М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№42-1

25.12.2020

Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдардын аралыгында социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер жөнүндө

2.

№42-2

25.12.2020

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата түзүлгөн    жергиликтүү бюджетинин киреше   жана чыгаша бөлүктөрүнүн  долбоорун бекитүү жана айыл өкмөтүнүн 2022-2023 -жылдарга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун бекитүү жөнүндө

3.

№42-3

25.12.2020

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 70821  китепкана тармактары боюнча кошумча бирдиктер кабыл алуу жөнүндө.

4.

№42-4

25.12.2020

Төөлөс айыл өкмөтүнүн   жайыт комитетинин 2020-жылга бекитилген бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө.

5.

№42-5

25.12.2020

Төөлөс айыл өкмөтүнүн   жайыт комитетинин 2021-жылга   бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору жөнүндө

6.

№42-6

25.12.2020

Уюштуруу маселеси.  Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

7.

№42-7

25.12.2020

Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодекси менен иш алып барууну жакшыртуу максатында комиссия курамын түзүү жөнүндө

8.

№42-8

25.12.2020

Төөлөс айыл өкмөтү тарабынан "Жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби" жөнүндө

9.

№42-9

25.12.2020

Төөлөс айылдык кеңешинин аймагындагы №5424Салиева, №5425 Кызыл-Туу, №5543 Толман участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын толуктоо киргизүү жөнүндө

10.

№42-10

25.12.2020

"Ноокат районунун акын жазуучуларынын жыйнагы" аттуу экинчи китеби жарык көрүүсүн каржылоого көмөк көрсөтүү жөнүндө

11.

№42-11

25.12.2020

Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында "Жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлорун уюштуруу" жөнүндө

12.

№42-12

25.12.2020

Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү көбөйтүү жөнүндө

13.

№42-13

25.12.2020

Жайылма айылынын "Теплица" жаңы конушундагы жаңы көчөлөргө Мурзаев Темир ажынын ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-1

25.12.2020

 

Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдардын аралыгында социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдардын аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) бекитилсин.

2.         Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдардын аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) ишке ашырууну жетекчилике алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин "Экономикалык, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-2

25.12.2020

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата түзүлгөн    жергиликтүү бюджетинин киреше   жана чыгаша бөлүктөрүнүн  долбоорун бекитүү жана айыл өкмөтүнүн 2022-2023 -жылдарга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары    27063,8 (жыйырма жети миллион алтымыш үч мин сегиз жүз ) сом өлчөмүндө  бекитилсин.

2.         2021-жылга айыл өкмөтүнүн   жергиликтүү бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1  тиркемеге ылайык аныкталсын .

- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде , ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы , соц фондго чегерүү , тамак -аш  жана коммуналдык кызматтарга ) каржылануусу белгиленсин.

3.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн  2022-2023 - жылдарга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2 , № 3 тиркемелерине ылайык  колдоого алынсын .

 

-  Кирешенин болжолу 2022-жылга 28086,4 ( жыйырма сегиз миллион сексен алты мин төрт жүз ) сомго республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 8597,5 (сегиз миллион беш жүз токсон жети мин беш жүз ) сом менен  жана 2023-жылга 28392,9 (жыйырма сегиз миллион үч жүз токсон эки мин тогуз жүз ) сомго  республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 8602,0 ( сегиз миллион алты жүз эки мин )  сом менен белгиленсин .

- Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2022-2023- жылдарга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин  негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын , аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин .

      4.  Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген     

         өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик 

         мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын .

5. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык   

    бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын  

    каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын .

- Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик  мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда                        " Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети , 2022-2023 жылдарга болжолу жөнүндөгү " Мыйзамынын 14- беренесинин 2- пункутуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз алынып  коюлары эскертилсин .

     6.  Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу ;

- Ушул токтомдун 1- беренесинде бекитилген суммалардын чегинде , эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;

- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө .

- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо ;

     7.  2021- жылда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн    

         пландарын ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды

         бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кенешке   

         ыйгарылсын .

 

 

    8.    Жергиликтүү бюджеттик мекеме - ишканалардын финансалык  

         экономикалык негиздерин чындоо , алардын финансалык  

         мамлекеттик каражаттарды максаттуу , сарамжалдуу  

         пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы    

         жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына    

         көзөмөлгө алуу жана айылдык кенешине өз убагында    

         маалымат берүү  жагы  милдеттендирилсин .

    9.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык             

         кенештин "Экономика, бюджет, соода ишкердүүлүк боюнча"  

         туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-3

25.12.2020

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 70821  китепкана тармактары боюнча кошумча бирдиктер кабыл алуу жөнүндө.

            Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы №31 Герейит-Шорон,    №20 Айтамга, №19 Салиева айылдык китепканаларынын кызматкерлеринин арызын канааттандыруу максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн 70821 китепкана тармактары боюнча кошумча бирдиктер кабыл алууга макулдук берилсин.

2.         Жогорудагы кабыл алынган кошумча бирдиктерди каржылоону уюштуруу жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчысы                    А. Тешебаевага милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин "Экономика, бюджет, соода ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-4

25.12.2020

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн   жайыт комитетинин 2020-жылга бекитилген бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.

2.         Жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш пландарына, айыл аймактагы ички жайыттарды тактоо жана малдын санын так жүргүзүү иштерин аткаруу жайыт комитетинин төрагасы А.Темировго милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин "Экономика, бюджет, соода ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-5

25.12.2020

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн   жайыт комитетинин 2021-жылга   бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоору бекитилсин       (тиркеме тиркелет).

2.         Жайыт комитетинин иш пландарына ылайык аткарылуучу иштердин өз убагында толук жана сапатуу аткарууну камсыз кылуу жайыт комитетинин төрагасы А.Темировго милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин "Экономика, бюджет, соода ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов                

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-6

25.12.2020

 

Уюштуруу маселеси.  Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары          О. Калмурзаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, айылдык кеңештин орун басары милдетинен бошотулсун.

2.         Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарынын бош кызмат ордуна депутат Жороев Арстан шайлансын.

3.         Тийиштүү иш кагаздарын өткөрүп берүү жана алууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы                          А. Камбаралиевге тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-7

25.12.2020

 

Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодекси менен иш алып барууну жакшыртуу максатында комиссия курамын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодекси мене иш алып барууну жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ЖӨБЭММА нын жергиликтүү органдар менен өз ара кызматташуу  бөлүмүнүн 2020-жылдын 9-декабрындагы №52 сандуу кайрылуусун жетекчиликке алып.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айылдык кеңештин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча курамы беш мүчөсүнөн турган комиссия түзүлсүн.

1.         Темиров Азим-                 Төөлөс жайыт комитетинин       

                                        төрагасы-комиссиянын төрагасы.

2.         Бакиров Маматшарип-   айыл өкмөтүнүн жер адиси- 

                                                   комиссиянын катчысы.

3.         Тиленов Мурадилла-       айыл өкмөтүнүн башчысынын орун 

                                                   басары- комиссиянын мүчөсү.

4.         Шарапидинов Хайрулла- айылдык кеңештин депутаты- 

                                                    комиссиянын мүчөсү.

5.         Исманов Куштар-                 айылдык кеңештин депутаты-  

                                                    комиссиянын мүчөсү.

 

2.         Бузуулар боюнча протоколдорду толтуруу ыйгарым укугу берилүүчү жарандар.

1.         Шерматов Маматемин- Айтамга-Толман айылдарынын 

                                            айыл башчысы.

2.         Жакыпов Максатбек-   Меркит айылынын жана Жабылы, 

                                           Пахтачы, бөлүмдөрүнүн айыл башчысы.

3.         Асанов Пайзилда-            Муркут айылынын жана Суукоробос-1, 

                                          Суукоробос-2 бөлүмдөрүнүн айыл

                                           башчысы.

 

4.         Исмаилов Кылычбек-   Кенеш, Гереит-Шорон айылдарынын

                                           айыл башчысы.

5.         Мийзаев Абдималик-   Жайылма, Додоң айылдарынын 

                                          айыл башчысы.

6.         Калмурзаев Омурзак-   СПАнын жетекчиси.

7.         Ботобаев Союз-               ИСКАКБ нын жетекчиси.

8.         Төрөев Мамат-              Жайыт комитетинин инспектору.

9.         Жамбилов Ахун-           Айыл өкмөтүнүн Вет. инспектору.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-8

25.12.2020

 

Төөлөс айыл өкмөтү тарабынан "Жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби" жөнүндө

            Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди жигердүү катышууга шыктандыруу максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2.         Токтом катоого алынып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберилет.

3.         Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирсин.

4.         Ушул токтомду жалпыга маалымат каражаттарында жарыялансын.

5.         Токтомдун аткарылышына көзөмөлдү айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-9

25.12.2020

 

Төөлөс айылдык кеңешинин аймагындагы №5424Салиева, №5425 Кызыл-Туу, №5543 Толман участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын толуктоо киргизүү жөнүндө

Төөлөс айылдык кеңешинин аймагында шайлоо жана референдумду уюшкандыкта өткөрүү максатында.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айылдык кеңештин аймагындагы № 5424 Салиева, № 5425 Кызыл-Туу, № 5543 Толман участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын толуктоого макулдук берилсин.

2.         Айылдык кеңештин аймагындагы № 5424 Салиева, № 5425 Кызыл-Туу, № 5543 Толман участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик курамы Ноокат райондук аймактык комиссиясына сунушталсын.

 

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-10

25.12.2020

 

"Ноокат районунун акын жазуучуларынын жыйнагы" аттуу экинчи китеби жарык көрүүсүн каржылоого көмөк көрсөтүү жөнүндө

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 1-10-1762 сандуу "Ноокат районунун акын жазуучуларынын жыйнагы" аттуу экинчи китебинин жарык көрүлүшүнө колдоо жөнүндөгү сунушун канааттандыруу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 1-10 -1762 сандуу катына көмөк көрсөтүү жөнүндөгү сунуштоосу эске алынсын.

2.         Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен "Ноокат районунун акын жазуучуларынын жыйнагы" атуу экинчи китебине акча каражатын каржылоо жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алып көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин "Экономика, бюджет, соода, ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-11

25.12.2020

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында "Жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлорун уюштуруу" жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2020-жылдын 29-мартындагы "Жарандарга акысыз юридикалык  кеңеш берүү борборлорун уюштуруу" жөнүндөгү № 01-1 кайрылуусун канатандыруу максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2020-жылдын 29-мартындагы "Жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлорун уюштуруу" жөнүндөгү № 01-1 кайрылуусун эске алып, айыл өкмөтүнүн аймагында Жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борборун уюштурууга макулдук берилсин.

2.         Айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борборун уюштурууну жетекчиликке алуу, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Камбаралиевге милдеттендирилсин.

 

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-12

25.12.2020

 

Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү көбөйтүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн киреше булагын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 2009-жылдын 27-июнундагы            № 255 мыйзамынын жер салыгынын ставкалары жөнүндөгү                 49-бөлүмүнүн №337 беренесинин 6-пункутуна жана ушул эле мыйзамдын 339-беренесинин 4-пункутуна негизденип, кыртыштын бонитетин эске алып.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы төмөнкү өлчөмдө

1.Сугат айдоо 1га * 500 сомго

2. Кайрак айдоо 1га *75 сом 30 тыйынга

3. Бак аянттары 1га * 281 сом 90 тыйынга көбөйтүлсүн

         2.    Айыл чарба эмес багытындагы жерлерди пайдалангандыгы  

               үчүн жер салыгынын ставкларын 0,2 коэффициентке

               көбөйтүлсүн 

 

    3.  Жогорудагы көбөйтүлгөн салыктардын үстүндө

         финансалык эсеп-кысап иштерин алып баруу жана  

         аткарылган иштер боюнча айылдык кеңешке маалымат  

         берүү   жагы каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы        

         А.   Тешебаевага милдеттендирилсин.

       4.     Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы   

              айылдык  кеңештин "Экономика, бюджет, соода

              ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу комиссиясынын курамына

              жүктөлсүн.      

 

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

13

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№42-13

25.12.2020

 

Жайылма айылынын "Теплица" жаңы конушундагы жаңы көчөлөргө Мурзаев Темир ажынын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Жайылма айылынын тургундарынын арызын канатандыруу максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жайылма айылынын тургундарынын арызы канаатандырылсын, Жайылма айылынын "Теплица" жаңы конушундагы  көчөлөргө Мурзаев Темир ажынын ысымы  ыйгарылсын.

2.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү айыл өкмөтүнүн жер адиси  М. Бакировго жана   айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы  А. Камбаралиевге милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу айылдык кеңештин "Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери" боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад