М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

32-1

16.06.2020

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасын  алмаштыруу жөнүндө

2.

32-2

16.06.2020

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрага кызмат орду  жана жооптуу катчынын  штаттык кызмат ордун бекитүү  жөнүндө

3.

32-3

16.06.2020

А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешкен конкурсттук комиссиясын курамын бекитүү жөнүндө

4.

32-4

16.06.2020

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 2-сентябрндагы №109 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.

5.

32-5

16.06.2020

А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан 2020-жылга карата ижаралоо мөөнөтү бүткөн АЧЖМФ-нун жерлерин аукцион аркалуу ижарага берүү боюнча белгиленген аукциондорун, өлкөдө коронавирус таралуусуна богот коюуу боюнча киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу, 2020-жылдын күз айларына чейин токтотуп туруу жөнүндө

6.

32-6

16.06.2020

А.Мирмахмудов айыл аймагына караштуу Кара-Кокту айылында уюштурулган жамааттык бала бакчасын 2019-2020-окуу жылына карата ачуу жөнүндөгү А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 30- сессиясынын №30-2 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

7.

32-7

16.06.2020

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү  бюджетине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

32-1

16.06.2020

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасын  алмаштыруу жөнүндө

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы И.Исмоилов башка мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматта иштеп жаткандыгыга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча байшкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 05-февралындагы  №64 "Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде И.Исмоилов А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагалык кызматынан өз каалосу менен бошотуу жана айылдык кеңешинин төрагасы А.Тохтаев болуп шайлансын деген  А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин  кезексиз 32 сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы И.Исмоилов айылдык кеңешинин төрагалык кызматынан өз каалосу менен бошотулсун

2.         А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында 23 добушка ээ болгон  депутат А.Тохтаев айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын .

3.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инаковаларга тапшырылсын.

 

5.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Улмасова                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

32-2

16.06.2020

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрага кызмат орду  жана жооптуу катчынын  штаттык кызмат ордун бекитүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтоүнүн 2020-жылдын 04-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча байшкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 05-февралындагы  №64 "Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде  А.Мирмахмудов айыл аймагынын калкынын саны 20001ден жогору болгондуктан А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрага кызмат орду жана айылдык кеңешинин жоопту катчынын 1 штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө     А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтоүнүн 2020-жылдын 04-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча байшкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 05-февралындагы  №64 "Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде  А.Мирмахмудов айыл аймагынын калкынын саны 20001ден жогору болгондуктан А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрага кызмат орду жана айылдык кеңешинин жоопту катчынын 1 штаттык кызмат орду бекитилсин.

 

2.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровго  тапшырылсын.

 

4.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

32-3

16.06.2020

 

А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешкен конкурсттук комиссиясын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына, Ош облусунун Ноокат районунун А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2003-жылдын 10-октябрндагы 6- чакырылышынын 19-2 чечими  менен бекитилген А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү жөнүндө уставына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрндагы №706 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкур өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүүлүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык комиссия курамын бекитүү жөнүндө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына, Ош облусунун Ноокат районунун А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2003-жылдын 10-октябрндагы 6- чакырылышынын 19-2 чечими  менен бекитилген А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү жөнүндө уставына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрндагы №706 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкур өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүүлүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык А.Мирмахмудов  айылдык кеңешинин бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

-          К.Гайназаров -А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы,

-          Ю.Сайтбаев -А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башкысы адиси, комиссиянын катчысы ,

-          Ч.Инакова -айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы , комиссиянын мүчөсү

-          М.Саткинова -Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү,

-          Н.Маматхалилов - жарандык коомдун өкүлү (макулдашуу боюнча)

2.         А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

-          Ч.Инакова -А.Мирмахмудов айыл  өкмөтүнүн жоопту катчысы, комиссиянын төрагасы,

-          Ю.Сайтбаев -А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башкысы адиси, комиссиянын катчысы ,

-          Ч.Инакова -айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы , комиссиянын мүчөсү

-          М.Саткинова -Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү,

-          Н.Маматхалилов - жарандык коомдун өкүлү (макулдашуу боюнча)

 

3.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инаковаларга тапшырылсын.

 

5.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

32-4

16.06.2020

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 2-сентябрндагы №109 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн Чапаев айылынын "Уч Кемпир" айылынын тургундарынын талабынын  негизинде, Чапаев айылынын Чапаев айылынын "Уч -кемпир" бөлүмүндө, №2255 контурунда жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен  эсебинен көрүстөн деп 5 га сугат айдоо жерден жер аянты трансформацияланып, мазар үчүн ажыратылган. Бирок  2003-жылдын 2-сентябрнда А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн №109 "Мазар үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө" токтомдо техникалык катаачылык кетип туура эмес жазылып калгандыктан, аталган муниципалдык жердин  иш кагаздарын даярдоого мүмкүн болбой жаткандыгын билдирип  айыл өкмөтү , айылдык кеңешке кайрылган. Жогорудагы абалдан келип чыгып А.Мирмахмудов айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 3 гл. 18-беренесинин 1-пункту, 2,8- бөлүмчөлөрүнүн талаптарын жетекчиликке алып А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 3 гл. 18-беренесинин 1-пункту, 2,8- бөлүмчөлөрүнүн талаптарын жетекчиликке алынсын.

 

2.         А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Чапаев айылындагы "Уч Кемпир" бөлүмүндө жайгашкан көрүстөндүн иш кагаздарын иретке келтирүү боюнча берген сунушу маалымат катары кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылдын 2- декабрндагы №550 токтомунун талаптарынын негизинде аталган көрүстөндүн укук тастыктоо иш кагаздары иретке келдтирилсин.

 

 

3.         А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын  2- сентябрндагы №109 сандуу токтомуна  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

4.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

5.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

6.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

32-5

16.06.2020

 

А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан 2020-жылга карата ижаралоо мөөнөтү бүткөн АЧЖМФ-нун жерлерин аукцион аркалуу ижарага берүү боюнча белгиленген аукциондорун, өлкөдө коронавирус таралуусуна богот коюуу боюнча киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу, 2020-жылдын күз айларына чейин токтотуп туруу жөнүндө

А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан АЧЖМФ-нын жерлерин ижарага берүү үчүн 2020-жылдын 23-24-25-мартына белгиленген аукциондорду, өлкөдө коронавирус таралуусуна богот коюу боюнча киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу токтотуп турулган, 2020-жылга карата ижара мөөнөтү бүткөн, ижарачылар тарабынан кайтарылган 40,94 га сугат айдоо, 5,45 га , кайрак айдоо 66,02 га, чөп чабынды  жерлердин ижарага берүү мөөнөтү келип, бирок белгилүү болгон өлкөдө коронавирус богот коюуу  боюнча өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аукцион өткөрүүгө мүмкүн болбой калгандыктан , ижарага берилген кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижарачыларын эски тизме боюнча калтырып туруп, эгиндер жыйналып бүткөндөн кийин күз мезгилинде аукцион өткөргүнгө чейин эски тизме боюнча калтырып туруу зарылчыгы келип чыгууда, (эгин эгүү мөөнөтү өтүп баратат) ушул себептен атайын түзүлгөн АЧЖМФ-нун ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2020-жылдын 23-мартындагы №6 протоколунун негизинде А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан АЧЖМФ-нын жерлерин ижарага берүү үчүн 2020-жылдын 23-24-25-мартына белгиленген аукциондорду, өлкөдө коронавирус таралуусуна богот коюу боюнча киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу токтотуп турулган, 2020-жылга карата ижара мөөнөтү бүткөн, ижарачылар тарабынан кайтарылган 40,94 га сугат айдоо, 5,45 га , кайрак айдоо 66,02 га, чөп чабынды  жерлердин ижарага берүү мөөнөтү келип, бирок белгилүү болгон өлкөдө коронавирус богот коюуу  боюнча өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аукцион өткөрүүгө мүмкүн болбой калгандыктан , ижарага берилген кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижарачыларын эски тизме боюнча калтырып туруп, эгиндер жыйналып бүткөндөн кийин күз мезгилинде аукцион өткөргүнгө чейин эски тизме боюнча калтырып турулсун

 

2.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

4.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                     

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

32-6

16.06.2020

 

А.Мирмахмудов айыл аймагына караштуу Кара-Кокту айылында уюштурулган жамааттык бала бакчасын 2019-2020-окуу жылына карата ачуу жөнүндөгү А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 30- сессиясынын №30-2 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын Президенти Ж.С. Шариповичтин Жарлыгы менен "2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялангандыгына байланыштуу,  Кара-Кокту айылынын тургуну Кудаибердиева Рано Даврановна  Кара-Кокту айылындагы өзү жашап турган үйүн   жамаатык балдар бакчасы кылып уюштургандыгы үчүн жазган арызын карап чыгып,  2019-2020-окуу жылына карата ачуу жөнүндөгү А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 30- сессиясынын №30-2 токтомунда техникалык катаачылыктар кетип туура эмес жазылып калгандыктан токтомго  толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз  сессиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Кокту айылында  Кудаибердиева Раөно Даврановна тарабынан уюштурулган жамааттык балдар  бакчасына  "Кара-Кокту нуру" балдар бакчасы  деп  наам  берилсин;

 

2.         Кара-Кокту айылындагы уюштурулган жамааттык балдар бакчасы 2019-2020-окуу жылына карата ачылып, 2020-жылдын 20-февралынан ишмердигин баштоо мыйзамдуу түрдө жактырылсын;

 

3.         Токтомду мыйзамдуу түрдө аткаруу, балдар бакчасынын иш кагаздарын  даярдоо, санитариялык абалын нормага келтирип ишке түшүрүү балдар бакчасынын уюштуруучусу  Кудаибердиева Раөно Даврановнага  милдеттендирилсин;

4.         Токтомдун  аткарууда иш кагаздарын мыйзамдуу түрдө даярдоого көмөк көрсөтүү жана колдоо көрсөтүү жагы  А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго  тапшырылсын;

 

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

32-7

16.06.2020

 

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү  бюджетине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Өлкөдө болуп жаткан коронавирус пандемиясынын себебинен киргизилген өзгөчө кырдаалдар учурунда А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин "өзгөчө кырдаалдар" бөлүмүнө каралган акча каражаты пландан сырткары сарпталып кеткен. Айыл аймагындагы селден жабыркаган ички арыктарды механизациялык жол менен тазалоодо, алыштардын башка курулмаларын оңдоп- түзөөдө жана элдин экономикалык коопсуздугун камсыздоо кечиктирилгис иштерди аткаруу зарылчыгы жана жайдын ыссык күндөрүндө жана жыйым -терим учурунда күтүлүүчү кырсыктарды алдын алуу жана элдин сугут сууга болгон муктаждыктарын канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16-гл 78-беренсинини негизинде  Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Миримахмудов айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин Р-70491, статтья 2215 "экономикалык суроолор" бөлүмүнөн "жарандык коргонуу" бөлүмүнө 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты которулсун,

 

2.         Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.

 

3.         Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад