Кыргыз-Ата айыл кеңешинин          

                                                                                                     № 28-1 токтомуна тиркеме

 

2016-жылы  социалдык тармактагы аткарылган иштер тууралуу 

 

   Айыл аймагындагы  5 орто, 1 мектеп-гимназия, 1 лицей, 1 башталгыч мектепте 2015-2016-окуу жылында   304  мугалим   3280 окуучуга  билим-тарбия беришти  а. и .  250 окуучу 11-классты, 305 окуучу  9-классты бүтүштү.

Окуу жылы ичинде  областтык олимпиадага  8  окуучу катышкан.

      Ал эми  областтык олимпиадага катышышып 1-орунду  камсыз кылышкан  Борко лицейинин  10-классынын окуучусу  Тагдырали кызы Аида (мугалими Асанбаева Турсунай)  кыргыз тили жана адабияты сабагынан, А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын  (гимназия боюнча 5 окуучу катышкан) окуучулары Темиралиева Мээрим  (10-кл. химия сабагы боюнча), Икрамидин кызы Жаңылай (11-кл. физика сабагы  боюнча)  республикалык  олимпиадага  катышып келишти.

       Жалпы Республикалык тестирлөөдө  А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын  окуучусу  Асан уулу  Ажыбек 188 балл  (райондо 2-орунда), С.Токторов атындагы орто мектебинин окуучусу Абдыталып кызы Рахат       179 балл, Борко лицейинин окуучусу  Пиримкул кызы Гүлкыз 177 балл,  Тажибай атындагы орто мектебинин окуучусу Номанова Аида 173 балл алууга  жетишишкен (ушул мектептердеги эң жогорку балл).

«Тарых жана маданият» жылына карата  айылдын тургуну, мектептин туруктуу демөөрчүсү, айылдык кеңештин депутаты Идаят Эргешова  тарабынан  К.Каримовдун музейи кайрадан жаңыланып, көптөгөн экспонаттар менен толукталды.

     Т.Темиралиев атындагы  орто мектебинин 11-класстын окуучулары тарыхый инсан У.Салиеванын образын сахналаштырышып, райондук театралдык фестивалда  2-орунду  ээлешти. Жусуп Баласагындын  1000 жылдыгына карата «Кут билим» чыгармасы боюнча окуучуларга дил баяндар жаздырылып, плакаттар чыгарылды.  Тарых сабагынын мугалимдери  С.Жолонова, Д.Бердикулова  тарабынан «Улуттук боштондук үчүн күрөш - /ркүнгө 100 жыл», «Сулайман Тоо музейи бизде мейманда» деген темаларда плакаттар чыгарылып, жогорку класстардын окуучуларына докладдар  окулду.

Физика  сабагынабайланышкан   «21-кылымдын интеллектуалдары» 

аттууобласттыккароо-сынактаТажибайатындагыортомектебинин                  11-класстын окуучусуКубатбекуулуАбдималик (мугалимиМ.Пакырова)  байгелүү 3-орунга жетишти.

    «Манастаануу» боюнчауюштурулганконкурстаА.Парпиеватындагымектеп-гимназиясынынокуучуларынан түзүлгөн «Мурас баяны» аттуу команда зоналдыктурда 1-орунду алып, райондуктурда 2-орунга ээболушту.

С.ТоктороватындагыортомектебиндеАлымбекДатканын 215 жылдыгынаарналган  «Эңмыкты  сувенир жанаэңмыктыэмгек» боюнча «Куурчактаржарманкеси» аттуу кол өнөрчүлүк багытындагыкөргөзмөсынагыөткөрүлүп, жеңүүчү аталган 7-а-классынын окуучусуАсанкызы Фатима жанаАлтынбеккызы Зарина райондуктургакатышып, 1-орунду камсызкылып, областтыктурдабайгелүү орундуээледи. 

 

 

 

Балдарбакчалары

 

- Борко айылында К.Коконбаева атындагы 60 орундуу, - Көтөрмө айылында “Көтөрмө-Нур” 60 орундуу, “Мераж-Нуру” 60 орундуу,- Кыргыз-Ата айылында “Жылдызча-Нур” 90 орундуу,  - Ак-Булак айылында “Кызгалдак-Ак-Булак”  90 орундуу,  “Бөпөмай”                 50 орундуу.

 

 

 Алыскы Кара-Кой айылында 2014-жылдан бери  жайлоо бала бакчасы иштеп келүүдө.Анда  июнь, июль, август  айларында  25-30 бала тарбияланат. Тарбиячылардын эмгек  акысын айыл өкмөтү жана ата-энелер  каржылап турушат. Андан сырткары  Ак-Булак айылында 50 орундуу  “Акылай-Куту”балдар бакчасы  иштей  баштады.

        Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  7  балдар бакчасында  84 кызматкер эмгектенип,  463  бала тарбияланууда.

        Мектепке чейинки  билим  берүү  мекемелеринин  материалдык- техникалык  базасын чыңдоо максатында 2016-жылы  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен  акча каражаты бөлүнүп  берилген. Атап айтканда     2016-жылы К.Коконбаева атындагы балдар бакчасына 200000 сом бөлүнүп, жайкы беседка бүткөрүлдү.”Кызгалдк-Ак-Булак” балдар бакчасында да жайкы беседка курулду. “Көтөрмө-Нур” балдар бакчасында  бассейн бүткөрүлдү.”Мераж-Нуру” балдар бакчасына айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн   10000 сомго жана ата-энелердин демилгеси менен балдар уктоочу 2 каана евроремонттон өткөрүлдү, а.ө. 94000 сомго тосмо курулду. Балдар бакчаларынын  жакшыруусуна  ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн да салымы чоң. “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына  20 жылдык бүтүрүүчүлөр компьютер, принтер белек кылышты.

        Акыркы беш жылда  4  балдар бакчасы  ачылды   (Кара-Кой  жайлоо бакчасын кошкондо 5 болот).

        Кыргыз-Ата  айыл аймагында  1 жаштан 7 жашка чейинки  2012 бала бар, балдардын  20%ы  балдар бакчасына тартылган.

         “Мектепке чейинки билим берүү” мыйзамына ылайык, жалпы балдар бакчаларындагы аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана  жарым жетим                     29 бала 50%,  8 бала 100%  төлөө взносунан бошотулган.

 2016-жыл ичинде  - мектеп мугалимдерине    45 млн. 174 миң  сом;

                                  -балдар бакчаларынын кызматкерлерине  4 млн.320 миң сом;

                                    -балдар музыкалык мектебине   2 млн 715 миң сом

                 Жалпысы:    52 млн. 209 миң сом  эмгек акы эсептелген.

 

 

 

Айылдык  аймактагы пенсия, пособия жана башка төлөмдөрдү  алуучулар  боюнча   маалыматтар

                                                                                                                                 2016-жыл үчүн

Төлөмкаражаттары

Пенсия, пособия  ж.б. төлөмдөрдү алуучулардын саны

Суммасы (сом)

1 айда

1 жылда

1.

Пенсия (415 майыптыгы, 1503 жашы, 173 багуучусунжоготкондугубоюнча)

2091

9 млн.

862 миң

118 млн.

344 миң

2.

Пенсионер Баатырэнелердинпенсиясынакошумчатөлөө

263

263миң

3 млн 156 миң

3.

Мамлекеттикжөлөк пул  (пособия ж.б.төлөмдөр)

653 үй-бүлө

(2458 бала)

2 млн.

015миң

24 млн.

183миң

4.

Акчалай компенсация  (жеңилдиктер)

202

257,5  миң

3 млн.

090миң

5.

Жаштайынанмайыптаргасоцпособия

204

538,0миң

6 млн. 456 миң

 

Жалпыайылдык аймак боюнча

х

12 млн. 980 миң

155 млн.

766 миң

 

 

    2016-жылдын 31-декабрына  айылдык аймак боюнчапенсионерлердин саны  2091адамгажетип, пенсия төлөө үчүн 1 айлыккеректелүүчү  сумма 

10  млн. 125 миңсомду, ал эми 1 жылда   121  млн. 500  миңсомду түзгөн, аныничинен   263Баатырэнелердинпенсиясынажыличинде 3 млн.156 миң  сом кошумчатөлөнгөн.  2016-жыл ичиндерайондуксоциалдыкөнүгүү  башкармалыгынынсоциалдыккепилдиктердидайындообөлүмү тарабынанэсептелип,  653 үй-бүлө   24 млн.183миңсом мамлекеттикжөлөк пул,   202 адам 3 млн. 90миң сом  акчалай компенсация  (жеңилдик), 204  жаштайынанмайыптар 6 млн. 456 миң сом пенсия алышкан. Жыличинде пенсия, жөлөк пул, компенсация (жеңилдиктер), соцпособия үчүн 155 млн.766миң сом  берилген.

Айылдыкаймакта  2016-жылы  11жалгыз  бой  кары-картаңдаркаттоогоалынган. 625адамденсоолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгена.и. 17 адам шал,

8 адам ВИЧ-СПИДилдетине, 39 адамкургакучукилдетинечалдыккандар. Жыличиндеайылөкмөтүнүнбюджетиненденсоолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенжана аз камсызболгон 85 үй-бүлөгө   275900 сом жардамберилди.

     1-2-топтогу 4  майыптаргаберилген  кресло-колясканынжолкиресине

2000 сом төлөндү.

УлууАтамекендиксогуштун 71жылдыгына карата  9-майда согуштун

4 катышуучусунажанаооруктунэмгекчилерине   25000  сом  акчалайжардамберилди. Ошондой эле мектепокуучуларытарабынаналардын  үй-чарбачылы-гынажанаталаадагыэгиндеринэгүүдө, оруп-жыюудажардамберилди.

 

 

                                               Маданияттармагы

 

Айылдыкаймактагыкитепканалардынбашчыларыжанамаданияткызматкерлеритарабынан,  № 54-КЛде, жалпыбилимберүүчү мектептердеКыргызАССРининтүзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына, КыргызССРинин  80 жылдыгына, ЖусупБаласагындын 1000 жылдыгына, Улуу /ркүндүн 100 жылдыгына, КыргызРеспубликасынынЭгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынакарата  адабийиш-чараларөткөрүлүп, китепкөргөзмөлөрү уюштурулду.

Айылөкмөтүнүнимаратында «Тарыхжанамаданиятжылына « карата  тарыхмузейиачылды.

            «Кыргыз-Атаайымдары» элдикфольклордуктобуайылөкмөтүнүн каржылоосуменен  2016-жылдын сентябрь  айындаЫсык-КөлоблусунунКырчынжайлоосундаөткөрүлгөнII Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөроюнунакатышып, боз үйлөрдүн кароо-сынагында 3-орунду ээлештижанаКыргызРеспубликасынын  «Ала-Тооайымдары»  коомдукэкологиялыккыймылынын4 «Ала-Тооайымы»төшбелгисинежана 3 АрдакГрамотасынататыктууболушту.

Жыличиндебардыкдаталуу күндөрдөатайынмайрамдыкиш-чараларөткөрүлүптурду. Атапайтканда «Нооруз» элдикмайрамында сүмөлөккайнатылып, айылдарарасындаустачылык, кол өнөрчүлүк узчулукжанатамак-аштын түрлөрү боюнчамелдештеруюштурулуп, 1-орунду жеңипалган Кара-Кой айылыжанабашкабайгелүү орундаргажетишкенжеңүүчүлөрайылөкмөт, ошондой эле  демөөрчүлөртарабынанакчалайсыйлыктармененсыйланышты. Майрамдынкатышуучуларынасыйтамактарберилди.

       Ар бирмайрамдарда спорт комплексиндеулуттукоюндаржанаспорттун башка түрлөрү боюнчамелдештерөткөрүлүп, айылөкмөтү тарабынанкаржыланды.

 

Саламаттыксактоотармагы

 

Айылдык аймактагы “Кызыр-Ата” айылдык ооруканасындагы

 (20 койкагаэсептелген), № 10 23, 26-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторундагы

5 дарыгер, 55 орто жана 27 кенже медкызматкерлер  элге стационардык жана амбулатордук кызмат корсотуп жатат. 

          Ак-Булак айылында АРИС жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн. сомго №23-/ДТнын жаңы имараты бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.

Жугуштуу оорулар боюнча 2015-2016 жылдарга.салыштырмалуу анализ. 

Оорунунаталышы

2015-жыл ичинде

2016-жыл ичинде

+ көбөйг.

- азайганы

Бардыгы

а.и.14 жашка

 чейин.

Бардыгы

а.и. 14 жашка

чейин.

Бар-дыгы

 

а.и.

14 жаш.

чей.

1

Кургакучук

 5

1

4

-

-1

-1

2

Бруцеллез

 1

-

-

-

-1

-

3

Жугуштуусарыкоорусу

50

45

22

17

-28

-18

4

эхинококкоз

 4

 1

1

-

-3

-1

5

аскаридоз

45

39

37

28

-8

-11

6

Жаныбарлар  тиштеген

 9

 6

8

5

-1

-1

Бардыгы:

114

92

72

50

-42

-42

                                                                                 

         Таблицада көрсөтүлгөндөй, кургак учук оорусунун  катталышы 

2014-жылга салыштырмалуу  1 оорулууга азайган  (2015-ж. 5 оорулуу,

2016-ж.  4 оорулуу). Жугуштуу  сарык оорусу  өткөн жылга салыштырганда

28  оорулууга  азайган.

 

 

Жумуштуулукка  көмөктөшүү бөлүмү.

Ноокат райондук  жумуштуулукка  көмөктөшүү  бөлүмүнө  2016-жыл ичинде  айыл өкмөтүнөн  235 адам  жумуш  издеп кайрылган. Алардын ичинен 128 адам статус алган,      70 адам  акы төлөнүүчү  коомдук жумушка  тартылды, 12  адам жумушка орношту, 53 адамга жумушсуздук  боюнча пособия төлөндү.

 

Кылмыштуулук.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, райондук мамлекеттик администрациясынан келип түшкөн токтом-буйруктарды   жана башка иш кагаздарын аткаруу менен Кыргыз-Ата айыл аймагында укук тартибин чыңдоо  жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча атайын түзүлгөн иш пландын негизинде иш-аракеттер жүргүзүлдү. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн  Коомдук алдын алуу борборунун курамы, коомдук уюмдардын, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитеттери, аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлдү.

     2016-жыл ичинде  Аксакалдар соту тарабынан  27  арыз  каралып, анын ичинен  экөө Ноокат райондук сотуна  жиберилди. Аксакалдар сотунун  курамынын  ишине  колдоо көрсөтүү максатында айылдык кеңештин чечими менен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 33000 сом  бөлүнүп берилди.

     2016-жыл  ичинде  айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 

-мал уурулук (165-берене) -1 факт;

-уурулук (164-берене) – 2 факт;

- ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаган – 1 факт;

-каракчылык 9168-берене) 1 факт  катталып, баарынын бети ачылган.

      Ал эми коомдук жайда   коомдук тартипти  бузгандыгы үчүн 149  атуулга Кыргыз Республикасынын  административдик  жана  жоопкерчилик кодексинин  негизинде  протокол  түзүлгөн.  Атап  айтканда:

-Коомдук  жайда спирттик ичимдиктерди ичкендиги үчүн (366-берене)  -142;

-майда зөөкүрчүлүк  (364-берене) -6;

- денеге жеңил жараат келтирүү боюнча  -1.

    Кылмыштуулуктун алдын алуу  жана ага бөгөт коюу максатында жарандардын өздүгүн тактоо жана аларды таанып билүү үчүн  530  кожолук текшерилген, ЖӨИ  инспектору тарабынан мектептерде 189 ирет  лекция-семинарлар өткөрүлгөн.

 

                             Дин тармагы

 

Диний чөйрөдөгү   мамлекеттик саясат боюнча “Кыргыз Республикасында динтутуу  эркиндиги  жана диний уюмдары жөнүндө”  мыйзамдын жаңы  редакциясы 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, айыл дк кеңештин чечими менен “Дин  боюнча коомдук комитети” түзүлүп, анын жетекчиси болуп, айылдык кеңештин депутаты Жунусов Нурлан шайланган.  Аларга дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен бирдикте айыл аймагындагы коомдук тартипти, диний коопсуздукту, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү диний экстремизмден коргоону камсыз кылуу жагы жүктөлгөн.

     Бүгүнкү күндө  карата биздин айыл өкмөтүндөгү “Орто-Мечит” мечити  жаңыдан курулуп жаткандыгына байланыштуу, жума намаздары башка 2 мечитте окулуп жатат.

    Азыркы учурда айыл өкмөтүндө  18 мечит бар. “Орто-Мечит” мечити спорт аянтчасы, чайканасы менен чогуу жакында бүткөрүлүп  пайдаланууга берилет.

  Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2014-жылдын  14-ноябрындагы “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын  диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын  Концепциясы  жөнүндө” № 203-Жарлыгын  турмушка ашыруунун үстүндө тиешелүү адистер айылдарда, мектептерде  жана калк арасында улантып келүүдөбүз.

 

2016-2017-жылдардын күз-кыш айларынадаярдыккөрүү

 

        2016-2017-жылдардагы күз-кыш мезгилин  ийгиликтүү  өткөрүүгө карата  даярдыктарды жүргүзүүгө  Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын  2016-жылдын  27-майындагы №128-б буйругуна ылайык Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  2016-жылдын  7-июнунда № 171-буйругу  иштелип чыгып   аткарууга  алынган жана айылдык аймактагы бардык мекеме-ишканаларга жеткирилген. Буйрукта  күз-кыш айларына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча  13 адамдан турган  штаб курамы  түзүлүп, курам 4  жолу отурум  өткөрдү  жана иш-чаралар иштелип чыгып, керектелүүчү көмүрдүн жана электр энергиясынын лимити  бекитилген.

       2016-жылдын  26-сентябрына карата  мектептерге  жана балдар бакчаларына күз-кыш мезгилине  керектелүүчү  83 тонна көмүр толугу менен  түшүрүлдү.

       Айыл аймагындагы 1 кесиптик лицей, 8 жалпы билим берүүчү  мектеп,          6 балдар бакчасы, 3 /ДТ, 2 ФАПтын отказандары   күз-кыш мезгилине карата  даярдык көрүү боюнча штабдын  мүчөлөрү тарабынан  текшерилип, зарыл болгон  запастык  бөлүктөр  аныкталып,    аларды сатып алуу үчүн  айыл өкмөтүнүн  бюджетинен  253000 сом бөлүнүп берилди.                                        

Кыргыз-Ата айыл аймагынын калкын көмүр менен камсыз кылууда       2610  тонна керектелсе,  күз-кыш айларында   ар бир айылда  жетиштүү санда  ачылган  көмүр сатуу пункттарында   жана КАМАЗдарда  көмүр   үзгүлтүксүз сатылды.

      Саламаттык сактоо жана  билим берүүчү  мекемелердин  имараттарына өрт коопсуздугун  сактоо боюнча  чаралар көрүлүп,  щиттер коюлуп   атайын шаймандар менен камсыз болду.