М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

31-2

23.03.2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы "CASA 1000 долбоорун ишке ашыруу  жөнүндө"   №105  токтомунун талаптарынын  негизинде  жана  Ош  жогорку чыңалуудагы   электр  тармактары  ишканасынын  2020-жылдын 26-февралындагы  №13-3/169  катынын   талаптарынын  аткарууга  алуу  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

31-2

23.03.2020

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы "CASA 1000 долбоорун ишке ашыруу  жөнүндө"   №105  токтомунун талаптарынын  негизинде  жана  Ош  жогорку чыңалуудагы   электр  тармактары  ишканасынын  2020-жылдын 26-февралындагы  №13-3/169  катынын   талаптарынын  аткарууга  алуу  жөнүндө

 Кыргыз  Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы  №114  Мыйзамы  менен  ратификацияланган  (Борбордук Азия- Түштүк  Азия  багытында  электр  энергиясын  берүү  жана  сатуу        (CASA  1000)   долбоорунун  кыргыз  бөлүгү)-нүн алкагында Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2020-жылдын 20-февралындагы  "CASA  1000 долбоорун  ишке ашыруу  жөнүндө"   №105  токтомунун талаптарынын ишке  ашыруу  жана  "Ош  жогорку чыңалуудагы   электр  тармактары"  ишканасынын  2020-жылдын 26-февралындагы  №13-3/179  катынын   талаптарынын  негизинде, аталган  долбоордун алкагында биздин  А.Мирмиахмудов  атындагы  айыл  аймагынын  админстративдик аймагы  аркалуу  (негизинен айыл  аймагынын  кайрак  жерлери  болуп  эсептелген "Ит-өлдү" адыр  зонасы  жана  Капчыгай айылы  аркалуу  "CASA  1000" добоорунун Кыргыз  бөлүгүнө  кирген "Датка-Сугд"  ЖЧ  500кВ электр  линиясы   өтөрү долбоордоштурулгон. Жогорудагы  электр  линиясынын   А.Мирмахмудов  айыл аймагы  аркалуу  өтүүчү 4903,85 м. аралыкта 12   электр мамычасы  (опорасы)  орнотулары  долборлоштурулган. КРӨ-нүн 20.02.2020. № 105  токтомунун  талаптарын  аткаруу  үчүн Мирмахмудов айылдык  кеңештин кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы  №114  Мыйзамы  менен  ратификацияланган  (Борбордук Азия- Түштүк  Азия  багытында  электр  энергиясын  берүү  жана  сатуу               (CASA  1000)   долбоорунун  кыргыз  бөлүгү)-нүн алкагында Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2020-жылдын 20-февралындагы  "CASA  1000 долбоорун  ишке ашыруу  жөнүндө"   №105  токтомунун талаптарынын ишке  ашыруу  жана  "Ош  жогорку чыңалуудагы   электр  тармактары"  ишканасынын  2020-жылдын 26-февралындагы  №13-3/179  катынын   талаптары аткарууга  жана жетекчиликке алынсын.

2.         Кыргыз  Республикасынын  "Жер  кодекси"-нин  11гл.  68-беренесинин 1-пункутунун, 70-беренесинин,   Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2020-жылдын 20-февралындагы  "CASA  1000 долбоорун  ишке ашыруу  жөнүндө"   №105  токтомунун талаптарынын жана "Ош  жогорку чыңалуудагы   электр  тармактары"  ишканасынын  2020-жылдын 26-февралындагы  №13-3/179  катынын   талаптарынын негизинде А.Мирмахмудов  айыл  аймагынын админстративдик чекарасында  жайгашкан, "CASA  1000" долбоорун алкагында  айыл  аймагынын  админстративдик аймагынан  өтүүчү   электр линиясынын  12 (он  эки) даана электропорасынын орнотулушу  көздөлгөн бардыгы  болуп 4375м2.- анын  ичинен 361м2-сугат айдоо, кайрак айдоо-1161 м2, жайыт-2529м2. Жер аянттарынын категориялары айыл  чарба багытындагы  жерлер  категориясынан,  өнөр-жай  транспорт,  байланыш   жана  башка  жерлер  категориясына  которууга  макулдук  берилсин.

3.         Жогорудагы А.Мирмахмудов  айыл  аймагы  аркалуу  өтүүчү  электр линиясынын    трасса  бойлоп  орнотулган элктроопоралардын  ээлеген  жер  аянтынын которуу  боюнча компенсацияларды  жер  ээлерине  төлөп  берүү  жагы (жайыт  жерде  жайгашкан 2529м2. аянттан  тышкары жерлерди) жогорку  органдарга  сунушталсын.

4.         А.Мирмахмудов  айыл  аймагынын  админстративдик  аймагы  бойлоп 4903,85м.  аралыкта  өтүүчү электролиниясынын тейлоо  үчүн Кыргыз  Республикасынын  "Жер  кодексинин" 55-56-беренелеринин  талаптарынын  негизинде элктролиниянын ортосунан эки  тарабына  85м.  аралыкта  узундугу 4903,85м. аралыкта,  бардыгы  болуп   41,68га.  аянтта  мажбурланган  сервитут киргизилсин.

5.         Ушул  токтомдун  аткарылышы А.Мирмахмудов  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Ш.Гафаровго  тапшырылсын

6.         Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдө  жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин  тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад