А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин  VII  шайланган депутаттарынын

кезектеги I I сессиясынын

 

2-1-Токтому

 

 

Чапаев айылы                                                                                             08.06.2021-жыл

 

А.Мирмахмудов айыдык аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө.

 

А.Мирмахмудов айыдык аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколун угуп жана талкуулап А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.     А.Мирмахмудов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысын шайлоо боюнча эсептоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер Сайтбаев Юсупжан Якубжанович  А.Мирмахмудов атындагы айыл  өкмөтүнүн башчысы болуп эсептелсин деген протоколу бекитилсин.

 

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы :                                                                                  Ш.Гафаров

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII- чакырылышын кезектеги 2-сессиясынын №2-1 токтомуна  тиркеме

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжалары жөнүндө

Протокол

 

Мирмахмудов айлы                                                         2021-жылдын 8-июну

(өткөрүү жайы)                                                                                                                                    (өткөрүү датасы)

 

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Мирмахмудов айыл өкмөт башчысынын кызматына Сайтбаев Юсупжан Якубжанович шайланды деп эсептелсин

          Шайлоо натыйжалары жөнүндө протокол Борбордук шайлоо комиссиясына бекитуу жана БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу үчүн жөнөтүлөт (1-нускасы). Экинчи нускасы аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр тийиштүү айылдык кеңешке жана райондун акимине жөнөтүлөт жана добуш берүүчү жайдагы бардык катышуучуларга алардын талаптары боюнча берилет.

 

Комиссиянын төрагасы                                                     А.Байдоолотов

 

Комиссиянын катчысы                                                      З.Каимова

 

Комиссиянын мүчөсү                                                         К.Ошурбакиева

 

Комиссиянын мүчөсү                                                         Р.Саттарова

 

Комиссиянын мүчөсү                                                         М.Назаралиев

 

Комиссиянын мүчөсү                                                         М.Жусубалиева

 

Комиссиянын мүчөсү                                                         Ш.Мамашерова

 

Комиссиянын мүчөсү                                                         М.Пахердинов

 

Комиссиянын мүчөсү                                                         С.Исраилова

 

Комиссиянын мүчөсү                                                         А.Осмоналиев

 

Комиссиянын мүчөсү                                                         Т.Молдобаев

 

Комиссиянын мүчөсү                                                         Р.Юлдашев

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин  VII  шайланган депутаттарынын

кезектеги III сессиясынын

3-1 Токтому

Чапаев айылы                                                                                             02.07.2021-жыл

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин жетинчи  шайланган Депутаттардын туруктуу коммитетинин курамын бекитүү жөнүндө.

 

А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин жетинчи шайланган депутаттарынын туруктуу коммитетинин курамын бекитүү жөнүндө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап

 

Токтом кылат

 

-Регламент, депутаттык этика, мандат жана маданий билим берүү боюнча

1.     Муллажанова Дилфузахон

2.     Батирова Едгорой

3.     Джалалов Мухаммадсодик

4.     Сулайманова Арофатхон

5.     Абдулхакимов Иброхимжон

6.     Раимжанова Гулмирахан

-Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча

1.     Исмоилов Ильхомжон

2.     Осмонова Насибахон

3.     Атакозиев Сайпидин

4.     Курбанбаева Гульзирек

5.     Мусаханов Нобилла

6.     Аблалимов Алишер

 

-Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча

1.     Гайназаров Казимжон

2.     Маматалиев Муротжон

3.     Тохтаев Абдулхамид

4.     Тажимаматова Махсудахон

5.      Абдувахидов Кадиржан

6.      Мирзалиев Элзат

-Мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча

1.     Маматхалилова Муяссархон

2.     Абдивахидов Алижон

3.     Имаралиев Абдулгулом

4.     Рустамбек уулу Шумкарбек

5.     Сайтбаева Хавасхон

6.     Абдусаматова Одинахон

-Жаштар спорт, миграция, туризм , энергетика, экология жана социалдык маселелер боюнча

1.     Абдиназаров Абдулсаит

2.     Ашиева Алтын

3.     Юлдашев Элёр

4.     Каипкулов Шаирбек

5.     Ахунжанова Гулнора

 

2.    А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин жетинчи шайланган депутаттарынын туруктуу коммитетинин курамын ушул курамда бекитилсин.

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                           Ш.Гафаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин  VII  шайланган депутаттарынын

кезектеги III сессиясынын

3-2 Токтому

Чапаев айылы                                                                                             02.07.2021-жыл

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021 - жылга карата жергиликтүү бюджетине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин 2021-жылдын 21-июнундагы №02-3/212 буйругунун негизинде А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлгөн убакытта 2019- 2020-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин резерф фондунан 78200 сом акча каражаты туура эмес багытта пайдаланып калынган, ошол акча каражатын 2021 - жылга карата каралган бюджетинин резерф фондунан кыскартуу жөнүндө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин резерв фондунан 56050 (элүү алты миң элүү) сом, 2020- жылдын жергиликтүү бюджетинен 22150 (жыйырма эки миң бир жүз элүү) сом, жалпысы болуп 78200 (жетимиш сегиз миң эки жүз) сом акча каражаттар аудиттик текшерүүнүн натыйжасында туура эмес багытта иштетилгендигине байланыштуу, 2021-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин резевдик фондунан 78200 (жетимиш сегиз миң эки жүз) сом азайтылсын.

2.     Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ю.Сайтбаев жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                           Ш.Гафаров

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык  Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

Токтом  5-1

 

Чапаев айылы                                                                                          19.01.2022-жыл

 

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга айылдык бюджетин бекитүү  жөнүндө

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган айылдык бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын  2018-жылга республикалык бюджети  жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү  айылдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк»  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык Мирмахмудов айылдык кеңеши  

Т О К Т О М   К Ы Л А Т  :

1.     2022-жылга А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  27 793,3 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

2.      2022-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2022-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.      Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

 

4.     Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга Республикалык бюджети 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  Республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.     

5.     Айыл өкмөтүнүн башчысы  төмөнкүгө укуктуу:

Ø   Ушул токтомдун   1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ; 

Ø   ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

Ø   киреше бөлүгүнөн  белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

6.     2022-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык  кеңешке  ыйгарылсын

7.     Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

8.     Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Мирмахмудов айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, муниципиалдык менчик, айыл чарбасы,инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча»  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                      Ш.Гафаров

Сессияны өткөргөн:                                                         А.Ашиева                                                    

 

 

 

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII- чакырылышы кезектеги 5-сессиясынын №5-1 токтомуна  № 1 тиркеме

 

        А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн  2022-жылга  айылдык бюджети

                                                                                                                          (миң сом)

Салык агенти төлөгөн киреше салыгы

15059,6

Чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык

50,0

Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык

185,0

Ыктыярдүү негиздеги патенттөө салыгы

3800,0

Ишкердик иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы

354,7

Кыймылдүү мүлк салыгы

1908,3

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

450,0

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

716,6

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

970,0

Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө

610,0

Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы

170,0

Жайыт ижарасы үчүн акы

386,9

Кайра болүштүрүү фондунун ижара акысы

304,0

Таштанды төлөмү

370,0

Атайын каражаттар

2458,2

Кирешелердин жыйынтыгы

27793.3

Аппарат башкаруу бөлүмүнө

8832,6

Жарандык коргонуу

1000,0

Жайыт комитети

259,2

Экономикалык суроо

2554,6

ЖКХ

1500,0

Маданият

713,5

Билим берүү

12188,4

Социалдык коргоо

745,0

Чыгашалар жыйынтыгы:

27239,4

 

Айыл             өкмөтүнүн жооптуу катчысы:                            Ч.Инакова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык  Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Токтом 5-2

Чапаев айылы                                                                                          19.01.2022-жыл.

 

А.Мирмахудов атындагы айыл аймагындагы Арал айылына  мал базар куруу үчүн  3,0га жайыт  жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы  айыл аймагынын экономикасын өнүктүрүүнүн мындан ары өркүндөтүү жана жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү максатында  Арал айылында келечекте мал базары куруу демилгеси жаралып, аталган объект үчүн Арал айылынын четинде жайгашкан жайыт жерлердин тизмесине кирген №1830 контурунан 2,4 га жана №1828 контурдан 0,60га жалпы 3,0га жайыт жер аянтын тандалган.

Жогорудагы маселе боюнча 2022-жылдын 13-январында айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Д.Ажибеков айылдык кеңешке сунуш менен кайрылган.

Айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиялары маселени карап чыгып, эгерде мыйзам жол берип, жогорку органдарда маселе он жакка чечилсе айыл өкмөтүбүздүн жергиликтүү бюджетин көтөрүүгө жакшы саамалык болорун белгиленди.

А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши жогорудагы демилгени ар тараптуу карап чыгып,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 1-пункт, 1,15-бөлүмчөлөрүнүн, 34-беренеси,  А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы протоколун, Кыргыз Республикасынын  «Кыргызмамжердолбоор» институтунун «Түштүк топурак агрохимиялык станциясы»нын  2022-жылдын 1-февралыдагы №37 сандуу корутундусунун, Ноокат шаар курулушу жана  архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №145/21 корутундусунун талаптарынын жана А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 13-январындагы №01-34/02 сандуу сунуш катына негиз    А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын   кезектеги   V  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 1-пункт, 1,15-бөлүмчөлөрүнүн, 34-беренеси,  А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы протоколун, Кыргыз Республикасынын  «Кыргызмамжердолбоор» институтунун «Түштүк топурак агрохимиялык станциясы»нын  2022-жылдын 1-февралыдагы №37 сандуу корутундусунун, Ноокат шаар курулушу жана  архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №145/21 корутундусунун талаптарынын жана А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 13-январында №01-34/02 сандуу каты жетекчиликке алынсын;

2.     А.Мирмахудов атындагы айыл аймагындагы Арал айылына мал базар куруу үчүн Арал айылынын четинде жайгашкан, жайыт жерлердин тизмесине кирген, максаттуулугу боюнча пайдаланууга ыңгайсыз болгон, №1830 контурунан 2,4 га жана №1828 контурдан 0,60га жалпы 3,0га жайыт жер аянтын 3,0га жайыт  жер аянтын келечекте «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоо)  макулдук берилсин;

3.     Ушул токтомдун №2 пунктунда белгиленген  жер аянтын суралган категориясы боюнча трансформациялап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын;

4.     Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын;

5.     Токтомду  мыйзам чегинде аткарууга алуу А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а Д.Ажибековго милдеттендирилсин;

6.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин  муниципалдык  менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

 

 А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                     Ш.Гафаров

Сессияны өткөргөн:                                                         А.Ашиева  

 

 

 

 

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык  Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

Токтом 5-3

Чапаев айылы                                                                                          19.01.2022-жыл.

 

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп алуу жөнүндө

 Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш катындагы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн  республикалык  бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык калкка кызмат көрсөтүүнү ыңгайлаштыруу жана жакшы шарт түзүп берүү максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын   кезектеги  V сессиясы

Токтом кылат

1.     Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш катындагы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн  республикалык  бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү, төмөнкү ыйгарым укуктарды өткөрүп алууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу,ошондой эле даяр болгон паспортторду берүү;

-баланын туулгандыгын каттоо жана  туулгандыгы тууралуу күбөлүктөдү берүү;

- никени каттоо, ошондой эле нике жөнүндө күбөлүк берүү;

-өлгөндүктү каттоо жана  өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү;

-жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоо;

-«балага сүйүнчү» арызын каттоо;

2. Жогорудагы  өткөрүп алынган ыйгарым укуктарга жооптуу кызматчы  болуп А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инакова бекитилсин;

3. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инаковага тапшырылсын;

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

 

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                      Ш.Гафаров

Сессияны өткөргөн:                                                         А.Ашиева  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык  Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

 

№5-4 токтому

Чапаев айылы                                                                                          19.01.2022-жыл.

 

Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк ( түрткү берүүчү)  грантына сунушталып жаткан долборлорго жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө.

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылыгдагы А.Навоий  атындагы орто мектебин аймагына мини футболдук аянтчасын куруу долбору боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына даярдаган  долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын   кезектеги  V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына даярдаган Барын айылыгдагы А.Навоий  атындагы орто мектебин аймагына мини футболдук аянтчасын куруу долбору үчүн жергиликтүү бюджеттин 2022-жыл эсебинен 650000  (алты жүз элүү)  миң сом  акча каражаты бөлүп берилсин.

2.     Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын убактылуу милдетин аткаруучусу Д.Ажибековго жана ФЭБнүн башчысы Ш.Гаффаровдорго  тапшырылсын.

3.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү  туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                 Ш.Гафаров

Сессияны өткөргөн:                                                                    А.Ашиева    

 

 

А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

6-1

Чапаев айылы                                                                                                         16.03.2022-ж.

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынындагы жолдун бойлоруна кызыл сызыктан өтүп жайгашкан имараттарды жана бак-дарактарды тартиптештирүү жөнүндө

       Кыргыз  Республикасынын Жарандык кодексинин 254-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн талабына ылайык, бир максат үчүн бөлүнбөгөн жер участогунда курулган, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон чечимди албастан курулган, болбосо  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шаар куруу  жана курулуш ченемдери менен эрежелерин олуттуу бузуу менен курулган турак  үй, башка курулуш, курулма же башка мыйзамсыз мүлк өзү билип курулган курулуш деп эсептелет, ошол эле статьянын 2-пунктунун талабына ылайык, өзү билип курулуш курган адам ага менчик укугуна ээ болбой, ошондой эле курулушту тескөөгө, сатууга, белекке жана ижарага берүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого укуксуз, өзү билип курулган курулуш укугу бузулган адамдын, болбосо тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын доосу боюнча аны курган адам тарабынан же анын эсебинен бузулууга тийиш деп так, даана жызылган. Мына ошого байланыштуу жогорудагы беренелерге негиз, А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы жолдун бойлоруна  кызыл сызыктан өтүп жайгашкан имараттарды жана бак дарактарды тартиптештирүү максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги  VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кыргыз  Республикасынын Жарандык кодексинин 254-1-беренесинин 1-бөлүгү, ошол эле берененин 2-пунктунун талаптары аткарууга алынсын.

 

2.     А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынындагы жолдун бойлоруна кызыл сызыктан өтүп жайгашкан имараттарды жана бак-дарактарды тартиптештирүү максатында  жолдун боюна курулган курулуштар жана бак дарактар алып салууга макулдук берилсин.

3.     Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго милдеттендирилсин.

 

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

 

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                      Ш.Гафаров 

 

Орун басары:                                                                       Б.Мираев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

6-2

Чапаев айылы                                                                                                         16.03.2022-ж.

А.Мирмахмудов айыл аймагынын Киров айылынын  Ош көчөсүндөгү эски автобазанын ичинде жайгашкан Абдурасулов Нурсабырды менчиги  болгон 269,4 чарчы метр жер аянтынын  пайдалануу  багытын турак  жай куруу үчүн өзгөртүүө   жөнүндө.

          А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Киров айылынын Ош көчөсүндөгү эски автобазанын ичинде жайгашкан, идентификациялык  коду;5-05-14-1000-1-3715 блгон, 2004-жылдын 14-июнундагы №406 сан  менен катталган,  сериясы №0028811 болгон Мамлекеттик Актынын  негизинде Сабиров Ырыскелдинин менчиги болгон, 269,4 чарчы метр жер эски котельнаянын жери жайгашкан, жайгашкан жер аянтынын, 29-сентябрь 2009-жылдагы №2037 саны менен катталган сатуу жана сатып алуу келишимин негизинде Абдурасулов Нурсабыр сатып алган жер участкасын турак  жай куруп  жашоо  үчүн аталган  жердин  багытын өзгөртүүгө  мыйзам  талаптарынын негизинде уруксат сурап  айыл өкмөтүнө  кайрылган,  айыл  өкмөтү бул маселени мыйзам чегинде чечүү  үчүн айылдык кеңештин  кароосуна  киргизген.

            А.Мирмахмудов айылдык  кеңешини атуул Абдурасулов Нурсабырдын  арызын  карап чыгып, Кыргыз  Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы  №145 мыйзамынын  20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз  Республикасынын «Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө»  мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  «Кыргыз Республикасынын  Жер  кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына  таянып, Ноокат  райондук  шаар курулушу  жана архитектура башкармалыгынын  2022-жылдын 10-мартындагы №34/22  сандуу  корутундусун талаптарын жетекчиликке  алып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                           ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.     Кыргыз  Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы  №145 мыйзамынын  20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз  Республикасынын «Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө»  мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  «Кыргыз Республикасынын  Жер  кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына  таянып, Ноокат  райондук  шаар курулушу  жана архитектура башкармалыгынын  2022-жылдын 10-мартындагы №34/22  сандуу  корутундусун талаптары жетекчиликке  жана аткарууга алынсын.

 

2.     Киров айылынын Ош көчөсүндөгү эски автобазанын ичинде жайгашкан, идентификациялык  коду;5-05-14-1000-1-3715 блгон, 2004-жылдын 14-июнундагы №406 сан  менен катталган,  сериясы №0028811  болгон Мамлекеттик Актынын  негизинде Абдурасулов Нурсабырдын  менчигинде  болгон, эски  автобазанын котельнаясынын 269,4 чарчы метр жер аянтынын пайдалануу  багытын турак  жай куруу үчүн өзгөртүп берүү жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго жана айыл өкмөттүн тийиштүү кызматкерлерине тапшырылсын.

 

3.     Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

4.     Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                      Ш.Гафаров 

 

Орун басары:                                                                       Б.Мираев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

6-3

Чапаев айылы

 

                                   16.03.2022-жыл.

 

 

А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2021-жылдан 2022-жылга карата калган бюджеттик калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө.

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджеттик  калдыгы, айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу, калктын ден соолугун, социалдык экономикалык жактан жашоосун жакшыртуу, электр энергиясы жана  айыл аймагын сугат суусу менен камсыздоо максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына ылайык

Токтом кылат:

1.     А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдан 2022-жылга карата бюджети тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн (тиркеме тиркелет)

2.     Бекитилген акча каражаттары Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-январындагы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү»№4 мыйзамынын талаптарына ылайык каржылансын;

3.     Ушул токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жана аткарылгандыгы жөнүндө отчетун берүү жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровго милдеттендирилсин;

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                           Ш.Гафаров

           Орун басары:                                                                            Б.Мираев

 

 

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги  VI сессиясынын 6-3 токтомуна тиркеме

2021-жылдан 2022-жылга  калган   бюджеттик калдык эсебинен аткарылуучу иштер тууралуу тиркеме

Аталышы

Сумма

1

 

Айыл өкмөттүн 2021-жылдан электр энергиядан болгон карызы үчүн

231 968, 69

Айыл өкмөттүн көмүрдөн болгон карызы үчүн

192 000

Бардыгы:

423 968,69

2

 

Киров айылына жаңы курула турган мини футбол аянтчасына мамлекеттик экпертизадан корутунду алуу үчүн

64 000

Капчыгай айылына курула турган ФАПтын жерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө

35 000

Чапаев жана Барын айылындагы трансформаторлорду айланасын тосууга 

20 000

Айыл аймактагы жолбун ит-мышыктарды атууга

57 000

Барын айылын Таш-коргон участкасындагы ФАПтын имаратына кошумча Имарат курууга

3 370 000

Бардыгы:

3 546 000

3

 

Барын айылындагы элдерди сугат суу менен камсыз кылуучу арыкты реоблитация кылууга

470 530

Айыл аймактагы бардык сугат суу менен камсыз кылуучу арыктарды трактор менен тазалоо иштерине солярка менен камсыздоого

350 000

Айыл аймактагы элдерди электр энергиясы менен камсыздоого жаны электр жабдууларын сатып алууга

-       Арал  айылынын Чымбай Ата көчөсүнө ЛЭП тартуу жана КТП орнотуу үчүн материал сатып алуу – 1 317 780,0 сом;

-       Арал айылынын Гаипкулов атындагы көчөсүнө ЛЭП тартуу үчүн матриалдар сатып алууга  - 420 197 сом;

-       Киров айылынын Ак – Шывак участкасына ЛЭП тартуу үчүн материалдар сатып алуу – 984 997 сом;

-       Барын айылынын Аэропортная көчөлөрүнө ЛЭП тартуу жана КТП орнотуу үчүн материалдар жана эмеректер сатып алуу – 1 458 700 сом;

-       Чапаев айылынын Совунгар участкасындагы Жаштык 1,2 көчөлөрүнө ЛЭП тартуу үчүн материалдар сатып алуу -  789 850 сом;

-       Киров айылынын Саховат участкасындагы ички көчөлөргө ЛЭП тартуу үчүн материал сатып алуу – 942 500 сом.

5 914 024

Бардыгы:

6 734554

            Жалпысы: 10 704 522

 

           Жооптуу катчысы:                                                                           Ч.Инакова 

А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

6-4

Чапаев айылы

 

                                   16.03.2022-жыл.

 

Үй-бүлөлүк бюджетке чоң зыян алып келип жаткан, ашыкча үрп-адат, каада-салттарды кыскартуу боюнча  Жобону бекитүү жөнүндө.

 

            Айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү  иштерди алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө № 203  Жарлыгына таянып А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     А.Мирмахмудов  атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды, ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча бир катар иштердин аткарылгандыгына карабастан бир топ кемчилдиктер бар экендиги белгиленсин.

2.     Каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн демилгелүү топтун иштеп чыккан Жобосу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

3.     Айыл башчылар, мечиттердин имамдары, аксакалдар сотун төрагалары, көчө комитеттери жана аялдар кеңеши мечиттерде, тажияларда, аш-тойлордо жана эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.

4.     Токтомдун мыйзамдуу аткарууга алуу  жагы айыл өкмөт башчысы Б.Нурматовго тапшырылсын.

5.     Ушул токтомду аткарылышы жөнүндө көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин.

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:                                              Ш.Гафаров

           Орун басары:                                                                            Б.Мираев

А.Мирмахмудов айылыдк Кеңешинин кезектеги   6-4   токтомуна тиркеме

 

А.Мирмахмудов атындагы  айыл өкмөтүнүн айыл башчылары,айылдык кеңештин депутттары,ар  бир айылдын имамдары,аксакалдар сотунун төрагасы,аялдар кеңешинин  трөайымы, Ноокат РИИБнин Мирмахмудов АМБнүн кызматкерлеринин жана айыл аймагынын активдери менен биргеликте той жана мааракелерде ашыкча ысырапкерчиликти азайтуу боюнча отурумдун протоколундагы иштеп чыккан

ЖОБОСУ

Сүннөт той

1.     Сүннөт той өткөрүүдө ата-энелерге,бир туугандарына сарпай берүү,себет тартуу,коно берүү,бир туугандар эмеректерди, тай, машина алып келүүсү токтотулсун,себет,патнис коюлбасын.

2.     Коноо берилбесин, токтотулсун.

3.     Сүннөт тоюнда тойго союлган жандыктын саныга чектөө киргизилсин, катмыга катышкан аксакалдарга пакет берилбесин

4.     Тойлордо аялдар дасторкон көтөрүү токтотулсун,нан албасын жөн гана даамдардан татып  кетишсин, тамактын түрү 2 ден ашпасын;

5.     Той өткөргөн үй ээлерине калпак кийгизүү,жолук салмай,үрп адаттар токтотулсун.

6.     Жамааттарды чакыруу ыктыяр өзүндө (коно берилбейт).

7.     Сүннөт той өткөрүлгөн баланын классташтары тойго чакырылбасын

8.     Той ичимдиксиз өткөрүлсүн

Үйлөнүү той.

1.     үйлөнүү тойдо ЗАГСка чыгуучу машинанын саны 1женил машина,1 спринтер менен чыгышсын,(кафеге чакырылгандардын саны 150 адамдан ашпасын,спирттик ичимдиктерсиз өткөрүлсүн).

2.     Кызга калын берүү 100000сомдон ашпасын.(союш ичинде болсун)

3.     Кыз тарапка пахта берүү  50кгдан ашпасын

4.     Күйөө балдар кыз тарапка барганда күйөө баланы түшүрүп алуу жана аккардион менен ырдоо токтотулсун.

5.     Кыз тараптан стенка кыскартылсын,көрпө төшөктөр кыскартылсын,бирден  спальный диван,шкаф,жаван,сандыктан ашпасын.

6.     Той каерде болбосун,ЗАГСы, тою бир күндө болуп, бир күндө баары бүтсүн.

7.     Тойлордо аялдар дасторкон көтөрүү токтотулсун,нан албасын жөн гана даамдардан татып  кетишсин, тамактын түрү 2 ден ашпасын;

8.     Бата той, кыз узатуу, төшөк жыйуу,күйөө чакырык  токтотулсун.

9.     Өкүл ата, өкүл апа шакек алуу токтотулсун;

10. Кызга жуучулукка баргандагы, куда тарапка берилуучу  зыяпаттар токтотулсун:

11. Тойдун эртеси  күнү өткөрүлүүчү иш чаралар кыскартылсын, аялдарга пакет таркатылбасын, конокко келген аялдарга идиш аяктар таратуу жокко чыгарылсын.

12. Күйөө баланы достору менен тосууда ысырапкерчиликке жол берилбесин, тамак аштарга чектөө коюлсун.

Бешик берүү

1.     Бешик берүүдө жаны төрөлгөн балага гана берилсин,ата-энелерине сарпай берилбесин, Ата-Эне өздөрү гана барсын,бир женил машинада 5 адам барсын,кошумча тууган уруктарды чакырууга тыю салынсын

                                                        

                                                       Ажы той

1.Ажы той токтотулсун, эч бир жандык союлбасын, зам-зам суусунан жана курмадан гана ооз тийүүгө уруксат.

2. Ажы сапарына жөнөөдө имамдар аркылуу жөнөтүлсүн.

                                          

                                       Юбилейлер

 

1.     Ар кандай 10,20 ж.б жылдык, юбилейлер жоюлсун, токтотулсун.

 

2.     Студенттер тарабынан өткөрүлүүчү шеринелер токтотулсун.

 

                                              Маркум узатуу

1.     Киши өлгөн күнү 3 күн аза тутуу болуп,эч кандай союш союлбасын жана дасторкон жайылбайт,узак жакындан келген меймандарга кошуналар карашат.

2.     Аялдар арасында жыртмайлар,материалдар таркатылууга тыю салынат жана самын-майлыктар берилбесин;

3.     Аза күтүү 3 күндөн ашпасын.

4.     Аялдар маркум чыккандан кийин барылсын.

5.     Маркумдун 40-52 сине тыю салынат.

6.     Жылдыктагы ысырапкерчиликке жол берилбесин.

7.     Маркумдарга  айттык токтотулсун.

8.     Айт майрамы майрам катары өткөрүлсүн, үймө-үй кыдыруу токтотулсун.

9.     Маркум өткөн үй-бүлөдө көк-кийүү,ак кийүү каада салттарына тыюу салынсын.

10. Маркумга аталып эч кандай кудайылар өткөрүлбөсүн.

Отуруштар

1.     Авысын отуруш, бөлө отуруш ж.б ушул сыяктуу отуруштар токтотулсун.

 

Жобонун талаптары бузгандык үчүн жоопкерчилик

Жогоруда аталган жобонун талаптарын бузган жарандарга 50 000 сомдон 150 000 сомго чейин айып пулу салынсын;