М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

34-1

17.09.2020

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын   Капчыгай   айылында   жайгашкан  айыл  чарба  жерлеринин мамлекеттик  фондунун жерлеринен башталгыч мектеп  жана   ФАП имаратын  куруу  үчүн 1,2 га. жер аянтын  трансформацияга  даярдоо жөнүндөгү 2015-жылдын 28-майындагы №18-1 токтомуна  өзгөртүүлөр  жана  тоолуктоолор   киргизүү  жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 34 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

34-1

17.09.2020

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын   Капчыгай   айылында   жайгашкан  айыл  чарба  жерлеринин мамлекеттик  фондунун жерлеринен башталгыч мектеп  жана   ФАП имаратын  куруу  үчүн 1,2 га. жер аянтын  трансформацияга  даярдоо жөнүндөгү 2015-жылдын 28-майындагы №18-1 токтомуна  өзгөртүүлөр  жана  тоолуктоолор   киргизүү  жөнүндө.

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл аймагынын   Капчыгай   айылы, айыл  аймагынын  борборунан 18  км. Алыстыкта жайгашкан, айылда  64  кожолук  бар  болуп 420 жаран жашайт.

Мурунку Совет доорунда колхоз  тарабынан   курулган шарты азыркы замандын  талаптарына  жооп  бербей турган эски үч  бөлмөлүү  башталгыч мектеп  бар.   Капчыгай  айылында  жашап  жаткан  элдерден  көптөгөн  арыздар  келип  түшүп,  мектепти жаңыдан куруп  берүү өтүнүчү менен  кайрылышкан,  андан  сырткары  айыл жашоочуларына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу  максатында ФАП куруу зарылчылыгы  келип  чыгууда.

            Жогорудагы абалды  эске алып  Кыргыз  Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы "Сугат айдоо  жерлерин  жарактуу  жерлердин  башка категорияларына   жана  түрлөрүнө которуга  (трансформациялого) мораторий  киргизүү жөнүндө" №257  мыйзамынын 1-беренесинин 3-пункутунун жана Кыргыз  Республикасынын  "Жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүндөгү"  мыйзамынын 3 гл. №18-беренесинин -15 бөлүмүнүн  , 6 гл.  № 47-беренесинин  6-бөлүмүнүн талаптарына  таянып,  А.Мирмахмудов   айылдык  кеңешинин кезексиз   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы "Сугат  айдоо  жерлерин  жарактуу  жерлердин  башка категорияларына   жана  түрлөрүнө которууга  (трансформациялого) мораторий  киргизүү жөнүндө" №257  мыйзамынын 1-беренесинин 3-пункутунун, Кыргыз  Республикасынын  "Жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүндөгү"  мыйзамынын № 3 гл. №18-беренесинин -1,15 бөлүмүнүн , 6 гл.  № 47-беренесинин  6-бөлүмүнүн талаптары аткарууга  жана  жетекчиликке  алынсын.

2.         А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2015-жылдын 28-майындагы 18-1  токтомуна  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизилсин.

 

3.         А.Мирмахмудов атындагы  айыл  аймагынын Капчыгай  айылында  жайгашкан АЧЖМФ  жерлерине  караштуу № 903  сугат  айдоо  жер контурунан  бардыгы  болуп 1,20га. анын  ичинен башталгыч мектептин  жаңы  имаратын  куруу  үчүн 1,10га.  жана  ФАП  имаратынын куруу үчүн 0,10га. жер  аянтын   "айыл чарба жерлери" категориясынан, "Калктуу конуштун жерлери" категориясына трансформациялап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.

 

4.         А.Мирмахмудов атындагы  айыл  аймагынын Капчыгай  айылында  жайгашкан АЧЖМФ  жерлерине  караштуу № 903  сугат  айдоо  жер контурунан  бардыгы  болуп 1,20га. анын  ичинен башталгыч мектептин  жаңы  имаратын  куруу  үчүн 1,10га.  жана  ФАП  имаратынын куруу үчүн 0,10га. жер  аянты   трансформациялоого даярдоо   максатында  мыйзамда каралган     жерге  жайгаштыруу иш-кагаздарын даярдатуу жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевке тапшырылсын.

 

5.         Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

 

6.         Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  Кеңешинин депутаттардын    айыл,  суу  чарба, жерге  жайгаштыруу, экология,жаратылышты коргоо, өнөр  жай, кайра  иштетүү  жана  транспорт  боюнча  комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад