М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

36-1

24.12.2020

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга айылдык бюджетин бекитүү  жөнүндө

2.

36-2

24.12.2020

А.Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын  "үч-кемпир" жамаатынын 2020-жылдын 10-декабрындагы жалпы  жыйынынын токтомун бекитүү  жөнүндө

3.

36-5

24.12.2020

"CASA-1000"долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Мирмахмудов айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезексиз  31-сессиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №31-2 ттоктомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

4.

36-6

24.12.2020

А.Мирмахмудов аыл аймагынын Киров айылынын  Таштак бөлүмүндө  жайгашкан Каримова Лолахондын менчиги  болгон 0,18га.  жер аянтынын  пайдалануу  багытын турак  жай куруу үчүн өзгөртүүө   жөнүндө.

5.

36-7

24.12.2020

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  2001-жылдын 28-декабрындагы №873 сандуу, атуул Абдугаффаров  Абдулкосимдын жашап  жаткан  турак  жайынын мыйзамдаштыруу жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөр  жана  төлүктөөлөр  киргизүү  жөнүндө

6.

36-8

24.12.2020

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын тургуну  Ташматов Шахабидиндин менчигиндеги  жердин 0,60га  айыл чарба  багытындагы  жерин  иштетүү багытын көп  жылдык  бак  тигүү түрүнө өткөрүүгө уруксат  берүү  жөнүндө

7.

36-9

24.12.2020

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  2001-жылдын 27-декабрындагы №741 сандуу токтомун, атуул Рахмонбердиева  Ойимхондын жашап  жаткан турак жайын  өздөштүрүү,  мыйзамдаштыруу  жөнүндө

8.

36-10

24.12.2020

А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан Барын  айылында  уюшулган  "Чашма"  дыйкан чарбасынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы жалпы  жыйынынын токтомун бекитүү  жөнүндө

9.

36-11

24.12.2020

Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк ( түрткү берүүчү)  грантына сунушталып жаткан долборлорго жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

36-1

24.12.2020

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга айылдык бюджетин бекитүү  жөнүндө

      А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган айылдык бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2020-жылга республикалык бюджети  жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү  айылдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Мирмахмудов айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык депутаттардын Мирмахмудов Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2021-жылга А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 29210,4 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

2.         2021-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

3.         Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2021-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

4.         Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

5.         Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

6.         Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  Республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.  

7.         Айыл өкмөтүнүн башчысы  төмөнкүгө укуктуу:

-          Ушул токтомдун   1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;

-        ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

-    киреше бөлүгүнөн  белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

8.         2021-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык  Кенешке  ыйгарылсын

9.            Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын

10.       Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Мирмахмудов айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

36-2

24.12.2020

 

А.Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын  "үч-кемпир" жамаатынын 2020-жылдын 10-декабрындагы жалпы  жыйынынын токтомун бекитүү  жөнүндө

            А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Чапаев  айылынын  "үч-кемпир"  жамааты өздөрүнүн эски "үч-кемпир"  айыл  чарба кооперативинин мүчөөлөрүнүн мүлк үлүшү болгон эски  тамеки  сарайдын   бош  жаткан ордунан  0,06га.  жер  аянтын, жамааттын "Мулла Апткаар"  мечитинин имам  хатиби кызматын аркалап  кележаткан атуул Сатыбалдиев Хошиятилла  Нематиллаевичке турак жай  куруу  үчүн акысыз  түрүндө менчигине  бекитип  берүү   боюнча 2020-жылдын 10-декабрындагы  жалпы жыйынынын протоколунун токтомун  бекитип  берүү  сунушу  менен айылдык  кеңешке кайрылышкан.

            А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңеши  "үч-кемпир"  жамаатынын  мүчөөлөрүнүн  2020-жылдын 10-декабрындагы жалпы  жыйынынын протоколун   талкулап,  карап  чыгып, Кыргыз  Республикасынын "Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө"  мыйзамынын 2гл.  4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл.1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  "Кыргыз Республикасынын  жер  кодекси"нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына  таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов атындагы айылдык  аймагынын Чапаев айылында  жайгашкан "үч-кемпир"  жамаатынын  мүчөөлөрүнүн  2020-жылдын 10-декабрындагы жалпы  жыйынынын протоколу, Кыргыз  Республикасынын "Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө"  мыйзамынын 2гл.  4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл.1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  "Кыргыз Республикасынын  жер  кодекси"нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптары жетекчиликке  жана  аткарууга алынсын.

2.         Чапаев айылында жайгашкан "үч-кемпир"  атындагы айыл чарба  кооперативинин   мүчөөлөрүнүн мүлк  үлүшү  болгон  эски сарайдын орду  болгон,  бош жаткан  0,06га.жер аянты, үлүш  ээлеринин маклдугунун  негизинде атуул Сатыбалдиев Хошиятиллога  акысыз  түрүндө менчигине  бекитип берилсин.

3.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

 

5.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

36-5

24.12.2020

 

"CASA-1000"долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Мирмахмудов айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезексиз  31-сессиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №31-2 ттоктомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык Мирмахмудов айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мирмахмудов айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 31-сессиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №31-2 токтомуна  төмөнкү редакцияда кабыл алынсын:

-Мирмахмудов айыл аймагынан өтүүчү "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу үчүн 6 даана электр тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №1258, 1249,1342, 1085, 925, 1095  контурунда жайгашкан жалпы 2246 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2.         Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаев долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

 

3.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

 

4.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

36-6

24.12.2020

 

А.Мирмахмудов аыл аймагынын Киров айылынын  Таштак бөлүмүндө  жайгашкан Каримова Лолахондын менчиги  болгон 0,18га.  жер аянтынын  пайдалануу  багытын турак  жай куруу үчүн өзгөртүүө   жөнүндө.

          А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Киров айылынын "Таштак"  бөлүмүндө  жайгашкан, идентификациялык  коду;5-05-14-1000-1-3781 блгон, 2006-жылдын 8-майындагы №829 сан  менен катталган,  сериясы Ч 068094 болгон Мамлекеттик Актынын  негизинде Каримбердиев  Мамадаминдин менчиги болгон, эски  тамеки сарайдын навеси  жайгашкан 0,18га.  аянтта  жайгашкан жер аянтынын, күйөсүнүн көзү  өтүп кеткенден  кейин 2020-жылдын 17-декабрындагы менчик укугу жөнүндөү күбөлүктүн   ээси болгон Каримбердиева  Лолахон Акбаровнанын атынан 2020-жылдын 11-ноябрындагы №556-2079 сан  менен реестрда  катталган ишеним  каттын  негизинде атуул Моминов Халилулла Сабиржанович арыз  менен  кайрылып, арызда аталган  жер  участкасын жеке  менчикте  болгондугуна  байланыштуу,  келечекте ишеним кат ээси балдарына турак  жай куруп  жашоо  үчүн аталган  жердин  багытын өзгөртүүгө  мыйзам  талаптарынын негизинде уруксат сурап  айыл өкмөтүнө  кайрылган,  айыл  өкмөтү бул маселени мыйзам чегинде чечүү  үчүн айылдык кеңештин  кароосуна  киргизген.

            А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин атуул Каримбердиева  Лолахондын   арызын  карап чыгып, Кыргыз  Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы  №145 мыйзамынын  20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз  Республикасынын "Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө"  мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  "Кыргыз Республикасынын  Жер  кодекси"нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына  таянып, Ноокат  райондук  шаар курулушу  жана архитектура башкармалыгынын  2020-жылдын 29-декабрындагы №257/20  сандуу  корутундусун талаптарын жетекчиликке  алып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы  №145 мыйзамынын  20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз  Республикасынын "Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө"  мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  "Кыргыз Республикасынын  Жер  кодекси"нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына  таянып, Ноокат  райондук  шаар курулушу  жана архитектура башкармалыгынын  2020-жылдын 29-декабрындагы №257/20  сандуу  корутундусун талаптары жетекчиликке  жана аткарууга алынсын.

 

2.         Киров  айылынын  "Таштак" бөлүмүндө жайгашкан, идентификациялык  коду; 5-05-14-1000-1-3781 болгон, 2006-жылдын 8-майындагы №829 сан  менен катталган,  сериясы Ч 068094 болгон Мамлекеттик Актынын  негизинде Каримбердиева  Лолахондын менчиги болгон, эски  тамеки сарайдын навеси  жайгашкан 0,18га.  жер аянтынын пайдалануу  багыты турак  жай куруу  үчүн өзгөртүлсүн.

 

3.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

 

5.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

36-7

24.12.2020

 

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  2001-жылдын 28-декабрындагы №873 сандуу, атуул Абдугаффаров  Абдулкосимдын жашап  жаткан  турак  жайынын мыйзамдаштыруу жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөр  жана  төлүктөөлөр  киргизүү  жөнүндө

А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Барын айылынын  тургуну Абдугаффаров Абдулкосим айыл өкмөтүнө  арыз  менен  кайрылып, өзү  жашап  жаткан  коро-сарайынын  аянты, эскиден  ата-бабаларынан  калагандыгын, коро-сарйынын чек аралары кошуналар  менен  талаш-тартышсыз  экендигин  билдирип, А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  2001-жылдын 28-декабрындагы №873 сандуу "атуул Абдугаффаров  Абдулкосимдын жашап  жаткан  турак  жайынын мыйзамдаштыруу жөнүндөгү" токтомундо техниклык  катаачылык кеттирилип, коро сарайынын  жалпы  аянты 0,20га.  деп  жазылып  калгандыгы  негизинде коро-сарайынын  жалпы  аянты 0,25га.  экендигин  катаачылык  менен  жазылып  калганын токтомду оңдоп берүүнү билдирип,   айыл  өкмөтүнө  кайрылган.

Айыл  өкмөтү  маселени мыйзам чегинде  карап  чечип  берүү  үчүн  айылдык  кеңештин  сессиясынын  кароосуна  киргизген.

Мирмахмудов  айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн   жер  комиссия  2020-жылдын 20-декабрындагы  актында , иш  жүзүндө  атуул  Абдугаффаров  Абдулкосимдын   короо жайын жерине  барып  факт жүзүндө аянтын тактап чыкканда факт  жүзүндө  дагы узуну 83,5м., туурасы 30м.,жалпы  аянты  2505 ч.м  экендиги  аныкталып, ошол  эле  үчүрдө жанаша  жайгашкан  кошуналар  менен короо  жайдын чектери  боюнча  талаш  тартыш  жок  экендиги аныкталды.

            А.Мирмахмудов  айылдык  кеңешинин  VI  шайланган  депутаттардын

 кезектеги  XXXVI  сессиясы  Мирмахмудов  айыл  өкмөтү тарабынан    2020-жылдын    20-декабрында   түзүлгөн комиссиянын   сунуш  протоколунун  үйрөнүп  чыгып,  Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө" мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-блүмчөсүнүн талаптарына  таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                                                    

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө" мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-блүмчөсүнүн талаптары, Мирмахмудов  айыл  өкмөтү тарабынан    2020-жылдын    20-декабрында   түзүлгөн комиссиянын   сунуш  протоколу  жана атуул Абдугаффаров Абдулкасымдын    арызы жетекчиликке  жана аткарууга  алынсын.

 

2.         А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  2001-жылдын 28-декабрындагы №873 сандуу,  атуул Абдугаффаров  Абдулкосимдын жашап  жаткан  турак  жайынын  мыйзамдаштыруу жөнүндөгү токтомун №1-пункутуна өзгөртүүлөр  жана   төлүктөөлөр  киргизилсин, атуул Абдугаффаров  Абдулкосимдын коро сарайынын  жалпы  аянты 0,25га. экендиги  белгиленсин.

 

3.         Кадастр  мамлекеттик  ишканасынын  Ноокат  райондук филиалынан атуул Абдугаффаров  Абдулкосимдын турак  жайынын ушул  токтомдун №2-пункутунда  көрсөтүлгөн аянты боюнча  каттап  берүү  жагы  суралсын. 

 

4.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

5.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

 

6.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

36-8

24.12.2020

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын тургуну  Ташматов Шахабидиндин менчигиндеги  жердин 0,60га  айыл чарба  багытындагы  жерин  иштетүү багытын көп  жылдык  бак  тигүү түрүнө өткөрүүгө уруксат  берүү  жөнүндө

А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Киров айылынын  тургуну Ташматов Шахобидин А.Мирмахмудов  айыл  өкмөтүнө арыз  менен  кайрылып, Саюз тарап, Кыргыз  Республикасында  приватизация иштери  жүргүзүлүп жаткан  үчүрда «Ноокатавтотранс» акционердик  коомуунан 0,60га.  аянтта  жайгашкан малкана  жана ага тийешелүү  жерин  2003-жылдын 2-апрелиндеги №612 Сатуу,сатып алуу  келишиминин  негизинде  сатып алгандыгы,  2003-жылдын 29-апрелиндеги №340 сан  менен  катталган, сериясы № 0020199 сандуу  Мамлекеттик  Акты жана 5-05-14-1001-3454 идентификациялык коду берилген.

  Малкана  кылып ишетип  жүргөн  мезгилде «Кыргыз-Ата» дарыясынын  жеегинде  жайгашкандыгына  байланыштуу, тез-тез  келген селдин натыйжасында малкананын  имараттарын  жүүп  кеткен (ӨКМ-дин Ноокат  району  боюнча  бөлүмүнүн атайын комиссиясынын  2005-жылдын 13-июнундагы №187 корутундусу  менен анализ  кылынган), мындан  ары малкана  кылып  иштетткенге каражаты жоктугун  айтып,  аталган  жерге көп  жылдык  мөмөлүү дарактардын көчөттөрүн  отургузуп бак  тигип иштетуу  үчүн  мыйзам талаптарынын  негизинде уруксат  сурап  айыл өкмөтүнө  кайрылган.  Айыл  өкмөтү  маселени мыйзам чегнде  карап  чечип  берүү  үчүн  айылдык  кеңештин  сессиясынын  кароосуна  киргизген. А.Мирмахмудов  айылдык  кеңешинин  VI  шайланган  депутаттардын  кезектеги сессияда  маселени  карап  чыгып,  атуул  Ташматов Шахобидиндин жери  менчик  жер,  иштетип  келген  жердин  категориясы айыл чарба  багытындагы жер, суралып  жаткан иштетүү  багытынын  түрү да айыл чарба  багытында, мал чарба  багытынан  дыйканчылык  багытына көп  жылдык  бак  тигип  иштетүү  түрүнө которууга  уруксат  суралгандыгын  белгилеп,  маселени  мыйзамдуу  түрдө  чечүү  максатында   Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июнундагы  №145  мыйзамынын   2гл. 12-беренесинин 2-пункутунун  талаптары, Кыргыз Республикасынын  «Жергилктүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө» 2011-жылдын 15-июнундагы  №101 мыйзамынын 3гл.  18-беренесинин  1-пункутунун № 1,15-бөлүмчөлөрүнүн, ӨКМ-дин Ноокат  району  боюнча  бөлүмүнүн атайын комиссиясынын  2005-жылдын 13-июнундагы №187 корутундусу, А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн комиссиясынын  2007-жылдын 3-августундагы акты,  атуул  Ташматов Шахабидиндин арызынын  негизинде айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июнундагы  №145  мыйзамынын   2гл. 12-беренесинин 2-пункутунун  талаптары, Кыргыз Республикасынын  "Жергилктүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө" 2011-жылдын 15-июнундагы  №101 мыйзамынын 3гл.  18-беренесинин  1-пункутунун № 1,15-бөлүмчөлөрүнүн, ӨКМ-дин Ноокат  району  боюнча  бөлүмүнүн атайын комиссиясынын  2005-жылдын 13-июнундагы №187 корутундусу, А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн комиссиясынын  2007-жылдын 3-августундагы акты,  атуул  Ташматов Шахабидиндин 2020-жылдын 7-декабрындагы арызы  жетекчиликке жана  аткарууга  алынсын.

2.         Атуул  Ташматов  Шахобидиндин өз  арызынын  негизинде Киров айылында жайгашкан, 2003-жылдын 2-апрелиндеги №612 Сатуу,сатып алуу  келишиминин  негизинде  сатып алган,  2003-жылдын 29-апрелиндеги № 340 сан  менен  катталган, сериясы № 0020199 сандуу  Мамлекеттик  Акты жана 5-05-14-1001-3454 идентификациялык коду берилген, айыл  чарба категориясындагы 0,60га.  аянтта  жайгашкан  менчик  жеринин пайдалануу түрүү,  шартка  жараша- мал  чарбачылыгын  өнүктүрүү түрүнөн, көп  жылдык бак дарактарды  тигүү  түрүнө өзгөртүлсүн.

 

3.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

 

5.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

36-9

24.12.2020

 

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  2001-жылдын 27-декабрындагы №741 сандуу токтомун, атуул Рахмонбердиева  Ойимхондын жашап  жаткан турак жайын  өздөштүрүү,  мыйзамдаштыруу  жөнүндө

А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Чапаев айылынын  тургуну Рахмонбердиева  Ойимхон айыл өкмөтүнө  арыз  менен  кайрылып, өзү  жашап  жаткан  коро-сарайынын  аянты, эскиден маркум  күйөөсүнөн мурас болуп  калганын, коро-сарйынын чек аралары кошуналар  менен  талаш-тартышсыз  экендигин  билдирип, А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  2001-жылдын 27-декабрындагы №741 сандуу « жашап  жаткан турак жайлларды  өздөштүрүү,  мыйзамдаштыруу  жөнүндө токтомунда атуул Рахмонбердиева  Ойимхондин жашап  жаткан  турак  жайынын  аянты техниклык  катаачылык кеттирилип, коро сарайынын  жалпы  аянты 0,06га.  деп  жазылып  калгандыгын ,  негизинде коро-сарайынын  жалпы  аянты  Чечме-сай  айылдык  кеңеши тарабынан 1990-жылы жүргүзүлгөн  «Инвентаризация»-нын  натыйжасында  түзүлгөн  « инвентардык  дело»-да  жазылышы  боюнча 1257,7 ч.м.  экендигин,  катаачылык  менен  жазылып  калганын  жогорудагы  ситемалык   токтомду оңдоп берүүнү билдирип,   айыл  өкмөтүнө  кайрылган. Айыл  өкмөтү  маселени мыйзам чегинде  карап  чечип  берүү  үчүн  айылдык  кеңештин  сессиясынын  кароосуна  киргизген.

А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин  2020-жылдын 24-декабрындагы,     кезектеги  сессиясында сунушту  карап  чыгып,  талкуулап жана Мирмахмудов  айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн   жер  комиссия мүчөөлөрү 2020-жылдын 20-декабрындагы  актынын негизинде , иш  жүзүндө  атуул Рахмонбердиева Ойимхондын   короо жайын жерине  барып  факт жүзүндө аянтын тактап чыкканда факт  жүзүндө  дагы орточо узуну 30,6м., орточо туурасы 41,1м.,жалпы  аянты  1257,7 ч.м  экендиги  аныкталып, ошол  эле  үчүрдө жанаша  жайгашкан  кошуналар  менен короо  жайдын чектери  боюнча  талаш  тартыш  жок  экендиги аныкталды. А.Мирмахмудов  айылдык  кеңешинин  VI  шайланган  депутаттардын  кезектеги  XXXVI  сессиясы  Мирмахмудов  айыл  өкмөтү тарабынан    2020-жылдын    20-декабрында   түзүлгөн комиссиянын   сунуш  протоколунун,  Чечме-сай  айылдык  кеңешинин 1990-жылы январь айында жүргүзгөн инвенаризациясынын  негизинде  түзүлгөн 5-05-14-1001-0452  сандуу  идентификациялык  код берилген  «Инвентардык  делоо»-сунун  материалдары негиз, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук  атылары  жөнүндө»  мыйзамынын 3гл. 17-беренесинин 1,2-пункуттарынын Кыргыз  Республикасынын «Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө» мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн талаптарына  таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов  айыл  өкмөтү тарабынан    2020-жылдын    20-декабрында   түзүлгөн комиссиянын   сунуш  протоколунун, Чечме-сай  айылдык  кеңешинин 1990-жылы январь айында жүргүзгөн инвенаризациясынын  негизинде  түзүлгөн 5-05-14-1001-0452  сандуу  идентификациялык  код берилген  "Инвентардык  делоо"-сунун  материалдары негиз, Кыргыз Республикасынын "Ченемдик укуктук  атылары  жөнүндө"  мыйзамынын 3гл. 17-беренесинин 1,2-пункуттарынын Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө" мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн жана атуул  Рахмонбердиева Ойимхондын   арызы жетекчиликке  жана аткарууга  алынсын.

 

2.         А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  2001-жылдын 27-декабрындагы №741 сандуу, атуул Рахмонбердиева  Ойимхондын жашап  жаткан турак жайын  өздөштүрүү,  мыйзамдаштыруу  жөнүндөгү  токтомунун 1-пункутуна  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизилсин жана атуул Рахманбердиева Ойимхондын коро сарайынын  жалпы  аянты 1257,7ч.м. экендиги  белгиленсин.

 

 

3.         Кадастр  мамлекеттик  ишканасынын  Ноокат  райондук филиалынан атуул Рахмонбердиева  Ойимхондын турак  жайынын ушул  токтомдун №1-пункутунда  көрсөтүлгөн аянты боюнча  каттап  берүү  жагы  суралсын. 

 

4.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

5.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

 

6.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

36-10

24.12.2020

 

А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан Барын  айылында  уюшулган  "Чашма"  дыйкан чарбасынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы жалпы  жыйынынын токтомун бекитүү  жөнүндө

            А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Барын  айылында   уюшулган "Чашма"  дыйкан  чарбасынын мүчөөлөрү  өзүнүн  2020-жылдын  24-ноябрындагы  жалпы  жыйынын протоколун кабыл  алышып,  дыйкан  чарба  мүчөөлөрүнүн  эски  колхоздкн  айыл чарба  гаражынан  тийген  мүлк  үлүшү  болгон  навестин  ордун, элге токардык  кызмат  көрсөтүү  үчүн  айыл  тургуну уста  Абдусаламов  Абдулатифке 100ч.м.  аянтын акысыз  түрүндө мөөнөтсүз  пайдаланууга  бекитип  берүү  сунушун  бекитип  берүү  боюнча  айылдык  кеңешке  кайрылышкан.

А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңеши  "Чашма" дыйкан чарбасынын жамаатынын  мүчөөлөрүнүн  2020-жылдын 24-ноябрындагы жалпы  жыйынынын протоколун   талкулап,  карап  чыгып, Кыргыз  Республикасынын "Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө"  мыйзамынын 2гл.  4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл. 1-пункунун 15-бөлүмчөсүн, "Кыргыз Республикасынын  "Жер  кодекси"нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 1гл. 7-беренесинин 1-2-пункуттарынын талаптарына  таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов атындагы айылдык  аймагынын Барын  айылында  жайгашкан "Чашма" дыйкан  чарбасынын жамаатынын  мүчөөлөрүнүн  2020-жылдын 24-ноябрындагы жалпы  жыйынынын протоколу, Кыргыз  Республикасынын "Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө"  мыйзамынын 2гл.  4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл.1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  "Кыргыз Республикасынын  жер  кодекси"нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 1гл. 7-беренесинин 1-2-пункуттарынын талаптары жетекчиликке  жана  аткарууга алынсын

2.         Барын айылында жайгашкан эски  колхоздун  айыл чарба  техникаларынын  гаражы  болгон  жерде  жайгашкан "Чашма"  дыйкан чарбасынын мүчөөлөрүнүнмүлк  үлүшү болгон  навестин ордунан, токардык  цех  куруп  иштетү  үчүн  100 (жүз) ч.м. жер  аянтын  атуул Абдусаломов  Абдулатифке  мөөнөтсүз  пайдаланууга  бекитип  берилсин.

3.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

5.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

36-11

24.12.2020

 

Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк ( түрткү берүүчү)  грантына сунушталып жаткан долборлорго жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө.

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылыгдагы Таш-коргон социалдык обөектилер комплексине эки даана резервуар жана эки даана септик    куруу долбору  боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына даярдаган  долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин депутаттардын кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына даярдаган Барын айылыгдагы Таш-коргон социалдык обөектилер комплексине эки даана резервуар жана эки даана септик куруу долбору үчүн жергиликтүү бюджеттин экономикалык суроолор бөлүмүнөн    беш жүз он беш (515 000)  миң сом  акча каражаты бөлүп берилсин

 

2.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ш.Гаффаровго тапшырылсын.

 

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү  туруктуу комиссияга тапшырылсын

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад