1 |
||||
|
||||
|
||||
Төөлөс
айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 46
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Муркут
айылы |
№46-1 |
|||
|
Төөлөс айыл өкмөтүнүн
2021-жылга жергиликтүү бюджетинин айыл чарба жана коммуналдык
чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө |
|||
Айыл өкмөтүнүн
2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен айыл чарба жана
коммуналдык чарбаларга айыл аймагындагы көйгөйлүү
маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет
кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна негиз. |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн
2021-жылга жергиликтүү бюлжетинин айыл чарба жана коммуналдык
чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
айыл өкмөтүнүн
ФЭБ башчысы А.Тешебаеванын билдирүүсү эске алынсын. 2. Төөлөс
айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү
бюлжетинин айыл чарба жана
коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. 3. Жергиликтүү
бюджетттен каралган мекеме ишканалардын финансы каражаттарын сарамжалдуу
пайдаланууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин. 4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу
айылдык кенештин "Экономикалык, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"
туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. |
||||
Төөлөс айылдык Кенешинин төрагасы |
|
М.Абдырахманов |
||
|
||||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Төөлөс
айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 46
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Муркут
айылы |
№46-2 |
|||
|
Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардан түшкөн
акча каражатын, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетине түшүп жаткан акча каражатын 100% кайрадан жайыт
пайдалануучулар бирикмесинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө
кайтарып берүү жөнүндө |
|||
Айыл өкмөтүнүн
жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн
жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан акча каражатын
100% кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө
кайтарып берүү жөнүндө. |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн
жайыт пайдалануучулар комитетинин, жайыт пайдалануучуларынан түшкөн
акча каражатын 100% кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
инфраструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып
берүүгө макулдук берилсин. 2. Төөлөс
айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине
жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатын 100% кайрадан
жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө
кайтарып жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү
жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго, каржы
экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага тапшырылсын. 3. Бөлүнүп берилген
акча каражатын максатуу иштетүү жагы жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин төрагасы А.Темировго милдеттендирилсин. 4. Токтомдун
аткарылышын камсыз кылуу айылдык кенештин "Экономика, бюджет, соода жана
ишкердүүлүк"
туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Төөлөс айылдык Кенешинин төрагасы |
|
М.Абдырахманов |
||
|
||||
|
||||
3 |
||||
|
||||
|
||||
Төөлөс айылдык Кенешинин
VI чакырылышынын кезексиз 46 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Муркут
айылы |
№46-3 |
|||
|
У.Салиева атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына
курулган мини футбол аянтчасын ижарага берүү, иш графигин жана
ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө |
|||
Муниципалдык менчикти туура пайдалануу
максатында |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. У.Салиева атындагы орто
мектебинин спорт аянтчасынын четине курулган, кичи футбол аянтчасы Муркут
айылынын тургуну Жунусалиев Даниярга У.Салиева атындагы орто мектебинин
жетекчилиги менен түзүлгөн эки тараптуу ижара келишимин негизинде ижарага берилсин. 2. Ижара
акысы, бир айга 8 000 (сегиз миң)сом болуп белгиленсин. 3. Ижара акысынан түшкөн
акча каражатын, мектептин спорт аянтчасаындагы спорттук жабдыктарынын жана
кичи футбол аянтчасынын оңдоп түзөө иштерине жумшоону
камсыз кылуу жагы мектеп жетекчилигине
милдеттендирилсин. 4. Токтомдун
аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин "Экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк
"туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. |
||||
Төөлөс айылдык Кенешинин төрагасы |
|
М.Абдырахманов |
||
|
|
|||
|
||||