Төөлөс айылдык кеңешинин               VI чакырылышынын 2022-жылдын

14-сентябрындагы он биринчи кезексиз сессиясынын №11-8-токтому менен бекитилди.

 

Төөлөс айыл аймагынын 2017-2025-жылдарга карата жергиликтүү калкынын турак жайга болгон муктаждыктарын чечүүгө багытталган

ПРОГРАММАСЫ.

 

1.     Багыты:

 

         Төөлөс айыл аймагы боюнча 2010-жылдын 1-январына карата калкынын жалпы саны 18794 киши болсо, 2018-жылдын 21632 кишиге өстү. 2010-жылга салыштырмалуу калктын санынын өсүүсү 2838 кишини түздү.

Айыл өкмөтүнүн аймагында 10 айыл бар, анын аймагында 21632 калк жашайт, алардын 2700 (эки миң жети жүзгө) жакыны жеке менчик турак жай курууга жер участкасына муктаж. Жер участкасы менен камсыздоо көйгөйү ушул күнгө чейин чечилбей калктын көпчүлүгү бир үйдө эки-үч үй-бүлөдөн жашап, калгандары аргасыздан Россия жана Казахстанга жумуш издеп чыгып кетип күн өткөрүп жатышат. Жаштарды жана жаш адистерди айыл жеринде кармап калуунун бирден бир жолу аларга жакшы шарт түзүп берүү. Негизги көйгөй-бул маселени чечүү үчүн аларга жеке менчикке үй курууга жер аянттарынын жоктугу.

 Жергиликтүү калктын өсүүсү менен алардын турак жайга болгон муктаждыктарынын денгээли да өсүп жатат. Айыл аймагы боюнча жарандарды турак жай куруусу үчүн жер аянттарын траснформациялоо иш чарасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен акыркы жолу 2009-жылы жүргүзлгөн. Натыйжада 800 дөн ашуун жараан жер аянттары менен камсыз болушкан. Андан бери айыл аймагы боюнча турак жайга муктаж болгон жараандардын саны күндөн күнгө өсүп келүүдө. Башкача айтканда 2018-жылдын 1-январына карата турак жай салуу үчүн жер аянттарына муктаж болгон үй-бүлөөлөрдүн саны 2512 кишини түзсө, бүгүнкү күнгө карата алардын жалпы саны 2748ге жетти. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялангандыгы, аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналган калкты турак-жай менен камсыздоо маселеси болуп саналат. Бул багытта 2017-2022-жылдарга карата үзгүлтүксүз иш чаралар алып баруу менен муктаж болгон жарандардын муктаждыктарын чечүүнүн көлөмүн 80%га жеткирүү.

 

2.     Максаты:

 

Программанын негизги максаты- бул жергиликтүү калктын турак жайга

болгон муктаждыктарын чечүү болуп саналат.

           Айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсүнүн 2017-2022-жылдарга карата калкты турак жай менен камсыздоо программасы алкагында калктуу конуштарды кеңейтүү менен аларды жергиликтүү бюджеттин, сырткы жана ички инвестициялык каражаттар аркылуу социалдык муктаждыктарын чечүү. Ал үчүн жер аянттарын башка категориялардан “Калктуу конуштар” категориясына которуу (транформациялоо) багытында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген эрежелерге негиз жер аянттарын рансформацилоого жетишүү менен муктаждыктарды чечүү боюнча иш чаралар көрүү. Жаңыдан түзүлгөн калктуу конуштарда коммуналдык, социалдык тейлөө кызматтарынан пайдаланууга жана өз алдынча өнүгүүсүнө шарттар түзүү. Бул үчүн ар жылына мүмүкүнчүлүккө жараша жергилиткүү бюджеттен каражаттар ажыратуу, ички жана сырткы инвесторлорду тартуу багытында үзгүлтүксүз иш чаралар алып баруу. Инфратүзүмдү жакшыртуу багытында пландуу иш алып баруу.

 

3.     Аткарылуучу (аткарылган) иш чаралар:

 

          Көйгөйлүү болгон маселени чечүү багытында айыл өкмөтү тарабынан бир топ жылдардан бери тиешелүү иш аракеттер алынып барылууда. Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген 2014-жылдын 19-мартындагы «Жер аянттарын бир категориядан экинчи категрияга которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» №169 сандуу убактылуу Жобосуна негиз айыл өкмөтү жана айылдык кеңеши тарабынан турак жайга муктаж болгон жарандарга жер аянтын ажыратып берүү боюнча демилге көтөрүлүп, ал боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Тиешелүү органдар тарабынан жер аянттарын транформациялоого багытталган иш кагаздары (суралып жаткан жер аянттарынын топографиялык сүрөттөмөлөрү, генералдык планынын долбоору, жер аянттарынын категориялары боюнча корутундулары жана жер кыртышынын бонитеттери тууралуу маалыматтары) даярдалды. Тиешелүү органдарга сунушталды.

 

4.     Натыйжалар:

 

           Бул маселени чечүү менен, түзүлгөн генералдык пландын долбооруна ылайык 754 турак жайга муктаж болгон атуулдардын турак жайга болгон муктаждыктары чечилет. Жайыдан түзүлгөн калктуу конуштарда жол маселелери, электр эенргиясынан пайдаланууга болгон шарттар түзүү менен социалдык обьекттерди (мектеп, балдар бакчалары, ФАП ж.б.) куруу боюнча айыл аймагынын келечек пландары ишке ашырылат.

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы                                           О. Калмурзаев