М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

28-1

27.12.2019

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айылдык бюджетин бекитүү  жөнүндө

2.

28-2

27.12.2019

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан жаңы конуштарды аныктап   наам берүү жана кээ бир көчөлөрдүн эски аталыштарын өзгөртүп берүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 28 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

28-1

27.12.2019

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айылдык бюджетин бекитүү  жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган айылдык бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2018-жылга республикалык бюджети  жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү  айылдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Мирмахмудов айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык депутаттардын Мирмахмудов Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2020-жылга А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  27 239,4 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

2.         2020-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.         Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

4.         Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  Республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.   

5.         Айыл өкмөтүнүн башчысы  төмөнкүгө укуктуу:

ў          Ушул токтомдун   1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ; 

ў          ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

ў          киреше бөлүгүнөн  белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

6.         2020-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык  Кенешке  ыйгарылсын

7.         Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын

8.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Мирмахмудов айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 28 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

28-2

27.12.2019

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан жаңы конуштарды аныктап   наам берүү жана кээ бир көчөлөрдүн эски аталыштарын өзгөртүп берүү  жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында  жайгашкан аталышы жок жаңы конуштарга наам берүү жана кээ бир көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүп берүү   жөнүндөгү айыл башчыларынын билдирүүлөрү жана айыл тургундарынын оозеки арыздарын канааттандыруу максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында  жайгашкан  аталыштары жок жаңы конуштарга наам берүү жана кээ бир көчөлөрдүн эски аталыштарын өзгөртүп берүү  жөнүндөгү айыл башчыларынын билдирүүлөрү жана айыл тургундарынын оозеки арыздарын канааттандыруу максатында  аларга төмөнкүдөй наам берилсин:

Чапаев айылы, Мирмахмудов участкасы

Хабибилло Шергозиев

Чапаев айылы, Коргошун-Талаа участкасы

Теплица көчөсү,

Теплица1 көчөсү ,

Чапаев айылы,үч-Кемпир участкасы

Миргизали Мамарахимов

Номанжан Позилов

Моминжан Ажы Артиков

 

Чапаев айылы үч-Кемпир участкасы (эски аталыштарын өзгөртүү)

С.Каратаев 1- Абдуманноп Абдувопов

С.Каратаев 3- Чыңгыз Айтматов

С.Каратаев 4- Имам Ал Бухарий

үч -Кемпир 1- Хамиджан Азимов

үч-Кемпир 2- Ибн Сино

үч-Кемпир 3- Нуриддин Каримов

үч-Кемпир 4-Исхак Раззаков

үч-Кемпир5- Комил Зангар

үч-Кемпир 6- Ермат Журабашы

Беш-Тал 1, 2- Дадажанов Ахмад Карвон, Дадажанов Ахмад Карвон 1

Беш-Тал 3, 4-Сотволди Ажы Исмоилов, Сотволди Ажы Исмоилов 1

 

2.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров, айыл чарба  жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы  адиси Ю.Сайтбаев, жооптуу катчысы Ч.Инаковага милдеттендирилсин

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад