М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

32-1

23.01.2020

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн,2019-жылдын

30-декабрындагы, Төөлөс айылдык Кеңешинин төрагасына жолдогон

№ 01-12 /686 сандуу каты жөнүндө.

2.

32-2

23.01.2020

Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин, 2020-жылдын 

01-январына карата калдык суммасын бөлүү жөнүндө.

3.

32-3

23.01.2020

Жайыт комитетине тиешелүү болгон техникаларын, ижарага берүү боюнча келишимдерин бекитүү жөнүндө.

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 32 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

Кыргыз Республикасынын Жогорку органдарынан келген токтомдорду, буйруктарды,протоколдук тапшырмаларды аткарууга алуу максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,

Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан,2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы эске алынсын.

2.         Айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын пайдаланууда, каржы экономикалык бөлүмүнүн (ФЭБ) адистери тарабынан максатсыз чыгымдарга жол берилгендиги белгиленсин жана кемчилдиктерди жоюу боюнча айыл өкмөтүнүн башчылыгы тарабынан иш чаралар көрүлсүн.

3.         Сапардамалык чыгымдарды төлөө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Сапардамалык чыгымдардын өлчөмүн белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн (ФЭБ) башчысына милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 32 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

32-2

23.01.2020

Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин, 2020-жылдын 

01-январына карата калдык суммасын бөлүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилип иштетилген  жергиликтүү бюджетинин, 2020-жылдын 1-январына карата 439 521 (төрт жүз отуз тогуз миң беш жүз жыйырма бир ) сом калдык суммасы, тиркемеге ылайык,жергиликтүү бюджеттин беренелерине бөлүнсүн. (тиркеме)

2.         439 521 (төрт жүз отуз тогуз миң беш жүз жыйырма бир) сом калдык суммасын, жергиликтүү бюджеттин такталган беренелерине жылдырып бөлүү жагы, айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

ТИРКЕМЕ №1

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 32 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

32-3

23.01.2020

Жайыт комитетине тиешелүү болгон техникаларын, ижарага берүү боюнча келишимдерин бекитүү жөнүндө.

Жайыт комитетине тиешелүү болгон техникаларынын үзгүлтүксүз иштөө мөөнөтүн жана туура пайдаланышын камсыз кылуу максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн, жайыт пайдалануучулар бирикмесине тиешелүү болгон RONGWEI  ZL 9039E маркасындагы,мамлекеттик номери 812 СА фронталдуу жүктөгүчүн, 1 бирдик, HOWO CWD 3120 A3R4 маркасындагы,

Мамлекттик номери  03  452 АС автосамосвалын, 1 бирдик, белгиленбеген  мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө эки тараптуу түзүлгөн келишим милдеттенмелери бекитилсин.(тиркеме)

2.         Тараптардын  келишим милдеттенмеде бекитилген  талаптарга ылайык иш алып баруусун жана милдеттенмелердин  убагында так аткарылышын камсыз кылуу жагы, жайыт комитетинин төрагасы  А.Темировго жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

ТИРКЕМЕ №2

Назад