Төөлөс айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги отуз биринчи сессиясынын 2019-жылдын                               27-декабрындагы  № 31-5 токтомуна тиркеме

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым

мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

КЕЛИШИМ

1.      Келишимдин тараптары

 

1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, мындан ары “Департамент” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментижөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 238 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйругунун негизинде аракеттенген директор М.К.Пратованын атынан, бир тараптан, жана Төөлөс айыл өкмөтү, мындан ары “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы” деп аталуучу, келишимдин негизинде аракеттенген Эшматов Адылбек Музураимович, экинчи тараптан, мындан ары “Тараптар” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.

2.      Келишимдин негизи

 

2.1.           Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык  Төөлөс айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:

 

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспортту берүү;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү;

- жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо;

- баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү;

- никелешүүнү мамлекеттик каттоо, ошондой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү;

- өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо, ошондой эле өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү;

- аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо, ошондой эле аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүк берүү;

- “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмгө арыздарды кабыл алуу.

2.2. Төөлөс айыл өкмөтү жогоруда аталган берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.

 

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери

 

3.1. Департамент жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өзүнүн ыйгарым укуктарын берүүдө төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынанишке ашырылышын, ошондой эле ушул максаттарга берилген материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыишке ашыруу маселелери боюнча аткарылууга милдеттүү актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндө сунуштарды берүүгө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынанберилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суроого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун формасын белгилөөгө;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, максаттуу багытта колдонулбаган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга;

- ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

3.2. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам көрсөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыздоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыаткаруу жүктөлгөн адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында бир жылда эки жолкудан кем эмес окуу өткөрүүгө;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана өткөрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого;

- Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.

 

 

4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары жана милдеттери

 

 

4.1. Төөлөс айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттардын өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берилишин талап кылууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардамалууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыаткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча Департаменттин кат жүзүндөгү сунуштарына соттук тартипте даттанууга;

- ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

4.2. Төөлөс айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуу бөлүгүндө мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүлүшү үчүн шарттарды камсыздоого;

- квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыаткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга;

- ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин Департаментке учурдагы айга каржылоого Келишимдин 2-тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгө;

- ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыаткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Департаменттин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмүнө (мындан ары – Департаменттин ЖААККПКБсы)Келишимдин 3-тиркемесине ылайык отчет берүүгө;

- ай сайын, квартал сайын, жарым жылда, жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө Департаменттин аймактык ЖААККПКБсына Келишимдин 4-тиркемесине ылайык материалдык отчет берүүгө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынынадиси болбогон учурда (ооруп калуу, өргүүдө болуу, окууга баруу ж.б.) өз ара алмаштырууну камсыздоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыишке ашыруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыаткаруу үчүн ага өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;

- Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.

 

 

5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси

 

5.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматкер болуп саналат.

5.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси даярдалган паспортторду жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланктарын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат.

Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан арыз ээсине келтирилген зыян документтерди кайра калыбына келтирүү чыгымдарынын наркынын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт.

Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине, Департаментке келтирилген зыянга төлөө өз ыктыяры менен же Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгиленген тартипте соттун чечими менен жүргүзүлөт.

5.4.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисиКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат:

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилген документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн;

- туулгандыгын, аталыкты аныктоону, никелешүүнү, өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;

- туулгандыгы, аталыкты аныктоо, никелешүү, өлгөндүгү жөнүндө актылык жазууларды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле даярдалган паспортту берүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү үчүн;

- жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;

- “балагасүйүнчү” арыздарын каттоо үчүн;

- арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун эки нускасы үчүн;

- арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн;

- арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

- “ЖААК” АМСте документтерди өз убагында жана туура тариздөө, актылык жазууларга ылайык күбөлүк берүү үчүн;

- арыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн;

- актылык жазуулар жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында берүү үчүн.

5.5.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиситөмөнкүлөргө укуктуу:

- кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;

- арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес, кош ИЖН болгон учурда бардык иш-аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ЖААККПКБсына кайрылуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга);

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардамалууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

- эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого.

5.6.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жеке маалыматтардын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ага жетүү режимин камсыздоого;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;

- “Инфоком” МИ КБнын Регламентинин Кошулуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого;

- берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү.

Мындай учурда жасалмалоо белгилерин сыпаттоо менен үч нускада эркин формада акт түзүлөт, анын бири бир иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бөлүмдөрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси – Департаменттин аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү – арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.

5.7.Ушул Келишимде каралбаган жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.

 

6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

 

6.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасынын негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасына ылайык ушул Келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө белгиленген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

6.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүжергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.

6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин эмгек акысын;

- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды: иш сапардын чыгымдарын, Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн, кеңсе буюмдарын.

6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл материалдык каражаттар Департамент тарабынан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына убактылуу колдонууга өткөрүп берилет.

6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттар, чарба ишин жүргүзүү бөлүгүндө (жабдуулар, обөекттер, техника ж.б.), алар макулдашуу комиссияларында каралып, колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүп берилүүгө тийиш.

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнөн паритеттик башталышта түзүлөт.

6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынаөткөрүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги Тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынаөткөрүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдонуу тартиби Департамент тарабынан аныкталат.

6.9. Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 шаттык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан ишке ашырылат.

 

7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчеттуулук формасы жана мезгилдүүлүгү

 

7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Департаменттин аймактык ЖААККПКБсынатөмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

- ай сайын 10-күндөн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табыштаманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык;

- ай сайын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту Келишимдин 3-тиркемесине ылайык;

-  ай сайын, квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында 4-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды колдонуу жөнүндө финансылык отчеттумамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен макулдашылган форма боюнча Келишимдин 4-тиркемесине ылайык.

 

8. Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо тартиби

 

8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары – контролдоо) Келишимдин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлөт.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Департаменттин аймактык ЖААККПКБсы жүргүзөт.

8.3. Департаменттин аймактык ЖААККПКБсы:

- аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө сунуштарды жиберүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;

- Келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул Келишимди бузуу жөнүндөгү сунуштарды даярдайт жана жогоруда турган органга киргизет.

8.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардынжергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүчө жүргүзөт:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы бөлүгүндө координациялоо;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынанмыйзамда же берүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетторду кабыл алуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттардын колдонулушу бөлүгүндөтекшерүү жүргүзүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди мыйзамдуулугу жана максаттуулугу жагынан баалоо

 

9. Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү

 

9.1. Ушул Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү кеңеш тарабынан Келишим бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

9.2. Ушул Келишим  29.05.2020  тартып  29.05.2021  чейин колдонулат.

Эгер ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин эки Тарап тең Келишимди бузуу жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда автоматтык түрдө узартылат.

9.3. Ушул Келишим үч нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалык күчкө ээ: ар бир Тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.

 

10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү

 

10.1. Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш.

 

11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздер жана токтотуу тартиби

 

11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:

- Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;

- Келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджетте кезектеги финансылык жылга трансферттердин (субвенциялардын) жоктугу;

- ушул Келишим боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;

- мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алышы (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу);

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ушул Келишимде жана/же “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартуусу (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу).

11.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу Департаменттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

11.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- мамлекеттик орган тарабынанжергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместиги;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.

 

 

11.4. Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- Департамент тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруусун, анын ичинен алардын аткарбагандыгынан же тийиштүү ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышы;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу, эгер ушул бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун оордоткон шарттарды түзсө;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.

11.5. Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, токтотууну демилгелеген Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган Тарап аны 15 иш күндүн ичинде кароого милдеттүү жана билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө экинчи Тарапка маалымдоого тийиш.

Экинчи Тарап билдирүүгө макул болгон учурда, Тараптардын макулдашуусунун негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.

11.7. 30 иш күндүн ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндөжазуу түрүндө жооп болбогон учурда же экинчи Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.

11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.

11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо ушул Келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органыберилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул жөнүндө 15 иш күндүн ичинде Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жазуу жүзүндө билдирет.

11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын                                   

 

 

 

 

берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик органаны аткарууга тийиш.

11.11.      Жергиликтуү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтототуруу жана аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.

12.      Тараптардын жоопкерчилиги

12.1.          Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2.          Айыл өкмөттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү аткарууну уюштуруу, өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу колдонуу жана ушул Келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

 

13.                Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

13.1  Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу же соттук тартипте чечилет.

 

14.                Тараптардын дареги жана колу

 

        Департамент                                                                    ЖӨБ органы

 

Кыргыз Республикасынын                       Төөлөс айыл өкмөтү,Ноокат району Ош облусу    

  Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик                   Муркут айылы, Ж.Мажакыпов көчөсү.-1

  Каттоо кызматынын алдындагы                                      тел. 6-00-32, факс.   6-00-32  

  Калкты жана жарандык абалдын

  актыларын каттоо департаменти                                         Айыл өкмөт башчысы

  Бишкек ш., Киев к., 58                                                       колу                     А.Эшматов                                                                                           

  (312) 666120, факс(312) 662329                                        мөөрү

 Департаменттин директору

   Колу             М. Пратова

      мөөрү