Т О К Т О М № 128 28-июль
2016-жыл
Кызыл-Булак айылы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү
депутаттарынын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин v чи чакырылышынын 2016-жылдын 17-июнундагы кезексиз
33-сессиясынын 3 токтомуну турмушка ашыруу максатында Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн
аймагынан Жоопкерчилиги чектелген «Тики Энерджи» коомуна жайыттан жер
аянттарынын башка категорияга которуп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин № 15-27 беренелерине, Кыргыз
Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө»
мыйзамынын 47-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөьтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы
№ 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо)
тартиби жөнүндө» Убактылуу жобону талаптарына ылайык
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн
аймагында жайгашкан Кожо-Арык айылындагы Кызыл бөлүмүндө
жайгашкан жер аянтынан 1,0 га жер «Айыл чарба багытындагы жерлер»
категориясынын «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана
башкарлардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) менен Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №
169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо)
тартиби жөнүндө» Убактылуу жобонун талаптарына ылайык жер
аянттарын которуп (трансформациялап) келгенден кийин келишимдин негизинде
офис, жумушчулар үчүн жатакана, ашкана авто гараж курууга
20-жылдык мөөнөт менен (2036-жылдын 29-июлуна чейин)
убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин. 2. Ижаралык келишимдин негизинде
берилген жер аянтына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй
калган пайданын ордун толтуруп, жер салыктарын, ижара акыларын өз
учурунда төлөп туруу жагы Жоопкерчилиги чектелген «Тики Энерджи»
коомунун жетекчилигине тапшырылсын. 3. Бекитилип ижарага берилген жер
аянтынын чек араларды тактап тийешелүү юридикалык иш кагаздарын
даярдап жерге болгон укугун тактап туруу жагы Ноокат райондук кадастр жана
кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинен суралсын. 4. Атайын ажыратылган жер аянтына архитектуралык
иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулушу
жана архитектура боюнча башкармалыганан суралсын. 5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл
кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер
адисине тапшырылсын. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы:
Н.Мадимаров. |