М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

39-1

22.03.2021

А. Мирмахмудов  атындагы   айылдык  аймагынын Киров айылынын тургуну Тошматов  Умиджон Шахобидиновичтин  менчиги болгон 600,0 ч.м.  жер  участкасын Киров айылынын  "Ак-шувак" бөлүмүндө  жайгашкан  жаңы калктуу конушунда  жаңы мечиттин  имартын  куруу  үчүн аталган  жер  участкасын муниципалдык  менчикке  өткөрүп алуу  жөнүндө

2.

39-2

22.03.2021

А.Мирмахмудов атындагы  айыл аймагынын Киров айылынында  жайгашкан З.Г.Маматалиеванын     менчиги  болгон 0,10га.  жер  участкасынын пайдалануунун  максаттык  багытын  өзгөртүүгө уруксат  берүү  жөнүндө

3.

39-3

22.03.2021

А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  аймагынын  Барын айылынын  тургуну  Маматалиев  Жабаралинин жашап  жаткан  турак  жайын  менчигине  бекитип  берүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 39 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

39-1

22.03.2021

 

А. Мирмахмудов  атындагы   айылдык  аймагынын Киров айылынын тургуну Тошматов  Умиджон Шахобидиновичтин  менчиги болгон 600,0 ч.м.  жер  участкасын Киров айылынын  "Ак-шувак" бөлүмүндө  жайгашкан  жаңы калктуу конушунда  жаңы мечиттин  имартын  куруу  үчүн аталган  жер  участкасын муниципалдык  менчикке  өткөрүп алуу  жөнүндө

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  аймагынын Киров  айылынын  тургуну   Ташматов  Умиджон  Шахобидиновичтин Киров  айылынын  «Ак-шувак»  бөлүмүндө   жайгашкан идентификациялык  коду ;5-05-14-1001-2843 болгон , 600,0 ч.м.  турак-жай куруу  үчүн берилген  участкасынан өз каалосу  менен айылдаштарына  мечит  куруу   үчүн  муниципалдык  менчикке  өткөрүп  берүү  жөнүндө  арыз  берген. А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин  кезектеги XXXIX сессиясы  жогорудагы  атуулдун демилгесин  колдоп, аталган жерди мыйзам  негизинде  элдердин талабын канаттандыруу  максатында  Кыргыз  Республикасынын «Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл.  № 18-беренесинин   1-бөлүмүнүн  № 2, 15,17-бөлүмчөлөрүнүн , Кыргыз  Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө  болгон муниципалдык  менчик» жөнүндөгү мыйзамынын №5, №19-беренелеринин,   Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»-нин 62-беренесинин  4-пункту, 64-беренесинин 4-пункту , 32-беренесинин 4-пункутуна жана Ноокат  райондук  шааркурулушу  жана архитектура башкармалыгынын 2021-жылдын 19-мартындагы  №50/4 сандуу  корутундусунун   талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндөгү" мыйзамынын 3 гл.  № 18-беренесинин   1-бөлүмүнүн  № 2, 15,17-бөлүмчөлөрүнүн , Кыргыз  Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө  болгон муниципалдык  менчик" жөнүндөгү мыйзамынын №5, №19-беренелеринин,   Кыргыз Республикасынын "Жер кодекси"-нин 62-беренесинин  4-пункту, 64-беренесинин 4-пункту , 32-беренесинин 4-пункутуна жана Ноокат  райондук  шааркурулушу  жана архитектура башкармалыгынын 2021-жылдын 19-мартындагы  №50/4 сандуу  корутундусунун талаптары, А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  аймагынын Киров  айылынын  тургуну   Ташматов  Умиджон  Шахобидиновичтин Киров  айылынын  "Ак-шувак"  бөлүмүндө   жайгашкан идентификациялык  коду ;5-05-14-1001-2843 болгон  600,0 ч.м.  турак-жай куруу  үчүн берилген  участкасынан өз  калоосу менен айылдаштарына  мечит  куруу   үчүн  муниципалдык  менчикке  өткөрүп  берүү  жөнүндө  берген  арызы  мыйзамдуу  түрдө   аткарууга жана  жетекчиликке  алынсын.

2.         А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  аймагынын Киров  айылынын  тургуну   Ташматов  Умиджон  Шахобидиновичтин Киров  айылынын  "Ак-шувак"  бөлүмүндө жайгашкан идентификациялык  коду ;5-05-14-1001-2843 , Мамлекеттик  Акты "Ч"№999605 болгон, 600,0 ч.м.  турак-жай куруу  үчүн берилген жер  участкасын жамаатка мечит  куруу  үчүн, өз  калоосу  менен укугун токтоткондугуна  байланыштуу А.Мирмахмудов атындагы айыл  өкмөтүнүн мунципалдык  менчигине алынсын.

3.         Жогорудагы мунципалдык менчикке  алынган 600,0 ч.м. жер аянтында мечиттин имараты  курулуп  бүтүрүлгөндөн кейин А.Мирмахмудов  атыгндагы  айыл  өкмөтүнүн муниципалдык  менчигине  алынсын.

4.         Жогорудагы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык  менчигине  алынган 600,0ч.м.  жер  участкасынын   жерге  жайгаштыруу  иш-кагаздарына  кирген  өзгөртүүлөрдү  каттап  берүү   жагы  "Кадастр" мамлекеттик  ишканасынын Ноокат  райондук бөлүмүнөн суралсын.

5.         А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык  менчигине  алынган, Киров айылындагы "Ак-шувак"  бөлүмүндөгү  мечиттин жаңы  имараты  курулушу  көздөлгөн  жер  участкасына корутунду  жана  архитектуралык  пландоо  шарттарын  даярдап  берүү  жагы  Ноокат   райондук  архитектура  жана  шаар  куруу   башкармалыгынан   суралсын.

6.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

7.         Токтомду   аткарылышы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөт  башчысынын убактылуу милдетин  аткаруучусу Ч.Инакова  жана  жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

8.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 39 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

39-2

22.03.2021

 

А.Мирмахмудов атындагы  айыл аймагынын Киров айылынында  жайгашкан З.Г.Маматалиеванын     менчиги  болгон 0,10га.  жер  участкасынын пайдалануунун  максаттык  багытын  өзгөртүүгө уруксат  берүү  жөнүндө

А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Киров айылында  жайгашкан, идентификациялык  коду;5-05-14-1001-4515 болгон, 2020-жылдын 23 –декабрындагы  2020/26374 сан  менен  катталган «кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып  алуу»  келишиминин  негизинде сатып  алган, Ч№  539284 сандуу Мамлекеттик  Акты  берилген  жер  участкасынын ээси  З.Г.Маматалиеванын ишеним  кат  боюнча  өкүлү  А.Турсунов арыз  менен  кайрылып, сатып  алган  жер  участкасы А.Мирмахмудов  айылдык  кеңешинин  2014-жылдын 16-сентябрындагы  №7сандуу токтомунун  негизинде,  комерциялык  багытка-чайкана  куруп  иштетүү  үчүн  өзгөртүлгөндүгүн, ал  жөнүндө бардык ыйгарым укуктуу  органдардан  корутундулар  алынгандыгын билдирип, азыркы  күндө сатып  алган  жеринин  пайдалануу  багытын турак  жай  куруу  үчүн  өзгөртүүгө уруксат  берүү сунушу  менен  айыл  өкмөтүнө  кайрылган.

 Аталган  жердин  эски  ээлери  тарабынан жер  участкасынын  пайдалануу  багытын турак  жай  куруу  үчүн өзөгртүүгө  Ноокат  райондук  шааркурулушу  жана  архитектура  башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 25-июлундагы №139/20 сандуу корутундусу  алынганын, З.Г.Маматалиеванын  атына  Ош  облустук  жерге  жайгаштыруу  боюнча мамлекеттик  ишканасынын 2021-жылдын 16-февралында  №01-8/5-05-14/50  сандуу  корутундусу  берилген.

Жогорудагы  арыздын талаптарын мыйзамдуу  түрдө карап  чечип  берүү  үчүн  айыл  өкмөтү З.Г.Маматалиеванын арызын айылдык  кеңештин  кароосуна  киргизген.

            А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңеши атуул Маматалиева Зиедахон Ганиевнанын 2021-жылдын 24-февралдагы арызын  карап чыгып, Кыргыз  Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы  №145 мыйзамынын  20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз  Республикасынын «Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө»  мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  «Кыргыз Республикасынын  Жер  кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 4-пункутунун талаптарына  таянып, Ноокат  райондук  шааркурулушу  жана архитектура башкармалыгынын  2020-жылдын 25-июлундагы №139/20  сандуу  корутундусун, Ош  облустук  жерге  жайгаштыруу  боюнча мамлекеттик  ишканасынын 2021-жылдын 16-февралында  №01-8/5-05-14/50  сандуу  корутундусу талаптарын жетекчиликке  алып  айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңеши атуул Маматалиева Зиедахон Ганиевнанын 2021-жылдын 24-февралдагы арызы, Кыргыз  Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы  №145 мыйзамынын  20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз  Республикасынын "Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө"  мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  "Кыргыз Республикасынын  Жер  кодекси"нин 1гл. 6-беренесинин 4-пункутунун талаптары, Ноокат  райондук  шааркурулушу  жана архитектура башкармалыгынын  2020-жылдын 25-июлундагы №139/20  сандуу  корутундусун, Ош  облустук  жерге  жайгаштыруу  боюнча мамлекеттик  ишканасынын 2021-жылдын 16-февралында  №01-8/5-05-14/50  сандуу  корутундусунун талаптары жетекчиликке жана  аткарууга  алынсын.

 

2.         А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Киров айылында  жайгашкан, Ч№  539284 сандуу Мамлекеттик  Акты  берилген,  идентификациялык  коду;5-05-14-1001-4515 болгон, 2020-жылдын 23 -декабрындагы  2020/26374 сан  менен  катталган "кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып  алуу"  келишиминин  негизинде  атуул Маматалиева  Зиедахон  Ганиевнанын сатып  алган  0,10га. жер  участкасынын пайдалануу  багыты турак жай  куруу  үчүн  өзгөртүлсүн.

 

3.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

 

4.         Токтомду   аткарылышы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөт  башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Ч.Инакова жана  айыл өкмөтүнүн  жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

5.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 39 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

39-3

22.03.2021

 

А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  аймагынын  Барын айылынын  тургуну  Маматалиев  Жабаралинин жашап  жаткан  турак  жайын  менчигине  бекитип  берүү  жөнүндө

   А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Барын  айылынын  тургуну Маматалиев Жабарали   айыл өкмөтүнө  арыз  менен  кайрылып, Мирмахмудов  атындагы  айыл  аймагынын  Барын айылы  "А.Наваий" көчөсүндө 1977-жылдан  тартып  үй-бүлөөсү  менен  жашап  кележаткандыгын, көп  жылдардан  бери  мектепте  мугалымдик  кесипти аркалап  келип,  азыркы  күндө  пенсияда  экендигин, жашап  жаткан  турак  жайымды,  "кызыл  китебин" даярдап, балдарымга  мураска өткөрүп  берейин  десем турак жайым, белгисиз  себептер  менен  системалык  катоого  кирбей  калганын,  ошол  себептен  азыркы күндө жашап жаткан турак  жайын  мыйзамдаштырып  берүүнү  сураган. Айыл  өкмөтү  маселени мыйзам чегинде  карап  чечип  берүү  үчүн  айылдык  кеңештин  сессиясынын  кароосуна  киргизген А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин  2021-жылдын 22-мартындагы     кезексиз  XXXIX  сессиясы сунушту  карап  чыгып,  талкуулап  А.Мирмахмудов атындагы айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн   жер  комиссиясынын   2021-жылдын 13-мартындагы протоколу, А.Мирмахмудов  айыл  өкмөтүнүн  №58 чарбалык  китебинин №45  бетиндеги  жазуу  малыматтары, Ноокат райондук  мамлекеттик  архивинин 2021-жылдын 16-мартындагы№1400 сандуу архивдик  маалыматы, Кыргыз Республикасынын "Ченемдик укуктук  актылары  жөнүндө"  мыйзамынын 4гл. 26-беренесинин 1,2-пункуттарынын, Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө" мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн, Кыргыз  Республикасынын "Жер  кодекси"нин 2 гл. 13-беренесинин,   талаптарына  таянып айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы                                                                                     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов атындагы айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн   жер  комиссиясынын   2021-жылдын 13-мартындагы протоколу, А.Мирмахмудов  айыл  өкмөтүнүн  №58 чарбалык  китебинин №45  бетиндеги  жазуу  малыматтары, Ноокат райондук  мамлекеттик  архивинин 2021-жылдын 16-мартындагы №1400 сандуу архивдик  маалыматы, Кыргыз Республикасынын "Ченемдик укуктук  актылары  жөнүндө"  мыйзамынын 4гл. 26-беренесинин 1,2-пункуттарынын, Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө" мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн, Кыргыз  Республикасынын "Жер  кодекси"нин 2 гл. 13-беренесинин,   талаптары   аткарууга  жана жетекчиликке алынсын.

2.         А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  аймагынын Барын  айылынын  "А.Навоий" көчөсүнүн №10 дареги  боюнча жайгашкан,  аянты 1500 ч.м. ээлеген жер  участкасы атуул Маматалиев Жабаралинин менчигине  бекитип  берилсин.

3.         Кадастр  мамлекеттик  ишканасынын  Ноокат  райондук филиалынан атуул Маматалиев  Жабаралинин менчигине    бекитип  берилген жер  участкасын ушул  токтомдун №1,2 -пункуттарынын талаптарынын негизинде каттап  берүү  жагы  суралсын.

4.         Ноокат  райондук  шааркурулушу  жана архитектура башкармалыгынан атуул  Маматалиев Жабаралинин жер  участкасынын архитектуралык  жерге  жайгаштыруу  иш  кагздарын даярдап  берүү  жагы суралсын.

5.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

6.         Токтомду   аткарылышы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөт  башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Ч.Инакова жана  айыл өкмөтүнүн  жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

7.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад