М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

37-1

28.01.2021

А.Мирмахмудов айыл аймагынын Коргошун-Тала  бөлүмүндө жайгашкан  атуул Сулайманов Абдулваси  Эргашевичтин  жашап жаткан  турак жайынын  жана жеринин мыйзам  талаптарынын  негизинде менчигине  бекитип берүү  жөнүндө

2.

37-2

28.01.2021

А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык аймагынын  Барын жамаатынын  мүлк  үлүшүнүн  эсебинен, атуул  Абдихалилова  Махаббатга  жер участкасы ажыратып берүү жөнүндөгү  протоколун  бекитип  берүү жөнүндө

3.

37-3

28.01.2021

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл аймагынын Барын  айылынын  тургуну Рахматов Икромжондин жашап  жаткан  турак  жайын мыйзам  негизинде  менчигине  бекитип  берүү жөнүндө

4.

37-4

28.01.2021

"CASA-1000"долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Мирмахмудов айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезексиз  31-сессиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №31-2 ттоктомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

5.

37-5

28.01.2021

Киров  айылынын  тургуну Кочкорова Саерахондын  арызын канаттандыруу  жөнүндө

6.

37-6

28.01.2021

"CASA-1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

7.

37-7

28.01.2021

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  2004-жылдын 26-ноябрындагы Чапаев  айылынын  Беш-тал  бөлүмүнүн тургундарына турак -жай  куруу  үчүн  жер  участкасы ажыратып  берүү боюнча №181 токтомуно өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизуу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 37 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

37-1

28.01.2021

 

А.Мирмахмудов айыл аймагынын Коргошун-Тала  бөлүмүндө жайгашкан  атуул Сулайманов Абдулваси  Эргашевичтин  жашап жаткан  турак жайынын  жана жеринин мыйзам  талаптарынын  негизинде менчигине  бекитип берүү  жөнүндө

А.Мирмахмудов  айыл  аймагынын Чапаев  айылынын Коргошун-талаа   бөлүмүндө, 1994жылдын 30-сентябрындагы ½ токтмунун  негизинде  турак  жай куруу  үчүн 1891 ч.м. жер участкаын  алып , аталган  жерде  турак  жай  куруп  жашап  жатамын, ушул  турак  жайымды  мыйзамдаштырып алайын деп токтомдорун архивден издеп  табалбай койдум, ушул  турак  жайымды иш  кагаздарын жөнгө салуу  үчүн турак  жайымды токтомун даярдап берилишине көмөк  берүүнү суранып  атуул  Сулайманов Абдулвоси  айыл  өкмөтүнө арыз менен  кайрылган.

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн комиссия  тарабынан жогорудагы  маселе  боюнча териштирилип  такталганда ,  аталган  жер  участкасы  боюнча  2001-2002-жылдары  системалык  каттоо  убагында   жер  участкасынын  аянты 1891 ч.м. экендиги  аныкталып,-5-05-14-1001-3369  сан  менен код  берилген, бирок белгисиз  себептерден  токтом  чыкпай  калган. Ноокат  райондук  мамлекеттик архивинан  атайын  кат  менен  маалымат  суралганда да, 2020-жылдын 23-сентябрындагы №2908/2  сандуу катында токтом  архивге келбегендиги  аныкталды.

 Ош  облустук  жерге  жайгаштыруу  боюнча  мамлекеттик ишканасынын  2020-жылдын 29-декабрындагы №01-8/5-0514/197 сандуу корутундусу боюнча , суралган  жер  участкасы №2264 контурда , азыркы  күндө калктуу  конушта  жайгашкандыгы белгиленген.

А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин  2020-жылдын 24-декабрындагы,     кезектеги  XXXVI  сессиясы жогорудагы абалды  мыйзмдуу турдо жөнгө салуу  үчүн  Ош  облустук  жерге  жайгаштыруу  боюнча  мамлекеттик ишканасынын  2020-жылдын 29-декабрындагы №01-8/5-0514/197 сандуу корутундусун, . Ноокат  райондук  мамлекеттик архивинин 2020-жылдын 23-сентябрындагы №2908/2  сандуу катын, Мирмахмудов атындагы  айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн жер  комиссиясынын 2020-жылдын 20-декабрындагы №* протоколунун, Кыргыз Республикасынын  «Жер кодекси»-нин 13-беренесинин 1-пункутун, 32-беренесинин, Кыргыз  Республикасынын «Жарандык  кодекси»-нин  №265 беренесинин  талаптарына  таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ош  облустук  жерге  жайгаштыруу  боюнча  мамлекеттик ишканасынын  2020-жылдын 29-декабрындагы №01-8/5-0514/197 сандуу корутундусун, Ноокат  райондук  мамлекеттик архивинин 2020-жылдын 23-сентябрындагы №2908/2  сандуу катын, Мирмахмудов атындагы  айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн жер  комиссиясынын 2020-жылдын 20-декабрындагы протоколунун, Кыргыз Республикасынын  "Жер кодекси"-нин 13-беренесинин 1-пункутун, 32-беренесинин, Кыргыз  Республикасынын "Жарандык  кодекси"-нин  №265 беренесинин  талаптары жетекчиликке  жана  аткарууга алынсын.

 

2.         Мирмахмудов  айыл  аймагынын  Чапаев айылынын "Коргошун-Талаа" бөлүмүнүн  "С.Маматхалилов-1"  көчөсүнүн №22 турак жай адреси  боюнча жайгашкан, 5-05-14-1001-3369  идентификациялык код  берилген,  аянты 1891ч.м. болгон турак  жай атуул  Сулайманов  Абдулвасинин  менчигине  бекитип  берилсин.

 

 

3.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт  башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

5.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 37 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

37-2

28.01.2021

 

А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык аймагынын  Барын жамаатынын  мүлк  үлүшүнүн  эсебинен, атуул  Абдихалилова  Махаббатга  жер участкасы ажыратып берүү жөнүндөгү  протоколун  бекитип  берүү жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл  аймагынын  Барын  айылында  жайгашкан, эски колхоздун  айыл чарба  техникаларынын  гаражи болгон жерден «Позил Косимов» айыл  чарба  кооперативинен  бөлүнүп  чыккан  «Чашма», «Алмазар», «Камбар-ата», «Алижан», «П.Косимов» дыйкан  чарбасынын мүчөөлөрүнө  да   мүлк  үлүшү  болуп  берилген.

            Жогорудагы  дыйкан чарбанын  мүчөөлөрү  өз  каалолору  боюнча  Барын  айылынын тургуну  болгон, материалдык жактан начар болгон  Абдихалилова  Махабаттын  үй-бүлөөсүнө, өздөрүнүн  мүлк  үлүшү болгон гараждын ашканасы  жайгашкан 108ч.м. жер  аянты менен акысыз  түрдө өткөрүп  беришкен жана А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык кеңешинин айыл,суу  чарба,  жерге  жайгаштыруу, экология  жана  жаратылышты  коргоо  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 2012-жылдын 19-апрелиндеги №3 токтому  менен мүлк  ээлерин жалпы жыйынын протоколун  бекитип  берген.

            2011-жылынын  ноябрында  жогорудагы  дыйкан  чарбалардын мүчөөлөрү  жалпы жыйындарын  өткөрүшүп, Абдихалилова  Махабаттын   жесир  аял,  балдары  инвалид  экендигин жана жашап  жаткан эски ашкананын орду 108ч.м. жер бир үй-бүлөөгө  тар  экендигин эсепке алышып,  гумандуулук иретинде өздөрүнүн мүлк  үлүшү  болгон ушул  эски айыл  чарба  гаражынын  ашканасынын  имараты  жайгашкан навестан «Алмазар»  дыйкан  чарбасынын  мүчөөлөрү 2011-жылдын  10-ноябрында протоколунун  негизинде-91,0ч.м. аянтын, «Алижон» дыйкан чарбасынын  мүчөөлөрүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы  жалпы жыйынынын протоколунун  негизинде-79,0 ч.м.  аянтын, «Камбар-ата»  дыйкан чарбасынын мүчөлөрү 2011-жылдын 9-ноябрындагы  жалпы  жыйынынын протоколунун  негизинде-17ч.м. аянтын, «Чашма»  дыйкан  чарбасынын  мүчөөлөрүнүн  2011-жылдын 15-декабрындагы жалпы  жыйынын протоколунун  негизинде -119,5ч.м., «П.Косимов» дыйкан чарбасынын мүчөөлөрү-36ч.м. жер  аянтын  кошумча иретте  акысыз  түрдө  өтөкрүшүп  беришкен   жана  ушул  протоколдорду  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинен  бекитип  берүүнү  суранышкан.

            А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңеши  «Барын»  айылында  жайгашкан, «Позил Косимов» айыл  чарба  кооперативинен  бөлүнүп  чыккан  «Чашма», «Алмазар», «Камбар-ата», «Алижан», «П.Косимов» дыйкан  чарбасынын мүчөлөрүн  жамаатынын  мүчөлөрүнүн  жалпы  жыйынынын протоколдорун   талкулап,  карап  чыгып, Кыргыз  Республикасынын «Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө»  мыйзамынын 2гл.  4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл.1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  «Кыргыз Республикасынын  жер  кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына  таянып     айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын  "Барын"  айылында  жайгашкан, "Позил Косимов" айыл  чарба  кооперативинен  бөлүнүп  чыккан  "Чашма", "Алмазар", "Камбар-ата", "Алижан", "П.Косимов" дыйкан  чарбасынын мүчөлөрүн  жамаатынын  мүчөлөрүнүн  жалпы  жыйынынын протоколдору, Кыргыз  Республикасынын "Жергилктүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүдө"  мыйзамынын 2гл.  4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл.1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин  8-бөлүмчөсүнүн,  "Кыргыз Республикасынын  жер  кодекси"нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптары аткарууга  жана  жетекчиликке алынсын.

 

2.         А.Мирмахмудов атындагы айылдык  аймагынын Барын айылында  жайгашкан "Барын"  жамаатына  кирген, "Алмазар"  дыйкан  чарбасынын  мүчөлөрүнүн 2011-жылдын  10-ноябрында протоколунун  негизинде-91,0ч.м. аянтын, "Алижон" дыйкан чарбасынын  мүчөлөрүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы  жалпы жыйынынын протоколунун  негизинде-79,0 ч.м.  аянтын, "Камбар-ата"  дыйкан чарбасынын мүчөлөрү 2011-жылдын 9-ноябрындагы  жалпы  жыйынынын протоколунун  негизинде-17ч.м. аянтын, "Чашма"  дыйкан  чарбасынын  мүчөлөрүнүн  2011-жылдын 15-декабрындагы жалпы  жыйынын протоколунун  негизинде -119,5ч.м., "П.Косимов" дыйкан чарбасынын мүчөлөрү-36ч.м. жер  аянтын  кошумча иретте  акысыз  түрүндө атуул Абдихалилова  Махаббаттын үй-бөлөөсүнө өтөкрүшүп  беришкен   жана А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык кеңешинин айыл, суу  чарба,  жерге  жайгаштыруу, экология  жана  жаратылышты  коргоо  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 2012-жылдын 19-апрелиндеги №3 токтому  менен бекитилип  берилген 108ч.м.  жер  аянты  кошулуп, Барын айылынын "Тош-коргон" бөлүмүнөн, Барын жамаатына  кирген дыйкан  чарбалардын мүчөлөрүнүн сунушун негизинде атуул Абдихалилова Махаббатга акысыз  түрдө, 450,5ч.м.  жер аянты турак жай куруу үчүн менчигине  бекитип  берилсин.

3.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

 

4.         Токтомду   аткарылышы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөт  башчысы  Ш.Гафаровго  жана  жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

 

 

5.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 37 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

37-3

28.01.2021

 

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл аймагынын Барын  айылынын  тургуну Рахматов Икромжондин жашап  жаткан  турак  жайын мыйзам  негизинде  менчигине  бекитип  берүү жөнүндө

А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Барын айылынын  тургуну  Рахматов Икрамжан Акрамжанович  айыл өкмөтүнө  арыз  менен  кайрылып, өзү  жашап  жаткан 0,10га.аянтты ээлеген, А.Мирмахмудов  атындагы  айыл аймагынын  Барын  айылынын  «Мамадиев» көчөсүндө  жайгашкан идентификациялык  коду 5-05-14-3756  болгон  коро-сарайынын мыйзамдаштыруу  максатында «Кадастр» мамлекеттик  ишканасынын Ноокат  райондук  филиалына  кайрылган  үчүрда аталган  турак  жайда Абдуллаев Халилулла аттуу жарандын  атына  катаачылык менен катталып  калганын, ушул  себептен өзү жашап  кележаткан  турак  жайын мыйзамдаштыра албай жатканын билдирип,  ушул  турак  жайын мыйзам  талаптарынын  негизинде  менчигине  бекитип  берилишин  суранган. Айыл  өкмөтү  маселени мыйзам чегинде  карап  чечип  берүү  үчүн  айылдык  кеңештин  сессиясынын  кароосуна  киргизген. А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин  2021-жылдын 28-январындагы,     кезектеги  XXXVII  сессиясында сунушту  карап  чыгып,  талкуулап  А.Мирмахмудов  айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн   жер  комиссия  2021-жылдын 25-январындагы  протоколун, Мирмахмудов атындагы  айыл  өкмөтүнүн   чарбалык китебинин  маалыматтарына таянып , иш  жүзүндө  атуул  Рахматов Икрамжан Акрамжановичтин   короо жайын жерине  барып  факт жүзүндө аянтын тактап чыгылган  аянты 0,10га. экендигин тактап,  ошол  эле  үчүрдө жанаша  жайгашкан  кошуналар  менен короо  жайдын чектери  боюнча  талаш  тартыш  жок  экендиги аныкталды.

            А.Мирмахмудов  айылдык  кеңешинин  VI  шайланган  депутаттардын

 кезектеги  XXXVII  сессиясы  А.Мирмахмудов  айыл  өкмөтү тарабынан    2021-жылдын   25-январында   түзүлгөн комиссиянын   сунуш  протоколун  үйрөнүп  чыгып, А.Мирмахмудов атындагы  айыл  өкмөтүнүн   чарбалык китебинин  маалыматына, Кыргыз  Республикасынын «Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө» мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-блүмчөсүнүн, Кыргыз  Республикасынын «Жер  кодекси»нин 2 гл. 13-беренесинин,   талаптарына  таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын "Жер  кодекси"нин 2 гл. 13-беренесинин,   талаптары, Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө" мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-блүмчөсүнүн талаптары, А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтү тарабынан    2021-жылдын    25-январында түзүлгөн комиссиянын   сунуш  протоколу, А.Мирмахмудов атындагы  айыл  өкмөтүнүн чарбалык китебинин  маалыматы  аткарууга  жана жетекчиликке алынсын.

2.         А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  аймагынын "Мамадиев"  көчөүндө  жайгашкан , идентификациялык  коду; 5-05-14-1001-3756 болгон  турак  жайы,    0,10га.  жер  аянты  менен  бирга атуул  Рахматов  Икромжон  Акрамжоновичтин  менчигине  бекитип  берилсин.

3.         Кадастр  мамлекеттик  ишканасынын  Ноокат  райондук филиалынан атуул Рахматов  Икромжон  Акрамжоновичтин   турак  жайын ушул  токтомдун № 2-пункутунда  көрсөтүлгөн аянты боюнча  каттап  берүү  жагы  суралсын. 

4.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

5.         Токтомду   аткарылышы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөт  башчысы  Ш.Гафаровго  жана  жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

6.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 37 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

37-4

28.01.2021

 

"CASA-1000"долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Мирмахмудов айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезексиз  31-сессиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №31-2 ттоктомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык Мирмахмудов айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мирмахмудов айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 31-сессиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №31-2 токтомуна  төмөнкү редакцияда кабыл алынсын:

-Мирмахмудов айыл аймагынан өтүүчү "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу үчүн 6 даана электр тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №1258, 1249,1342, 1085, 925, 1095  контурунда жайгашкан жалпы 2246 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2.         Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаев долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

 

3.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

 

4.         Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөтүлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 37 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

37-5

28.01.2021

 

Киров  айылынын  тургуну Кочкорова Саерахондын  арызын канаттандыруу  жөнүндө

А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Киров  айылынын  тургуну Кочкорова  Саерахон айыл  өкмөтүнүн аз  камсыз  болгон үй-бүлөөлөр  тизмесине  кирген үй-бүлөөлөрдөн  болуп  эсептелет. Өзүнүн   турак  жайы  жок  болгондуктан, ар жерде ижарага батир  алып үч  балаасы  менен  жашап  келет. Жогорудагы муктаждыктан  улаам 2019-жылдын 12-февралында айыл өкмөтүнө турак  жай  куруу үчүн арыз  менен кайрылып , турак  жай  курууга  муктаждардын  тизмесине  киритилген.

Айыл  өкмөтү жашоо  абалынын  наачарлыгын эске алып, айыл аймагынын калктуу конушунун эсебине  кирген, Киров  айылынын  «Аэропорт» бөлүмүндөгү көп  батирлүү,  эки  кабаттуу  турак  жайдын аймагы  менен чектешкен, бош  жаткан   500 ч.м.   муниципалдык  менчик  болгон жер  тилкесин  издеп  таап, жердин  шартын  үйрөнүп  чыгуу  боюнча  айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн  жер  комиссиясы  жеринде  барып карап  чыгып, өзүнүн  2021-жылдын  27-январындагы протоколу  менен , аталган  жер участкасынын атуул  Кочкорова  Саерахонга турак  жай  куруу  үчүн ажыратып  берүү  сунушу менен айыл  өкмөтүн  кайрылышкан.

А.Мирмахмудов айыл өкмөтү  маселени мыйзам чегинде  карап  чечип  берүү  үчүн  айылдык  кеңештин  сессиясынын  кароосуна  киргизген.

А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин  кезектеги сессиясы Мирмахмудов  айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн   жер  комиссия мүчөөлөрү 2021-жылдын 27-январындагы протоколдук  сунушун талаптарын, Кочкорова  Саерохондын 2019-жылдын 12-февралында айыл өкмөтүнө турак  жай  куруу үчүн берген  арызын арыз  эсепке  алып, Кыргыз  Республикасынын «Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө» мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-блүмчөсүнүн,  Кыргыз  Республикасынын  «Жер  кодексинин» 6-беренесинин 2-пункутунун, №13-беренесинин 1-пункутунун 1-бөлүмчөсүнүн, №32-беренесинин 1-пункутунун  талаптарына  таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө" мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-блүмчөсүнүн,  Кыргыз  Республикасынын  "Жер  кодексинин" 6-беренесинин 2-пункутунун, №13-беренесинин 1-пункутунун 1-бөлүмчөсүнүн, №32-беренесинин 1-пункутунун  талаптары, Мирмахмудов атындагы айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн   жер  комиссиясынын  2021-жылдын 27-январындагы протоколдук  сунушун талаптары  жана Кочкорова  Саерохондын 2019-жылдын 12-февралында айыл өкмөтүнө турак  жай  куруу үчүн  жер  участкасы сурап  берген  арызы жетекчиликке  жана  аткарууга  алынсын.

2.         Атуул  Кочкорва Саерохон Эргешбоевнага Киров  айылынын "Аэропорт"  бөлүмүнөн, калктуу  конуштун  жерлерине  кирген, муниципалдык жер  болуп  эсептелген 500 ч.м.  жер  тилкеси турак  жай круу  үчүн  менчигине  бекитип берилсин.

3.         Ноокат  райондук  шааркурулушу жана архитектура  башкармалыгынан атуул  Кочкорова  Саерохон  Эргешбаевнага  бекитип  берилген  жкер  участкасынын архитектуралык  иш-кагаздарын  даярдап  берүү  жагы суралсын.

4.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

5.         Токтомду   аткарылышы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөт  башчысы  Ш.Гафаровго  жана  жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

6.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 37 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

37-6

28.01.2021

 

"CASA-1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

"CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык А.Мирмахмудов айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов айыл аймагынан өтүүчү "CASA-1000"долбоорун ишке ашыруу үчүн алты даана электр аба чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №863-контурунда жайгашкан жалпы 484 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган сугат айдоо жер участокторун, №1076, №1076, №1090, №1184, №1238Ч контурларында жайгашкан жалпы 1922 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган кайрак айдоо жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.         А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жер адиси Сайтбаев Юсуфжанга  долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы  Ш.Гафаровго тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы  

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 37 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

37-7

28.01.2021

 

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтүнүн  2004-жылдын 26-ноябрындагы Чапаев  айылынын  Беш-тал  бөлүмүнүн тургундарына турак -жай  куруу  үчүн  жер  участкасы ажыратып  берүү боюнча №181 токтомуно өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизуу жөнүндө

            А.Мирмахмудов  атындагы айыл  аймагынын Чапаев  айылынын  тургуну Махамаджонов  Иброхимжон  Икромжонович    айыл өкмөтүнө  арыз  менен  кайрылып, А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын  26-ноябрындагы №181 токтмунун негизинде Чапаев  айылынын Беш-тал   бөлүмүндө жайгашкан №2356 контурунан  0,06га.  жер  участкасын турак  жай  куруу  үчүн  алганын, аталган жерге жерге  жайгаштыруу  иш  кагаздарын  даярдайын десе,  аталган  токтомдун №35  сапында техникалык  катаачылык  кеттирилип, Махамаджанов  М.  деп   жазылып  калыптыр, негизинде  аты Иброхимжон болот, фамилиясы Махамаджанов, ушул  катаачылыкты  оңдоп бергиле деп арыз  менен  айыл  өкмөтүнө  кайрылган. Айыл  өкмөтү  маселени мыйзам чегинде  карап  чечип  берүү  үчүн  айылдык  кеңештин  сессиясынын  кароосуна  киргизген. А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин  2021-жылдын 28-январындагы     кезектеги  XXXVII  сессиясы сунушту  карап  чыгып,  талкуулап  А.Мирмахмудов  айыл  өкмөтүнүн  алдында  түзүлгөн   жер  комиссиясынын   2020-жылдын 20-декабрындагы  протоколун  үйрөнүп  чыгып, Кыргыз Республикасынын "Ченемдик укуктук  актылары  жөнүндө"  мыйзамынын 3гл. 17-беренесинин 1,2-пункуттарынын, Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө" мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-блүмчөсүнүн, Кыргыз  Республикасынын "Жер  кодекси"нин 2 гл. 13-беренесинин,   талаптарына  таянып  айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын "Жер  кодекси"нин 2 гл. 13-беренесинин,   талаптары, Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө" мыйзамынын  3гл.  18-беренесинин 1-пункутунун  15-бөлүмчөсүнүн ,  47-беренесинин  8-блүмчөсүнүн талаптары, Кыргыз Республикасынын "Ченемдик укуктук  актылары  жөнүндө"  мыйзамынын 3гл. 17-беренесинин  1,2-пункуттарынын, А.Мирмахмудов  атындагы  айыл  өкмөтү тарабынан    2020-жылдын    20-декабрында   түзүлгөн комиссиянын   сунуш  протоколу  аткарууга  жана жетекчиликке алынсын.

2.         А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-ноябрындагы Чапаев  айылынын Беш-тал бөлүмүнүн. тургундарына турак  жай  куруу  үчүн  жер  участкасы бөлүп  берүү  жөнүндөгү  №181  токтомунун №35 сапына  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизилсин.

3.         Аталган токтомдун №35 сапында  катаачылык  менен  жазылып  калган Махамажанов.М. деген  жазуу Махамаджонов  Иброхимжон  Икромжонович      сөзү  менен  алмаштырылсын. 

4.         Ушул  токтомдун негизинде ажыратып  берилген   0,06га. жер  участкасы атуул  Махамаджонов  Иброхимжон  Икромжоновичтин       менчигине  бекитип  берилсин.

5.         Кадастр мамлекеттик  ишканасынын  Ноокат  райондук филиалынан атуул Махамаджонов  Иброхимжон  Икромжоновичке    бекитип  берилген жер  участкасын ушул  токтомдун №2,3,4 -пункуттарынын талаптарынын негизинде   каттап  берүү  жагы  суралсын. 

6.         Ноокат  райондук  шааркурулушу  жана архитектура башкармалыгынан атуул  Махамаджонов  Иброхимжон  Икромжоновичтин жер  участкасынын архитектуралык  жерге  жайгаштыруу  иш  кагздарын даярдап  берүү  жагы суралсын.

7.         Ушул  токтом  мыйзам  чегинде  аткарууга алынсын.

8.         Токтомду   аткарылышы А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөт  башчысы  Ш.Гафаровго  жана  жер адиси Ю.Сайтбаевтерге  тапшырылсын.

9.         Ушул  токтомду  аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов  атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Тохтаев                    

 

 

Назад