М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

40-1

25.03.2021

А.Мирмахмудов  атындагы   айыл  аймагынын Чапаев айылынын  "үч-кемпир"  бөлүмүндө  жайгашкан муниципалдык менчикте  турган  мазардын четинде  жайгашкан 0,06га. жер  аянтында мечиттин  имаратын  курууга уруксат  берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 40 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

40-1

25.03.2021

 

А.Мирмахмудов  атындагы   айыл  аймагынын Чапаев айылынын  "үч-кемпир"  бөлүмүндө  жайгашкан муниципалдык менчикте  турган  мазардын четинде  жайгашкан 0,06га. жер  аянтында мечиттин  имаратын  курууга уруксат  берүү жөнүндө

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  аймагынын   Чапаев  айылынын  "үч-кемпир" бөлүмүндө  жайгашкан , муниципалдык  менчикте  турган мазардын  четинен, мазарга  келген зыяратчыларга  жана  ал  жерде  жашап  жаткан мааланын  тургундарын ибадат  кылуулары  үчүн мазардын  четинен мечиттин  имаратын  куруу үчүн 0,06га. жер  аянтын  ажыратып  берүү сунушу  менен  аталган  айылдын  тургундары айыл өкмөтүнө  кайрылышкан.

А. Мирмахмудо айыл  өкмөтү жогорудагы маселени  мыйзамдуу  түрдө  чечип  берүүнү  сурап айылдык кеңешке  кайрылган.

  А. Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин  кезектеги XXXX сессиясы  жогорудагы арыз  менен  кайрылган элдердин арызын  карап  чыгып, ал  жерде  жашаган  элдердин арызын канаттандыруу  максатында Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндөгү" мыйзамынын 3 гл.  № 18-беренесинин   1-бөлүмүнүн  № 2, 15-бөлүмчөлөрүнүн , Кыргыз  Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө   муниципалдык  менчик жөнүндө"   мыйзамынын №18-беренесинин 1-пункутунун, №19-беренелеринин,   жана  Ноокат  райондук  шааркурулушу  жана архитектура башкармалыгынын 2021-жылдын 23-мартындагы  №51/21 сандуу  корутундусунун   талаптарына таянып А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин кезексиз сессиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндөгү" мыйзамынын 3 гл.  № 18-беренесинин   1-бөлүмүнүн  № 2, 15-бөлүмчөлөрүнүн , Кыргыз  Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө   муниципалдык  менчик жөнүндө"   мыйзамынын №18-беренесинин 1-пункутунун, №19-беренелеринин, Чапаев  айылынын "үч-кемпир" бөлүмүндө жайгашкан жаңы калктуу  конуш  болгон "М.Мамарахимов", "үч-кемпир-3,4,5" көчөлөрүнүн тургундары элге  мечит  куруу  үчүн жер  ажыратып  берүү   боюнча айыл  өкмөтүнө  берген  арызы  жана  Ноокат  райондук  шааркурулушу  жана архитектура башкармалыгынын 2021-жылдын 23-мартындагы  №51/21 сандуу  корутундусунун   талаптары  мыйзамдуу  түрдө   аткарууга жана  жетекчиликке  алынсын.

2.         Чапаев  айылынын "үч-кемпир" бөлүмүндө жайгашкан жаңы калктуу  конуш  болгон "М.Мамарахимов", "үч-кемпир-3,4,5" көчөлөрүнүн тургундары элге  мечит  куруу  үчүн жер  ажыратып  берүү   боюнча айыл  өкмөтүнө  берген  арызы канаттандырылып,  аталган  айылда  жайгашкан,  муниципалдык  менчик  болгон мазардын четинен 600ч.м. жер  аянты мечиттин  имаратын  куруу  үчүн  ажыратып  берилсин.

3.         Жогорудагы мунципалдык менчикке  алынган 600,0 ч.м. жер аянтында мечиттин имараты  курулуп  бүтүрүлгөндөн кейин А.Мирмахмудов  атыгндагы  айыл  өкмөтүнүн муниципалдык  менчигине  алынсын.

4.         Жогорудагы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык  менчигине  алынган 600,0 ч.м.  жер  участкасынын   жерге  жайгаштыруу  иш-кагаздарына  кирген  өзгөртүүлөрдү  каттап  берүү   жагы  "Кадастр" мамлекеттик  ишканасынын Ноокат  райондук бөлүмүнөн суралсын.   

5.         А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык  менчигине  алынган, Чапаев айылынын  "үч-кемпир"  бөлүмүндөгү  курулушу көздөлгөн  мечитинин   имараты  куруүү  үчүн  архитектуралык  пландоо  шарттарын  даярдап  берүү  жагы  Ноокат   райондук  архитектура  жана  шаар  куруу   башкармалыгынан   суралсын.

6.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

7.         Жогорудагы  обьекттин  жерге  жайгаштыруу  иш-кагаздарын  даярдатуу  жагы   Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  жер адиси, Ю.Сайтбаев   жана  айыл  башчысы  Е.Исмоиловго  тапшырылсын.

8.         Ушул  токтомдун  мыйзамдуу  түрдөө аткарылышын  айыл  өкмөт  башчысынын убактылуу м.а.  Ч.Инаковага  жана  жер  адиси  Ю.Сайтбаевке  тапшырылсын.

9.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

 

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад