Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги он жетинчи 
сессиясы.                  
                                                     Т О К Т О М 
 
2023-жылдын 29-июну
     
             17-1
         
Муркут айылы.
 
Айыл  аймагындагы Кеңеш-2 орто мектебине 
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер 
академиясынын ардактуу академиги маркум 
Келдибай Алымкуловдун ысымын кою 
жөнүндө.  
   
Төөлөс айыл өкмөтүнүн “Кеңеш” айылынын тургундарынын 2023-жылдын 23-майындагы 
жалпы чогулушунун токтомуна жана Кеңеш -2 орто мектебинин 2023-жылдын 26-майындагы 
педогогикалык кеңешинин №7 токтомуна негиз  
                                                       
Токтом кылат: 
1.
 
  Айыл аймагындагы Кеңеш-2 орто мектебине Кыргыз Республикасынын Улуттук 
Илимдер академиясынын ардактуу академиги, маркум Келдибай Алымкуловдун 
ысымы коюлсун. 
2.
 
  Мектептин атын өзгөртүүгө тийиштүү документерди даярдап берүү жана токтомдун 
аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана айыл 
өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго милдеттендирилсин.    
3.
 
 Ноокат райондук мамлекеттик админстрасиясынан тиешелүү жогорку органдар менен 
биргеликте мектептин атын өзгөртүүгө көмөк көрсөтүү жагы суралсын. 
4.
 
 Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин “Мыйзамдулук 
мандат,этика,укук жана дин иштери “ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 
 
 
 
 
 
 
 
           
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:             З. Жороев 
 
 
 
 
 
 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
ОШ ОБЛУСУ 
НООКАТ РАЙОНУ 
  ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 
          
 
 
 
   
 
 
 
 
 
   
  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА 
             ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
           НООКАТСКИЙ РАЙОН 
ТООЛОССКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги он жетинчи 
сессиясы.                  
                                                     Т О К Т О М 
 
2023-жылдын 29-июну
     
             17-2
         
Муркут айылы. 
“Жергиликтүү маанидеги маселелерди 
башкаруунун Типтүү тартибин бекитүү 
жөнүндөгү” Төөлөс айыл өкмөтүнүн 
башчысынын 2023-жылдын 27-июнундагы  № 
01-34/322 сандуу сунуш каты жөнүндө. 
 
   Кызгыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз 
алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык 
айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү манидеги маселени чечүү боюнча 2023-жылдын 
27-июнундагы  № 01-34/322 сандуу сунушун канаттандыруу максатында    
                                                       
Токтом кылат: 
1.
 
  Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 27-июнундагы  № 01-34/322 
сандуу сунушу канаттандырылып Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын  
“Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун типтүү тартибин бекитүү” 
жөнндөгү  жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин  
2.
 
  Бекитилген функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн милдеттердин уюштуруу жана 
милдеттерди аткаруу, токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн 
башчысы А. Эшматовго милдеттендирилсин.    
3.
 
Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин “Мыйзамдулук 
мандат,этика,укук жана дин иштери “ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 
 
 
 
 
 
 
 
           
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:                          З. Жороев 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
ОШ ОБЛУСУ 
НООКАТ РАЙОНУ 
  ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 
          
 
 
 
   
 
 
 
 
 
   
  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА 
             ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
           НООКАТСКИЙ РАЙОН 
ТООЛОССКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Төөлөс айылдык Кеңешинин 2023-жылдын      
 29-июнундагы  №17-2 токтомуна №1 тиркеме 
                                                                       
 
 
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун 
Типтүү тартиби 
 
1.
 
Жалпы жоболор жана терминдер 
 
    
 1
. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул типтүү тартиби (мындан ары- 
Типтүү тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча 
жергиликтүү Кеңештин компетенциясын аныктоочу «Жергиликтүү мамлекеттик 
администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз 
Республикасынын Мыйзамынын 27. 34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына 
ылайык иштелип чыккан.
 
2.
 Типтүү тартип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн компетенциясынын 
чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.  
3. 
Бул типтүү тартипте төмөнкү терминдер колдонулат. 
     Жергиликтүү маанидеги маселелер-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана 
аларды кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү 
жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тричилик аракеттерин камсыз 
кылуу маселелери; 
      Компенетция-
 мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар мененмилдеттердин жыйындысы; 
      Көзөмөл-
ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна 
аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапаты, белгиленген көрсөткүчтөргө 
эе кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси; 
      Мониторинг жана баалоо-
 башкаруу субөектине башкаруучу обөектке эффектитүү 
таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир обөектинин ишине таасир этүүчү маалыматтарды 
системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоопроцесси; 
     Милдеттенме-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө 
(юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүчүлөр/ 
товарлар, жумуштар, жөлөкпултар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп 
берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык техникалык 
камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин ченемдик укуктук актыларды 
аткаруунун алкагында чечүү; 
        Уюштуруу-
жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы 
маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча 
башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана 
тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси; 
        Ыйгарым укук-
мамлекеттик бийлик органдарынын эе жергиликтүү өз алдынча 
башкаруу органдарынын белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн 
функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 
укугу;

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:        Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу функциясы-
бул 
уюмдардын, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө 
жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча 
уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк 
шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө 
салуу контролдоо) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө 
кайталанып турган аракеттери; 
     Башкаруу-
 уюмдун максатына же конкренттүү маселени чечүүгө багытталган 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан божомолдоо (прогноздоо), 
пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси; 
     Кызмат-
юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын 
канаттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин 
ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттери.
 
2.
 
Типтүү тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары 
3.
 
 
   4.Типтүү тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз  алдынча 
башкаруу органынын төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт; 
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу 
2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу эана жүзөгө ашыруу; 
3) жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, 
4) баалоо жана контролдоо жүргүзүү, 
5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды 
пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социялдык-экономикалык өнүктүрүү 
программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле 
анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштен чыгуу алкагында 
ишке ашырылат. 
6. жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү маанидеги 
маселени чечүү боюнча фунцияларды кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу 
жана белгилөө боюнча иш-аркеттерди камтыйт. 
7. функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн жергиликтүү 
өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөөгө ашырат: 
№1 кадам. 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү 
маселени чеч.. боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн 
функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Респуьликасынын 
мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт. 
№2 кадам. 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы  талдоолордун жыйынтыгынын 
негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана 
анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, 
кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат. 
№3 кадам. 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү 
маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн 
зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет чыгат.

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, 
милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет. 
№4 кадам
. 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү 
маселени чечүү боюнча функциялар, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү 
үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат. 
№5 кадам
. 
Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбору 
жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук калкуудан өтөт. 
№6 кадам. 
 Жергиликтүү өз алдынча башкруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү маанидеги маселени 
чечүү боюнча иш-милдеттерин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн 
жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат (жергиликтүү кеңештин  типтүү токтомунун 
формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеңештин токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде 
келтирилген. 
8. Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү 
маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, 
ал көмөнкү чараларды камтыйт. 
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана 
кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү. 
- кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрятчыны тандоо, дайындоо жол-жобосун, 
процедурасын жүргүзүү; 
- көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда); 
- жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жарым-
жартылай же толук бошотуу боюнча компенцасиялык чараларды белгилөө (зарыл болгон 
учурда) 
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо булактарын 
аныктоо; 
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар. 
9. Ушул Типтүү эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар жергиликтүү Кеңеш 
тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт 
 
4.
 
Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкулоо жана башкаруу 
процесстерине катышуусу 
 
10
. Бул Типтүү тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү 
жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүбоюнча милдеттерди жана 
чараларды талкулоого кеңири тартылат. 
11. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жергиликтүү жамаатка жергиликтүү 
маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө 
кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу, айыл аймагынын веб-
сайтына, социялдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу 
аркылуу жүзөгө ашырат. 
12. жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча демилгелөө, млдеттерди жана иш-
чараларды талкулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: башкруу  органдарына жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү 
маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкруу органдарынын 
жумушчу топторун түзүү сунушталат. 
13. Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү жамааттын, 
коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди 
чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет. 
14. Мониторинг жана баалоонун натыйжалары жергиликтүү кеңеш тарабынан 
жыйналыштарында каралат. 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы. 
                                                             Т О К Т О М 
 
 
 
 
   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
ОШ ОБЛУСУ 
НООКАТ РАЙОНУ 
 ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 
                        
 
 
 
   
 
     
 
 
  
КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА 
             ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
       НООКАТСКИЙ РАЙОН 
ТООЛОССКИЙ АЙИЛЬНЫЙ КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  2023-жылдын 29- июну                           17-3                                          Муркут айылы 
                                                                                                           
Төөлөс айыл өкмөтүнүн  
                                                                                       2024-2026- жылдарга   
                                                                                       бюджетинин орто мөөнөтүү болжолу 
жөнүндө. 
 
 
        Төөлөс айыл өкмөтүнүн    2024-2026-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү 
маселени Кыргыз Республикасынын Бюджет  Кодексинин                            95-беренесин колго 
алып, жергиликтүү  бюджеттин  2024-2026-жылдарга орто  мөөнөттүү    болжолдуу  долбоору 
тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда айылдык кеңешинин    « 
Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк »  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан 
жактырылганын эске алып  
                                           
Т О К Т О М   К Ы Л А Т: 
1.
 
  Төөлөс   айыл өкмөтүнүн  2024-2026- жылдарга айылдык  бюджетинин болжолунун 
негизги көрсөткүчтөрү №1, № 2 тиркеменин  негизинде бекитилсин 
2.
 
  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго, 
каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага жүктөлсүн . 
3.
 
  Токтомдун аткарылышы  көзөмөлдүк  кылуу жагы   Төөлөс айылдык  кеңешинин « 
Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча» туруктуу комиссиясына 
тапшырылсын.  
 
 
 
 
      Айылдык кенешинин төрагасы :                                            З.Жороев

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:       Төөлөс айылдык кенешинин   
                                                                                         VII чакырылышынын  кезектеги   
                                                                                         он жетинчи  сессиясынын  № 17-3  
                                                                                         токтомуна № 1 тиркеме 
 
 Төөлөс айыл  өкмөтүнүн 2024-жылга айылдык бюджетинин  болжолу
  
№ 
Кирешелердин аталышы        (мин сом) 
1 Киреше+ активдер  жана милдетемелер ( жер 
сатуудан)  
2 Салык  кирешелер  13534,0 
3 Салыктын негизиндеги патенттөө салыгы   846,5 
4 Кыймылсыз  мүлккө  салык 100,0 
5 Жеке адамдын   транспорт  каражатына  салыгы 1760,0 
6 Физикалык тараптардан  алынуучу  жер салыгы  610,9 
7 Айыл чарба эмес  багытындагы   жер салыгы  650,0 
8 Ижара  толому 26,0 
9 Балуулуктарды изилдөөгө лицензия алууга  1400,6 
10 Жайыт ижара акысы 1055,1 
11 Кайра  болуштуруу  фондунун  ижара  акысы 1249,0 
12 Калктуу пункттан алынуучу  ижара салыгы  100,0 
13 Таштанды  толому 475,9 
14 Кызмат кылуудан  тушкон  толом 20,0 
15 Атайын  каражаттар 4032,0 
16 Толуктоочу грант 14915 
 Жалпысы: 40775 
 
Төөлөс айылдык кенешинин жооптуу катчысы:                            О.Калмурзаев               
                               
                                                                                                   
 
                                                                                                               
Төөлөс айылдык 
кенешинин   
                                                                                          VII чакырылышынын  кезектеги

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                                                           Он жетинчи  сессиясынын  № 17-3  
                                                                                           токтомуна  № 2 тиркеме 
 
 Төөлөс айыл  өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга айылдык бюджетинин  болжолу 
№ 
Кирешелердин аталышы 
2025-жыл 
(мин сом)
 
2026-
жыл 
(мин 
сом ) 
1 Киреше+ активдер  жана милдетемелер ( жер сатуудан)   
2 Салык  кирешелер  14887,4 15027,1 
3 Салык негизиндеги патентөө салыгы   860,0 900,0 
4 Кыймылсыз  мүлккө  салык 100,0 125,0 
5 Жеке адамдын   транспорт  каражатына  салыгы 1765,0 1770,0 
6 Физикалык тараптардан  алынуучу  жер салыгы        610,9 610,9 
7 Айыл чарба  багытындагы   жер салыгы  1143,0 1143,0 
8 Айыл чарба эмес  багытындагы   жер салыгы  655,0 660,0 
9 Ижара  толому 26,0 26,0 
10 Балуулуктарды изилдөөгө лицензия алууга  1400,6 1400,6 
11 Жайыт ижара акысы 1055,1 1060,0 
12 Кайра  болуштуруу  фондунун  ижара  акысы 1255,7 1255,7 
13 Калктуу пункттан алынуучу  ижара салыгы  100,0 100,0 
14 Таштанды  толому 475,9 475,9 
15 Кызмат кылуудан  тушкон  толом 25,0 25,0 
16 Атайын  каражаттар 4032,0 4572,0 
17 Толуктоочу грант 14915 14915 
      Жалпысы: 43306,6 44066,2 
      Төөлөс  айылдык кенешинин жооптуу катчысы :                                      О.Калмузаев

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы. 
                                                             Т О К Т О М 
 2023-жылдын 29- июну                           17-4                                          Муркут айылы 
                                                                                                        
Төөлөс айыл аймагынын борбордук 
“Баатырлар жана ардактуу ардагерлер” 
аллеясына эмгектин ардактуу ардагери 
Социалистик эмгектин баатыры маркум      
А.Сатыбалдыевдин эстелигин орнотуу   
жөнүндө 
 
      Айылдык коомчулуктун сунушун эске алып, эмгектин ардактуу ардагери Социалистик 
эмгектин баатыры маркум А. Сатыбалдыевдин жаркын элесин түбөлүк калтыруу максатында 
азыркы айыл  өкмөтүнүн ар тараптан өнүгүсүнө кошкон эбегейсиз чоң салымын баалап  
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекетик администрациясынын жана 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы 
№123 мыйзамынын  27-беренесин 13 пунктуна негиз 
 
                                                  Токтом кылат:  
 
1.
 
  Төөлөс айыл аймагынын борбордук “Баатырлар жана ардактуу ардагерлер” аллеясына 
эмгектин ардактуу ардагери Социалистик эмгектин баатыры маркум 
 А. Сатыбалдыевдин эстелигин орнотууга макулдук берилсин    
2.
 
  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, керектелүүчү тийиштүү документтерди 
даярдап берүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер 
адиси М. Бакировго милдеттендирилсин.  
3.
 
  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин “Мыйзамдуулук, 
мандат, укук жана дин иштери”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.   
 
 
 
 
 
       Төөлөс айылдык кенешинин төрагасы :                                            З. Жороев  
                                               
 
 
 
 
 
 
 
 
   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
ОШ ОБЛУСУ 
НООКАТ РАЙОНУ 
 ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 
                        
 
 
 
   
 
    
 
 
 
 КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА 
             ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
       НООКАТСКИЙ РАЙОН 
ТООЛОССКИЙ АЙИЛЬНЫЙ КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы. 
                                                             Т О К Т О М 
 2023-жылдын 29- июну                           17- 5                                         Муркут айылы
             
                   
  
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ыңгайсыз 
болгон калктуу конуштарга жакын 
жайгашкан  өздөштүрүү багытында 
келишимдин негизинде ижарага берилген 
жерлерин келишимдерин жаңылоо, ижара 
акысы жөнүндө 
 
   Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматов 2023-жылдын 29-июнунда №01-34/384 сандуу 
сунуш каты менен айыл өкмөтүнүн  аймагындагы калктуу конуштарга жакын жайгашкан жер 
тилкелерин өздөштүрүү багытында келишимдин негизинде элге ижарага берген. 105 га 
жердин ижара мөөнөтү узартуу, ижара акысын кайрадан карап чыгуу сунушу менен 
кайрылган жогорудагы сунушту канаттандыруу максатында  
                                                         
Токтом кылат 
1.
 
  Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовдун 2023-жылдын 29-июнундагы  №01-
34/384 сандуу катында көрсөтүлгөн мөөнөтүн узартууга жана ижара акыларын 
кайрадан кароо  сунушу канатандырылсын. 
2.
 
  Калктуу конуштарга жайгашкан өздөштүрүү багытындагы келишимдин негизинде 
ижарага берилген 105 га жер аянтынын ижара акысы 1 га жер үчүн 10000 (он миң) 
сом төлөөгө макулдук берилсин. 
3.
 
  Ижара акыдан жыйналган акча каражатын мыйзамдуу, өз багытында кирешелөө 
жана чыгашалоону камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго  айыл 
өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А. Тешебаевага  
милдеттендирилсин. 
4.
 
  Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин “ Экономика, 
бюджет жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 
 
 
 
         
Төөлөс айылдык кеңештин төрагасы:                                                        
З.Жороев                                                                                      
 
 
 
 
 
 
 
   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
ОШ ОБЛУСУ 
НООКАТ РАЙОНУ 
 ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 
                        
 
 
 
   
 
    
 
 
 
 КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА 
             ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
       НООКАТСКИЙ РАЙОН 
ТООЛОССКИЙ АЙИЛЬНЫЙ КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
 
 
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги он жетинчи 
сессиясы.                  
                                                       Т О К Т О М 
 
2023-жылдын 29-июну
     
             17-6
         
Муркут айылы.
 
Айылдык кеңештин 2022-жылдын 
30-сентябрындагы№12-9санду 
токтомуна толуктоолор киргизүү 
жөнүндө. 
   Айыл өкмөтү тьарабынан учурда жергиликтүү калкты турак-жайга муктаждыктарын чечүү 
багытындагы айыл өкмөтүнүн2023-жылдын 29-июнундагы №1-34-331Сандуу отүнүч катында 
көрсөтүлгөн айылдык кеңештин 2022-жылдын 30-сентябрындагы №12-9 санду токтомуна 
толуктоолор киргизүү жөнүндөгү өтүнүчүн канаттандыруу максатында  
                                                       
Токтом кылат: 
1.
 
  I-Пунктунун 3- абзасындагы №461-Контрундагы 28,2гектар деген сөздөн кийин “анын 
ичинен 28,08 гектар” “Кайрак айдоо” жана 0.12 гектар “талаа жолдору” деген сөздөр 
менен өзгөртүлүп толукталып окулсун.   
2.
 
  I-Пунктунун 4-абзасындагы №461 Контрундагы 28,2гектар деген сөздөн кийин“анын 
ичинен 28,08 гектар” “Кайрак айдоо”  жана 0.12 гектар“ Талаа жолдору алдындагы 
жерлери” деген сөздөр менен өзгөртүлүп толукталып окулсун  
3.
 
  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы  
А. Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго жүктөлсүн. 
4.
 
  Токтомдун аткарылышы көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин “Айыл, суу чарба, 
жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, 
кайра иштетүү жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 
 
 
 
            Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:                                  З.Жороев 
 
                                               
 
 
 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
ОШ ОБЛУСУ 
НООКАТ РАЙОНУ 
  ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 
          
 
 
 
   
 
   
 
   
  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА 
             ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
           НООКАТСКИЙ РАЙОН 
ТООЛОССКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ КЕНЕШ