М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

35-1

24.03.2020

Ноокат районундагы, коронавирус боюнча өзгөчө кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу боюнча ыкчам чараларды көрүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 35 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

35-1

24.03.2020

 

Ноокат районундагы, коронавирус боюнча өзгөчө кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу боюнча ыкчам чараларды көрүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2020-жылдын                                14-мартындагы,коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өсүүсүнө бөгөт коюу жөнүндө чечимин аткарууга алуу боюнча, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 19-мартындагы  

      № 1-10/357 сандуу каты аткарууга алынсын.

 

2.         Төөлөс айыл аймагынын чектериндеги, тыштан кирүүчү бардык жолдор тосулуп жабылсын,айылдарга кирүү жана чыгуу,өзгөчө абал бүткөнгө чейин күчөтүлгөн абалда көзөмөлгө алынсын.

 

3.         Байланыш үчүн,Ош -Исфана жолуна чыгуучу Гереит-Шорон айылындагы жолго көзөмөл посту коюлсун,кирүү жана чыгуу максаттары күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынсын.

 

4.         Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин, 2020-жылдын                   16-мартындагы №20-2-10/3105 сандуу катына ылайык жана бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө,Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 115-беренесине негиз,зарыл болгон учурда сатып алууларга конкурс жарыялоого чектөөлөр киргизилип,айыл өкмөтүнүн буйругуна негиз сарптоолорго уруксат берилсин.

 

5.         Жергиликтүү бюджеттин акча каражаттарын абалга жараша сарптоолорду мыйзам чегинде жүргүзүүнү камсыз кылуу,айыл өкмөтүнүн башчылыгына милдеттендирилсин.

 

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад