М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

13-1

05.08.2022

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жаша -Балалык - Таңы" жана "Арык - Тейит - Нуру" бала бакчаларына кошумча орус тилинде тайпа ачуу жөнүндө

2.

13-2

05.08.2022

Т.Кулатов айыл аймагына май айында жааган жаан - чачындан жабыркаган көпүрөлөргө акча каражат бөлүү жөнүндө

3.

13-3

05.08.2022

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош - Дөбө айылынын тургуну жеке ишкер Камчиев Медербектин арызын кароо жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 13 сессиясы

Т О К Т О М

05.08.2022

13-1

Кызыл-Булак айылы

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жаша -Балалык - Таңы" жана "Арык - Тейит - Нуру" бала бакчаларына кошумча орус тилинде тайпа ачуу жөнүндө

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жаша - Балалык - Таңы" жана "Арык - Тейит - Нуру " бала бакчаларына кошумча орус тилинде тарбиялануучу 60 (алтымыш) балага тайпа ачуу үчүн сентябрь , октябрь , ноябрь , декабрь айларына тамак - аш үчүн Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн бюджетинен 118 000 (бир жүз он сегиз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жаша - Балалык - Таңы" жана "Арык - Тейит - Нуру " бала бакчаларына кошумча орус тилинде тарбиялануучу 60 (алтымыш) балага тайпа ачуу үчүн макулдук берилсин.

 

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жаша - Балалык - Таңы" жана "Арык - Тейит - Нуру " бала бакчаларына кошумча орус тилинде тарбиялануучу 60 (алтымыш) балага 2022-жылдын 1- сентябрынан баштап 31-декабрына чейин Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен балдар бакча бөлүмүнүн 2215 беренесинен 2218 беренесине 118 000 (бир жүз он сегиз миң )сом акча каражаты жылдырылсын.

 

3.         Токтомдун аткаруу жагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн орун басары С.Бойдоновго милдеттендирилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Каратаевага тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Ажибаев                   

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 13 сессиясы

Т О К Т О М

05.08.2022

13-2

Кызыл-Булак айылы

 

Т.Кулатов айыл аймагына май айында жааган жаан - чачындан жабыркаган көпүрөлөргө акча каражат бөлүү жөнүндө

 Т.Кулатов айыл аймагында 2022 -жылдын май айында катуу нөшөрлүү жаандын кесепетинен келген селден жабыркаган көпүрөлөргө жана муниципалдык мекемелерге жергиликтүү бюджетинен 1 298 690 (бир миллион эки жүз токсон сегиз миң алты жүз токсон) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси К.Маткаримовдун жана Абшыр - Ата айылынын айыл башчысы Д. Атакожоевдин билдирүүсү менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, 102 беренеге негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2022 -жылдын май айында катуу нөшөрлүү жаандын кесепетинен келген селден жабыркаган көпүрөлөргө жана муниципалдык мекемелерге экономикалык чыгашалар бөлүмүнүн 2215 жана 3111 беренелеринен 1 298 690 (бир миллион эки жүз токсон сегиз миң алты жүз токсон) сом акча каражаты жумшалуусуна макулдук берилсин.

 

2.         Токтомдун аткаруу жагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн орун басары С.Бойдоновго милдеттендирилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Ажибаев                   

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 13 сессиясы

Т О К Т О М

05.08.2022

13-3

Кызыл-Булак айылы

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош - Дөбө айылынын тургуну жеке ишкер Камчиев Медербектин арызын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош - Дөбө айылынын тургуну жеке ишкер Камчиев Медербек Кожоназаровичке "Жин - Жиген"бөлүмүнөн кум шагыл казып алуу жана таш майдалоочу цех куруу үчүн № 6316 контурунан - 2.92га таштуу жайыттан , № 6323 контурунан - 1.34га таштуу жайыттан , № 6315 контурунан - 1.74га жайыттан жалпы 6.0га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маалымат менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып жана таалкулап чыгышып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 беренелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош - Дөбө айылынын тургуну жеке ишкер Камчиев Медербек Кожоназаровичке "Жин - Жиген"бөлүмүнөн кум шагыл казып алуу жана таш майдалоочу цех куруу үчүн № 6316 контурунан - 2.92га таштуу жайыттан , № 6323 контурунан - 1.34га таштуу жайыттан , № 6315 контурунан 1.74га жайыттан жалпы 6.0га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген 6.0га жер аянты боюнча Кош - Дөбө айылынын тургуну жеке ишкер Камчиев Медербек менен келишим түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн орун басары С.Бойдоновго милдеттендирилсин.

 

3.         Эгер 3 жыл ичинде ушул иштер аткарылбаса токтом өз күчүн жоготот.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Ажибаев                   

 

 

Назад