М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

38-1

15.02.2021

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы  2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дакартарды бутоо,зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, оорууларга каршы даарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

2.

38-2

15.02.2021

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн  аймагындагы "Беш-Тал" шайлоо  участкасына комиссиясы жана операторлорун сунуш кылуу жөнүндө

3.

38-3

15.02.2021

А. Мирмахмудов  атындагы  айылдык аймагынын  Чапаев айылынын  "Коргошун-талаа"  бөлүмүндө жайгашкан,  2004-жылдын 26-ноябрындагы  №181  токтмунун  негизинде ажыратып  берилген  жер участкасынын башкы  планына өзгөртүүлөр  жана  тоолуктолор  киргизүүгө уруксат  берүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

38-1

15.02.2021

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы  2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дакартарды бутоо,зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, оорууларга каршы даарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы  2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дакартарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, оорууларга каршы даарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү боюнча жеке агроном Ахметжанов Турсунбайдын маалыматын угуп жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 10-февралындагы №01-25/184 катын карап, талкуулап жана айыл аймагындагы  жеке агрономдорго  колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасыныни 2011-жылдын  15-июлундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" №101 мыйзамынын негизинде А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акы 1,0 га жер аянтындагы көп бак-дарактарды дарылоо 3000,0 сом, 1,0 га жер аянтындагы эгин талааларын дарылоо 2000,0 сом, 1,0 га жер аянтындагы бак-дарактарды бутоо жумуштары 30-150 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.         Жогорудагы бекитилген бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акынын өлчөмүн айыл аймагындагы дыйкан-фермерлерге жана багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды жеткирүү айыл өкмөтүнүндөгү жеке агрономдорго жана айыл башчыларына тапшырылсын.

3.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

4.         Токтомду   аткарылышы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөт  башчысы  Ш.Гафаровго  жана  жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

5.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

38-2

15.02.2021

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн  аймагындагы "Беш-Тал" шайлоо  участкасына комиссиясы жана операторлорун сунуш кылуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, "Шайлоо комиссияларынын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү", "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш  алып баруунун тартиби жөнүндөгү" жоболордун талаптарына ылайык А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы "Беш-Тал" орто мектебинин имаратында 2021-жылдын 10-февралында  өткөрүлгөн чогулуштун  №1 протоколундагы   участкалык  шайлоо комиссиясы  жана операторлордун  талапкерлерин көрүп чыгып, талкуулап А.Мирмахмудов айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы "Беш-Тал" орто мектебинин  имаратында 2021-жылдын   10-февралында өткөрүлгөн чогулуштун №1 протоколунда  көрсөтүлгөн талапкерлер, тизмеге ылайык бекитилсин. (тизме  тиркелет)

2.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

3.         Токтомду мыйзамдуу түрдө аткарууга алып тийиштүү иш-кагаздарын даярдап аймактык шайлоо комиссиясына жиберүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инаковага милдеттендирилсин;

4.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

38-3

15.02.2021

 

А. Мирмахмудов  атындагы  айылдык аймагынын  Чапаев айылынын  "Коргошун-талаа"  бөлүмүндө жайгашкан,  2004-жылдын 26-ноябрындагы  №181  токтмунун  негизинде ажыратып  берилген  жер участкасынын башкы  планына өзгөртүүлөр  жана  тоолуктолор  киргизүүгө уруксат  берүү  жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл  аймагынын  Чапаев  айылында  жайгашкан, Коргошун-талаа бөлүмүнүн  тургуну Каримов Рустам  арыз  менен  кайрылып,  2004-жылдын  26-ноябрындагы  №181   токтомунун  негизинде 0,06га.  жер  участкасы  алгандыгын, ал  жерди  архитектуралык   жерге  жайгшаштуруу  иш  кагаздарын даярдатуу  үчүн  архитектурага  кайрылган  үчүрда, архитектура башкармалыгы аталган жер  участкасынын башкы  планы факт  жүнүндөгү  абалга карата туура  эмес чыйылып  калгандыктан, турак  жайдын планын  даярдап  берүүдөн  баш  тарткандыгын, бул  катаачылыкты  оңдоо  үчүн  жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  органдарынан мыйзамдуу түрдө уруксат  алуу  керектигин билдирген, ушул  катаачылыкты оңдоп  берүү  сунушу  менен   айыл  өкмөтүнө кайрылган.

            А. Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн жер  комиссия,  аталган  жерге барып,  иш  жүзүндө абал  менен факт  жүзүндөгү жер  участкасынын  жайгашуусун карап  чыгып, акикаттан башкы  планда Каримов  Рустамдин жер  участкасы  жайгашкан жери туура  эмес көрсөтүлгөндүгүн  аныкташып, ыйгарым  укуктуу орган болгон архитектура башкармалыгынан, башкы  планда  кеттирилген  катаачылыкты  оңдоп  берүү жагын  суралышын белгилешкен.

            А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңеши Чапаев  айылында  жайгашкан, Коргошун-талаа бөлүмүнүн  тургуну Каримов Рустамга берилген  жер  участкасы камтылган башкы планга  өзгөртүүлөр киргизүү максатында Кыргыз  Республикасынын «Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө»  мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1, 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн талаптарына  таянып     айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов атындагы айылдык  аймагынын Чапаев  айылында  жайгашкан, Коргошун- талаа бөлүмүнүн  тургуну Каримов Рустамга берилген  жер  участкасы камтылган башкы планга  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизүү максатында Кыргыз  Республикасынын "Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө"  мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1, 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн талаптары  жана  Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  алдында түзүлгөн жер  комиссиясынын 2021-жылдын 26-февралындагы протоколунун  талаптары аткарууга  жана  жетекчиликке алынсын.

2.         А.Мирмахмудов  атындагы айыл  өкмөтүнүн 2004-жылдын  26-ноябрындагы  №181   токтомунун  негизинде,   А.Мирмахмудов атындагы айыл  аймагынын  Чапаев  айылында  жайгашкан, Коргошун-талаа бөлүмүндө берилген жер  участкаларынын башкы планынын,  атуул  Каримов  Рустам Мамитжановичке ажыратып  берилген 0,06га. жер  участкасы  камтылган  жерине  өзгөртүүлөр  жана  тоолуктоолор  киргизилсин.

3.         Ноокат  райондук  шааркурулушу  жана  архитектура  башкармалыгынан ушул  токтомдун №2-пункутунда белгиленген,  Мирмахмудов  атындагы айыл  өкмөтүнүн 2004-жылдын  26-ноябрындагы  №181   токтомунун  негизинде Чапаев  айылынын  Коргошун-талаа бөлүмүндө ажыратып  берилген,  турак  жай  куруу  үчүн    берилген жер  участкаларынын башкы планына  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор  киргизип  берүү  жагы  суралсын.

4.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

5.         Токтомду   аткарылышы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөт  башчысы  Ш.Гафаровго  жана  жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

6.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад