Т . Кулатов айылдык Кенешинин V чакырылышынын

                                                                      XIX чу кезектеги сессиясынын

 

                                                                                        Т О К Т О М У № XIX-1

Кызыл-Булак айылы 26-декабрь 2014-ж.                                                 Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу, композитор,

        профессор Г.Садыбакасованын 60 жылдын юблейине акча каражат

       бөлүп берүү жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу, композитор, профессор Г.Садыбакасованын 60 жылдык

юблейине карата айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап, такталгандыгын жана

киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу, композитор, профессор Г.Садыбакасованын 60 жылдын юблейине жергиликтүү бюджеттен

50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевке тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

                                                              Т . Кулатов айылдык Кенешинин V чакырылышынын

                                                                                   XIX чу кезектеги сессиясынын

 

                                                                                         Т О К Т О М У № XIX-2

 

Кызыл-Булак айылы 26-декабрь 2014-ж.                                                   Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу

С.Эргешов атындагы балдар бакчасында тарбияланып

жаткан балдардын 2015--жылга төлөмүн көбөйтүү жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу С.Эргешов атындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын

2015-жылга төлөмүн көбөйтүү жөнүндө, 2014-жылдын 15-декабрындагы № 6 токтомунда жалпы ата-энелер 2015-жыл үчүн өз ыктыярлары

менен ар бир балага ай сайын 500 сомдон төлөнүүчү ввзносту тамак аш үчүн төлөп берүү жөнүндөгү чечими тууралуу балдар бакчасынын

башчысы А.Айдарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенештин сессиясы

 

                                                                                          Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1.      Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу С.Эргешов атындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринин 2014-жылдын

2.      15-декабрындагы № 6 токтому бекитилсин. Ата-энелерден акча каражатын жыйноо жана аны банкка төгүү жагы ата-энелер комитетине жүктөлсүн.

3.      С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын башчысы А.Айдаровага балдар бакчага керектелүүчү азык-түлүк каражаттарын тандоодо жана

4.      норма менен өз убагында берилишине жооп берүү жагы милдеттендирилсин.

5.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Көчкөновго тапшырылсын.

 

 

 

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

 Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын жалпы ата –энелер чогулушунун

 

                                                                                                                         № 6 токтому

 

12.2014-жыл Кожо-Арык айылы

 

Жыйынга катышканы : 68 адам

Каралуучу маселе:

 

1.      С.Эргешов атындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөөлөрү жөнүндө.

Угулду: Балдар бакчасынын ата-энелер комитети М.Шамшиева тарбияланып жаткан балдарга күнүмдүк тамак-ашын каржылоо

үчүн буга чейин төлөнүп жүргөн 300 (үч жүз) сом акча каражаты азык түлүктүн баасынын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу

жетишпегендиктен, ата-энелердин төлөмдөрүн жогорулатып берүү керек экендиги жөнүндө сунуш менен ата энелерге кайрылды.

Чыгып сүйлөгөндөр:

1.      Жунусова Санабар –ата-зне:

-Урматтуу ата-энелер! Мен өткөн жылда ата –энелер комитети болуп

 иштедим. Сиздерберген 100 сомго нан менен камсыз кылып турдум

 өзүнүздөр көрүп тургандай бакчага ашкана курулуп бүткөнү калды.

 Жетекчинин аракети менен ашканага мебелдер келип жакшы шарттар

 түзүлөт.

 Биз,ата-энелер,балдардын взносун 500 сомго көтөрсөк,эртен менен

 чайдын ордуна күрүчтөн,макарондон,гречкадан каша бышырып берсенер

2.      Эминова Давлет- ата-эне:

-Мен балдар бакчасында иштеп жаткан кызматкерлегре чон ыраазычылык билдирем. Тамак-ашты бышырып берген ашпоздун

тамагы эн жакшы.Ушундан жазбай иштей бериниздер.

Балдарга 3 маал ыссык тамак берсениздер, ата-энелер 500 сомду колдойбуз, бөлүп келсе 1 айга 21-22 сомдон гана туура келет.

3 маал тамакка бул сумма да аздык кылат. Айыл өкмөттөн да 5-6 сом кошуп берүүсүн сурансаныздар.

3.      Жаркынбаев Сагын- ата-эне:

-Мен жогорудагы 500 сомдук взноско макулмун. Өзүнүздөргө маалым болгондой конушу турган Караванда 1 күнгө 1 балага

40 сом, 1 айга- 880 сомдон туура келет. Бул акчаны алар өткөн жылда эсептеп чыгып төлөй башташкан. Өзүбүздүн

эле Көк-Жар айыл өкмөтүндө дп 500 сомдон төлөнөт. Мен ата-энелерди ынтымакчылыкка,биримдикке чакырам. Взносту өз убагында

ар бир айдын 5-чыслосуна чейин беришиниздерди сунуштайм.

4.      Айтылган сунуштарды ата-энелерден:Самиева Каныгүл, Мадиярова Гүлжан, Абдуллаева Рахат,Каратаева Апиза колдоп

макулдуктарын билдиришти.

 

 Жогорудагы маселени угуп,талкуулап жалпы ата-энелер чогулушу

 

                                                                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      С.Эргешов атындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарды тамак-аш үчүн ар бир балага ата-энелерден 500 сом өлчөмүндө взнос алынсын

2.      Ай сайын төлөнүүчү 500 сомдон төлөнүүчү взносту ар бир айдын 5-числосуна чейин тарбиячыларга алып келип берүү ата –энелерге милдеттендирилсин.

3.      Токтомду бекитип берүү жагы Т.кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык Кенешинен суралсын.

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын ата-энелер комитетине тапшырылсын

 

 

 

С.Эргешов атындагы балдар

бакчасынын ата-энелер комитети М.Шамшиева

 

 

 

 Т . Кулатов айылдык Кенешинин V чакырылышынын

                                                                                  XX чы кезексиз сессиясынын

 

                                                                             Т О К Т О М У № XX-1

 

Кызыл-Булак айылы 03-февраль 2015-ж.

 

                                                                    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын

     1-январына калган калдык боюнча акча каражатын

     бөлүштүрүү жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин 2015-жылдын 1-январына

карата калган калдык боюнча маалыматын угуп , талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Т.Кулатов айылдык

Кенешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы» тарабынан каралган протоколдун

негизинде депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

                                   Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинде калган калдыгы № 1 тиркемеге

ылайык каржылоолор жүргүзүлүүчү 7722,8 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана

ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчисине тапшырылсын.

 

 

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенештин төрагасы: А.Ажибаев.

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин

 ( V чакырылышынын ) кезексиз XX сессиясынын № XX-1 токтомуна № 1 тиркеме

 

 

 

 

 

 

Төрөбай Кулатов атындагы айыл окмотунун 2015-жылдын 1 январына карата калдыгынын чыгаша болугу боюнча маалымат

 

 

 

 

 

 

 

Жергиликтүү бюджет

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чыгашалардын жыйынтыгы

7722,8

 

Жалпы максатагы мамлекеттик кызмат корсотуулор

432,5

 

Айыл чарбасы

5040,3

 

Комуналдык чарба

250,0

 

Билим беруу

2000,0

 

 

 

 

 

 

 Айылдык Кенештин жооптуу катчысы: А.Жээнбаева

 

 

 

 

 

 

 Т . Кулатов айылдык Кенешинин V чакырылышынын

                                                                                              XX чы кезексиз сессиясынын

Т О К Т О М У № XX-2

 

Кызыл-Булак айылы 03-февраль 2015-ж.                                                      Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ

          «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын 2015-жылга

 карата элден жыйноочу салыктын тарифин бекитүү жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчисинин 2014-жылда аткарган иштеринин

отчетун жана 2015-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчисинин 2014-жылда аткарган иштеринин

отчету алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.

  1.  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.

 А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 10 (он) сомдон төлөө тарифи бекитилсин.

 Б-жеке түтүкчөлөрү бар үй ээлерине айына 200 (эки жүз) сомдон баа бекитилсин.

 В-мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 менен эсептеп түзүлгөн

 калькуляцияга ылайык төлөө белгиленсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо

боюнча туруктуу комиссиясына» жана А.Ажибаевке милдеттендирилсин.

 

 Т.Кулатов айылдык

 Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

«Абшыр Таза суу» ИСКАКБнын 2015-жылга карата суу керектөөчүлөргө болжолдуу бюджети:

Негизги маалыматтар:

1)      Суу системасынын жалпы долбоордук баасы 16992500 сом.

2)      Калктын саны – 9000 адам.

3)      /йүндө колонкасы бар кожолук саны 230 кожолук, же болбосо 1150 адам.

4)      Көчөдөн суу ичкендер 7850 адам, 1570 кожолук.

Норма:

ü  Көчөдөн суу ичкендер үчүн 40 литр 1 күнгө;

ü  Короодон суу ичкендер үчүн 70 литр 1 күнгө.

Бир жылда керектелүүчү суунун көлөмү:

1)      Көчөдөн суу ичкендер 7850х40=314000х365күнгө=114610000:1000=114610м3.

2)      Короодон суу ичкендер 1150х70=80500х365күнгө=29382500:1000=29382,5м3.

3)      Мектеп, детсад

3190адам х 2 литр х 270күн = 1722600:1000=1722,6м3.

4)      Больница, ФАП

1725м2 х 0,5 литр = 862,5 х 300 = 258750:1000 = 258,7м3.

 

Бир жылга эсептелген суунун көлөмү

114610,0 + 29382,5 + 1722,6 + 258,7 = 145978,3м3.

 

 

 «Бекитемин»

 «Абшыр Таза суу»

 ИСКАКБнын аткаруучу

 директору:                Ш. Ахмедов

 

Ош облусунун Ноокат районунун

Т. Кулатов атындагы айыл аймагынын калкына

берилүүчү ичимдик таза суунун өздүк наркын

эсептөө калькуляциясы

 

№ к.н.

Чыгымдардын аталышы

Өлчөө бирдиги

Суммасы

Эскертүү

1.       

Сатылуучу суунун көлөмү

м3

145978,3

 

2.       

Эмгек акы фонду

Сом

362268

 

3.       

Соц.фонд 17,25%

Сом

62491

 

4.       

СЭС кызматы

Сом

5100

 

5.       

Хлор материал чыгымы

Сом

130000

 

6.       

Электроэнергия

Сом

4800

 

7.       

Текущий ремонт 1% баланс баадан

Сом

169925

 

8.       

Транспорт чыгымы

Сом

91250

 

9.       

Амортизация 0,5% баланс баадан

Сом

84963

 

10.   

Сапардык чыгым

Сом

13000

 

11.   

Ар түрдүү чыгымдар (эмгек акынын 10%)

Сом

36226

 

12.   

Резервдик фондко 0,5% баланстык баадан

Сом

84963

 

13.   

Налог с продаж 3%

Сом

31439

 

 Жалпысы:

Сом

1076425

 

14.   

5%тик кайтарым

Сом

247000

 

15.   

5%тик кайтарым водовод

Сом

237000

 

 

3 – суу 7,38 х 0,5 = 0,37

7,38 + 0,37 = 7,75 сом.

 

 

 

 

 

 

  1. Эмгек акы төлөө фонду

Кызматы

Штат бирдиги

Бир айга эмгек акы

Бир жылга эмгек акы

Соц.фонд 17,25%

Эскерт.

1.       

Аткаруучу директор

1

5000

60000

10350

 

2.       

Бухгалтер

1

4000

48000

8280

 

3.       

Слесарь сантехник

2

3000х2=6000

72000

12420

 

4.       

Кароол

2

2000х2=4000

48000

8280

 

5.       

Контролер

3

2000х3=6000

72000

12420

 

6.       

 

7

Доп. опл. 5189

62268

10741

 

Жалпысы:

 

25000

300000+62268

51750

10741

 

 

  1. Эмгек акы фонду - 362268 сом.
  2. Соц. Фонд 17,25% - 62491 сом.
  3. СЭС кызматы келишимдин негизинде 5100 сом.
  4. Материалдык чыгымдар – 130 000.

Реагент хлор сатып алууга.

137630м3 х 2грамм=275,2 кг хлор х 150сом= 41280сом х 2 жолу = 82560 сом.

Суу кампаларын жууш үчүн хлор менен бир жылда 2 жолу.

316,2 х 150 = 47430 сом

6.        Электроэнергия - 4800 сом

2 кароолкана 400 х 12 айга = 4800 сом

7.        Кезектеги ремонт үчүн 1% сметалык баадан - 169925 сом

а) автокран кызматы 7000 сом кварталга х 4 = 28000 сом

б) Эксковатор кызматы 20000 сом кварталга х 4 = 80000 сом

в) Винтил, задвижкаларды алмаштыруу д-  100, 150, 200, 300

1 кварталга 15000 х 4 = 60000 сом

г) Электрод алуу үчүн 641 х 3 = 1923 сом

8. Транспорт чыгымдары – 91250 сом

            а) ички сеттерди контролдоп айланып чыгуу үчүн бензинге

            АИ-93 1825 х 50 = 91250 сом.        Ар бир күнгө – 5,25 литрден

9. Пландаштырылбаган чыгымдар (жалпы долбоордун сметалык баасынан 0,5%) = 84963 сом

            а) труба полиэтиленден Д-100, 150 мм.

            200м х 300 = 60000 сом

            б) труба асбест Д-100мм      10 даана х 1750 = 17500 сом

            в) хомут асбест Д-100          14 х 350 = 4900 сом

            г) сальник резиновый Д-100          28 даана х 91,53 = 2563 сом

10. Сапардык чыгымдар – 13000 сом

            а) Абшыр Таза суу – Ноокат, Ноокат – Абшыр Таза суу бир айда 3 жолу (налог, соц.фонд, стат жана банк 2 киши 2 х 150 х 3 = 900 х 12 = 10800).

            б) Абшыр Таза суу – Ош, Ош - Абшыр Таза суу кварталда 2 киши х 550 х 4 = 2200 сом.

11. Ар түрдүү чыгымдар.

            (эмгек акыдан 10%) алынат 36226 сом.

            а) канцелярдык товарлар үчүн – 10000 сом

            б) чарбалык товарлар үчүн – 19000 сом

в) банк кызматы, компьютер жана ксерокопия кызматтары үчүн = 7226 сом

12. Резервдик фондко (жалпы долбоордун сметалык баасынан 0,5%) 84963 сом

13. Налог с продаж 3% - 31439 сом

            Жалпысы - 1076425 сом.

14. 5% тик кайтарым 2 этабы – 286125 сом

            5% тик кайтарым водовод – 237000 сом

Жалпы чыгым: - 1599550 сом.

 

 

 

 

 

 

Атаандыштыктын жөнгө салуу     Макулдашылды

боюнча башкармалыгынын Ош, Т. Кулатова атындагы

Баткен , Жалалабад областарынын           айылдык Кенешинин жетекчиси ___________________ төрагасы А. Ажибаев _________ «___» __________ 2015 ж. «___» __________ 2015 ж.

 

БААЛАРДЫН ПРЕЙСКУРАНТЫ

Таза сууга ИСКАКБ

«Абшыр Таза суу» 2015 жыл

Кызматтын түрү

Өлчөм бирдиги

Баасы

1.

Таза суунун баасы

м3

10 сом

2.

Таза сууга киргизүү үчүн инженердик пландоо шарттарын түзүү үчүн тарифтик баасы

даана

3000 сом

 

«Абшыр Таза суу»: ИСКАКБнын

аткаруучу директору : _____________ Ш. Ахмедов

 

 

Бухгалтер: _____________ Б.Паязова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  1. «Абшыр Таза Суу» ИСКАКБнын башкаруу органы

 

            Төрагасы: - Айыл өкмөтүнүн орун басары

           

            Мүчөлөрү:

 

·         айыл башчы

·        

7 киши

көчө комитети

·         жамаат башчы

·         активдүү лидерлер

·         депутаттар

 

  1. «Абшыр Таза Суу» ИСКАКБнын аткаруу органы

 

Аткаруучу директор;

Бухгалтер;

Сантехник;

5 киши

Слесарь;

Контролер;

Кароол;

Ж.б.

 

  1. «Абшыр Таза Суу» ИСКАКБнын текшерүү комиссиясы

 

3 киши

Төрагасы: - _____

 

Мүчөлөрү: ______

 

  1. «Абшыр» Таза Суу» ИСКАКБнын талаш-тартыш комиссиясы

 

3 киши

Төрагасы: - _____

 

Мүчөлөрү: ______

 

Урматту жалпы чогулуштун катышуучулары «Абшыр Таза Суу» ИСКАКБсы 2014-жылы жалпысынан төмөнкүдөй жумуштарды аткарды:

1.      Элден топтолгон акча – 470629 сом акча каражатын чогулттук.

2.      Айыл өкмөтү мектептер жана детсаддар үчүн – 137808 сом которуп берди.

3.      Жал айылдык оруканасы – 8738 сом.

4.      М. Кудайбердиев атындагы лицейи – жалпы 10000 сомдун ичинен 4292 сом акча каражатын которуп берди. Калган акча 5708 сом акча каражаты карызда турат.

1.      Эмгек акыга – 148354 сом төлөндү.

2.      Подоходный налог – 12927 сом.

3.      Соц. Фонд 2% - 640 сом. Жана 2017-жылга чейин соц.фонддун 2% төлөмү төлөнүп бүткөн.

4.      Соц. фонд 8% +17,25% - 66849 сом.

5.      Ремонт иштерине жана материал сатып алууга 214616 сом жумшалды.

6.      ГСМ – 62000 сом.

7.      Хлор – 92780 сом.

8.      Налог с продаж 3% - 16589 сом.

9.      Банк кызматына – 1120 сом.

10.  Канцтовар үчүн – 4620 сом.

11.  Сапардык чыгым – 934 сом акча каражаты жумшалды.

2014-жылда жалпы чогулушта жана айылдык Кеңеште бекитилген биздин бюджетибиз 16992500 сом болуп бекитилген. Бирок бул

бекитилген сумма – 1515544 сомду гана түздү.  Биздин бул чогулткан акча каражатыбыз бюджетибиздин араң 41% гана түздү.

            Биз азыркы күндө жалпысынан айыл өкмөтүнүн территорясындагы 9200 адамды камсыз кылып жатабыз. Сууну

камсыздоодо айылдардагы колонкалардан токтобой суллардын агып жаткандыгынын натыйжасында көптөгөн жерлерге суу жетпей жатат.

Ошондуктан бардык колонкаларга винтил коюу зарыл болуп жатат. Бизде азыркы күндө 9 штат бирдиги бар. Эмгек акы аздыгынан

слесар, сантехник, контролер, кассирлерди иштетүү кыйын юолуп жатат. 5% кайтарымдын 286125 сому төлөнбөй жатат 2 –этабынан.

            Ошондой эле водовод 1-этабы – 237000 сом төлөнбөй турат. Биздин ИСКАКБ 2010-жылкы №59 токтомдун негизинде

Кыргыз Республикасынын токтому менен Т. Кулатов айыл округунун балансына өткөрүлүп берилген. Ал токтомдо ИСКАКБнын

ремонт иштери үчүн өкмөттүн бюджетинен 247000 акча каражаты бөлүнүп берилсин деген пункту азыркы күнгө чейин

аткарылбай келет. Бизден өтүнүч ушу сыяктуу иштерге көңүл буруп карап койсоңуздар.

 

 

                                                           Т . Кулатов айылдык Кенешинин V чакырылышынын

                                                                                  XX чы кезексиз сессиясынын

 

Т О К Т О М У № XX-3

 

Кызыл-Булак айылы 03-февраль 2015-ж.                                   Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт

       пайдалануучулар бирикмесинин 2014--жылда

      аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовдун 2014-жылда

аткарган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовдун 2014-жылда аткарган иштери боюнч

а жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.

 

  1.  Мал багуу үчүн жайлоого чыккан ар бир түтүнгө отун акы 1000 (бир мин) сом, ар бир баш кара мал үчүн жайыт акысы

119 (бир жүз токсон тогуз) сом, бир баш жылкыга 200 (эки жүз) сом, бир баш койго 30 (отуз) сом, жакынкы жайытка чыккан

ар бир баш эчкиге 30 (отуз ) сом, алыскы жайытка чыккан ар бир баш эчкиге 45 (кырк беш) сом, коңушу айыл өкмөттөрүнөн келген

кара малга 500 (беш жүз) сом, ал эми кой, эчкилерге 100 (жүз) сомдон тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.

 

 

  1. Ортонку жайыттардан эгин айдоо жана чөп чабуу үчүн тосуп алган ар бир сотых жер үчүн 150 (бир жүз элүү) сом, жакынкы

 жайыт жерлеринен:-кайрак суу чыкпаган жайыт жерлеринен ынгайсыз деп өздөштүрүлгөн жерге ар бир сотых жерге 30 (отуз) сомдон,

суу чыккан өздөштүрүлгөн жайыт жерлери үчүн ар бир сотых жер аянтына 40 (кырк) сомдон акча өндүрүү белгиленсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча жана

 «айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо» боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл

 өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровко жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов айылдык

 Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кулатов жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынынын

№ 1 ПРОТОКОЛУ

Кызыл-Булак айылы                                                                  21-январь, 2015-жыл.

            Жыйынга катышкандардын саны: 52 киши.

Жайыт призидиуму. НРАӨБ нын башчысы - М.Турдуев, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы-Н.Мадимаров, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин төрагасы – А.Ажибаев, Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар ассосоциясынын төрагасы – Т.Жолдошов, Көк-Жар ЖПБ нин төрагасы А.Карабаев.

Күн тартибиндеги маселелер:

  1. Т.Кулатов жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2014-жылга карата аткарган иши боюнча жылдык отчету.
  2. Т.Кулатов жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Ревизиялык комиссиясынын 2014-жылга карата аткарган иши боюнча жылдык отчету.
  3. Т.Кулатов жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2015-жылга карата аткарылуучу иши боюнча божомол БЮДЖЕТИ.
  4. Т.Кулатов жайыт комитетинин курамын кайра шайлоо.
  5. Түрдүү маселелер.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кулатов жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамов доклад жасап, төмөнкүлөргө токтолду: 2014-жылга божомол бюджети 415 726 сомду түзсө, анын аткарылуусу 554 400 сомду түздү. Б.а 133%ке аткарылды. Аткарылган бюджеттин чыгашасы: Жайыт салыгына – 77 470 сом, 3% сатуудан түшкөн салык - 12 000 сом, соц.фонд – 23 000 сом, транспорттук чыгым – 42 300 сом, эмгек акыга – 75 000 сом, түрдүү чыгымдар – 2830 сом, жайыт инфраструктурасына – 317 000 сомду түздү. Инфраструктурага жумшалган акча каражатына токтолсок. /ч-Терек жолуна Ветеринардык жайыт посту курулду ага 141000 сом .Ошол эле участкага Көк-Кыядан түшкөн жолдогу дарыяга көпүрө орнотуу 72000 сом.Абшырсай участкасында Кара-Дөбө жайытына чыгуу жолго көпүрө курулуп ага 97000 сом.Табигий жайыттарындагы чөп чабылчу Сасык булак,Көк-Жалаң жайыттарынын жолун ремонтоого 9000 сом.Кайрыгач көчөтүн орнотууга 7000 сом. Бадам уругун сатып алууга 8000күнгөй жайытын кароо үчүн кароого 6000 сом акча сарпталды.

Экинчи маселе боюнча РЕВ ком жардамчысы Эралиев Келдибек сөзгө чыгып 2014-жылдагы аткарылган иштерди 100% бүткөрүлгөндө көзөмөл жүргүзүлүп, кароосуз калган жайыттар 2-3 жылдан бери чоң-чоң өзгөрүүгө учурай баштап, көпүрөлөр курулуп, булактар оңдолуп жайыт ээси табылгандыгына басым жасап аткарылган жумуштардын сапаты, чыгымдары канаттандырарлык экендиги белгиленди.

/чүнчү маселе боюнча жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамов отчет берип, төмөнкүлөргө токтолду. 2015-жылга божомол бюджет - 468,530 сомду түзүп- алар негизинен жайыт пайдалануучулардан жайыт акысы үчүн - 433530 сом, жайытты кыйыр пайдануучулардан 35000 сом жыйналары пландаштырылган. Божомол бюджеттен чыгаша бөлүгү болсо жайыт налогу 77470 эмгек акы 138000 сом транспорттук чыгымга 40,000 сом, сапар чыгымына 10,000 сом. Сатуудан түшкөн 3% салыкка 13,636 сом.

Инфраструктурага 155000 сом жана түрдүү чыгымдарга 10619 сом каралгандыгы белгиленди.

Төртүнчү маселе боюнча Ж.К төрагасы К.Рустамов билдирүү жасап – айыл айылда жыйын өткөрүлгөндө айылдарда өкүл шайлангандыгын (тиркеме тиркелет) ошол тизмени колдоп берүүнү өтүндү. Жарым сөзгө Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров чыгып, биринчиден ветеринардык жайыт постун куруу өзүнүн натыйжасын көрсөткөндүгүн, инспекторлордун санын көбөйтүү боюнча жана жайыт комитети менен тыгыз байланышта иш алып барары жөнүндө сөз сүйлөдү.

 Бешинчи маселе боюнча сөз алгандар: Исаков Абдивали, Сарыбай айылында малга жайыт жетишпестигин башка жактан жайыт берүүнү билдирди. Камчиев Аким жакынкы жайыттар аябай такырлангандыгы, аларды коргоо керектиги, алыскы жайытка малды тегиз айдоону уюштурууну сунуштады. Исраилов Бегали, өзүбүздө жайыт жетишпей жаткан башка жактан келип жаткандыгы жөнүндө сөз сүйлөдү. Турдуев Мухамед ветеринардык жайыт постунун натыйжалуулугуна токтолуу менен ал жерге малды убактылуу кармоого жайдын жылуулугуна жана пункутка жакын жерге купка куруу зарылдыгын айтты. Андай кийин Эралиев Келдибек, Базарбаев Нурали, Нарматов Жанибек, Алайчиев Мурзали, Балтабаевдер да сөзгө чыгып өздөрүнүн сөзүндө, былтыр эгилген эспорцет себүү жөнүндө, Доңуз Булагын куруу жөнүндө, Багланда мал айдоого жол жоктугун, жайыттарды жакшыртуу ал жерге эспорцет уругун жана башка урук себүүнү уюштурууга, башка жактан алып келинген малдарга контролду күчөтүү керектигин, штрафтар аз экенин, башка жактан келгендер акы төлөп коюп биздин жайытка келе берип жаткандагына токтолду.

Жогорудагы суроо жооп, талап сунуштар талкууланып жалпы жыйын

 

Токтом кылат:

 

  1. ЖПБнын жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамов 2014-жылга бекитилген бюджети аткарылышы боюнча жүргүзгөн иши канаттандырарлык деп табылды.
  2. ЖПБнын 2015-жылга иштетип чыккан божомол бюджети кабыл алынсын.
  3. ЖПБнын текшерүү комиссиясынын төрагасы К.Эралиевдин доклады жаптырылсын жана аткарган иштери канаттандыралык деп табылсын.
  4. Т.Кулатовдо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жаңыртылган 2015-жылдын 13-кишиден турган курамы жана текшерүү комиссиясынын 3 кишиден турган курамы бекитилсин.

 

 

Кулатов жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынынын төрагасы:                 Н.Мадимаров

Кулатов жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынынын катчы: И.Сабиров

 

 

 

 Т . Кулатов айылдык Кенешинин V чакырылышынын

 XX чы кезексиз сессиясынын

 

Т О К Т О М У № XX-4

 

Кызыл-Булак айылы 03-февраль 2015-ж.

 

«Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын 2014-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2015-жылга иш мерчемин бекитип берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Боркош уулу Дамирбектин 2014 жылда аткарган иштеринин отчетун жана 2015-жылга аткара турган иш мерчемин угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын 2014-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин.
  2.  2015-жылда аткара турган иш-мерчеми бекитилсин.
  3.  Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын калкынын таштанды салыгы ар бир кожолукка 30 (отуз) сомдон бекитилсин.
  4.  Салыктан түшкөн акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы Боркош уулу Дамирбекке милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.

 

 

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 « Макулдашылды» « Бекитемин» Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы. Т. Кулатов айылдык кенешинин ____________________Мадимаров Н. төрөгасы _______________Ажибаев А.

 «___»_____________2015- ж «___»____________2015-ж

 

 Калькуляция Газ 53 автоуунасынын таштанды ташуу учун аткарган жумушу.

 Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн

  1. Эмгек акы эки жумушчуга 14000 сом
  2. Айдочунун эмгек акысы 7000сом
  3.  Соц.фонд төлөмү (17,25%)-3622 сом
  4. Күйүчү май 15л х 1рейс=15л х 42 сом=630 х 24 р.д 15120 сом
  5.  Кыймылдаткыч майы 4лүм-ц х 100=400 сом
  6. Амартизатциялык чыгым -2560 сом
  7. Административдик чыгым-4540 сом
  8. Ондоп түзөө иштерине кеткен чыгым-3456 сом
  9. Күрөк 2 даана х200 сом = 400сом
  10. Жумушчу кийимге кеткен чыгым-800 сом
  11. Бешилик 2 даана х 100 сом =200 сом
  12.  Кол кап 4 даана х15 с = 60 сом
  13. Дөнгөлөк -4000 сом

Артүрдүү чыгымдар 10 %- 5615сом Бардык чыгымдар: 61773сом Зяндуулук төлөмү 1,43% - 883 сом Кызмат көрсөтүү боюнча салык 3% -1853сом Бардыгы: 64509 Автоуунанын жүк көтөрүмдүүлүгү3 тн. Бардык айылдар учун ташылган каттам 24 х 3 тн = 72 тн Орто тариф 64509 64509 /72=896 сомүтн Бир каттамдын баасы 896 сом х 3 тн. 2688 сом. Муниципалдык мекемелер жана жеке кожолуктар үчүн бир рейске коюлган нарк 2688 сом.

 

 

 Аткаруучу: Боркош уулу Д.

 

 

 Т . Кулатов айылдык Кенешинин V чакырылышынын

 XX чы кезексиз сессиясынын

 

Т О К Т О М У № XX-5

 

Кызыл-Булак айылы 03-февраль 2015-ж.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларына толуктооло өзгөртүүлөр жана 2015-жылга иш-мерчемин бекитүү жөнүндө

           

            Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин V чи чакырылышындагы 5 топтон турган туруктуу комиссияларга толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2015-жылга карата аткарыла турган иш-мерчемдерин угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.      Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин 5 топтон турган туруктуу комиссияларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2.      Айылдык Кенештин туруктуу комиссияларынын 2015-жылга карата түзүлгөн иш-мерчемдери бекитилсин.

 

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин төрагасы А.Ажибаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

 Кенештин төрагасы:                                 А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин № 20-5 токтомуна 1 тиркеме

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин V чи чакырылышындагы

 туруктуу комиссияларынын курамы

 

  1. Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясынын курамы

 -Нарматов Илияз

 - Рустамов Кенеш

 - Алайчиев Мурзали

 

 

  1. Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясынын курамы.

 -Нарматов Жээнбек

 -Рахманкулов Заманбек

 -Топчубаев Базарбек

 -Мурзаев Мухаммед

 -Каратаев Абдилла

 3. Социалдык, маданий билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар

 жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын курамы.

 -Шамшиева Майрам

 - Жолдошова Сайипжамал

 - Базарбаев Нурали

 - Замир

 4. Айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо

 боюнча комиссиянын курамы.

-          Разаков Маматусман

-          Ахмедов Шайдулла

-          Жунусов Райимжан

-          Боркош уулу Дамир

 5.Транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча

 комиссиясынын курамы.

-          Абдырахманов Таш

-          Авазов Муратали

-          Омурзаков Кубат

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенештин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Т. Кулатов атындагы айылдык кенешинин 2015-жылга карата түзүлгөн иш мерчеми.

Аткарылуучу иштер

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу аткаруучулар

1.

 Т. Кулатов айылдык өкуругунун 2014-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн мыйзамдуу аткарылышын карап, тактап анан жыйынтыгын сессияга алып чыгуу, кабыл алуу

1 квартал

Туруктуу комиссия

2.

Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзүлгөн бюдетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн проектисин талкуулап анализдөө жана иликтөө, сессияга алып чыгуу, кабыл алуу

1 квартал

Туруктуу комиссия

3.

Кошумча киреше булактарынын жолдорун издеп табуу

Ар дайым

Туруктуу комиссия

4.

Индикативдик пландарды түзүүдө бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн ички резервтерин толук эсептөөгө жетишүү

1 квартол

Туруктуу комиссия

5.

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык жактан өнүгүүсү тууралуу инвестицияларды тартуунун жолдорун күчөтүү.

Ар дайым

Туруктуу комиссия

6.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата кабыл алынган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө

Ар дайым

Туруктуу комиссия

7.

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдын отчетун угуу 2015-жылга карата пайдаланылган жайыт акыларына болгон бааны бекитип берүү

Май

Туруктуу комиссия

8.

Токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу, тез жетилүүсү дарактарды эгүү тапшырмаларын аткаруу үчүн иш-чараларын түзүү жана аны аткарууну көзөмөлдөө

Ар дайым 4-5 айлары апрель

Ж.П.Б. Ветеринар туруктуу комиссия

9.

Элди таза суу менен жана суугат суу менен камсыз кылууда ИСКАКБ жана СПАнын жетекчилеринин аткарып жаткан иштеринин отчетун угуу жана алардын сууга болгон төлөмдөрүн бекитип берүү.

Январь, Февраль айлары Янва таза суу Февраль сугат суу

СПА, ИСКАКБнын жетекчилери

 

 

10

Т.Кулатов атындагы айыл аймагы боюнча көрктөндүрүү иштерин уюштурууну көзөмөлдөө

1-2 квартал

Айыл өкмөтү айыл башчылар

11.

2015-жылдын жазгы күзгү кылкандуу дан эгиндерин эгүүнү уюштуруу жана көзөмөлгө алуу

Март, август, сентябрь

Айылдык өкмөтү, дыйкан чарбалар

12.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө жарандарга жер участка берүүдө жана айыл өкмөтүнүн жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө, айыл өкмөтүндө түзүлгөн жер комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте мыйзам чегинде иш алып барууну көзөмөлдөө

Ар дайым

Туруктуу комиссия, жер комиссиясы ,айыл өкмөтү.

13.

«Нооруз» майрамына карата бардык айылдарда «Сүмөлөк» уюштуруп, түрдүү оюн зоокторду өткөрүү

Март айында

Туруктуу комиссия, Айыл өкмөтүү, Аялдар кенеши, Айыл башчылар

14.

Айыл аймагынын калкын медициналык жактан тейлөөдө №16 /БДТнун, станционардык бөлүмдөрдүн (терапия, төрөт бөлүмү) жана айылдардагы ФАП тардын жүргүзүп жаткан иштери ооруканаларга келген мамлекет тарабынан бөлүнгөн жана гуманитардык жардамга келген дары дармектердин бейтаптарга берилишин көзөмөлдөө (боюнда бар аялдарга,5 жашка чейинки балдарга ВОВ, ДРА катышуучуларына, пенсионерлерге майыптарга)

Ар дайым

Туруктуу комиссия, ГСВ-16, станционар, ВАПтар

15.

Социалдык маселелер боюнча жакыр кожолуктарга, тоголок жана жарым жетимдерге,кароосуз калган карыкартандарга, майыптарга ар тараптан колдоо көрсөтүү

Ар дайым

Айылөкмөтү, демөөрчүлөр, айыл башчылар, айылдык кенештин депутаттары

16.

2015-2016-жаны окуу жылынын 1-сентеябрь күнүнө билим күнүнө карата мектептердин, бала бакчалардын даярдыгын

Август,сентябрь

Айыл өкмөтү, мектеп директорлору туруктуу комиссия

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Экономика, Бюджет сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылга карата түзүлгөн иш планы.

 

 

 

 Аткарылуучу иштер

 

 Аткаруу мөөнөтү

 

 

Жооптуу аткаруучулар

 

1.

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн мыйзамдуу аткарылышын карап, тактап анын жыйынтыгын сессияга алып чыгуу, кабыл алуу

 

1 квартал

Туруктуу комиссия

2.

Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн проектисин талкуулап анализдөө жана иликтөө, сессияга алып чыгуу, кабыл алуу

 

1 квартал

Туруктуу комиссия

3.

Кошумча киреше булактарынын жолдорун издеп табуу

Ар дайым

Туруктуу комиссия

4.

Индикативдик пландарды түзүүдө бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн ички резервдерин толук эсептөөгө жетиштүү

1 квартал

Туруктуу комиссия

5.

Т.Кулатов айылдык округунун социялдык- экономикалык жактан өнүгүүсү тууралуу инвестицияларды тартуунун жолдорун күчөтүү

 

Ар дайым

Туруктуу комиссия

6.

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата кабыл алынган бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөө

 

Ар дайым

Туруктуу комиссия

7.

Туруктуу комиссиянын 2015-жылда аткаган иштери тууралуу маалымат берүү

 

4 квартал

А. Муратов

 

Экономика, бюджет сода жана ишкердүүлүк

 боюнча туруктуу комиссия төрагасы: Ж. Нарматов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Социалдык, маданий, билим берүү, спорт, миграйия, туризим, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын 2015-жылга түзүлгөн иш планы.

 Аткаруучу иштер

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

1.

«Нооруз» майрамына карата бардык айылдарда «Сүмөлөк» уюштуруп, түрдүү оюн зоокторду өткөрүү.

Март айында

Айыл өкмөтү,

Айыл кенеши,

Аялдар кенеши Айыл башчы,Айылдык кенештин депутаттарды.

2.

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калкты медициналдык жактан тейлөөдө №16 УБДТнун, стационардык бөлүмдөрдүн (терапия, төрөт бөлүмү) жана айылдардагы ФАПтардын жүргүзүп жаткан иштери ооруканаларга келген мамлекет тарабынан жана гуманитардык жардамга келген дары-дармектердин бейтаптарга берилишин көзөмөлдөө (боюнда бар аялдарга, 5 жашка чейинки балдарга ВОВ, ДРА катышуучуларына, пенсионерлерге, майыптарга)

Ар дайым

Туруктуу комиссия, ГСВ-16, Стационар, ФАПтар.

3.

Социалдык маселелер боюнча жакыр кожолуктарга, тоголок жана жарым жетимдерге, кароосуз калган кары-картандарга ар тарапкан колдоо көрсөтүү.

Ар дайым

Айыл өкмөтү, Демөөрчүлөр, Айыл башчылар, Айыл кенештин депутаттары

4.

2015-2016-жаны окуу жылынын 1-сентябрь билим күнүнө карата мектептердин бала бакчалардын даярдыгын көзөмөлдөө.

Август Сентябрь

Туруктуу комиссия Айыл өкмөтү, Мектеп директорлору, Бала башчылардын башчылары

5.

Майрам күндөрүнө карата спорттук милдеттерди өткөрүү

Өз учурунда

Жаштар комитетти демөөрчүлөр Айыл кенештин депутаттары

6.

2015-жыл ичинде туруктуу комиссиянын аткарган иштери тууралуу маалымат берүү

Декабрь, 4 квартал

Туруктуу комиссиянын

 

 Социалдык, маданий , билим берүү, спорт, миграция, туризим, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча

комиссиянын төрайымы: М. Шамшиева.

 

 

 

 

 

 

Айыл чара, жерге жайгаштыруу, экология жаратылышты коргоо боюнча комиссияны 2015-жылга карата түзүлгөн иш планы.

 

Аткарылуучу иштер

Аткаруу мөөнөтү

Аткарылуучулар

1.

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдын отчетун угуу 2015-жылга карата пайдаланылган жайыт акыларына,болгон бааны бекитип берүү.

 

 

Туруктуу комиссия

2.

Токой экономикасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт кою, тез жетилүүсү дарактарды эгүү тапшырмаларын аткаруу үчүн иш-чараларын түзүү жана аны аткаруу көзөмөлдөө

 

Ар дайым 5-6 айлары

Ж.П.Б.Ветеринар Туруктуу комиссия

3.

Элди таза суу менен жана суугат суу менен камсыз кылууда ИСКАКБ жана СПАнын жетекчилеринин отчетун угуу, жана алардын сууга болгон төлөмдөрүн бекитип берүү

 

Январь, Февраль ар дайым

СПА, ИСКАКБ нын жетекчилери

4.

Т.Кулатов айылдык аймагы боюнча жашылдандыруу иштерин уюштуруу иштерин уюштуруу.

 

1-2 квартал

Айыл аймагынын, айыл башчы

5.

2013-жылдын жазгы күзгү кылкандуу дан эгиндерин уюштуруу жана көзөмөлго алуу

Март, август, сентябрь

Айыл өкмөтү, дыйкан чарбалар

6.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө жарандарга жер участка берүүдө жана айыл өкмөтүнүн жерди кайра болүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө айыл өкмөтүндө түзүлгөн жер комиссиясынын мүчөлөрүү менен биргеликте мыйзам чегинде иш алып барууну көзөмөлдөө.

Ар дайым

Туруктуу комиссия, жер комиссиясы, айыл өкмөтү

7.

Туруктуу комиссиянын жылдык отчету.

декабрь

Туруктуу комиссиянын төрагасы

 

 

 

Айыл чара, жерге жайгаштыруу, экология

жаратылышты коргоо боюнча

комиссияныын төрагасы: О. Разаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мыйзамдуулук, мандат. Укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиянын 2015-жылга карата түзүлгөн иш планы.

Аткарылуучу иштер

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

1.

Т. Кулатов айылдык кенешинин депутаттарынын этиканы сактоодо кенештин сессияларына өз учурунда активдүү катышуусун көзөмөлдөө.

Ар дайым

Туруктуу комиссия

2.

Т.Кулатов паспорт стол бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери, паспорт берүүнүн тартиби жана эрежелери менен таанышуу.

1 квартал

Туруктуу комиссия

3.

Диний экстремизмге карышы күрөшүү мектеп рекетинин алдын алуу боюнча калк арасында жана мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Ар дайым

ИДН кызматкери айылдык кенештин депутаттары, имамдар ПОМдук тиешелүү кызматкерлери мектеп мугалимдери

4.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы, бардык мекемелеринде (/йлөнүү той, кыз узатуу, сүннот той маркумду акыркы сапарга узатууда) ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө, ыксыз чыгымдарга чек коюууда, айыл башчылар, аылдар кенеши, айылдын кадыр барктуу атуулдары, мечиттин имамдары, ПОМдун участкалык кызматкерлери , жаштар комитеттери, жер жерлердеги айылдык кенештин депутаттары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Ар дайым

Мектеп мугалимдери Айыл өкмөтү, Айылдык кенеши, Имамдар ПОМ кызматкерлери, Жаштар комитети, Аялдар кенеши.

5.

Уурулуктун алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Ар дайым

УИМ кызматкери, Туруктуу комиссия, Аксакалдар соту, Айыл башчы, Айыл кенеш,Аялдар кенеши

6.

Аткарылган иштер боюнча туруктуу комиссиянын маалыматы

Декабрь

Туруктуу комиссиянын төрагасы.

 

 

 

 

Мыйзамдуулук, мандат. Укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиянын төрагасы: И.Нарматов.

 

 

 

 

 

 

 

 

Транспорт, Курулуш, өнөр-жай, архитектура, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиянын 2015-жылга карата иш планы.

Аткарылуучу жумуштар

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

1.       

Айылдык кеңештин кезектеги сессиясынын 2014-жылга болжолдолгн, аткарылган жана аткарылбай калган өнөр-жай жана курулуш иштери жөнүндө маалымат даярдоо

Январь, февраль

Туруктуу комиссия

2.       

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын ичинде жайгашкан мекеме ишканалар менен болгон 2014-жылдагы келишим, меморандумдардын аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин толуктоо, кошумча киреше булактарын киргизүү боюнча жаңы келишим, меморандумдарды киргизүү

Январь, февраль, март.

Туруктуу комиссия

3.       

Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетин бекитүүдө айыл аймагында 2015-жылда эски жылда бүтпөй калган курулуш обьектилерин киргизүү жана жаңы курула турган капиталдык курулуштарын жана капиталдык кезектеги ремонт болуучу обьектилерди киргизүү боюнча

Январ, март

Туруктуу комиссия

4.       

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын борбордук жолунун асфальт басыла элек 3 км жолун зарыл болгон соц, обьектке кирүүчү жолдорду асфальттоо жана айыл ичиндеги ички көчөлөргө шагал төшөө жөнүндө

Ар дайым

Туруктуу комиссия айыл өкмөтү

5.       

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү жаңы конуштарга 2014-жылдагы орнотулган трансформаторлор жөнүндө маалымат жана 2015-жылда кошумча трансформаторлорду орнотуу үчүн бюджеттен акча каражатын бөлүү

Ар дайым

Туруктуу комиссия жер адиси

6.       

ЖАК «Түштүк Кыргыз Цементинен » түшкөн транспорттук салыкты, подоход налогунан түшкөн акчаны Кызыл-Кыя шаарынын бюджетинен 50.50 га бөлүп алуу

Март

Туруктуу комисиия айыл өкмөтү жер адиси

7.       

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган болжолдуу кирешеден тышкары түшкөн кошумча кирешенин эсебин кошумча жаңы капиталдык курулуштарды, ремонт иштерин жүргүзүү үчүн тендерлерди өткөрүү

Сентябрь, декабрь

Туруктуу комиссия

8.       

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн тургундарынын арыздарын канааттандыруу үчүн айыл өкмөтүн жаңы конуштарга жерди ажыратуу жөнүндө

Ар дайым

Туруктуу комиссия жер адиси

9.       

2015-жылга беитилген өнөр –жай, курулуш, архитектура, транспорт, энергетика кайра иштетүү тармагындагы иштерин аткарылышын көзөмөлдөө

Ар дайым

Туруктуу комиссия

10.   

Туруктуу комиссиянын жылдык отчету

Декабрь

Туруктуу комиссиянын төрагасы

 

 

 

 

Транспорт, Курулуш, өнөр-жай, архитектура, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиянын Транспорт, Курулуш, өнөр-жай, архитектура, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиянын төрагасы: Абдыракманов Т.

 

 

 

 

 

 

Айылчарба жерге жайгаштыруу, экология жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын 2015-жылга карата түзгөн иш план

 

Аткарылуучу жумуштар

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

  1.  

 Кызыл-кыя көмүрдөн алынган жерлерди Чек-араны тактоо Кызыл-кыя көмүрдөн алынган жерлерди Чек-араны тактоо

1 квартал

Туруктуу комиссия

2.       

 Мурда ижарага берилген мөөнттүү жерлерди тактап чыгуу

Январь, февраль, март.

Туруктуу комиссия

3.       

 Сырттан келген инвестрлердин берилген жерлерди кайрадан аныктап чыгуу

Январ, февраль, март

Туруктуу комиссия

4.       

 Т.Кулатов айылында жашап жаткан мурда жери жок арыз менен кайрылган жаштарга жашоо үчүн тамарка мыйзам түрүндө жерди трасформациядан өткөрүү, берүү

2 квартал

Туруктуу комиссия айыл өкмөтү

5.       

 Т.Кулатов атындагы жашап жаткан жарандардын арзы менен карйылган талаш-тартыш жерлерин мыйзам түрүндө чечип берүү

Ай сайын

Туруктуу комиссия жер адиси

6.       

 Чет өлкөлөрдөн келген инвестрлорго шарттарды көрсөтүп, Т.Кулатов айыл өкмөтүнө киргизүү

Ар дайым

Туруктуу комисиия айыл өкмөтү жер адиси

7.       

 Жайыт жерлерин талапкер адамдарга туура жол менен көрсөтүп берүү

1 квартал

Туруктуу комиссия

8.       

 Курулуш иштерин жер мыйзам түрүндө жер тандап тактап берүү ( детсад,фап жана ушул сыяктуу курулуштарга )

 

Ар дайым

Туруктуу комиссия жер адиси

9.       

 Айылды көрктөндүрүүгө туура жерди пайдалануу

Ар дайым

Туруктуу комиссия

10.   

Т.Кулатов айыл ичинде майда барат ишканаларга жер ажыратып берүү

( Парикмахер, устакана, техникалык устакана, швейный цехтерге өтүк устаканаларга)

Өз учурунда Айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын төрагасы:             Разаков О.

 

 

11.   

Туруктуу комиссиянын жылдык отчету

Декабрь

Туруктуу комиссиянын төрагасы

 

 

 

 

Айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын төрагасы:             Разаков О.

 

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чакырылышынын

 кезексиз XX чы сессиясынын

 

 Т О К Т О М У № XX--6

 

 

Кызыл-Булак айылы             03-февраль 2015-жыл.

 

 Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Уулу - Ата - Мекендик согушутун, Ооган согушунун катышуучуларынын жана биринчи топтогу майыптардын женилдиктерин кароо жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын тургуну, Ооган согушунун катышуучусу Тиллабаев Марасулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

  1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Уулу-Ата-Мекендик согуштун,Ооган согушунун катышуучуларынын жана биринчи топтогу майыптардын женилдиктерин таза-суудан, суугат суудан жана таштанды салыктарынан бошотуу жагы “Абшыр-таза-суу”, “Ходжа” СПАсы жана “Айылкурулуш” муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенештин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чакырылышынын

 кезексиз XX чы сессиясынын

 

 Т О К Т О М У № XX---7

 

 

Кызыл-Булак айылы             03-февраль 2015-жыл.

 

Айылдык Кенештин депутаты Дыкан уулу Мамырдын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутаты Дыкан уулу Мамыралини Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 7 бөлүмүнө, ошондой эле 24 берененин 7 бөлүмдөрүнө таянып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенештин сессиясы

 

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

  1. Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутаты Дыкан уулу Мамыралини 24 берененин 7 бөлүмүндө көрөстүлгөн катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кенештин сессияларына катышпагандыгына байланыштуу, депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 

  1. Бул депутаттын ордуна келүүчү кийинки көп добуш алган депутатты аныктап берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

            Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

 кезектеги XXI сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

26-февраль 2015-жыл. № XXI-1 Кызыл-Булак айылы

 

 

«Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2015-жылга айылдык бюджети жана 2016-2017-жылдарга бюджеттин болжолдуу бекитүү жөнүндө»

 

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылга каралган айылдык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгарылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

  1. 2015-жылга Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 62744,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. 2015-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

 Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2015-жылга түшкөн кирешелердин чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондко чегерүү,тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешелеринин болжолу 2016-жылга 68481,6 мин сомго жана 2017-жылга 78666,6 мин сомго белгиленсин.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

 

  1. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу;

-ушул токтомдун 1 беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

-ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

 

  1. 2015-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кенешке ыйгарылсын.
  2. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максатуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин (V чакырылышы) кезектеги XXI сессиясынын №XXI-1 токтомуна 1 тиркеме

 

 

 

Төрөбай Кулатов атындагы айыл окмотунун 2015-жылга айылдык бюджети

 

 

Кирешелердин аталышы

2015-жылга бек.план

 

Кирише жана активтер

62744,6

 

Салык кирешелери

61342,6

 

Кирешелерге жана пайдага салыктар

5282,6

 

Кирешелер жана пайдага салыктар

2850,0

 

Салык агенти тологон киреше салыгы

2850,0

 

Патенттоо негизиндеги салык

295,0

 

Патенттөө негизинде салыктар

295,0

 

Ыктярдуу негиздеги патенттоо салыгы

295,0

 

Менчикке салык

2137,6

 

Мүлккө салык

506,0

 

Кыймылсыз мүлккө салык

136,0

 

Ишкердик иш аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы

136,0

 

Кыймылдуу мүлк салык

370,0

 

Транспорт каражаттарынан алынуучу салык

370,0

 

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

370,0

 

Жер салык

1631,6

 

Жер салык

1631,6

 

Тамарка короо жайлардан даначылык жер участкаларынан пайдаланылгандыгы үчүн жер салыг

258,0

 

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

552,6

 

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыг

821,0

 

Сатуудан жана акылуу кызмат көрсөтүү үчүн салык

56060,0

 

Сатуудан жана акылуу кызмат көрсөтүү үчүн кызматтардан жалпы салык

56060,0

 

Сатуудан салык

18700,0

 

Роялти

37360,0

 

Атайын каражаттар

340,0

 

Салык эмес кирешелер

1402,0

 

Ижара акы

898,0

 

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

90,0

 

Жердин ижарасы үчүн акы

358,0

 

Калктуу конуштардан жер ижара акысы

128,0

 

Жайыт ижарасы учун акы

230,0

 

Администрациялык жыйымдар жана төлөмдөр

450,0

 

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

400,0

 

Таштандыларды ташып чыгуу жыйымдар

150,0

 

Мамлекеттик пошлина

50,0

 

Мамлекеттик пошлина

50,0

 

Штрафтар, санкциилар , конфискациялар

14,0

 

Административтик штраф

14,0

 

Жалпы кирешелер +трансферттер

62744,6

 

 

Чыгашалардын жыйынтыгы

62744,6

 

Жалпы максатагы мамлекеттик кызмат корсотуулор

6688,0

 

Айыл окмоттун резервдик фонду

600,0

 

Коргонуу

400,0

 

Айыл чарбасы

22543,3

 

Комуналдык чарба

3043,0

 

Маданият

1355,8

 

Билим беруу

27814,5

 

Социалдык коргоо

300,0

 

 

 

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин жоопту катчысы : А.Жээнбаева.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин

 (V чакырылышы) кезектеги XXI сессиясынын №XXI-1 токтомуна 2 тиркеме

Төрөбай Кулатов атындагы айыл окмотунун 2016-жылга айылдык бюджети

Кирешелердин аталышы

2016-жылга болжолу

Кирише жана активтер

68481,6

Салык кирешелери

67079,6

Кирешелерге жана пайдага салыктар

5532,6

Кирешелер жана пайдага салыктар

3100,0

Салык агенти тологон киреше салыгы

3100,0

Патенттоо негизиндеги салык

295,0

Патенттөө негизинде салыктар

295,0

Ыктярдуу негиздеги патенттоо салыгы

295,0

Менчикке салык

2137,6

Мүлккө салык

506,0

Кыймылсыз мүлккө салык

136,0

Ишкердик иш аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы

136,0

Кыймылдуу мүлк салык

370,0

Транспорт каражаттарынан алынуучу салык

370,0

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

370,0

Жер салык

1631,6

Жер салык

1631,6

Тамарка короо жайлардан даначылык жер участкаларынан пайдаланылгандыгы үчүн жер салыг

258,0

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

552,6

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыг

821,0

Сатуудан салык

22100,0

Сатуудан салык

22100,0

 Роальти

39447,0

Атайын каражаттар

340,0

Салык эмес кирешелер

1402,0

Ижара акы

898,0

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

90,0

Жердин ижарасы үчүн акы

358,0

Калктуу конуштардан жер ижара акысы

128,0

Жайыт ижарасы учун акы

230,0

Администрациялык жыйымдар жана төлөмдөр

450,0

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

400,0

Таштандыларды ташып чыгуу жыйымдар

150,0

Мамлекеттик пошлина

50,0

Административтик штраф

14,0

Чыгашалардын жыйынтыгы

68481,6

Жалпы максатагы мамлекеттик кызмат корсотуулор

8210,0

Айыл окмоттун резервдик фонду

680,0

Коргонуу

400,0

Айыл чарбасы

25814,6

Комуналдык чарба

7589,0

Маданият

2234,0

Билим беруу

23054,0

Социалдык коргоо

500,0

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин жоопту катчысы: А.Жээнбаева.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин

 (V чакырылышы) кезектеги XXI сессиясынын №XXI-1 токтомуна 3 тиркеме

Төрөбай Кулатов атындагы айыл окмотунун 2017-жылга айылдык бюджети

Кирешелердин аталышы

2017-жылга болжолу

1

 

Кирише жана активтер

78666,6

Салык кирешелери

77264,6

Кирешелерге жана пайдага салыктар

6072,6

Кирешелер жана пайдага салыктар

3640,0

Салык агенти тологон киреше салыгы

3640,0

Патенттоо негизиндеги салык

295,0

Ыктярдуу негиздеги патенттоо салыгы

295,0

Менчикке салык

2137,6

Мүлккө салык

506,0

Кыймылсыз мүлккө салык

136,0

Ишкердик иш аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы

136,0

Кыймылдуу мүлк салык

370,0

Транспорт каражаттарынан алынуучу салык

370,0

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

370,0

Жер салык

1631,6

Жер салык

1631,6

Тамарка короо жайлардан даначылык жер участкаларынан пайдаланылгандыгы үчүн жер салыг

258,0

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

552,6

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыг

821,0

Сатуудан жана акылуу кызмат көрсөтүү үчүн салык

26745,0

Сатуудан салык

26745,0

 Роальти

44447,0

Атайын каражаттар

340,0

Салык эмес кирешелер

1402,0

Ижара акы

848,0

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

90,0

Плата за использование природных ресурсов

358,0

Жердин ижарасы үчүн акы

358,0

Калктуу конуштардан жер ижара акысы

128,0

Жайыт ижарасы учун акы

230,0

Администрациялык жыйымдар жана төлөмдөр

450,0

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

400,0

Таштандыларды ташып чыгуу жыйымдар

150,0

Мамлекеттик пошлина

50,0

Административтик штраф

14,0

Чыгашалардын жыйынтыгы

78666,6

Жалпы максатагы мамлекеттик кызмат корсотуулор

12589,6

Айыл окмоттун резервдик фонду

780,0

Коргонуу

800,0

Айыл чарбасы

25385,5

Комуналдык чарба

8596,5

Маданият

4235,0

Билим беруу

25680,0

Социалдык коргоо

600,0

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин жоопту катчысы : А.Жээнбаева

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин (V чакырылышы) кезектеги XXI сессиясынын №XXI-1 токтомуна 4 тиркеме

Төрөбай Кулатов атындагы айыл окмотунун 2013-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат

Элемент (8)

Кирешелердин аталышы

2013- жылдын аткарылышы

 

Кирише жана активтер

87192,4

11

Салык кирешелери

63376,0

111

Кирешелерге жана пайдага салыктар

5640,4

1111

Кирешелер жана пайдага салыктар

2408,6

11111100

Салык агенти тологон киреше салыгы

2408,6

1112

Патенттоо негизиндеги салык

298,7

11121100

Бирдиктуу салык

3,2

11122

Патенттөө негизинде салыктар

295,5

11122100

Милдеттүү патенттөө негизинде салык

4,0

11122200

Ыктярдуу негиздеги патенттоо салыгы

291,5

113

Менчикке салык

2933,1

1131

Мүлккө салык

701,9

11311

Кыймылсыз мүлккө салык

327,3

11311200

Ишкердик иш аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы

327,3

11312

Кыймылдуу мүлк салык

374,6

113121

Транспорт каражаттарынан алынуучу салык

374,6

11312120

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

374,6

1132

Жер салык

2231,2

11321100

Тамарка короо жайлардан даначылык жер участкаларынан пайдаланылгандыгы үчүн жер салыг

241,0

11321200

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

711,3

11321300

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыг

1278,9

114

Сатуудан жана акылуу кызмат көрсөтүү үчүн салык

57643,9

11412100

Сатуудан салык

15376,0

 

Роялти

42267,9

13311

Гранты местным бюджетам

21870,2

13311100

Максаттуу грант

20062,8

13311200

Теңештирүү грант

497,9

13321200

Өз ара эсептешүү боюнча республикалык бюджеттен алынуучу каражаттар

1309,5

1415

Ижара акы

1312,7

141521

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

215,0

14152100

Жердин ижарасы үчүн акы

96,0

14152110

Калктуу конуштардан жер ижара акысы

96,0

14152200

Жерди бөлүштүрүү жеринин ижара акысы

696,4

142

Жайыт ижарасы учун акы

0,0

1422

Администрациялык жыйымдар жана төлөмдөр

204,7

14221700

Таштандыларды ташып чыгуу жыйымдар

129,0

14222

Мамлекеттик пошлина

75,7

14222200

Мамлекеттик пошлина

75,7

 

Атайын каражаттар

555,0

14311100

Административтик штраф

2,8

Чыгашалардын жыйынтыгы

68334,9

Жалпы максатагы мамлекеттик кызмат корсотуулор

3930,0

Айыл окмоттун резервдик фонду

930,6

Коргонууга

0,0

Айыл чарбасы

5069,1

Комуналдык чарба

29037,8

Маданият

2362,8

Билим беруу

26854,3

Социалдык коргоо

150,3

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин жоопту катчысы А.Жээнбаева

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

 кезектеги XXI сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

26-февраль 2015-жыл. № XXI-2 Кызыл-Булак айылы

«Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКна Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер аянттарын трансформациялоого (9,3212 га, 2,5 га, 0,0088 га, 11 га, 29,86 га, 2,4 га , 0,0242 га) макулдук берүү жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айылдык кенеши «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКна жалпысы 55,4382 га жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө маселени карап чыгып,депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенештин сессиясы

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан төмөнкү жер аянттарын трансформациялоого макулдук берилсин.

-9,3212 га – Ак-Сай карьерине чыгуучу жол;

- 2,5 га- Ак-Сай карьерине акиташ кабыл алуу бункери;

- 0,0088 га – Ак-Сай карьерине ЛЭП линиясын тартуу үчүн;

- 11 га – Ак-Сай карьерден чыккан топурак төгүү үчүн;

- 29,86 га – «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнын заводтун орду үчүн;

- 2,4 га- технологиялык жол куруу үчүн;

- 0,324 га – скважина казуу үчүн;

- 0,0242 га – скважинага баруу жол үчүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин жер аянттар боюнча туруктуу комиссиясына жана жер адисине тапшырылсын.
  2. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн Т.Кулатов атындагы айыл округунун 2008-жылдын 23-декабрындагы № 95, 2013-жылдын 20-мартындагы № 29, 2012-жылдын 15-майындагы № 180, 2012-жылдын 14-июнундагы № 189 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
  3. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин 2014-жылдын 12-июлундагы № 15-1, № 15-2, 2012-жылдын 22-майындагы № 38-1, 2012-жылдын 13-июнундагы № 39-1 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

 Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

 кезектеги XXI сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

26-февраль 2015-жыл. № XXI-3 Кызыл-Булак айылы

 

 

«Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКна Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер аянттарын трансформациялоого (9,3212 га, 2,5 га, 0,0088 га, 11 га, 29,86 га, 2,4 га , ) макулдук берүү жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айылдык кенеши «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКна жалпысы 55,09 га жер аянттарын убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө маселени карап чыгып,депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенештин сессиясы

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында Ак-Сай бөлүмүндө жайгашкан төмөнкү жер аянттарын Ак-Сай карьеринин лицензия колдонуу мөөнөтү (2015-жылдын 15-июлуна чейин) убактылуу пайдаланууга берүүсүнө макулдук берилсин:

 -9,3212 га – Ак-Сай карьерине чыгуучу жол;

- 2,5 га- Ак-Сай карьерине известняк кабыл алуу бункери;

- 0,0088 га – Ак-Сай карьерине ЛЭП линиясын тартуу үчүн;

- 11 га – Ак-Сай карьерден чыккан топурак төгүү үчүн отвалга жана азыркы убакта иштеп жаткан «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнын заводтун орду үчүн, технологиялык жол куруу үчүн жер аянттарын 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга макулдук берет.

- 29,86 га- «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнын заводтун орду үчүн;

- 2,4 га – технологиялык жол куруу үчүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин жер аянттар боюнча комиссиясына жана жер адисине тапшырылысын.

 

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

 Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

 кезексиз XXII сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

18-март 2015-жыл. № XXII-1 Кызыл-Булак айылы

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылда аткарган иштеринин бир жылдык отчету жөнүндө

 

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун 2014-жылдагы аткарган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылда аткарган иштеринин отчету канаатандырарлык деп белгиленсин.

 

 

 

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

 Кенештин төагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

 кезексиз XXII сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

18-март 2015-жыл. № XXII-2 Кызыл-Булак айылы

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин 2014-жылда аткарган иштеринин бир жылдык отчету жөнүндө

 

 

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин 2014-жылдагы аткарган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

 

 

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2014-жылда аткарган иштеринин отчету канаатандырарлык деп белгиленсин.

 

 

 

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

 Кенештин төагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

 кезексиз XXII сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

18-март 2015-жыл. № XXII-3 Кызыл-Булак айылы

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2015--2017-жылдарга карата старатегиялык планын бекитүү жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айылдык округунун жетекчисинин орун басары Д.Көчкөновдун билдирүүсүнүн негизинде түзүлгөн 2015--2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык округунун депутаттардын айылдык Кеңеши

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун 2015-2017-жылдарга карата түзүлгөн

 стратегиялык иш-чара, социалдык-экономикалык өнүгүү программасы

 бекитилсин.

 

  1. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына

тапшырылсын.

 

 

 

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

             Кеңешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусу.

 

            Жергиликтүү коомчулук иштеп чыгарган экономикалык өнүгүү стратегиялык планын сунуштоо мен үчүн чоң сыймык. Стратегия биздин өнүгүү ниетибизди жана ал ниетке кантип жетүү боюнча маалыматты камтыйт. Андан тышкары, стратегияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын миссиясы, башкача айтканда ниеттеги максаттарга жетүүдөгү жергиликтүү бийликтин кылган иш аракеттери аныкталган.

            Бул процесске салым кылган баардык жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнө ыраазычылыгымды билдирем. Жалпы ишти аткарууда биз аларга таяндык, андыктан стратегияны жергиликтүү коомчулуктун стратегиясы деп атасак жаңылышпайбыз. Коомчулуктун мүчөлөрү бул процесске ар кандай жолдор менен катышышты. Кээ бирөөсү стратегиялык пландаштыруу комитетине кошулуп, көптөгөн семинарларга катышты. Көпчүлүк эл өздөрүнүн ойлорун кыскача сурамжылоо аркылуу да билдиришти. Сурамжылоого ылайык, эл негизги өнүгүү багыт катары төмөнкүлөрдү белгиледи: айыл чарба жана жеке ишкерчиликти айрыкча өнөр жайын өнүктүрүү. Мындан сырткары, үй-бүлөдөгү эң негизги приоритет болуп жумуш жана киреше аныкталды. Жеке ишкер адамдар өз ойлорун бизнес сурак аркылуу билдиришти. Бул сурамжылоо жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн кандай шарттарды түзүү керек деген маалымат берди. Стратегияны түзүүдө негизги багыт жалпы өкмөтүбүздүн, анын жетекчилигинин президентибиз Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин жарлыгы менен республикабызды «2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» деп кабыл алышты, облуста «Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы», райондо «2015-жыл өндүрүштү өнүктүрүү жылы», айыл өкмөттө «Социалдык маданий тармакты көтөрүү жылы» деп кабыл алынышы эске алынып, алган багыттары шайкеш б.а. мамлекеттик саясатка ыңгайлашканыбызды да белгилөө керек.

            Процесс абдан ылдам болду. Мен ишенем, бул процесске катышкан ар бир адам канааттанды. Биз коомчулугубузду жакшыраак түшүндүк жана жашоочулардын жашоосун кантип жакшыртууну билип калдык.

            Бул стратегия коомчулуктагы баардык маселелерди чечпейт, анткени бул жалпы план эмес. Стратегия экономикалык өнүгүүнүн эң натыйжалуу жолдорун гана аныктады, мындай ыкма коомчулук белгилеген негизги приоритетке (жумуш орду жана үйбүлөлүк киреше) түздөн түз салымын кошот. Бул биз башка маселелерди чечпейбиз дегенди түшүндүрбөйт. Стратегияга таянып биз күчүбүздү биринчи кезекте эң орчундуу маселелерди чечкенге гана жумшайбыз.

            Стратегияны иштеп чыгаруу бул абдан маанилүү бирок, акыркы кадам эмес. Алдыда дагы көп кыла турган иштер бар. Азыркы тапта стратегияны ишке ашыруу системасын иштеп чыгаруу учурундабыз, ал система стратегияны мониторлойт, баалайт жана керек болсо стратегияны жаңылатып турат.

            Экономикалык өнүгүү жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн демилгесинен көз каранды болгондуктан, мен жеке ишканаларды ача турган же ишмердүүлүктү кеңейте турган адамдарды колдойм. Биз мындай адамдарга жакшы шарт түзмөкчүбүз. Мен биздин жерге инвестиция тартып келе турган тышкы инвесторлорго дагы чакыруу жиберем. Биздин жер салыштырмалуу кичинекей, бирок потенциалы абдан чоң.

 

 Сиздерди урматтоо менен,

 

 Т.Кулатов атындагы айыл

 өкмөтүнүн башчысы: Н.Мадимаров.

 

 

 Кириш сөз – өнүгүү стратегиясы боюнча негизги маалыматтар.

 

            Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын «2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы» - айылдык аймактын калкынын жашоосунун сапатын жакшыртуу болуп эсептелет. Калктын жашоо сапатын жакшыртуу, демек айыл өкмөтүнө түшүүчү кирешенин көлөмүн жогорулатуу, ал гана эмес коомдоштуктарды башкарууга тартуу, терең билим алуу, саламаттыкты сактоо, жарандардын эркиндигин сактоо, укугун коргоо, жакырчылыктан чыгаруу, бири-бирине жардам көрсөтүү жана башкалар.

            Айылдык аймактын өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык планын түзүү анын миссиясын, келечекти көрө билүүсүн аныктап, айыл өкмөтүнүн ар тараптуу өнүгүүсүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшөт.

            Биздин айылдык аймак келечекте социалдык, маданий тармагы ар тараптуу өнүккөн, өнөр жайлуу, айыл чарба тармагы алдыңкы техника технология менен жабдылган, жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын берүүчү рентабелдүүлүгү жогору, пайда алып келүүчү айыл чарба өндүрүшү бар чарбалардан турган тармакка айланат. Айылдык аймак жогорку сапаттагы инфраструктуралар менен камсыз болгон шаар тибиндеги айылдык аймак болмокчу.

Айылдык аймактын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планы айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү программасы болуп саналып – жергиликтүү жамааттардын экономикалык, ошондой эле социалдык, маданий маселелердин механизмдерин этаптуу өнүгүүсүнө түрткү болуп саналат.

            Анын негизги багыттары:

Ø  Айыл аймагынын калкынын жакшы жашоосуна таасир эткен себептерди аныктоо.

Ø  Гендердик программаны колдонуу менен аял жана эркектердин тең катышуусу аркылуу ишке ашкан маселелерди изилдеп тактоо.

Ø  Айылдык жашоочуларынын негизги керектөөлөрүн изилдеп үйрөнүү.

 

Стратегиялык пландын негизги максаттары жана тапшырмалары.

Башкаруу – белгилүү максатка жетүүнү көздөгөн пландаштыруу, уюштуруу, ыңгайлашуу жана көзөмөлдөө процесси болуп саналат.

            Пландаштыруу башкаруунун негизги функцияларынын бири жана максатка жетүүнүн милдеттерин этап-этап менен аткаруу, турмушка ашыруунун механизми.

            Эффективдүү пландоосуз жакшы башкаруу мүмкүн эмес, а демек максатка жетүүнүн сапаты да эффективдүү болбойт. «Башкаруу» түшүнүгү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында анын максатын гана аныктабастан, мыйзамдын негизинде анын формасын да кошо камтыйт.

            Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы «Башкаруу» өзүн өзү башкаруу органынын ишмердүүлүгү коомдук кызыкчылыкты ишке ашыруунун мыйзам чегиндеги формаларынын негизинде аймактык (муниципалдык) чарба жүргүзүү болуп эсептелет.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга чейинки «Стратегиялык өнүгүүсүнүн программасынын» негизги максаттары:

Ø  Жакырчылыкты басаңдатуу, келечекте жакырчылыкты жоюу;

Ø  Калктын кирешесин реалдуу жогорулатуу;

Ø  Социалдык өнүгүү (билим алууну жана сапаттуу медициналык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу);

Ø  Маданий өсүү;

Ø  Аял-эркектин бардык иштерде бирдей катышуусун камсыз кылуу;

Ø  Өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, кичи жана орто биснести өнүктүрүү, кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү менен экономикалык өсүүнү камсыз кылуу;

Ø  Демократиялык башкарууну өнүктүрүү (жамааттарды башкарууга тартуу, өз алдынча башкаруунун негиздерин бышыктоо)

 

Жогорудагы иш чараларды аткаруу менен жергиликтүү бюджетти которуу жергиликтүү аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүп, айыл жашоочуларынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, айыл жеринде жакырчылыктын деңгээлин минимумга жеткирип, жумушсуздукту жоюу аркылуу алардын ар тараптуу өсүп өнүгүүсүн камсыз кылуу, жаштарга сапаттуу билим берүү, сергек жашоо образын түзүү, калктын керектөөлөрүнө болгон муктаждыктарына жагымдуу шарттарды түзүп берүү - бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги максаты болуп эсептелет. Бул нерселерге жетишүү албетте оңой-олтоң иш эмес жана көп убакытты талап кылуучу бир нече механизмдерди басып өтүүгө туура келет, ошондой эле жергиликтүү аймакта орун алган калктуу пунктардагы түзүлгөн коомдоштуктар менен айыл чарба субөектилеринин биргелешкен күч аракеттеринин натыйжасы аркылуу ишке аша турган татаал процесстерди камтыган, аларды чечүүнү талап кылган түйшүктүү проблемалардын жыйындысы болуп эсептелет.

             Ошентсе да жергиликтүү өз алдынча болгон айыл өкмөтү айылдык Кеңештин депутаттары менен биргеликте башкаруунун күчтүү механизмин камсыз кылып, ал аркылуу айыл жашоочуларынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө толук шарт түзүп берүүгө жетишүүсү заарыл жана ушул жол аркылуу айыл жерин көтөрүүнүн б.а. стратегиялык пландын максаттарына жетишүүнүн милдеттерин ачык жана даана аныктап, механизмдерин иштеп чыгуусу бүгүнкү күндүн кечиктирилгис иш-чарасы. Стратегиялык пландын негизги тапшырмалары.

            Т.Кулатов айылдык аймагынын 2017-жылга чейинки өнүгүүсүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

Ø  Айылдык аймактын ар бир айылы менен тыгыз байланышта болуп, маалымат алмашууну камсыз кылуу;

Ø  Жергиликтүү жамааттык уюмдар, инвестициялык бирикмелер, өз ара жардамдашуу топтору менен биргеликте өнүгүүнүн планын иштеп чыгуу;

Ø  Башкаруунун күчтүү институтун камсыз кылуу;

Ø  Ички жана сырткы донорлор менен байланыш түзүп, алар аркылуу айылдык Кеңештин аймагына ар кандай тармактарды өнүктүрүүгө багытталган инвестицияларды тартып келүү;

Ø  Сапаттуу билим алууну камсыз кылуу;

Ø  Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү аркылуу айыл жашоочуларынын ден соолугун камсыз кылуу, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жетишүү;

Ø  Айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн өз учурунда аткаруу бюджеттик мекемелерге чегерилүүчү финансы каражаттарын туура пайдаланып, бюджеттик мекемелерди сапаттуу тейлөөнү камсыздоо;

Ø  Айыл калкына кызмат көрсөтүүнүн денгээлин жогорулатып, аларды транспорт, байланыш кызматынан сапаттуу пайдаланууга жетишүү;

Ø  Кайра иштетүүчү кичи жана орто бизнес ишканаларынын санын көбөйтүү аркылуу алардын кирешесин жогорулатууга жетишүү, калкты сапаттуу продукция менен камсыз кылууга жетишүү;

 жана башка ушул сыяктуу милдеттерди ишке ашыруу болуп эсептелет.

 

 

 

Стратегиялык планды түзүү үчүн уюштурулган жумушчу топтун курамы

 

Фамилиясы, аты

Айылы

Билими

Иштеген кызматы

  1.  

Мадимаров Нуридин

Таш-Булак

Жогорку

Кулатов а-ө башчысы

  1.  

Көчкөнов Данияр

Кош-Дөбө

Жогорку

Кулатов а-ө орун басар

  1.  

Зулпуев Алмаз

Ак-Чал

жогорку

ФЭБ башчы

  1.  

Бердикулов Таалай

Ак-Чал

жогорку

Соц. кызматкер

  1.  

Абдуллаев Гылам

Арык-Тейит

Ат.орто

Жер адиси

  1.  

Абдираимов Шайдилла

Кожо-Арык

жогорку

Статист

  1.  

Жээнбаева Аида

Кызыл-Булак

жогорку

Жооптуу катчы

  1.  

Жолдошбаев Немат

Кызыл-Булак

Ат.орто

Жыйым боюнча жетектөөчү адис

  1.  

Закиров Абдыкаар

Ак-Чал

Ат.орто

Айыл башчы

  1.  

Паязов Жаанбай

Кожо-Арык

Ат.орто

Айыл башчы

  1.  

Маткаримов Курсан

Баглан

жогорку

Айыл башчы

  1.  

Чодонова Өктөм

Ак-Терек

Ат.орто

Айыл башчы

  1.  

Эшматов Тимур

Кожо-Арык

жогорку

Жаштар комитети

  1.  

Абдырахманова Тынара

Кызыл-Булак

жогорку

Мектеп директору

  1.  

Ажибаев Аким

Кызыл-Булак

жогорку

А-К төрагасы

  1.  

Каратаева Санавар

Кожо-Арык

жогорку

А-К төрагасынын орун басары

  1.  

Жамалдинова Жаңыл

Кожо-Арык

жогорку

ВУС

 

 

II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун азыркы күндөгү социалдык-экономикалык абалы.

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү - адам укугун сактаган жана ал үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүн камсыздаган, билимдүү, маданияттуу, ден соолуктуу, активдүү атуулдардын мекени.

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү - жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы, жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн жана сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн айылдык аймак. Адам укугун сактаган атуулдардын мекени. Айылдык аймакта көп социалдык инфраструктура бар. Мындан ары да алардын техникалык абалы канааттандыраарлык деңгээлде сакталат жана саны көбөйөт. Айылдык аймакта күчтүү билим, маданият жана саламаттыкты сактоо институттары күчтүү, профессионалдуу ишкерлерди тартып турат. Ал профессионалдар ар кандай колдоолорду алып мектептерде, бейтапканаларда жана маданият үйлөрүндө иштегенге чоң кызыгы бар. Гигиеналык жана санитардык абал канааттандыраарлык. Натыйжада коомчулук билимдүү, ден соолуктуу, маданияттуу адамдарды өстүрөт. Адамдар ар кандай тармактарда эмгектенишет, ишмердүүлүктөн баштап маданият жана спорт тармактарына чейин. Буга жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын иш аракеттери да кирет. Айылдык аймак келечектеги профессионалдуу жаңы муундардын мекени.

 

 Потенциалдык көрсөткүчтөр:

Ø  Өнөр жайлууү;

Ø  жери кен байлыктарга бай;

Ø  Ар түрдүү тармактагы билимдүү адамдардын пайызын жогору экендиги, социалдык инфраструктура обөектилеринин көптүгү, маданий иш-аракеттердин саны, адамдардын ден соолугу чыңдыгы, жакырчылыктын денгээлинин салыштырмалуу төмөндүгү атуулдардын укугунун сакталышы;

 

Айылдык аймак атуулдардын укугун сакташ үчүн баардык иш аракеттерди кылат. Ар бир атуул мыйзам чегинде өз каалаган динге ишене алат, улуттук же жергиликтүү саясатты сынга алса ал үчүн куугунтукка алынбайт. Ар бир атуул жергиликтүү жана улуттук мыйзам менен бекитилген социалдык жардамды өз маалында толугу менен алып турат. Эгер атуулдун укугу бузулса, айыл өкмөтү ал кишиге өз укугун коргогонго жардам кылат.

Потенциалдуу күчтөр:

Укугу бузулган адамдардын саны, (салыштырмалуу өтө төмөн). Жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Жеке ишкерлерге жакшы шарттар түзүлгөн. Ишкерлер жумуш орундарын ачат, ал өз учурунда жергиликтүү коомчулукка киреше тапканга мүмкүнчүлүк берет, ишкерлер жергиликтүү бюджетти көбөйткөнгө жана жакырчылыкты кыскартканга өз салымын кошушат. Ишкерлерге жакшы шарт катары аларга эффективдүү административдик кызмат көрсөтүү (каттоо, патент) жана өнүгүү борбору аркылуу кеңеш кызматы саналат. Айыл өкмөтүндө 2014-жылы административдик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча ПРООНдун «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерлетүү» долбоорунун жардамы жана демөөрчүлүгү бирдиктүү терезе ыкмасы менен элге кызмат көрсөтүүнү колго алып, анын натыйжасында элдин айыл өкмөтүнүн административин кызматтарынан пайдаланышы ыңгайлуу жана бир топ жөнөкөйлөштүрүлүп, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине эл ыраазы болуп калды. Айыл өкмөтүнүн элге бирдиктүү терезе ыкмасы менен кызмат көрсөтүүсү жогорку органдарга да жагып, айыл өкмөтүндө райондук, областык жана Республикалык деңгээлдерде семинарлар өткөрүлгөндүгү. Бул ыкманын натыйжалуу экендигин далил деп түшүнөбүз.

 

 

2.1. Т.Кулатов атындагы айылдык аймагындагы тейлөө кызматы:

 

Т.Кулатов атындагы айылдык аймагында тейлөө кызматтардын сапаты жогору. Мисалы, коммуналдык кызматтар: таза суу, таштанды чогултуу жана административдик кызматтар. Мындан тышкары дыйкандар жана ишкерлерге көрсөтүлүүчү башка кызматтар да бар: ветеринардык кызматтар, кеңеш берүү кызматтары жана техсервис кызматтары. Коммуналдык жана бизнести колдоо кызматтарынан тышкары да, күнүмдүк жашоого керектүү кызматтар бар: автоунаа ондоочу жай, маалымат борбору ж.б. сапаттуу кызматтар дыйкандарга жана ишкердүүлүккө жакшы шарт түзүп башка региондордогу жеке ишкерлер менен таймашканга мүмкүнчүлүк берет.

Т.Кулатов атындагы айылдык аймакта 5 айылдагы элдердин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана убаракерчиликти жоюу максатында, айыл башчылардын укугун көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Айыл өкмөтүнүн карамагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жери элдердин мүмкүнчүлүгүнө карап берилген.

Бүгүнкү күндө бир информациялык борбор түзүлүп элге кызмат кылууда. Ал эми экинчи информациялык борбор келечекте курулмакчы.

Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы Ноокат районунун борборунан 45 км аралыкта чыгыш-түштүгүндө жайгашкан. Ош облусунун борборунан 90 км аралыкта. Түндүк-батыш тарапта Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына чектешет. Ал эми чыгыш тарабынан Көк-Жар, түндүктөн Төөлөс, батыштан Ынтымак айыл аймактары менен чектешет.

Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы деңиз денгээлинен 750-1700 метр бийиктикте жайгашкан. Климаты кескин кантиненталдуу. Жайы ысык, кышы өзгөчө суук.

Территориясынын жалпы аянты 29154,0 ч/км. Жеринин рельефи аралаш. Айыл өкмөтүнүн маданиятынын, социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшүнө жер шартынын географиялык абалы ыңгайлашкан.

Т.Кулатов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын курамына «Кожо-Арык», «Кош-Дөбө», «Ак-Чал», «Кызыл-Булак», «Баглан» айылдары кирип, жалпы калкы 19036 адам жашайт. Анын ичинен кожолук саны – 3454, эркектер – 9447, аялдар – 9589. Т.Кулатов айылдык аймагында улуттук курамы боюнча негизинен кыргыздар жашайт.

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча айылдардагы калктын санынын маалыматы:

Айылдардын аттары

Кожолук саны

Эркектер

Аялдар

Баары

1

Кожо-Арык

1443

4115

4129

8244

2

Кош-Дөбө

198

493

514

1007

3

Ак-Чал

559

1617

1644

3261

4

Кызыл-Булак

686

1654

1675

3329

5

Баглан

568

1568

1627

3195

 

Жалпысы:

3454

9447

9589

19036

 

 

 

 

 

Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн аймагында 10 билим берүүчү мектеп, 2 балдар бакчасы, борборлоштурулган оорукана, 5 ФАП, 1 маданият үйү, 1 клуб, спорт комплекси, 1 спорт аянтча, 2 китепкана, тегирмендер жана кайра иштетүү боюнча чакан цехтер элге кызмат кылууда.

            КР нын Президентинин 1996-жылдын 20-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндөгү чаралары» жөнүндөгү указынын негизинде жана Кыргыз өкмөтүнүн 1996-жыл 24-апрелиндеги «КР нын аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарын – айыл өкмөтүн түзүү» жөнүндөгү №187 токтомун ишке ашыруу максатында 1996-жылы июнь айында Т.Кулатов айылдык Кеңешинин базасында, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү түзүлгөн. Элдин социалдык-экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу.

            Элдин социалдык-экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу максатында айылдык кеңеш «Жергиликтүү саясий жана административдик башкаруу» программасынын колдоосу аркылуу бир катар иштерди аткарууга жетишишти. Атап айтканда жергиликтүү башкаруунун баштапкы институту түзүлдү. Алар айылдык жамааттык уюмдар (12), өз ара жардамдашуу топтору (48), Айылдык Инвестициялар Бирикмелер (11) жана алардын базасындагы чакан проект группалары (МПГ 14).

            Түзүлгөн бул баштапкы институттар айылдык кеңеш өзүн жалпы депутаттары менен бардык айылдарында айыл тургундарынын мүдөөсүн ишке ашыруу, айылдардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууга жетиштүүгө көңүл буруп келүүдө. Айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнүн пландоосуна катышуу жана жалпы социалдык-экономикалык мобилизациясын камсыз кылуу сыяктуу механизмдерин турмушка ашырууда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы менен жанаша туруп, иш алып барууну көздөп, айылдык өкмөтүнүн өнүгүүсүнө өздөрүнүн барандуу салымдарын кошуп келүүдө.

            Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы жаратылыш кен байлыктарына бай. Ошондон улам айыл өкмөтүнүн экономикалык жактан тез арада, кыска мөөнөттө өнүгүп кетүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү жогору. Ушундай жагдайда элди кыйын экономикадан алып чыгуу максатында жергиликтүү жамааттардын, коомдоштуктардын жалпы элдин билим деңгээлин жогорулатуу, потенциалын көтөрүү бирден бир кечиктирилгис милдет болуп эсептелинет. Айылдык аймагында Эл аралык Уюмдар тарабынан 2014-жылга чейин 40 тан ашуун тренинг-семинарлар өткөрүлдү. Бул семинарларга, угууларга айыл өкмөттүн Башкаруу аппаратынын кызматкерлери, айылдык Кеңештин депутаттары, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү, лидерлери, катчылары, мүчөлөрү үзгүлтүксүз катышып келишти.

            Ушул семинар – угуулардан алган жаны билим тажрыйбалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын, айылдык аймактын айылдарын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө курал катары пайдаланылат.

            Т.Кулатов айылдык аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык базасынын негизин жергиликтүү бюджет түзөт. Жергиликтүү бюджет ар түрдүү салыктардын эсебинен жана кайра бөлүштүрүү жер фондусун ижарага берүүдөн жыйналуусу ижара акысынан түзүлөт. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2014-жылга бекитилген план боюнча 45 925 000 сомду түзсө, ал эми такталган план боюнча 61 807 000 сомду түздүк. Чыгаша бөлүгүн каржылагандан кийин 2014-жылдан 2015-жылдын 01-январына 22 116 300 сом, отчет мезгилдин акырына 7 722 700 сом эсебинде калдык калып отурат. Ал эми 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмү 62 744 600 сомго пландалууда.

 

 

 

 

 2.2. Социалдык маданий спорт маселелери.

            Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын социалдык жана маданият тармагын мындан ары өнүктүрүүбүз үчүн билим берүү тармагын жана саламаттыкты сактоо тармагынын билимдүү жаш кадрлар менен камсыздообуз керек. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде гендердик балансты түзүүгө жетишүүбүз керек, себеби бул тармакты болжолдуу 90% ашуун аялдар түзөт.

            Билим берүү тармагында бала-бакчалар жетишсиз, айыл өкмөтүндө жыл бою иштөөчү эки гана бала-бакча бар. Жок эле дегенде жакынкы жылдарда жыл бою иштөөчү бардык айылдарга бирден бала-бакчаларды куруубуз зарыл.

            Айылдык аймакта он мектеп болсо анын үчөөсү гана стандарттуу долбоор менен курулуп, азыркы шарттын талаптарына жооп берет, калган жети мектеп эски ашар ыкмасы менен салынган азыркы шарттын талаптарына жооп бербей турган имараттарда жайгашып, ал мектептердин дээрлик бардыгында актовой залдары, спорт залдары жок.

            Ошондуктан жакынкы келечекте эскилиги жеткен азыркы шартка жооп бербеген мектептердин ордуна жаңы заманбап мектептерди куруубуз керек.

            Биздин бул кадамыбыз билим сапатын жогорулатууга оң таасирин бермек.

            Саламаттыкты сактоо тармагында бир оорукана жана беш ФАП айылдык аймактын калкына кызмат кылып келүүдө.

            Оорукананын ичин, бөлмөлөрүн капиталдык ремонттоп жана таза суу менен 2014-жылы камсыздадык. 2015-жылга оорукананын сыртын капиталдык ремонттон чыгаруу керек. Ал эми ФАПтардын бирөөсү жаңыдан курулуп калган төрт ФАПты оңдоп түзөп, тосмолорун жаңыртуубуз керек.

            Маданият тармагында бир борбордук Маданият үйү жана бир клуб элге кызмат өтөп келүүдө. Маданият үйүн толугу менен капиталдык ремонттоп, 2014-жылы чыгарылып, ички эмеректери жаңыртылды.

2015-жыл Кожо-Арык айылындагы клубду капиталдык ремонттон чыгарып ички эмеректерин жаңыртып берүү керек.

            Спорт жаатында айыл аймагында бир борбордук стадион жана Кожо-Арык айылында спорт комплекс бар, бул жетишсиз. Жаштарды спортко тартуу үчүн айылдык аймакта жакынкы келечекте спорт залдарды, спорт аянтчаларын көбөйтүү керек.

Социалдык коргоо багытында жашоо шарты оор, жакыр жашаган катмарларга жеңилдетилген кредиттер, пособия айыл өкмөтү тарабынан атайын түзүлгөн социалдык комиссияда карап, жардамдар берилүүдө.

            Коммуналдык (муниципалдык) менчик.

            Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзөгүн жаратылыш ресурстары жана жергиликтүү бюджет менен катар жергиликтүү муниципалдык (коммуналдык) менчик түзөт. Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Жогорку Кеңеши тарабынан жергиликтүү муниципалдык менчикке ээлик кылуу жана пайдалануу жөнүндө бир катар нормативдик-укуктук базалар жана тийиштүү мыйзамдар иштелип чыккан.

            Т.Кулатов айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органына айылдык аймагында жайланышып орун алган бир нече муниципалдык менчик обөектилер кирет.

 

 

Муниципалдык менчиктин тизмеси.

 

Аталышы

Даана

Өздүк басы. Миң сом

1

Мектептер

9

11 257 999

2

Фельдшердик-Акушердик пункттар

5

243 900

3

Ооруканалар

1

4 462 924

4

Маданият үйү

1

57 400

5

Клуб

1

49 300

6

Спорт комплекси

1

184 300

7

Административдик имараттар

1

448 563

 

Жалпысы:

 

16 704 386

 

Бул обөектилерден сырткары муниципалдык менчикке тиешелүү болгон акыркы 3 жылда жамааттык уюмдар, өз ара жардамдашуу топтору, айылдык инвестициялык бирикмелер жана айыл өкмөтү тарабынан жазылган проектилердин негизинде донор уюмдардан тартылып келинген (МерсиКО, МКМ, АБР, АРИС, ЮНИСЕФ, ЮСАИД, ПРООН) инвестициялардын жардамы менен курулган социалдык обөектилер кирет. Социалдык инфраструктураны өнүктүрүү. Т.Кулатов айылдык Кеңешинде 2017-жылга чейин мезгилде айылдагы социалдык проблемаларды чечүүнүн атайын программасы иштелип чыгып, айылдык Кеңешке кабыл алынган.

            Бул программаны турмушка ашырууга ПРООН тарабынан уюштурулган «жамааттык уюмдар» жана «өз ара жардамдашуу группалары», АРИС программасынын айылдардагы «инвестициялык комитеттер» жана фокус группалары айылдык Кеңеш менен биргелешип салымдарын кошууда.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кеңешинде 21 депутат анын ичинде 18 эркек, 3 аял айылдын өкүлү болуп кызмат кылууда, алар төмөнкүлөр:

 

Аты жөнү

Билими

Кызматы

Туулган жылы

  1.  

Ажибаев Акимбек Муктарович

Жогорку

Айылдык кеңеш. төрагасы

1963

  1.  

Каратаева Санавар Абдуллаевна

жогорку

Айыл. Кеңеш. Төраг. Орун бас.

1969

  1.  

Авазов Муратали Арзыбекович

орто

дыйкан

1974

  1.  

Боркош уулу Дамир

Жогорку

«Айылкурулуш» жет.

1975

  1.  

Жунусов Раимжан Исаакович

орто

дыйкан

1960

  1.  

Эргешов Абдилла

жогорку

Дыйкан

1959

  1.  

Рустамов Кеңеш Кудайбердиевич

Атайын орто

Жайыт комитет. төрагасы

1970

  1.  

Шамшиева Майрам Жанибековна

Жогорку

Бөкөнбаев о.м. дир.

1968

  1.  

Ахмедов Шайдулла

Атайын орто

дыйкан

1956

  1.  

Топчубаев Базарбай Ташматович

Жогорку

Колдошов о.м. дир.

1965

  1.  

Базарбаев Нурали Колдошович

орто

дыйкан

1970

  1.  

Разаков Маматусман

орто

Дыйкан

1949

  1.  

Рахманкулов Заманбек

Жогорку

бухгалтер

1978

  1.  

Абдырахманов Таш Маматалиевич

Жогорку

прорап

1965

  1.  

Нарматов Жанибек Боронович

Жогорку

Бухгалтер

1964

  1.  

Нарматов Илияз Сайпидинович

Атайын орто

«ТКЦ» охраник

1964

  1.  

Омурзаков Кубат

орто

А-ө шофер

1968

  1.  

Мурзаев Мухаммед Дыйканович

орто

дыйкан

1966

  1.  

Дыйкан уулу Мамырали

орто

дыйкан

1975

  1.  

Жолдошова Сайибжамал Абдыкаровна

жогорку

Баглан о.м. директору

1973

  1.  

Алайчиев Мурзали

орто

СПА жетекчиси

1950

 

            Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга чейинки өнүгүүсүнүн стратегиялык планына ылайык аймактагы айылдардын калкынын талаптарын орундатуу максатында ар бир айылдарга кошумча социалдык обөектилерди куруу зарылдыгы эске алынган.

 

 

 

            2.3. Өнөр жайы, кичи, орто бизнес жана акылуу кызмат көрсөтүү.

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасын өнүктүрүү өнөр жай тармагына көңүл буруп өнүктүрмөйүн тиешелүү жетишкендиктерге жетишүү мүмкүн эмес.

            Ошондуктан айыл чарба продукцияларын кайрадан иштетүү боюнча кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнүн көп жылдык планын иштеп чыгып, айылдык аймактын ар бир айылында цехтерди ачуу багытында иш алып баруу керек. 2015-жылы жок эле дегенде эки же болбосо мүмкүнчүлүккө карап көбүрөөк айыл чарба продукциялары кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу зарыл жана бул стратегиялык пландын иш-чарасына киргизилди.

            Т.Кулатов атындагы башкаруу органынын жергиликтүү жамааттары ар кандай капиталдарды, инвестицияларды тартуунун үстүндө аракеттенишүүдө.

            Айылдык аймакта ушул мезгилде 2 тегирмен, 1 майжубаз, 4 токарный цех, 2 автозаправка, 4 нан бышыруучу цех, 4 тигүү цехи, 3 мебель-жыгач цехи, 1 бышык кыш чыгаруучу цех, ошондой эле 29 соода түйүндөрү элге кызмат кылууда.

            Келечекте айылдык өкмөтүнүн аймагында пахта аттыруучу цех, жашылча жемиштерди кайра иштетүүчү цехтерди жана кирпич чыгаруучу цехтерди куруу зарыл. Аталган цехтердин айылдык аймакта жоктугу дыйкандарды жана айыл чарба продукцияларды өндүрүүчүлөрдү көптөгөн чыгымдарга туш кылып, ири суммадагы кирешелердин кол жууп калуусуна алып келүүдө. Айылдык Кеңеши жана айыл өкмөт жетекчилиги кайра иштетүүчү кичи жана орто өнөр жай ишканаларды, цехтерди куруу негизги орундагы маселе экендигин баса белгилейт жана бул багытта чет элдик ошондой эле жергиликтүү инвесторлорду тартуу максаттуу деп эсептейт.

 

 

 

 2.4. Айыл чарба тармагы.

 

            Айыл чарба тармагындагы негизги ишти аялдар жасайт. Себеби ишке жарамдуу эркектер Россияга акча табууга кеткен. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүдөгү аялдардын салымы 80% жогору. 2014-жылдын өтө оор келип, жаан чачын аз болуп кургакчыл болгондугуна карабастан Т.Кулатов айылдык аймагынын эли чымырканып иштөө менен айы-чарбасында төмөндөгүдөй ийгиликтерге жетиштик. Атап айтсак кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү жана дүң жыйымы төмөнкүдөй болду:

 

Айылдык аймагы боюнча быйылкы жылдын өтө оор келип, аба-ырайы кургак болгондугуна карабай чөп-чар талаада эгиндин шактарында жакшы өсүп кесек тоют даярдоонун планы ашыгы менен аткарылды. 4 миң тонна кесек тоют анын ичинен 2473 тоннасы чөп, калганы саман жана жүгөрү паясы. Май өсүмдүгү 68 га себилип, дүң түшүм 62,7 т жыйналып түшүмдүүлүк 9,2 ц/га түздү. Картошка жана жашылчаларды өндүрүү боюнча план 187,7 га картошка отургузулуп, дүң жыйым 3290 т түздү. Түшүмдүүлүк 175,2 ц/га жашылчадан 140 га отургузулуп, 2800 т түшүм жыйналып алынды. Түшүмдүүлүк 200 ц/га болду.

2014-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан эгиндеринен жалпысынан 1225 га себилип, суулууга 525 га, кайракка 700 га аткаруу 100% болду. 687 га тоңдурмага калтырылды.

2014-жыл айыл чарба жылында айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан, фермер, чарбалык субөектилер үчүн айыл чарба продукцияларын өндүрүү, индикативтик пландарды аткарууда, айыл чарба эгиндеринен жогорку түшүм өндүрүү агротехникалык эрежелерди жана агротехникалык, минералдык жер семирткичтерди туура пайдалануу менен жогорку сапаттуу түшүм алууга жетишти.

 

Эгиндин түрү

2013-жыл

2014-жыл

Аткаруу %

Аянты га

Түшүмдүүлүк

Бардыгы

Түшүмдүүлүк

Бардыгы

1

Суулуу буудай

510

32

1632

33

1683

103,1

2

Кайрак буудай

510

13

659

13

665

101

3

Жүгөрү дан

120

68

816

70

840

102

4

Арпа

70

12

84

12

84

100

5

Бардык дан

1090

29

3191

30

3272

102

6

Тамеки

30

25

75

 

 

93

7

Картошка

2010

83

1751

173

3633

173

8

Жашылча

140

89

1254

200

2800

223

9

Май өсүмдүгү

68

9

578

10

170

260

10

Мөмө жемиш

110

82

910

84

930

102

11

Бардык кесек тоют

 

 

3778

 

4220

102

12

Анын ичинен чөп

 

 

1411

 

2473

175

13

Саман

 

 

2367

 

1747

80

 

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн эгилүүчү айыл чарба эгиндеринин божомолу 2015-2017-жылдар

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү

2014-жыл

2015-жыл

2016-жыл

2017-жыл

Бар.жер

суулуу

кайрак

Бард.жер

суулуу

кайрак

Бард.жер

суулуу

кайрак

Бард.жер

суулуу

кайрак

1

Жалпы айдоо аянты

1864

1235

629

1922

1332

590

1831

1366

465

1981

1376

605

 

Бардык дан

1320

1045

275

1350

1110

240

1400

1140

255

1430

1155

275

 

А.и.кылк.дан

925

650

275

930

690

240

940

900

255

930

655

275

 

күздүк буудай

650

650

 

640

640

 

650

650

 

630

630

 

 

Жаздык буудай

230

 

230

250

40

210

240

20

220

250

15

235

 

Жаздык арпа

45

 

45

40

10

30

45

10

35

50

10

40

 

Жүгөрү дан

350

350

 

360

360

 

380

380

 

400

400

 

 

Тоо буурчак

45

45

 

60

60

 

80

80

 

100

100

 

2

Картошка

126

126

 

150

150

 

160

160

 

160

160

 

3

Жашылча

60

60

 

70

70

 

65

65

 

60

60

 

4

Май өсүмдүгү

200

 

200

220

 

220

210

 

210

220

 

220

5

Бакча

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6

Тамеки

4

4

 

2

2

 

1

1

 

1

1

 

7

Көп жылдык чөп

796

796

 

810

810

 

800

800

 

800

800

 

8

Пар

154

 

154

130

 

130

120

 

120

110

 

110

9

Пайдаланылб.жер

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

10

Өнөр жай

71

71

 

71

71

 

71

71

 

71

71

 

 

 

 Айыл чарбасында негизги проблемалар

 

            Айыл чарбасында жерди рационалдуу пайдалануу үчүн интенсивдүү методдун негизинде төмөнкүдөй иш чараларды аткаруу керек.

Ø  Жердин аз аянтынан көп түшүм алуу;

Ø  Сапаттуу үрөөн менен камсыздандыруу (жогорку түшүм берүүчү сорттор);

Ø  Техсервистерди уюштуруу;

Ø  Көп жылдык беде, эспарцеттердин аянттарын көбөйтүү;

Ø  Чет элдик инвесторлорду тартуу;

Ø  Айыл чарба кооперативдерди уюштуруу;

Ø  Жер-жерлерде окуу семинар кеңешчелерди өткөрүү;

Ø  Пар айдоо, которулуштуруп айдоонун жолун дыйкандарга түшүндүрүү;

Ø  Дыйкандарды колдоо үчүн жеңилдетилген товардык кредиттерди берүү;

Ø  Айыл чарба жерлерин өз убагында суу менен камсыздоо;

 

Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги проблемалары жетишээрлик деңгээлде аткарылса, Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы 2015-2017-жылдардагы экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө шарт түзүлөт.

Айылдык аймакта 2015-2017-жылдардын ичинде дан үрөөнчүлүк кооперативдерди түзүп, дыйкандар үчүн кызмат кылуу пландаштырылып жатат.

/рөөнчүлүк чарбалар сапаттуу үрөөндөрдү өндүрүп, тиешелүү айыл чарба кооперативдерге, дыйкан чарбаларга берип турууну колго алыш керек. Жумуш орундарын түзүү башка маселе. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында чечилбей келе жаткан көйгөйлүү, орчундуу маселесин чечүүгө убакыт жетти. Аларды чечүү менен дыйкан, фермер чарбаларыбызга жол ачкан болобуз. Анын натыйжасында райондун жана облустун дыйкан, фермерлерин, кооперативдерин мол түшүм берүүчү сапаттуу үрөөндөр менен камсыз кылабыз жана казынабызга кирешелерди түшүрөбүз деген үмүттөрүбүз бар.

 

2.5. Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын мал чарбачыгын өнүктүрүү

 

Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын мал чарбачылыгынын экономикалык өнүгүшүн жогорулатуу негизги милдеттерге кирет. Мал чарбачылыкты өстүрүү үчүн мал жайыттарын натыйжалуу пайдалануу, тоют базасын жетишээрлик бар экендиги өтө манилүү. Айылдык аймакта малдардын пародалары өстүрүлөт жана багылат. Малдардын асыл тукумдуулугун арттырууда жасалма жол менен уруктандырууга жетишүү негизги милдеттердин бири болуп саналат.

Азыркы мезгилде Кыргызстандын бажы союзуна кириши айыл чарба продукцияларын айрыкча мал чарба продукцияларын Россия, Белорусия, Казакстанга экспорттоого жол ачат. Бул биздин айылдык аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн эң чоң мүмкүнчүлүгү болмокчу.

 

 Мал чарба продукцияларын өндүрүү тонна эсебинде

 

Аты

план

аткарылганы

%

Эт

1134

1123

99

Сүт

2745

2685

98

Жумуртка /д

385

465

120

Жүн

29

29

100

 

Мал чарбасы боюнча 2013-жылга салыштырганда өсүү темпи айыл өкмөтү боюнча төмөнкүдөй:

Аты

2013-жыл

2014-жыл

Өсүү темпи

Эт

1114

1125

+11

Сүт

3116

3147

+31

Жумуртка /д

479

488

+9

Жүн

27,7

28,8

+1

 

 

Мал чарбачылыгынын бүгүнкү күндөгү абалы жана проблемалары:

 

Айылдык аймагынын 2012-2014-жылдар аралыгында өндүрүлгөн мал чарба продукцияларынын динамикасы:

 

Продукциялар

2012-жыл (тонна)

2013-жыл (тонна)

2014-жыл (тонна)

Эт (тирүүлөй салмакта)

1103

1114

1125

Сүт

3049

3116

3147

Жумуртка (даана)

469

479

488

 

2012-2014-жылдарда малдын жана үй канаттуулардын баш санынын өсүшүнүн динамикасы:

 

Малдын аты

2012

2013

2014

жалпысы

тубары

жалпысы

тубары

жалпысы

тубары

ИММ

3804

2142

3827

2320

4089

2300

МЖ

10825

7161

10986

7452

11059

5950

Жылкылар

905

873

752

855

765

 

Тооктор

6817

4226

7054

4373

7170

4445

 

2010-2012-жылдарда малдын жана үй канаттуулардын продуктуулугунун динамикасы:

 

Көрсөткүчтөр

Өлчөө бирдиги

2012

2013

2014

Ар бир уйдан орточо сүт алуу

кг

8,3

9,2

9,4

Ар бир койдон орточо жүн алуу

кг

2,9

3,10

3,1

Ар бир мекияндан жумуртка алуу

даана

58

61

64

Мал чарбачылыкты өнүктүрүү, анын продуктуулугун көтөрүүнүн негизи асыл тукумдуулукту өстүрүү экендиги белгилүү. Малдарды асыл тукумдаштыруу продуктуулугун жогорулатуу айылдык аймакта кийинки 5-10 жылдын ичинде көңүл буруп келет. Бирок акча каражаты жетишсиздик болгондуктан көздөгөн максаттар ишке ашырылбай келүүдө. 2015-2017-жылдардын ичинде айыл аймакта зооветеринардык сервистерди уюштурууга өтө көңүл бурулмакчы. Малдын асыл тукумдуулугун өстүрүү, продуктуулугун жогорулатуу максатында жасалма жол менен уруктандыруу малдын ар кандай ооруларына күрөшүү, жайыттарды туура, натыйжалуу пайдалануу, тоют базасын чындоо эң башкы бирден-бир булак болуп эсептелет:

Продукциялар

Өлчөө бирдиги

2014

2015

2016

2017

Эт

тонна

1114

1125

1135

1180

Сүт

тонна

3116

3147

3165

3200

Жумуртка

Миң даана

479

488

490

500

Жүн

тонна

27,7

27,8

28,0

28,9

 

2015-2017-жылдарда мал жана үй-канаттууларынын баш санынын өсүшү жөнүндө божомол:

Малдын түрлөрү

Өлчөө бирдиги

2015

2016

2017

Ири мүйүздүү малдар

баш

4089

4138

4200

А.и. уйлар

баш

2129

2300

2500

Майда жандыктар

баш

11059

11000

11500

А.и. тубары

баш

8598

8500

8600

Жылкылар

баш

855

870

900

А.и. бээлер

баш

780

280

300

Тооктор

баш

7170

7200

7500

Мекияндар

баш

3677

3200

3400

 

            Айылдык аймакта майда мүйүздүү малдарды өнүктүрүү 2015-2017-жылдарда өтө чоң көңүл бурулмакчы. Жайыттарыбыз кой-эчкилерди багып өстүрүүгө ыңгайлуу шарттары бар. Жергиликтүү кой-эчкилер менен башка пародадагыларды аргындаштыруу жөнүндө максаттуу иштерди алып барууга мүмкүнчүлүк түзүү пландаштырылып жатат. Жалпы мал чарбасында өндүрүлүп алына турган продукциялардын божомолу жогорку таблицаларда көрүнүп турат. Айылдык аймагы 2015-2017-жылдар ичинде ири-мүйүздүү жана майда мүйүздүү малдарды жылкы, топоз, коен, тоок, аарычылык чарбачылыктарын кооперативдик метод менен жана дыйкан, фермер чарбаларды өнүктүрүп өстүрүүнү колго алат.

 

Мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын аткаруунун механизми:

 

            Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жамааттар, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы, ветеринардык башкармалык, коомдук бирикмелер, ассосациялар, мамлекеттик эмес уюмдар менен тыгыз иш алып барып, мал чарбачылыкты өнүктүрүүдө келип чыккан проблемалар жөнүндө жогорку органдар менен биргеликте аларды жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, турмушка ашыруу керек.

 

2.6. Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын жайыт жана ветеринария кызматын өнүктүрүү

            Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга көңүл буруу керек. Бул үчүн айылдык аймакта атайын жайыт комитети түзүлүп, аны айылдык кеңештин депутаты Рустамов Кеңеш жетектеп келүүдө жана 2014-жылы жайытты натыйжалуу пайдаланууда, алыскы жайыттарга баруучу жолдорду оңдоп түзөө булактардын көзүн ачып тазалоодо көпүрөөлөрдү курууда ж.б. иштерди аткарууда бир топ ийгиликтер жаратылды. 2015-жылы жана 2016-2017-жылдарга жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана ветеринария тармагынын өнүктүрүү стратегиялык планы түзүлүп, анын иш-чарасы иштелип чыкты.

Жайыт комитетинде негизинен эркектер иштетет, жайыт комитетинин жетекчилигине мындан ары аялдарды ишке тартуу боюнча иш-чара кабыл алып, гендердик балансты сактоого аракет жасоосун сунуш кылыбаз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата жайыт жана ветеринария тармагынын өнүгүүнүн стартегиялык планы:

 

Жумуштун аталышы

Аткаруу орду

Жалпы сумма

Аткаруу мөөнөтү

1

Мал жандыктарын паразитардык оорудан арылтуу үчүн купка куруу

Шейит мазар участкасы

120 000

2015

2

Доңуз-Булак, Полу, Долоно булактарын оңдоо

Туура Кыр жайыты

90 000

2015

3

Жаңгак сымал(бадам, писта) дарактардын уругун эгүү, кароо

Кара-Добо участкасы

30 000 2015

 

4

Коңшулаш айыл өкмөтүнүн жайыт комитеттери менен биргеликте оор техника (эксковатор, погрузчик, камаз) сатып алуу

 

1 000 000

2015-2017

5

Жайыттагы тоюттун асылдуулугун, түрүн, аш болумдуулугун анализдөө үчүн изилдөө

Зор-Булак, Ашкабак-Ой

40 000

2015

6

Бак-Арча, Көк-Жалаң, Чүңкөй жайыт жолдорун оңдоо

 

180 000

2016

7

Жаңгак сымал (бадам, писта) дарактарын отургузуу

Чалташ участкасы

40 000

2016

8

Жайытты жакшыртууга шыбак уругун себүү

Кызыл жайыты

25 000

2016

9

Жайыт комитетинин жана ветеринардык адистерди унаа менен (жумушчу ат, велосипед, мотоцикл, жеңил машина)

 

200 000

2016-2017

10

Ветеринардык сервиске керектүү шаймандарды сатып алуу

 

60 000

2016

11

Жайыттагы тоюттун асылдуулугун, түрүн, аш болумдуулугун жогорулатуу максатында жайыт участкаларын мал чыгарбай кароо эрте жаздан чөп гүлүн төгүпбүткөнчө (жылына белгилүү участканы көзөмөлдөө)

 

120 000

2016-2017

12

Кээ бир аябай такырланган жайыттагы тоюттун асылдуулугун, түрүн, аш болумдуулугун жогорулатуу максатында жайыт участкаларын тосуу менен бирге жаңгак сымал(бадам, писта) дарактарынын уругун себүү-чоңойгончо көзөмөлдөө

Кызыл жайыты

180 000

2016-2017

13

Булактарды оңдоо

Мечиттүү-ОЙ, Дам

80 000

2017

14

Абшыр-Капчыгай жолундагы жыгач көпүрөө оңдоо

Данги

300 000

2017

15

Мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыт жана ветеринардык адистердин иштөөсүнө шартты жакшыртууга иш орду кеңсе куруу

Кожо-Арык

5 000 000

2017

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата мал-чарба жана ветеринария тармагынын өнүгүүнүн стратегиялык планы:

 

Т.Кулатов айыл аймагында 2015-жылдын 1-январына карата төмөнкү мал жандыктары катталган:

 

Кара мал

Кой

Эчки

Жылкы

Канаттуу

лар

Ит

Мышык

Баары

Уйлар

Баары

Соолук

Баары

Тубар

Баары

Бээ

4179

2605

7019

4599

5315

3234

798

275

7426

519

181

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мал санын жыл сайын өнүктүрүү менен анын асыл тукумдуулугун жогорулатуу максатында уйларды жасалма жол менен уруктандыруу пункту уюштурулган. Мал чарбасын ветеринардык тейлөөдө азыркы күндө эки ветсервис иш алып барууда. Бирок алардын иштөөсү үчүн орду белгиленген эмес. Ошондуктан 2016-жылга бир ветсервисине иш орун менен камсыздоо керек, ошол эле учурда куут пункту да уюштурулмак. Муну менен эле чектелбестен ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу максатында сервистердин санын көбөйтүү - ар бир айылга бирден ветсервис ачуу менен 2019-алардын санын алтыга жеткирүү.

            Т.Кулатов атындагы айыл аймагында ветеринардык санитардык эрежелерди сактоо менен эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо максатында – атылган ит-мышык, арам өлгөн мал жандыктарды залалсыздандыруу үчүн Бэккер чуңкурун 2015-жылы куруу.

            Мал жандыктарын союуда ветеринардык көзөмөлдү жөнгө салуу үчүн 2016-2017-жылдары айылда мал союучу жайды уюштуруу.

 

Мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы аткарылгандан кийинки күтүлүүчү жыйынтык:

 

            Айыл аймагында мал чарбачылыкты өнүктүрүү иштери толугу менен аткарылган учурда айылдын эли мал чарба продукциялары менен камсыз болуп, импорттук товарлар менен келишими төмөндөп, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Асыл тукум малдарынын баасы жогору болуп, баш саны көбөйөт, ветеринардык жактан тейлөө жакшы жолго коюлат. Айыл аймагында ар бир тукум селекция иштерин жогорку деңгээлде уюштуруу менен асыл тукум малдарынын баалуулугу жогорулайт.

 

2.7. Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын суу пайдалануучулар ассосациясынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу.

 

  1. Айыл-чарбасын өнүктүрүүнү суусуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Суу болбогон кургакчыл жылдары айыл-чарба продукциялары көңүлдөгүдөй болбой түшүмдүүлүк түшүп кетип элдин экономикасына чоң таасир берет.
  2. Т.Кулатов атындагы Суу пайдалануучулар асоссациясында 2015-2017-жылдарга төмөнкүдөй иш-чаралар каралган.

2015-жылга аткара турган СПАнын жумуштары

  1. Кайрагачтагы жаңы каналды ишке киргизүү - 4,5 км;
  2. Кайрагачтагы арыктарды тазалаш керек - 5 км;
  3. Кош-Дөбөдөн Аралга чейинки толуп калган арыктарды тазалоо – 5 км, бир дарбаза коюу;
  4. Сарыбай айылындагы толуп калган арыктарын тазалоо - 4 км;
  5. Таканай, Кумайдан, Ак-Чал, Арык-Тейит айылдарын үлүштүк жерлердеги арыктарды тазалоо керек - 15 км;
  6. Кулуштан айылындагы үлүштүк жерлердеги толуп калган негизги арыкты тазалоо - 6 км;
  7. Баглан айылындагы эски толуп калган арыктарды тазалоо керек - 15 км суу бөлүгү жерге бир дарбаза коюу керек;
  8. Кумайдандагы латокторду оңдоп чыгыш керек.
  9. Эски иштебей калган азыркы учурда токтоп турган скважиналарды ишке киргизүү.
  10. Т.Кулатов айылындагы ички каналдарга оңдоп түзөөгө 7 тонна цемент керектелет.

2.8. Абшыр Таза суу ишканасынын ишин жандандыруу.

Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын жарандарын таза суу менен камсыздоодо көптөгөн көйгөйлөр бар.

            Айылдык аймактын калкына толугу менен таза суу менен камсыз болгон эмес буга жаңы конуштар улам кошулууда. Таза суу менен камсыз болгон жерлерде да көйгөйлөр көп, көптөгөн жерлерде трубалар жарылып, суулар талаа кетип жаткан жерлер да жок эмес. Суулар колонкаларда тетиктердин жоктугунан дайыма агып турат. Ушул маселелерди чечүү максатында айыл өкмөтүндө 2015-2017-жылдарга өнүгүү планы иштелип чыкты. Ушул план боюнча жакынкы келечекте Абшырдагы Таза суунун башатын капиталдык оңдоп түзөө ишин бүткөрүү.

            Баглан айылынын элин таза суу менен камсыздоодо жарандардын баарынын үйлөрүнө таза сууну киргизип берүү ж.б. каралган.

 

 

 

Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2015-жылга Таза сууга аткарылуучу иштердин планы:

Кайсыл жерге

Иштин түрү

Өлчөө бирдиги

Баасы

Жалпы баасы

Аткаруу убактысы

Эскертүү

1

Шаран-Сай

Труба метал 0,32

300 м

140 с

42 000

Июнь

 

2

Абшыр-Сай

Труба полетл. 0,75

2000м

140с

28 0000

Июль

 

3

Така-Маала

Труба полетл. 0,75

250м

140с

35 000

Май

 

4

Кош-Дөбө

Труба полетл. 0,75

3250м

140 с

455 000

Май

 

5

Шайит-Мазар Абшыр-Сай

Труба метал 325

70м

4000с

280 000

Апрель

 

6

Шаркыратма

Цемент

10 т

 

 

 

 

7

Шаркыратма

Арматура 0,15

500м

55с

27 500

Апрель

 

8

Шаркыратма

Кум шагал

10 м3

 

30 000

Апрель

 

9

Чорголорду оңдоо, Т.Кулатов айыл аймагындагы

 

75даана

200с

150 000

III-IV

 

10

Сак

сак

1 даана

60 000

60 000

Март

 

11

Насос

Насос

1 даана

5000

5000

Март

 

 

Жалпы:

 

 

 

1 364 500

 

 

 

 

2.9. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн астында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасын өнүктүрүү жөнүндө.

Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын тазалыгын камсыздоодо, айыл өкмөтүнүн алдындагы «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасы 2014-жылы түзүлүп, айылдык аймагынын тазалыгын сактоодо бир топ иштер аткарылып, айылдык аймактын акыр-чикирлерин алып барып төгүүчү атайын жайды даярдашып, айланасын тосушуп, айылдык аймактын айылдарынан чыккан акыр-чикирлерди ошол жерге төгүп жатышат.

«Айылкурулуш» ишканасы Кожо-Арык айылынын «Шаран-Сайдагы» көпүрөсүн жана Кош-Дөбөдөгү эстеликти оңдоп түзөп, айланасын тосушту. Айыл өкмөтүнүн эсебине келген комбайнды иштетишип, анын ижара акысын алышып, өздөрүнүн киреше бөлүгүн толукташууда.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын 2015-2017-жылдарга чейинки өнүгүүнүн стратегиялык планында. Айылдык аймакты акыр-чикирден тазалоого керектелүүчү техникалар менен камсыздоо (ГАЗ-53, дизель авто унаасы, мусоровоз, погрузчик, комбайн). Айыл өкмөтүн жашылдандыруу көрктөндүрүү, айыл ичиндеги эски көпүрөөлөрдү куруу, аялдамаларды куруу, таштанды урналарын орнотуу, Бэккер чуңкурун бүткөрүү. Негизги жолдорго кышкы мезгилде гүмүн, шлак, кум төгүү иштери ж.б. каралган. Таблицаны кара.

 

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган

 «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын 2015-жылдан

2017-жылга чейинки стратегиялык иш планы.

 

 

 

Муниципалдык аткарылуучу иш чаралары

 

 

Аткаруу мөөнөтү

 

Ким аткарат

 

Баасы

1

Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасын техника менен камсыздоо (Газ 53 дизель, мусоровоз, трактор, погрузчик, комбайын,

2015-жыл

2017-жыл

Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн жетекчилиги. Т.Кулатов айыл кенешинин депутатары.

15 840 000

2

Айыл өкмөтүнүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери. Бардык айылдарда

2015-2016-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасынын жетекчилиги, айыл өкмөтүнүн жетекчилиги.

100 000

 

3

Айыл ичиндеги эски көпүрөөлөрдү куруу, Шайит мазар, Кен-сай, Чүчүк жаны конуш, Култай мечит, Баглан, Сары-Талаа, Кош-Дөбө көпүрөлөрү.

2015-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте

2 500 000

4

Аялдамаларды куруу, Ак-Терек, Кожо-Арык, Баглан, Кумайдан, Кулуштан.

2015-2016-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте

948 000

5

Таштанды салуучу урналарды орнотуу, Бардык айылдарда

2015-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте

900 000

6

Беккер чункур ( ямасы), Баглан айылынын күнгөй тарабы.

2015-2016-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте

500 000

7

Негизги жолдорго кышкы мезгилдерде гүмүн, шлак, жана кум төгүү иштери. Негизги жолдор, бардык айылдарда

2015-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы, айыл башчылар

50 000

8

Муниципалдык менчиктеги мекемелерди оңдоп түзөө иштери (тосмо менен тосуу жана туалет), Абшыр-Сай ФАП, Баглан ФАП.

2015-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы , айыл өкмөтүнүн жетекчилиги

180 000

9

Айыл өкмөтүнүн ички жолдоруна шагал төшөө иштери. Бардык айылдарда

2015-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте

500 000

10

ЮКЦнын батыш тарабындагы муниципалдык менчиктеги цемент ташуучу авто унаалар токтоочу жайды даярдоо иштери

2015-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы, айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана жер адиси.

 

 

 

 

100 000

11

Айыл өкмөтүнүн айылдарында санитардык коргоо иштерин (ит, чөө бөрүү ж.б ушул сыктуулар). Бардык айылдарда

2015жыл 2017-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы , Вет. Сервис, Жайыт комитетинин жетекчилиги менен

400 000

12

Таш-Булак айылынын жаны түшүүчү мазарын тосуу жана навес куруу. Таш-Булак айылы.

2015-жыл

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилиги

500 000

13

Т.Кулатов өкмөтүнүн бардык айылдарынын мазарына 10 даанадан отургуч жасоо жана көрктөндүрүү жашылдандыруу иштери. Бардык айылдарында.

2015-жыл

«Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте

185 000

14

Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына бир даана САК электр аспабы жана ширетүүчү аспаб.

2015-жыл

Т.Кулатов айыл кенешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги

40 000

15

ЮКЦнын түндүк батыш тарабында жайгашкан муниципалдык менчиктеги аянчасынын мал базар, дыйкан базар жер аянчасын бөлүп берүү жана каржылоо

2015-2016-жыл

Т.Кулатов айыл кенешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги. Жер адиси.

5 000 000

16

Таштандыны карай иштетүүчү кичи завод

2017-жыл

Т.Кулатов айыл кенешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги. Жер адиси.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 III. Инвестиция жана ишмердүүлүк.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизин ички жана сырткы инвестицияларды тартуу түзөт. Ошондуктан айылдык аймакты өнүктүрүүдө ички жана сырткы инвестицияларды тартууга өтөмаани берилип, көңүл бурулупкелүүдө.

2014-жылда айылдык аймактын социалдык-экономикалык тармактарын өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн 27 долбоор даярдалып, айылдык аймакта 80,6 млн сомдук жумуш аткарылып, анын ичинен 7,5 млн республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен 20,3 млнсомду, ПРООНдун демөөрчүлүгү менен – 453 миң сом. Бул тууралуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылындагы аткарган иштери жөнүндөгү маалыматтан таанышсаңыздар болот.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2015-2017-жылдарга 326,9 млн инвестиция тартып келүү пландалууда (таблицаны кара), анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 128,4млн түзмөкчү. Инвесторлорду тартууда айыл өкмөтү айылдык Кеңештин депутаттарына, коомдук уюмдарга АДКларга, Аялдар кеңешине, жаштар кеңештерине, айыл өкмөтүнүн активдерине жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине таянып иш жүргүзүлмөкчү.

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн инвестициялык долбоорлору 2015-2017-жылдар үчүн божомол

Долбоордун аталышы

Долбоордун жалпы акчасы млн.сом

А.ө мүмкүн чүлүгү бар млн.сом

Айырмасы суралуучу акча млн.сом

Кимдер тарабынан аткарылат

Күтүлүүчү жыйынтык

1

Т.Бекиев орто мектебинин имаратын бала бакчавга ыңгайлаштыруу

1,9

1,0

0,9

Донорлор ж.б

Билим сапаты жакшырат.

2

Кош-Дөбө айылына бала бакча куруу

22,0

4,0

18,0

Донорлор ж.б

Билим сапаты жакшырат.

3

Баглан айылын таза суу менен камсыздоо

4,8

2,0

2,8

Донорлор ж.б

Элдин ден соолугуна кам көрүлөт.

4

Баглан орто мектебинин жаңы имаратын куруу

60,0

30,0

30,0

Донорлор ж.б

Билим сапаты жакшырат.

5

Кантордун капремонту

3,0

1,5

1,5

 

Иштегенге жагымдуу шарттар түзүлөт. Элдин маанайы көтөрүлөт.

6

Тешик-Таштын жолун асфальттоо жана арка орнотуу

33,0

18,0

15,0

Донорлор ж.б

Облустун, райондун жана башка а.ө барууга ыңгайлуу автокаттам түзүлөт.

7

Стадионду капремонттон өткөрүү

2,5

1,5

1,0

Донорлор ж.б

Элдин ден соолугун чыңдоо максатында

8

Кызыл-Кия шаары тараптан Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө кире бериште кыргыз үйдү жана Арканы капремонттон чыгаруу

1,5

1,0

0,5

Донорлор ж.б

Элдин маданий денгээли жогорулайт.

9

Ак-Чал айылына балдар бакчасын куруу

8,0

4,0

4,0

Донорлор ж.б

Билим сапаты жакшырат

10

Кызыл-Булак айылынын Сарыбай участкасына балдар бакчасын куруу

8,0

4,0

4,0

Донорлор ж.б

Билим сапаты жакшырат

11

Т.Айбашов атындагы о.мектебине спорт комплексин куруу (Искусственный поля)

20,0

10,0

10,0

Донорлор ж.б

Жаштарды спортко тартуу жана элдин ден соолугун чыңдоо.

12

Кош-Дөбө айылына ФАП куруу

1,5

1,0

0,5

Донорлор ж.б

Ден соолукту чыңдоого кам көрүлөт

13

Ак-Терек айылына балдар бакчасын куруу

8,0

4,0

4,0

Донорлор ж.б

Билим сапаты жакшырат

14

Кожо-Арык айылына кайра иштетүүчү мини цех сок куруу

2,3

1,0

1,3

Донорлор ж.б

Айыл өкмөттүн экономикасын көтөрүүгө оң таасирин тийгизет.

15

Баглан айылынын кайрак үлүш,жаңы конушуна Кожо-Арык каналынан труба менен суу жеткирүү

2,0

1,0

1,0

Донорлор ж.б

Элдин жашоо-шартына ыңгайлуулук түзүлөт.

16

Апшыр-Ата мектебинин спорт залын куруу

5,0

2,5

2,5

Донорлор ж.б

Жаштар спортко тартылып, ден соолугу чың болот.

17

Бекиев участкасындагы эски мечиттин ордуна ФАП куруу

2,0

1,0

1,0

Донорлор ж.б

Ден соолукту чыңдоого кам көрүлөт.

18

Т.Бекиев атындагы орто мектебинин жолун асфальттоо

1,5

1,0

0,5

Донорлор ж.б

Билим берүүгө таасир этет

20

Апшыр-Ата спорт комплексине жылытуу системасын киргизүү

500 000

200 000

300 000

Донорлор ж.б

Жаштар спортко тартылып ден соолугу чыңалат.

21

Кереге-Таштагы көк бөрү ойноочу жайга элдер көрүү үчүн жай куруу

600 000

300 000

300 000

Донорлор ж.б

Элдин маданий деңгээли жогорулайт.

22

С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын канализациясын, водопроводун жана туалеттин жаңыдан куруу. 4 бөлмөгө пол төшөө.

800 000

400 000

400 000

Донорлор ж.б

Билим сапаты жакшырат

23

Кожо-Арык айылындагы борбордук жолдон карьердин жолуна чейин асфальт төшөө. Узундугу 1 км.

5,0

2,5

2,5

Донорлор ж.б

Элдер үчүн каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт.

24

Кожо-Арык айылынын борборуна спорт зал куруу

5,0

2,5

2,5

Донорлор ж.б

Дени сак эл, дени сак улут!

25

Култай мечитинин багынын ордуна балдар бакчасын куруу

12,0

6,0

6,0

Донорлор ж.б

Билим сапаты жакшырат

26

Тоо-лыжа базасын куруу

15,0

5,0

15,0

Донорлор ж.б

Туризмди өнүктүрүү.

27

Кулуштан орто мектебинин имаратын куруу

50,0

1,0

49,0

Республикалык бюджет

Билим сапаты жакшырат.

28

Таш-Булак айылына балдар бакчасын куруу

8,0

4,0

4,0

Донорлор ж.б

Билим сапаты жакшырат.

29

Таш-Булак айылына кеткен жолду асфальттоо

8,0

4,0

4,0

Донорлор ж.б

Элдерге каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт.

30

Кожо-Арык айылынын ички жолун асфальттоо

8,0

4,0

4,0

Донорлор ж.б

Элдерге каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт.

31

Ак-Чал – Кош –Дөбө айылынын борбордук жолуна асфальт төшөө

8,0

4,0

4,0

Донорлор ж.б

Элдерге каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт.

32

Апшыр-Сай жолуна асфальт төшөө

12,0

6,0

6,0

Донорлор ж.б

Элдерге каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт

 

 

 

 

 

 IV. Энергетика

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында эң орчундуу маселелердин бири айыл калкынын электр энергиясынан пайдалануусу күндөн-күнгө төмөндөп барууда.

Жогорку чыңалуудагы жыгач столбалар чирип, күн өткөн сайын иштетүүгө жараксыз абалга келүүдө.

Мурдагы тартылган электр зымдары эскирип, күчүн жоготту. Жаңы салынган турак-жай конуштарга электр линиясын тартып берүү көйгөйлүү, орчундуу маселе болуп барууда.

Мүмкүнчүлүктөр болсо дарыя, суу, шамал менен күндүн таасиринен электр энергиясын пайда кылуучу мини станцияларды курууну дагы ойлонушуп издөөбүз керек. (Иш чарага кошулду).

Жаңы конуштарда жашаган жарандарды 2015-2017-жылдардын ичинде электр энергиясы менен камсыз кылышыбыз зарыл. Жалпы айыл өкмөтүнүн калктуу пунктарын электр энергиясы үчүн өз убагында төлөөсүн камсыздоо багытында терең түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата энергетика тармагынын өнүгүү стратегиялык планы:

Жумуштун аталышы

Аткаруу орду

Аткаруу мөөнөтү

1

Айыл өкмөт боюнча трансформаторду график боюнча кезектеги жана капиталдык кароодон өткөрүү

Айыл өкмөт боюнча

2015-жыл

2

Жаңы конуштарга трансформаторлорду орнотуу

Кош-Дөбө, Арык-Тейит, Сарыбай, Таканай, Баглан, Кулуштан, айылдары

2015-жыл

3

Жогорку чыңалуудагы электр мамычаларын алмаштыруу

Кулуштан айылы

2015-жыл

4

Кубаттуулугу кичине трансформаторлорду кубаттуулугу жогорку трансформаторлорго алмаштыруу

Куммайдан, Кожо-Арык, Арык-Тейит

2016-2017-жыл

5

Жаңы конуштарга төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгыларын тартуу

Кош-Дөбө, Кожо-Арык, Куммайдан, Кулуштан, Кызыл-Булак айылдары

2016-2017-жыл

 

             

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 V. SWOT – анализ

 

Күчтүү жактары

Жагымдуу мүмкүнчүлүктөрү

  1. Айылдарда адам ресурстарынын коомго таасир этип жаткандыгы;
  2. Эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасынын бардыгы;
  3. Жамааттык уюмдардын жана граждандык коомдордун үзгүлтүксүз иштеши;
  4. Айыл өкмөтүндө жетишээрлик жергиликтүү бюджетинин болушу;
  5. Социалдык –экономикалык мамилелерди чечүүдөгү элдердин активдүүлүгү;
  6. Мурдагы совхоз убагындагы специалисттердин айылдарда туруктуу калып калгандыгы;
  7. Социалдык маселелер боюнча конфликтердин аздыгы, этностук бир өңчөйлүк;
  8. Аялдардын активдүүлүгү;

 

  1. Айыл-чарбасын жана мал чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзүлгөндүгү, жетиштүү жайыттардын болушу;
  2. Эл аралык уюмдар менен иштөөгө ыңгайлуулук.
  3. Климаттык ыңгайлуулук;
  4. Айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин инвестицияны тартууда эл аралык донор уюмдар иштешүүгө кызыктар болушу;
  5. Айылдык аймактын жерлеринин кен байлыктарга бай экендиги;
  6. Интелектуалдуу, билимдүү жаштардын көптүгү;

Жетишпестиктер

Жагымсыз абалдын кутулушу

  1. Айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу;
  2. Айыл-чарба техникаларынын аздыгы;
  3. Социалдык обьектилердин эскилиги;
  4. Продукцияларды сатууда түз байланыштын жоктугу;
  5. Сугат суусунун жетишпестиги
  1. Айылдагы жаштардын башка жактарга кетип калуусу;
  2. Айыл-чарба продукцияларынын кайра иштетилбей сатылышы;
  3. Минералдык жер семирткичтердин, күйүүчү майлардын келбей калышы же баасынын жогорулап кетүүсү;
  4. Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап берилиши;

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

VI. Мониторинг

            Өнүгүүнүн стратегиялык планынын аткарылышына көзөмөл (мониторинг) жүргүзүү коомчулук, айылдык кеңештин депутаттары, ӨЭУ (өкмөттүк эмес уюмдар), көз карандысыз эксперттер жана инвестициялык проектилерди каржылаган донор уюмдар аркылуу ишке ашырылыат. Донор уюмдар проектилердин аткарылышына баа берүүгө жана көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу. Ал үчүн проектилерди турмушка ашыруу максатында жүргүзүлгөн бардык операциялардын баштапкы финансылык документтери, отчеттору донор уюмдарга көрсөтүүлөт.

            Т.Кулатов өз алдынча башкаруу органынын башчысы ар кандай проектилерди турмушка ашыруу учурунда, аларга карата жасалган көз көрүнөө каталарды, сын пикирлерди эске алып, аларды түзөтүү максатында проектилерге ар кандай өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киритет. Проектилер аяктаган соң (ишке киргизилгенден кийин) алар жөнүндө толук отчету жана баалоону көз карандысыз эксперттердин жана донор уюмдардын кароосуна тапшырат.

            Окутууларга (семинар, тренинг) мониторинг жүргүзүү ошол учурдун өзүндө анкета толтуруу аркылуу жүргүзүлөт.

            Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын инвестициялык долбоорлорунун 2013-2017-жылдар үчүн божомолун мониторинг жүргүзчү болсок (таблица тиркелет). Толугу менен аткар албасак да 90% аткардык десек жаңылбайбыз. Таблицада көрүнүп турган 11 пунктун бири гана Кош-Дөбө айылына бала бакча куруу толугу менен аткарылбай калган, ал эми

- Көк-Жар – Кулатов-Кызыл-Кия каттамындагы борбордук жолдун Тешикташ участкасы эле калды;

- Т.Бекиев атындагы орто мектебине эски имаратынын ордуна бала-бакча куру башталып, аягына чыга элек;

- К.Колдошов атындагы орто мектебине кошумча класс куру башталып, аягына чыга элек;

Калган пунктары толугу менен аткарылган, демек бул биз стратегиядагы багыттарбызды туура тапдап алгандыгыбыздын далили экендигин көрсөтүп турат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын Инвестициялык долбоорлору 2013-2017-жылдар үчүн божомол

№1 тиркеме

Долбоордун аталышы

Долбоордун жалпы акчасы млн сом

а/и мүмкүнчүлүгү бар млн сом

Айырмасы суралуучу акча млн сом

Кимдер тарабынан аткарылат

Күтүлүүчү жыйынтык

  1.  

Көк-Жар – Кулатов – Кызыл-Кия борбордук жолун асфальттоо 15 км

56,0

47,0

9,0

Жергиликтүү бюджет АРИС

Жол оңолот, транспорт каттамы жеңилдейт

  1.  

К.Надиров ат. орто мектеби жаңы имаратын курууну бүтүрүү

52,0

-

52,0

Республикалык бюджеттен

Билим сапаты жакшырат

  1.  

Т.Бекиев ат. орто мектебинин имаратын бала бакчага ыңгайлаштыруу

1,9

1,0

0,9

Донорлор ж.б.

Билим сапаты жакшырат

  1.  

Кожо-Арык айылына баня куруу

1,2

0,2

1,0

ЮСАИД

Ден-соолугун чындоого кам көрүлөт

  1.  

Ак-Терек айылына ФАП куруу

1,2

0,2

1,0

ЮСАИД

Ден-соолугун чыңдоого кам көрүлөт

  1.  

Кош-Дөбө айылына бала-бакча куруу

22,0

4,0

18,0

Донорлор ж.б.

Билим сапаты жакшырат

  1.  

Т.Бекиев ат. орто мектебине ашкана куруу

1,5

0,5

1,0

Донорлор ж.б.

Балдардын ден-соолугу үчүн кам көрүлөт

  1.  

К.Колдошов ат. орто мектебине кошумча класс ачуу

1,5

0,5

1,0

Донорлор ж.б.

Билим сапаты жакшырат

  1.  

Маданият үйүн оңдоп түзөө

2,5

0,5

2,0

Теңдештирүү гранты

Элдердин маданий денгээлинин жогорулоосуна таасир тийгизет

  1.  

Т.Кулатов музейин куруу

4,0

2,0

2,0

Донорлор ж.б.

Элдердин маданий денгээлинин жогорулоосуна таасир тийгизет

  1.  

Мемориалдык комплес куруу

2,0

0,5

1,5

Донорлор ж.б.

Элдердин маданий денгээлинин жогорулоосуна таасир тийгизет

 

Жалпысы:

145,8

56,4

89,4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 КОРУТУНДУ

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча иштелип чыккан комплекстүү жумуштарды аткаруу экономиканын өсүшүнө жол ачат. Айыл өкмөттө өнөр жай тармагын өнүктүрбөй туруп, айыл чарба тармагында өсүш болбошу көзгө көрүнүп турат. 2015-2017-жылдар ичиндеги экономикалык өсүшү үчүн жогорудагы бүт тармактар боюнча жазылган болжолдуу программалар далил боло алат. Мал чарбачылык, талаачылык, өнөр жайын өнүктүрүү - бул негизги бегыт.Айыл чарба продукцияларды кайра иштетүү жолу менен алек болуш үчүн кичи иш каналарды ачууга киришишибиз керек. Аларды өндүрүп, өз элибизге болушунча арзандатылган бааларда сатып турсак бул дагы экономиканын алга жылышына мүмкүнчүлүк берет. Жеке ишкердикти күчөтүп, соода түйүндөрүн көбөйтүү товарлардын сапатын жогорулатуу, чекене товар жүргүзүүнүн көлөмүнүн өсүшүнө жана акылай кызмат көрсөтүүгө болот. Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу экономикалык тармакка оң багыт берет. Айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн резерви катарында туризм багыты козголбой турат, ушул багытка келгенде көңүл буру зарыл. Маданият, саламаттык сактоо жана билим берүү обьектилерин турак жайлардын ишке киргизилиши социалдык инфраструктураны жакшыртат.

            2015-2017-жылдын болжолдуу экономикасын өнүктүрүүдө иштеп чыккан программалардын оң таасири тийип, айыл өкмөтүбүздүн жалпы калкы жакшы жашоого умтулуп, экономикабыз алга жылып келечектеги ой максаттарга жетебиз деген тилектерибиз бар.

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл

өкмөтүнүн башчысы: Н.Мадимаров.

 

 

Аткаруучулар:

Айыл өкмөтүнүн башчысынын

орун басары: Д.Көчкөнов

 

Финансы-экономикалык

бөлүмүнүн башчысы: А.Зулпуев.

 

Жетектөөчү адис: С.Бөйдөнов

 

Жер адиси: Г.Абдуллаев.

 

 

 

 

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин Vчи чакырылышынын

 кезексиз XXII сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

18-март 2015-жыл. № XXII-4 Кызыл-Булак айылы

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн атуулу жеке ишкер Абишев Каныбек Абишевичтин арызынын негизинде Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Булак айылынан кичи кыш чыгаруучу ишканага 6.0 га жайыт жер аянттарын « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы О.Разаковтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27 беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8 пунктуна ылайык «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесин жетекчилике алып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы.

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1.      Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Булак айылындагы түштүк чыгыш тарабындагы эски Т.Кулатов атындагы совхоздун убагында иштетип, кам кыш чыгарып, кийин талкаланып бузулуп кеткен ишкананын ордуна 1,0 га жер аянтына кичи кыш чыгаруучу ишкана куруу жана топурак алып иштетүү үчүн жайыттан 5,0 га бардыгы болуп 6,0 га жер аянты трансформациялоого макулдук берилсин.

 

2.      Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип (рекультивизациялоо) жагы жеке ишкер Абишев Каныбек Абишевичке милдеттендирилсин.

 

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Булак айылындагы түштүк чыгыш тарабындагы 1,0 га жер аянтына кичи кыш чыгаруучу ишкана куруу жана топурак алып иштетүү үчүн жайыттан 5,0 га бардыгы болуп 6,0 га жайыттын жер аянттарынан « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «транспорт байланыштын жана башкалардын жерлери» категорияга которууга (транформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер аянтын транспорт, өнөр жай жана коргонуу (жерлер) категориясын которуп, трансформациялап чыгарылгандан кийин лицензиясынын мөөнөтүнүн негизинде ижара келишимин түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

 Т.Кулатов айылдык

 Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

 кезексиз XXII сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

18-март 2015-жыл. № XXII-5 Кызыл-Булак айылы

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кожо-Арык айылынын Кыркол-Сай гипс кенин казып алуу үчүн 16,73 га жайыт жер аянттарын « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровтун билдирүүсүндө «Аззахабу ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыркол-Сай бөлүмүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча агентигинен 2015-жылдын 9-февралындагы 16,73 га жер аянтарынан гипс кенин казып алып иштетүү үчүн № 3924 ТЕ лицензиясын 20 жылдык мөөнөт менен иштетүүгө алып келген лицензиясын талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8 пунктуна ылайык «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесин Кыргыз Республикасынын «Жер участокторуну которуу (транформациялоо) » жөнүндө 2013-жылдын 15-июль №145 мыйзамына ылайык депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

 

 

 

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1.      Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Кыркол-Сай бөлүмүнөн лицензияга негиз 20 жылдык мөөнөт менен (2034 –жылдын 9-февралына) чейин гипс кенин казып алуу үчүн 16,73 га жайыт жер аянтарын « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «транспорт байланыштын жана башкалардын жерлери» категорияга которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.

 

2.      Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип (рекультивизациялоо) жагы «Аззахабу ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна жуктөлсүн.

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

4.       Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Кыркол-Сай бөлүмүнөн лицензияга негиз 20 жылдык (2034 –жылдын 9-февралына) чейин мөөнөт менен гипс кенин казып алуу үчүн 16,73 га жер аянтарынын жайытынан « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «транспорт байланыштын жана башкалардын жерлери» категорияга которууга (транформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

5.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер аянтын транспорт, өнөр жай жана коргонуу жерлери категориясын которуп, трансформациялап чыгарылгандан кийин лицензиясына негизинде 20 ( жыйырма) жылдык мөөнөт менен ижара келишими түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

 Т.Кулатов айылдык

 Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

 кезексиз XXII сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

18-март 2015-жыл. № XXII-6 Кызыл-Булак айылы

 

Т.Бекиев атындагы орто мектебинин директору Каратаева Санавар Абдиллаевнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасына» көрсөтүү жөнүндө.

 

            Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Т.Бекиев атындагы орто мектептин директору Каратаева Санавар Абдиллаевнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасына” талапкерлиги каралып, Т.Бекиев атындагы орто мектептин профсоюздук чогулушунда колдоого алынган 2015-жылдын 14-мартындагы № 5 токтомун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши

 

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

 

  1. Т.Бекиев атындагы орто мектебинин директору Каратаева Санавар

 Абдиллаевнаны көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, Кыргыз

 Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасына” талапкерлиги

 колдоого алынсын.

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү тарабынан Т.Бекиев атындагы орто

 мектебинин директору Каратаева Санавар Абдиллаевнаны Кыргыз

 Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасына” көрсөтүү боюнча

 Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кат берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык,

 маданий билим берүү, спорт, миграция,туризм, жаштар жана саламаттыкты

 сактоо боюнча комиссиясына жана А.Ажибаевке милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 Т.Кулатов атындагы айылдык

 Кеңешинин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Т.Бекиев атындагы орто мектептин профсоздук чогулушунун

№5 токтому.

14.03.2015-ж                                                                       

Т.Кулатов айыл округу Кожо-Арык айылы

Катышкандар: 31

Катышпагандар: 3

Күн тартибинде:

Т.Бекиев атындагы орто мектебинин 2014-2015-окуу жылынын жыйынтыгынын негизинде алдыңкы мугалимдерди сыйлоо жөнүндө.

Угулду:

Күн тартибинде маселе боюнча кесиптик кошундун төрайымы Жумантаева Г. Төмөнкүлөргө токтолду :

Урматтуу мугалимдер, мектеп директору Каратаева Санавар 24-жылдан бери ушул мектепте үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Өзүңүздөргө малым болгондой эжеке жетектеген 4-жылдан бери мектепте алгылыктуу иштер аткарылды. Атап айтсам мектептин материалдык- техникалык базасын чоңдоо үчүн 2013-жылы 2 млн 900 миң сомдук 100 орундуу ашкана, 2014-жылы 430 миң сомдук ПРООНдон проект утуп эки интерактивдуу доска, эки проектор, бир түстүү принтер, бир фотоаппарат, бир видео камера, эки ноотбук, бир кино экран алынды, 2014-окуу жылы МЕРСИКОго проект жазып 138000 сомдук ашкана 100 стул, 40 стол алынып келинди. Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу максатында ата-энелер менен биргеликте иштеп, демөөрчүлөрдү таап, «Баланы тану» жылына карата 267000 сомдук 19 каанага видео көзөмөл, 18 каанага радио узел орнотулду. 2013-2014-окуу жылынын жыйынтыгы менен мектеп райондо I орундуу камсыз кылды.

            Мектепте жүрүпжаткан бул иштердин баары эжекенин эмгегинин жыйынтыгы экендиги талашсыз. Ошондуктан эжекенин эмгектерин баалап, мектеп директору Каратаева Санавар Абдуллаевнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына сунуштайм.

Жарыш сөзгө чыккандар:

1.      Ысаева Шакар- математика мугалими

Мен булл сунушту колдоймун. Анткени, Каратаева Санавар иш билги, тил билгилигинин натыйжасында мугалимдер жамаатынын ынтымакчылыгын бекемдеп, жылдан жылга көптөгөн ийгиликтер жаралып жатат. Директор болгон төрт жылдын ичинде өкмөттүк эмес уюмдар , ата-энелер, демөөрчулөрдү тартуу, коомчулук менен айыл өкмөт менен бирге иштеп, көптөгөн ийгиликтерди алып келди.

            «Жаңылыкка жол» аттуу деген темада областык директорлордун семинарын 2014-жылдын 11-майында жогорку деңгээлде өткөрүп, мектеп жетекчилери тарабынан жогорку сыйлыкка көрсөтүлгөн, бирок сыйлык келген жок. Ошондуктан аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына көрсөтүү сунушун колдой.

2.      Жамалдинов Абдыразак-орус тили жана адабият мугалими, 2013-2014-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн улуттук тесттен алган баллы боюнча райондо экинчи эорунду камсыз кылгандагы Каратаева Санавар эжекенин толук шарт түзүп бергендигинин жыйынтыгы десек болот.

3.      Жарыш сөзгө: Мамазияева Жылдыз, Сатывалдиева Канзада, Бобулова Канышай, Тешебаева Катича, Маматова Зулайка эжекелер чыгышып Каратаева Санавардын үзүрлүү эмгеги, иш тажрыйбасы, эмгек стажы да чындыгында эле сыйлыкка татыктуу деп баса белгилешти, калган мугалимдерда колдоого чакырышты.

Бул сунуштар жалпы мугалимдер жамаатына колго салынып, бир добуштан колдоо тапты.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап профсоздук

чогулуш төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.      Мектеп директору Каратаева Санавар Абдуллаевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына көрсөтүлсүн.

2.      Бул чечимди бекитип берүү Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинен суралсын.

 

 

Т.Бекиев атындагы орто мектептин

 кесиптик кошунун төрайымы: Г.Жумантаева

 

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

 кезексиз XXII сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

18-март 2015-жыл. № XXII-7 Кызыл-Булак айылы

 

«Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына айыл өкмөтүнүн, мектептердин, балдар бакчаларынын таштандыларын (мусорлорун) алып чыгуу үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюушулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Боркош уулу Дамирбектин билдирүүсүндө айыл өкмөтүнүн, мектептердин, балдар бакчаларынын таштандыларын (мусорлорун) алып чыгуусун угуп жана талкуулап, депутаттардык Т.Кулатов айылдык Кенештин сессиясы

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

 

  1.             Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюушулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына айыл өкмөтүнүн, мектептердин, балдар бакчаларынын таштандыларын (мусорлорун) алып чыгуусу үчүн жергиликтүү бюджеттен келишимдин негизинде 57 999,5 (элүү жети мин тогуз жүз токсон тогуз сом элүү тыйын ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы ишкананын жетекчиси Боркош уулу Дамирге жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.

 

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенештин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 КЕЛИШИМ №

 

Кызыл-Булак айылы « ____ » ____________ 2015-жыл

 

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн уставынын негизинде буюртма берүчү Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаров биринчи тараптан, Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында «Айылкурулуш» муниципиалдык иш канасынын жетекчиси Боркош уулу Д. ишканасы уставынын негизинде иш алып баруучу экинчи тарап, төмөнкүлөр жөнүндө келишим түзүлду.

 

1.      Келишимдин предмети.

1.1 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн уставынын негизинде буйюртма беруучу биринчи тарап Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү жана алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципиалдык ишканасы экинчи тарап. Т.Кулатов айылындагы 9 (тогуз) мектеп.эки балдар бакчасы жана Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн конторасынын айласынын алдындагы таштандыларын ташуу боюнча келишим.

2. Тараптырдын укуктары жана милдеттери.

2.1 Биринчи тарап, экинчи тараптын аткарган иштерин сапатына, мыйзамдуу жана максаттуу аткарылышына ошондой эле аткарылган жумуштардын өз убагында аткарылуусун көзөмөлдөйт.

2.2 Биринчи тарап, экинчи тараптын, смета боюнча аткарыла турган иштери учун он айга 57999,5 (Элүү жети мин тогуз жүз токсон тогуз сом элүү тыйын) сом алдын ала бюджеттен каржылоону жүргүзөт.

2.3 Экинчи тарап, биринчи тараптын буйрутмасы боюнча өз убагында сапаттуу, туура максатта мыйзамга негиз иш алып барууга милдеттенет.

2.4 Тараптардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын колдонууга мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.

2.5 Экинчи тарап, биринчи тараптын, аткарыла турган жумуштарынын ар бирин келишим менен уставынын негизинде иш жүргүзөт.

 

3. Келишимге өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизуунуу толуктоолорду киргизуунун жана бузуунун тартиби.

3.1 Бул келишим бутконго чейин эки тараптын жазма макулдугу менен же сот тарабынан озгортулсо, бузулса болот.

 

4. Талаш-тартыштарды чечуу тартиби.

4.1 Ушул келишим боюнча пайда болгон талаш-тартыштардын баарын тараптар суйлошуу жолу менен чечууго аракеттенишет.

4.2 Эгерде макулдашууларга жетишилбесе талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

5. Корутунду жоболор.

 Келишим эки нускадан тузулуп, бирдей юридикалык кучко ээ жана эки тарапка бирден нуска берилет.

 Тараптардын даректери:

 

Биринчи тарап: Экинчи тарап :

Т.Кулатов атындагы айыл окмоту                    Филиал ОАО «Росин банк Ноокат» Кызыл-Булак айылы : Ноокат шаары: ИНН:01706200410310 БИК:136023 М.С:12904741316110007 ИНН:03010201310083 БИК:129047 код:ОКПО 28507143 АОА РСК Банк.Г. Ноокат Р.С. 1360233000662685

Т.Кулатов атындагы айыл М.П «Айылкурулуш» Кызыл-Булак айылы:окмотунун башчысы: «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын Мадимаров.Н.С_________________ жетекчиси Боркош уулу Д__________

 

 

 

 

 

 Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын

 таштандыларын чыгаруу боюнча түзүлгөн смета.

Буюртма берүүчү Аткаруучу «Айылкурулуш»

Т.Кулатов айыл өкмөтү. муниципалдык ишканасы.

Мадимаров Н._________ Боркош уулу Д._________

 

№.

Мекемелердин аты.

Таштанды 1 айда М3

10 айда М3 куб

Калькуляция боюнча 1куб 892,3

1.

Абшыр-ата мектеби.

0,5

 5.0

4461,5

2.

Т.Бекиев Мектеби.

0,6

6,0

5353,8

3.

Ж.Бөкөнбаев мектеби.

0.6

6,0

5353,8

4.

Колдошов мектеби.

0,5

5,0

4461,5

5.

Айбашов мектеби.

0,6

6,0

5353,8

6.

К.Надиров мектеби.

0,6

6,0

5353,8

7.

Эргешов мектеби.

0,5

5,0

4461,5

8.

Кулуштан мектеби.

0,5

5,0

4461,5

9.

Баглан мектеби.

0,6

6,0

5353,8

10.

С. Эргешов балдар бакчасы.

0,5

5,0

4461,5

11.

Арык-Тейит Нуру балдар бакчасы.

0,5

5,0

4461,5

12.

Айыл окмотунун конторасы

0,5

5,0

4461,5

13

Бардыгы:

 

65,0

57999,5

             

 Иженер:                                                       Авазов. М.

 Бугалтер:                                          Адиев. С

 

 

 

 

 

 

 Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чи чакырылышынын

 кезексиз XXII сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

18-март 2015-жыл. № XXII-8 Кызыл-Булак айылы

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коому менен меморандумду кайрадан түзүү жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн билдирүүсүндөгү 2015-жылга карата “Түштүк-Кыргыз-Цемент” жабык акционердик коому менен кайрадан түзүлгөн меморандумдун аткарылуучу иш-чараларын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кеңешитин сессиясы

 

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

 

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен “Түштүк-Кыргыз-Цемент” жабык

 акционердик коомунун түзгөн меморандуму тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

 

2. Меморандумда каралган иш-чаралар өз убагында аткарылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык

 Кеңештин комиссия курамдарына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине

 жүктөлсүн.

 

 

            Т.Кулатов атындагы айылдык

 Кенештин төрагасы: А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Туштук-Кыргыз Цементи» жабык акционердик коомунун 2015-жылда Кулатов айыл аймагына социалдык жардам корсотуу боюнча генералдык планы

Катар №

Иш чаралар

Аткаруу мооноту

Эскертуу

1

Кулатов айыл аймагына 30 км. ички жолдоруна шагал тошоо жана виброкаток менен иштеп чыгуу. Айрым жайыттардагы 4 км. жолду ондоо

2015-жылдын март-октябрь айлары

Айыл окмоттун башчысынын жазуу жузундогу каты боюнча негизги айрыкча трассадан тышкары жайгашкан айылдарга чейинки ички жолдордо жумуштарды аткаруу. Аткарылган жумуштарды километражын корсотуу менен айыл окмоттун башчысы же ал дайындаган киши кабыл алат. Жумуштар бир кундон ашык убакытта аткарылса айыл окмоту болунгон техникалардын кайтаруусун уюштурат

2

Озгочо кырдаалдар учурунда техникалык жардам корсотуу

2015-жыл

ичинде

Айыл окмоттун башчысынын жазуу жузундогу катына негизинде

3

Кызыл-Булак айылынын Сарыбай участкасында 50-орундан ашпаган балдар бакчасынын курулушуна каржылашуу (софинансирование)

2015-жыл ичинде

«ЮКЦ» 2015-жылдын экинчи кварталында балдар бакчасынын курулушун каржылашуусунун (софинансирование) олчомун карап чыгат

4

Кулатов айыл аймагында жайгашкан социалдык обөектилерин (билим беруу мекемелерин) ондоо жана колунда жок уй-булолорго болуштуруу учун 100 тонна цемент болуу

Айылдык кенеш жана айыл окмоту менен макулдашуу боюнча

Айылдык кенештин торагасынын жана айыл окмоттун башчысынын жазуу жузундогу каты боюнча «ЮКЦ» биринчи жарым жылдыкта 50 тонна жана экинчи жарым жылдыкта 50 тонна цемент болот

5

Ходжа каналынын 800 метр аралыгын тазалоо. Баатыр-Сай, Таканай-Сай, Тилла-Сай-1, Тилла-Сай-2, Баглан-Сай, Кен-Сай селканаларын тазалоо

2015-жылдын 1-апрелине чейин, 2015-жылдын сентябрь-октябрь айлары

Айыл окмоттун башчысынын жазуу жузундогу каты боюнча «ЮКЦ» зарыл учурларда каналдарды тазалоо учун техникалак каражаттарды болууго комоктошот

6

21-мартта Нооруз майрамын белгилоодо 15 000 сом; 9-май Жениш кунундо Ата-мекендик согуштун уч катышучусуна 5 000 сомдон; 31-август Эгемендик кунундо-25 000 сом; 3-декабрь майыптар кунундо-10 000 сом спонсордук жардам корсотуу.

2015-жылдын 20-мартты, 8-майы, 30-августу, 2-декабры.

Айыл окмоттун башчысынын жазуу жузундогу катынын негизинде

7

«ЮКЦ» эсебинен Кызыл-Кыя шаарындагы Кулатов атындагы тоо-кен колледжине мектептердин бутуруучулорунон 9 кишини жонотуу, 9-студенттин окуусунун максималдуу каржылоосу 180 000 сомдон ашпашы керек

2015-жылдын июль-сентябрь айлары

Айыл аймагынын комиссиясы конкурстук негизде бутуруучулорду тандайт. «ЮКЦ» колледжде завод учун даярдалуучу кесиптердин тизмесин берет. Бутуруучулор колледжде конкурска катышышат. Окууга откон студенттердин тизмеси айыл окмоттун башчысына берилет, ал оз кезегинде контрактын суммасын толоо боюнча эсепти тиркоо менен «ЮКЦ»га кайрылат.

«ЮКЦ» акча каражаттарын окуу мекемесинин эсебине которот. «ЮКЦ» окууну каржылоо боюнча, айыл окмоту студенттердин окуусун козомолдоо жана ата-энелер, студенттер окууну талапка ылайык бутуруу милдеттенмеси жонундо 3-тараптуу келишим тузулот.

8

Жайыттарды жакшыртуу боюнча жардам корсотуу

Макулдашуу боюнча

«ЮКЦ» 1600 кг эспарцет уругун сатып алууга, ошондой эле урукту себуу учун 400 литр дизелдик май болуп беруу боюнча айыл окмотуно жардам корсотот.

9

Жалал-Абад жана Ош облустарында окуучулардын жайкы лагерлерде эс алуусу

 

 

 

 

«ЮКЦ» ЖАК                                                                     Кулатов айыл окмотунун

Башкы директору:                                                башчысы:

 

 

________________ Усольцев Ю.А.                                 _______________ Мадимаров Н.С.

 

 

«_______»________________2015-жыл   «_______»___________________2015-жыл

 

 

 

 

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин Vчи чакырылышынын

 кезексиз XXII сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

18-март 2015-жыл. № XXII-9 Кызыл-Булак айылы

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын Чал-Таш участогуна «Беккер чункурун» куруу үчүн 0.10 га жайыт жер аянттарын « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы О.Разаковтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27 беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8 пунктуна ылайык «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесин жетекчилике алып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы.

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1.       Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын Чал-Таш участогуна «Беккер чункурун» куруу үчүн 0.10 га жер аянты трансформациялоого макулдук берилсин.

 

2.       Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын Чал-Таш участогуна «Беккер чункурун» куруу үчүн 0.10 га жайыт жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга (транформасиялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер аянттарын « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга (трансформациялоо) жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

 Т.Кулатов айылдык

 Кенешинин төрагасы: А.Ажибаев.