М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№43-1

27.01.2021

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

2.

№43-2

27.01.2021

Төөлөс айылдык кеңешинин 5 мандаттуу Меркит шайлоо округунан шайланган депутат Калмурзаев Омурзак Ташбаевичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

3.

№43-3

27.01.2021

Жайылма айылынын Ош-Кызыл-Кыя жолун бириктирген бөлүгүн жана айылдын Жолдошбай аялдамасынан тартып күн батыш жагына карай Сатыбалдыев Меңдинин үйүнө чейинки бөлүктөгү көчөсүнө эмгектин ардагери Эшматов Аким ажынын ысмын ыйгаруу жөнүндө

4.

№43-4

27.01.2021

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын            1-январына карата эсептик счетундагы калдыгын бекитүү жөнүндө

5.

№43-5

27.01.2021

Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Муркут айылынын Суу_Коробос бөлүмүндөгү жайгашкан жайыт жер тилкесин жеке ишкерлерге көп жылдык мөөнөткө ижараага берүүгө айыл тургундарынын нараазычылкытары жөнүндө

6.

№43-6

27.01.2021

Төөлөс айылынын жайыт комитетинин адистеринин ишмердүүлүгү боюнча нараазычылыктары жөнүндө

7.

№43-7

27.01.2021

Жайыт жерлеринин жер маселелери, турак жай куруу боюнча жер тилкелерин туура берүү жөнүндө

8.

№43-8

27.01.2021

Жайылма айылынын "Бак" жаңы конушундагы жаңы көчөсүнө Салиев Бакирдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

9.

№43-9

27.01.2021

Төөлөс айыл аймагынын билим берүү тармагына адабий китептердин сатып алууга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Кеңеш айылынын тургуну Э. Өсөровдун арызы жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 43 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№43-1

27.01.2021

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2019-жылы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын канааттандыраарлык деп табылсын.

2.         Айыл өкмөтүнүн иш пландарына негиз аткарылган иштер өз убагында, сапаттуу аткарылгандыгы эске алынсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 43 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№43-2

27.01.2021

 

Төөлөс айылдык кеңешинин 5 мандаттуу Меркит шайлоо округунан шайланган депутат Калмурзаев Омурзак Ташбаевичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

            Төөлөс айылдык кеңешинин 5 мандаттуу Меркит шайлоо округунан шайланган Калмурзаев Омурзак Ташбаевичтин жазган арызын карап чыгып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттары жөнүндөгү" мыйзамына ылайык.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айылдык кеңешинин 5 мандаттуу Меркит шайлоо округунан шайланган депутат Калмурзаев Омурзак Ташбаевичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арызы канаттандырылып, депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотууга макулдук берилсин.

2.         Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын мандаттары мыйзамына ылайык, андан кийинки көп добуш алган талапкерди тактап, ага депутаттык мандат берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин "Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 43 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№43-3

27.01.2021

 

Жайылма айылынын Ош-Кызыл-Кыя жолун бириктирген бөлүгүн жана айылдын Жолдошбай аялдамасынан тартып күн батыш жагына карай Сатыбалдыев Меңдинин үйүнө чейинки бөлүктөгү көчөсүнө эмгектин ардагери Эшматов Аким ажынын ысмын ыйгаруу жөнүндө

Жайылма айылынын тургундарынын арызын канаттандыруу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жайылма айылынын тургундарынын арызы канааттандырылсын, Жайылма айылынын Ош Кызыл-Кыя жолу менен бириктирген бөлүгүн жана айылдык Жолдошбай аялдамасынан тартып күн батыш жакка карай Сатыбалдыев Меңдинин үйүнө чейинки бөлүгүндөгү көчөсүнө эмгектин ардагери Эшматов Аким ажы ысымы ыйгарылсын.

2.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы                  А. Камбаралиевге милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин "Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери боюнча" туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 43 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№43-4

27.01.2021

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын            1-январына карата эсептик счетундагы калдыгын бекитүү жөнүндө

            Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетундагы калган калдыкты иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жеткечилеринин катышуусунда депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын   

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү " мыйзамынын 27-статьясынын                5 пунктуна ылайык.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2021-жылга Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин кирешелер жана чыгашалар бөлүмүнө 2013,6 сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2.         2021-жылга айылдык бюджетине 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар планы №1 тиркемеге ылайык  аныкталсын.

3.         Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү  бекитилген суммага 2021-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин  "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төөлөс айылдык кеңешинин

                                       төрагасы:                           М.Абдырахманов.

 

Төөлөс айылдык кеңешинин          (VI чакырылышынын) кезектеги сессиясынын № 43-4 токтомуна №1 тиркеме.

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен 2021-жылдын айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.

 

01.01.2021-жылга эсептик счетундагы калдык     2013,6

Кирешелер жыйынтыгы      2013,6

Экономикалык чарбага        520,0

Комуналдык чарба   499,6

Билим берүү 760

Атайын каражат       164,0

Спорттук        70,0

Чыгашалар жыйынтыгы:     2013,6

 

 

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 43 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№43-5

27.01.2021

 

Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Муркут айылынын Суу_Коробос бөлүмүндөгү жайгашкан жайыт жер тилкесин жеке ишкерлерге көп жылдык мөөнөткө ижараага берүүгө айыл тургундарынын нараазычылкытары жөнүндө

                        Муркут айылынын Суу-Коробос бөлүмүнүн жашоочуларынын суроолорун койгон талаптарын канааттандыруу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Муркут айылынын Суу-Коробос бөлүмүндө жайгашкан жайыт жер тилкесин жеке ишкерлерге ижарага берүүгө макулдук берилбесин.

2.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, токтом аткарылгандыгы жөнүндө айылдын тургундарына  20-февралга чейин кеңири маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Темировго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин "Мыйзамдуулук,мандат, укук жана дин иштери боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 43 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№43-6

27.01.2021

 

Төөлөс айылынын жайыт комитетинин адистеринин ишмердүүлүгү боюнча нараазычылыктары жөнүндө

            Төөлөс айылдык жайыт комитетинин адистеринин ишмердүүлүгү боюнча Муркут айылынын Суу-Коробос бөлүмүнүн жашоочуларынын арызын, суроо талаптарын канааттандыруу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жайыт комитетинин адистеринин ишмердүүлүгү боюнча нараазычылыкар эске алынсын.

2.         Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин адистери, айыл өкмөтүнүн жер адистери менен  биргеликте жогоруда белгиленген нараазычылыктардын үстүндө иш алып барып жыйынтыгын 20-февралга чейин айылдын тургундарына маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.

     3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин     

        "Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери боюнча" 

         туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 43 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№43-7

27.01.2021

 

Жайыт жерлеринин жер маселелери, турак жай куруу боюнча жер тилкелерин туура берүү жөнүндө

            Жайыт жерлеринин жер маселелери, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин туура берүү жөнүндөгү Меркит, Муркут, Суу-Коробос_1, Суу-Коробос 2, жаңы конуштарынын жашоочуларынын суроо талабын канааттандыруу максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жайыт жерлеринин жер маселелери боюнча жана турак жай курууга жер тилкелерин туура берүү жөнүндө айыл тургундарынын нараазычылыгы эске алынсын.

2.         Айылдык жайыт комитетинин төрагасы А.Темиров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго Муркут айылында 25-январь 2021-жылы өткөн жалпы жыйында түзүлгөн комиссия менен биргеликте

- Муркут айылынын Суу-Коробос бөлүмүндө жайгашкан жайыт жер тилкесин жеке ишкерлерге көп жылдык мөөнөткө ижарага бербөө маселесин.

-Жайыт комитетинин адистеринин ишмердүүлүгү жөнүндөгү нараазычылыктар жөнүндөгү маселесин.

    -Жайыт жерлериндеги жер маселелери боюнча жана турак  

     жай куруу боюнча жер тилкелерин туура берүү жөнүндөгү   

     маселелери боюнча айылдын жашоочуларынын суроо талабын     

     20-февралга чейин канааттандыруу жагы милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык  

кеңештин "Мыйзамдуулук,мандат, укук жана дин иштери боюнча" туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 43 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№43-8

27.01.2021

 

Жайылма айылынын "Бак" жаңы конушундагы жаңы көчөсүнө Салиев Бакирдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Жайылма айылынын тургундарынын арызын канааттандыруу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жайылма айылынын "Бак" жаңы конушундагы жашоочулардын арызы канаатандырылып жаңы көчөгө Салиев Бакирдин ысмы ыйгарылсын.

2.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Камбаралиевге милдеттендирилсин.

     3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин     

        "Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери боюнча" 

         туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 43 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

№43-9

27.01.2021

 

Төөлөс айыл аймагынын билим берүү тармагына адабий китептердин сатып алууга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Кеңеш айылынын тургуну Э. Өсөровдун арызы жөнүндө.

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү тармагындагы китепканалардын китеп фондун кеңейтүү жана мектеп окуучуларын адабий китептерге болгон муктаждыктарын чечүү максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айыл аймагынын билим берүү тармагына адабий китептерди сатып алууга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Кеңеш айылынын тургуну Э.Өсөровдун арызы канааттандырылсын.

2.         Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага билим берүү тармагына адабий китептерин сатып алууну каржылоо маселесин уюштуруу милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык 

кеңештин "Экономика, бюджет, соода ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад