

Кирешелер жана пайдага салыктар

4004,0

Салык агенти тологон киреше салыгы

4004,0

Патенттоо негизиндеги салык

324,5

Патенттөө негизинде салыктар

324,5

Ыктярдуу негиздеги патенттоо салыгы

324,5

Менчикке салык

2351,4

Мүлккө салык

556,6

Кыймылсыз мүлккө салык

149,6

Ишкердик иш аракет жүргүзүү үчүн  колдонулган  кыймылсыз  мүлк салыгы

149,6

Кыймылдуу  мүлк салык

407,0

Транспорт каражаттарынан алынуучу салык

407,0

Жеке адамдардын  транспорт  каражатына салык

407,0

Жер салык

1794,8

Жер салык

1794,8

Тамарка короо жайлардан  даначылык жер участкаларынан  пайдаланылгандыгы үчүн жер салыг

283,8

Айыл  чарбасына  жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн  жер салыгы

607,9

Айыл  чарбасына  жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн  жер салыг

903,1

Сатуудан салык

29419,5

Сатуудан салык

29419,5

 Роальти

48891,7

Атайын каражаттар

374,0

Салык эмес кирешелер

1416,0

Ижара акы

912,0

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

99,0

Жердин ижарасы үчүн акы

358,0

Калктуу конуштардан жер ижара акысы

128,0

Жайыт ижарасы  учун акы

230,0

Администрациялык жыйымдар жана  төлөмдөр

455,0

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

400,0

Таштандыларды  ташып чыгуу  жыйымдар

165,0

Мамлекеттик пошлина

55,0

Административтик штраф

15,4

Чыгашалардын жыйынтыгы

86227,5

Жалпы максатагы мамлекеттик кызмат корсотуулор

7603,2

Айыл окмоттун  резервдик фонду

600,0

Коргонуу

200,0

Айыл чарбасы

38921,6

Комуналдык чарба

8300,0

Маданият

1635,3

Билим беруу

28667,4

Социалдык коргоо

300,0

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы                                                                                                                                                                                     айылдык Кенештин жоопту катчысы                                                     А.Жээнбаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

кезектеги XXIII сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак

23-5

30.05.2015

 

Ноокат райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2015-жылдын 27-апрелиндеги «Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү» № 1-428-15 сандуу сунуш катын аткарууга алуу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүндөгү Ноокат райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2015-жылдын 27-апрелиндеги «Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү» № 1-428-15 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Ноокат райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2015-жылдын 27-апрелиндеги «Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү» № 1-428-15 сандуу сунуш каты аткарууга алынсын.

 

2.      Сунуш катта көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга жол койгондугу үчүн айылдык кенешинин жер аянттарын менчик укуктарын аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерге менчик укуктарын бекитип берүү боюнча комиссиясынын төрагасы М.Разаковго эскертүү жарыялансын.

3.       Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Т.Кулатов айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ажибаев А.

 

 

Назад