М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

27.10.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү технологиялык авто унаа жолунунун разрез "Абшыр" жолунун түндүк тарабындагы жер аянтына   "Мол Азык-Фей компании"  ЖЧКсына келишимдин негизинде ижарага макулдук берүү жөнүндө

2.

2

27.10.2017

Ош Баткен Исфана жолуна Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 23.10.2017-жылдын №ALKE-ONT-KG-09-0064  сандуу катынын негизинде карьерге шагал алуу үчүн жер  сураган Караван участкасынан 2,7га жер аянтын Мамлекеттик энергетика   жана кен байлыктар  боюнча  комитеттин 11.10.2017-жылдын            №479-Н-17 лицензия алгандыгына  байланыштуу  Кыргыз Өкмөтүнүн 14-декабрь 2012-жылдагы  № 834 токтомдун негизинде жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

3.

3

27.10.2017

Каримбердидеги ГОС фонддун жериндеги  өрүк багы куурап калгандыгына байланыштуу, кыйганга уруксат берүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр"   технологиялык авто унаа жолунун түндүк чыгыш тарабынан  "Мол Азык-Фей компани"  ЖЧКсынын сураган 100 га жер аянтын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик жерге жайгаштыруу ишканасынын 1989-жылынын 12-августунун №123 инвертаризациясынын делосунун жана Кыргыз Республикасынын призимунун №1456 25-августунун 1989-жылынын №15 токтомуна негиз трансформацияланган категориясы    "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы жер аянтын  келишимдин негизинде ижарага  берүү жөнүндө, Кыргыз Республикаксынын Жер кодексини 7-беренесинин, 2,3,пункттарын эске алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр"   технологиялык авто унаа жолунун түндүк чыгыш тарабынан  "Мол Азык-Фей компани"  ЖЧКсынын сураган 100 га жер аянтынын ичинен Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик жерге жайгаштыруу ишканасынын 1989-жылынын 12-августундагы №123 инвертаризациясынын делосунун жана Кыргыз Республикасынын президумунун №1456 25-августундагы, 1989-жылкы №15 токтомуна негиз 12 га жер аянты айыл чарба багытынан  "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулгандыгына байланыштуу   12 га жер аянтын  Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик жерге жайгаштыруу ишканасынын 1989-жылынын 12-августунун №123 инвертаризациясынын делосунун жана Кыргыз Республикасынын президумунун №1456 25-августундагы, 1989-жылкы №15 токтомуна негиз 12 га жер аянтын 49 жылдык мөөнөткө (2066-жылдын 27-октябрына чейин) келишимдин негизинде ижарага макулдук берилсин.

2.         "Мол Азык-Фей компани"  ЖЧКсы менен  "Өнөр жайын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы жер аянтын 49 жылдык мөөнөткө (2066-жылдын 27-октябрына чейин) келишимди түзүү жагы  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.         Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетиндеги жайыттын жер балансасынан 6 га жайыт жер аянтын кыскартып, иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ош областык "Кыргызгипрозем" долборлоо бөлүмүнөн суралсын.

4.         Бекитилип ижарага берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны даярдап берүү жагы  Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.

5.         Бекитилип ижарага берилген жер аянтынын чек араларын тактап, тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун тактап берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

6.         Токтомдун аткарылышы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине тапшырылсын.

7.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

2

27.10.2017

Ош Баткен Исфана жолуна Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 23.10.2017-жылдын №ALKE-ONT-KG-09-0064  сандуу катынын негизинде карьерге шагал алуу үчүн жер  сураган Караван участкасынан 2,7га жер аянтын Мамлекеттик энергетика   жана кен байлыктар  боюнча  комитеттин 11.10.2017-жылдын            №479-Н-17 лицензия алгандыгына  байланыштуу  Кыргыз Өкмөтүнүн 14-декабрь 2012-жылдагы  № 834 токтомдун негизинде жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Ош Баткен Исфана жолуна Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 23.10.2017-жылдын №ALKE-ONT-KG-09-0064  сандуу катынын негизинде карьерге шагал алуу үчүн жер  сураган Караван участкасынан 2,7га жер аянтын Мамлекеттик энергетика   жана кен байлыктар  боюнча  комитеттин 11.10.2017-жылдын            №479-Н-17 лицензия алгандыгына  байланыштуу  Кыргыз Өкмөтүнүн 14-декабрь 2012-жылдагы  № 834 токтомуна таянып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кырыг Республикасынын Мамлекеттик энергетика   жана кен байлыктар  боюнча  комитеттин 11.10.2017-жылдын №479-Н-17 лицензиясынын негизинде 2,7 га жер аянты 2 жылдык мөөнөткө макулдук берилсин.

2.         Кен байлыктарды казып алгандан кийин экологияны сактоо менен рекультувациялоо, калыбына келтирүү жагы Кырыг Республикасынын Мамлекеттик энергетика   жана кен байлыктар  боюнча  комитеттин 11.10.2017-жылдын №479-Н-17 лицензиясын алган ишканасына милдеттендирилсин.

3.         Кырыг Республикасынын Мамлекеттик энергетика   жана кен байлыктар  боюнча  комитеттин 11.10.2017-жылдын №479-Н-17 лицензиясын алган ишкана  менен ижаралык келишим түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

3

27.10.2017

Каримбердидеги ГОС фонддун жериндеги  өрүк багы куурап калгандыгына байланыштуу, кыйганга уруксат берүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каримберди бөлүмүндөгү № 115 контурундагы жайгашкан 6,11 га жер аянтынын ичинен 1,2 га жер аянтындагы өрүк бактын арендатору Сулайманов Карим аксакалдын арызынын негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын актысына таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агентигинин Ош аймактык башкармалыгынын корутундусуна негиз ,депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каримберди бөлүмүндөгү № 115 контурундагы жайгашкан 6,11 га жер аянтынын ичинен 1,2 га жер аянтындагы кургап калган 62 (алтымыш эки) түп өрүк бакты кыйдырууга макулдук берилсин.

2.         Каримберди бөлүмүнөн кыйдырылган өрүктүн отундарын алып келип, мектептерге, бала бакчаларга бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

3.         Кайрадан көчөт тиккенге тийиштүү документтерди даярдап берүүнү Ноокат-Араван райондор аралык аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Ноокат району боюнча башкы адиси К.Нишановдон суралсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад