Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы
Н.А.Жоробековдун Ынтымак
айыл аймагынын кызматкерлери менен
биргеликте 2021-жылдын 6 – айында
аткарылган иштердин маалыматы: « Ынтымак айыл
аймагынын социалдык –
экономикалык өнүгүүсүнүн 2021 – 2026 жылдарга жана
2021 –жылдын 6 - айындагы милдеттерин аткарууга» алуу боюнча Ынтымак айыл
аймагында 2021-жылдын 6
- айында төмөндөгү иштерди
аткаруу- га жетишилди: 1.Ынтымак айыл
аймагынын 2021 – жылдын 6 – айында
салык жана салык
эмес жыйымдар жалпы бюджети
трансферлерди кошокондо жеткирилген жалпы
тапшырма 6 млн 072 миң сом
болсо , иш жүзүндө 6
млн 417 миң
сомду түзүп, жеткирилген план
тапшырма 105 % аткарылды, башкача
айтканда жеткирилген тапшырма
345 миң сомго
көп жыйналды. Бул
көрсөткүч
2020-жылдын 6 айына
салыштырганда ( 2020-жылдын 6 айында
5 млн 625
миң сом болгон)
114 % түзүү менен ,
792 миң сомго көп
жыйналган. Анын
ичинен, жергиликтүү бюджетке
чегерүү 3 млн
560 миң сомго план
жеткирилген болсо, иш жүзүндө 3
млн 816 миң сомду
түзүп, план тапшырмадан
256 миң сомго
ашыкча аткарылып, 107
% ды түзгөн. Ал
эми өткөн
жылдын ушул мезгилине
салыштырганда (2020-жылдын 6 –
айында 3 млн
74 миң сом болгон) 124 % түзүү менен,
742 миң сомго
көп жыйналды. Ал
эми республикалык бюджеттен
план тапшырма 2
млн 512 миң сомго жеткирилсе,
аткарылганы 2 млн
601 миң сомду түзүп, тапшырма
103 % га аткарылган
.
млн.сом.
Ынтымак айыл
аймагы боюнча 2021-жылдын 6 – айында
салыктар жана жыйымдар-дын топтолушу
млн.сом.
Бул жерде
айтып кетчүү нерсе
жеткирлген план тапшырмаларды аткарууда жетишилген ийгиликтер
менен катар жергиликтүү салыктын
кээ бир түрлөрүнүн эсебинен
толук аткарылганы менен жергиликтүү салыктын
айрым түрлөрү боюнча
пландар аткарылган эмес. Бюджеттин аткарылышын
жакшыртуу боюнча резервдер бар. Жергиликтүү салык жана
жыйымдардын түрлөрү боюнча
план тапшырмалардын аткарылбай калганы: миң
сом
Жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдын 6 – айына (трансферттерсиз) аткарылышы боюнча
маалымат:
млн.сом.
Ынтымак айыл аймагы 2019-жылдын 6
- айында дотациянын көлөмү 35 %
болсо 2021 – жылдын 6 – айында
дотациянын көлөмү 40.5 %
көбөйүп
кеткен.. Келечекте 1,5
млн тонна цемент
чыгаруучу “Стандарт цемент
” заводу курулуп
бүтсө биз дагы
дотациядан чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөр эле.
Андан тышкары токтоп
турган “Беш-Буркан көмүр” жана
“Ак – сай цемент ”
заводторун кайра иштетүү зарыл. 2. Ынтымак айыл
аймиагы 2021-жылдын 6 - айында
топтолгон бюджеттен - 4млн 070 миң 066
сом төмөндөгү статьяларга
чыгымдалды: -
жарандык
коргонууга - 20000 сом
- жайытка -
67072 сом
- экономикалык тармака
-295704 сом
- китепканага -
87256 сом
- клубга
- 173573 сом
- маданият тармагына
- 147288 сом
- балдар – бакчасына -
492702 сом
- мектептерге -
549054 сом. -
кургак
учук менен ооругандарга льгота
- 25000 сом. -
айыл аймагынын чыгымдарына жана
аппаратына - 2 млн
212 миң 417 сом 3. 2021 – жылдын 6
- айында өнөр-жай тармагында
өндүрүлгөн
өнөр-жай
продукцияларынын көлөмү жөнүндө маалымат:
миң сом
Келечекте “Стандарт цемент”
заводу курулуп иштей
баштаса өнөр-жай
продукция-сынын көлөмү жогоруламакчы 4. Айыл аймагында
КБФ ( кайра бөлүштүрүү фондунун ) эгилүүчү жерлери
164 га аянтта жана
анын ичинен 113
га суулу, кайрак -51
га бак -10. Бардыгы
болуп 174 га
жери бар. Андан
306,1 миң сомго
141 адам менен
келишим түзүлүп өз
убагында жыйналып жатат. 5.Айыл аймагында
калктын жашоо тиричилигинин социалдык
экономикалык өнүгүүсүнө жана
калктын социалдык жактан
корголуусун талдоо: Социалдык жардам
алуучулар: Улуу Ата Мекендик
согуштун ардагерлери - 1 Тылда эмгектенгендер - 19 Авган согушунун катышуучулары
– 9 Баатыр энелер -
107 Тоголок жетим балдар
- 3 Жарым жетим балдар
- 57 Жалгыз бой карыялар -
10 Турмуш шарты оор кырдаалда турган жалгыз бойлор - 2 Турмуш шарты оор кырдаалда турган
үй –бүлөлөрдүн балдары – 68 1.2. 3. топтогу майып атуулдар
- 127 Аз камсыз болгон
үй-бүлөлөр
айыл аймагы боюнча 556
кожолук аныкталып анын
ичинен: - кирешеси 0 – 900
сомго чейинки 344
жаран - кирешеси 901
- 1354 сомго
чейинки үй – бүлөлөр 113
жаран - кирешеси 1354
- 2314 сомго
чейинки үй-бүлөлөр 49
жаран 2021-жылга карата жеңилдик алуучулар
үчүн 100 миң
сом акча каралган : -кургак учук
менен ооругандарга -
26 миң сом -майыптарга -
40 миң сом - карыяларга -
15 миң сом -ВИЧ менен
ооругандарга - 9 миң сом - көмүр жардам
үчүн - 10 миң
сом 2021-жылдын 6 -
айында -кургак учук
менен ооругандарга 25 миң сом
берилди. Калганы жылдын
аягына чейин берилет. 6. Кыргыз Республикасынын 2015 – жылдын 31 – июлунда «Турак-жайды өрттөн жана табийгый
кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу» жөнүндө № 209
мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу
өрттөн жана табийгый
кырсыктардан ар бир жаран
өзүнүн
турак-жайын милдеттүү түрдө камсыздардыруу зарыл. Ынтымак айыл
аймагы боюнча 256
жаран араң гана
турак-жайын камсыздандырган.
Бул багытта биз абдан
начар иш алып
баруудабыз. 7. “Олия -
Ата”вет. сервизи тарабынан малдарды
жугуштуу оорууларга каршы
вакцинациялоо- кара
санга – 2008 баш
кара мал - ящурга
– 3110 баш кара мал
- сибирь язва – 3008
баш кара мал – 5010 баш
майда жандык – бурцеллезго
– 500
кара мал каршы
эмделди , жолбун иттерди жана чөбөрүлөрдү жок
кылуу боюнча иш – чаралар иштелип
чыгылып 220 ит
кутурмага каршы эмделди
жана 86 ит
атылды. Кара малдар 2800
баш идентификацияланды .
Ал эми
жылкыларды идентификация -лоо
иштерине даярдык көрүлүп жатат
жана тез арада
башталмакчы . 8. Ички жана
сырткы инвестиция тартуу
багытында иштер жүргүзүлүп жалпы
айыл өкмөт боюнча
2021 – жылдын 6 -
айында тыртылган инвестиция
7 млн 705 миң сомду
түздү. Атап айтсак “ Сары-Талаа” каналы - 6
млн сомго аткарылып, калганы күз
айларына бүткөрүлмөкчү.
Ал эми
“ Чындык-Сай”селканасы
500 м аралыгы
ӨКМ тарабынан
тазаланып берилди. Андан тышкары “Каримберди”, “Жиреш”, “Олия-Ата”
жайлоолорунда чегирткеге каршы
иштер алып барылды. Кыргыз Республикасынын айыл
чарба министирлиги тарабынан.
Негизгиси Сары-Талаада “Стандар
цемент”заводунун казуу иштери
башталып, тез арада курулушу
өз ишин баштамакчы. CASA-1000 долбооруна
Ынтымак, Челекчи, Таш-Булак
айылдарын киргизүү менен
быйылкы жылы айылдарга
трансформатор жана ЛЭП тер орно-тулмакчы. Азыркы
учурда таза-сууну Ынтымак
айыл аймагы боюнча
ар бир үйгө киргизүү боюнча
долбоор түзүү алдында
турабыз. “Каримберди”ге ФАП
куруу каралууда. “Каримберди”айылына үй
салуу үчүн жер
бөлдүрүү
боюнча иш алып баруудабыз. 9. Ар түрдүү жугуштуу
ооруулардын алдын алуу, КОВИД -19 ооруусу
менен күрөшүү,
калктын саламаттыгын сактоо
боюнча Ынтымак /ДТ -17, Беш-Буркан ФАП, Акшар
ФАП, Арык-Бою ФАП жана Каримберди
ФАП ын кызматкерлери тарабынан
түшүндүрүү иштери
алып барылып , иш-чаралар
иштелип чыгып жардамдар берилүүдө.Ушул күндө 650 адамга
КОВИД-19 каршы вакцина берилди. Кургак
учук, АИВ менен ооруган
жарандарга айыл өкмөт тарабынан
акча каражаты каралып
жылына жардам катары
берилип турат. /ДТ -17 де
оорууларды кабыл алып
даарылоочу күндүзгү соционар
иштеп жатат.“Каримберди”
айылына жаңы ФАП
салууга донорлорду издеп
жатабыз. Азыркы күндө дагы
1000 доза корановируска каршы
вакцина келип 456
даана калкка берилди, вакцинациялоо иштери
жүргүзүлүүдө. Башынан
бери 1106 адам
вакцина алды бул
калктын 10 %. 10..Айыл аймагында
Т.Кулатов, Беш-Буркан, Арык-Бою
жана Каримберди мектептери жаш
жекткинчектерге тарбия берип
келишүүдө.Кыштан
жылытуу жана электр
энергиясынан үзгүлтүксүз пайдаланып
эсен аман чыгышты. Электр энергиясы жана көмүр үчүн акча
айыл өкмөтү тарабынан
бөлүнүп
берилди.Окуучулар ийгиликтүү
эгзамендерин тапшырып каникулга
тарашты. Ар бир
мектеп бөлүнгөн материал- дык каражаттар
менен камсыз болунуп
ремонт иштерини толук
бүткөрүштү. Ал
эми 2021-2022-жылдарга күз – кыш мезгилине
даярдык үчүн көмүргө тендер
жарыя-ланып тез арада
4 - мектеп
көмүр отуну менен
камсыз
болмокчу.Мекетептерде бир жолу
тамактандыруу колго алынып , акча каражаты
менен каржыланып жатат.
Ага жакында Беш-Буркан
орто мектеби дагы
киргизилди. 11. Айыл
аймагында “Тоо – Гүлдөрү”, “Барчын-А”, “Бүчүр-Гүл”
жана “Салиха-Нур” балдар – бакчалары жаш жеткинчектерге тарбия
берүүдө. Жакында Челекчи айылындагы
жаңы салынган балдар-бакчасын иштетүү маселесин
караштырып жатабыз. Иштеп
жаткан балдар-бакчаларынын эмгек
акысы бардыгы Республикалык бюджеттин
эсебинен каржыланып жатат. 12.Айыл аймагындагы 4 мектеп, 4 бала-бакча,
Ынтымак /ДТ -17 , 4-ФАП жана
айыл аймагындагы мекеме - ишканалар компютерлер, интерактивдүү доска,
СМС байланыш, электрондук китепкана
каражаттары менен камсыз
болуп интернетке уланган
жана видио көзөмөл камералары
менен камсыз болуп
иш алып барылууда. 13.Ынтымак,Беш-Буркан,
Арык-Бою, Ничке-Суу, Акшар, Челекчи, Дөң-Маала жана
Таш-Булак айылдарын таза-суу
менен камсыздөө иштери
аткарылган менен бирок
калкты таза-суу камсыздоо
кыйынга учурап жатат. Долбоорлор менен
“Таш-Булак” “Каримберди” айылдарына
таза-суу жеткирилген. Эң
негизги көйгөй
суу башы “Олия
-Атада” суунун дебити
аз болуу менен, андан тышкары
айланасындагы калк
жерлерди тосуп алып
сугат сууга пайдаланып
жатат. “Акшар” , “Челекчи” “Ничке Суу” айылдарына таза-суу
жеткириш кыйын болуп
жатат.Таза-сууну
пайдалануунун эң эффективдүү жолу , бардык таза-суу
түтүктөрүн
жана шаймандарын ар
бир үйгө киргизүү үстүндө долбоор
даярдап иш алып
баруудабыз. 14 .Айыл аймагынын
айылдарында 2021-жылдын түшүмү үчүн: 770 га
буудай, 40 га
арпа, 140 га жүгөрү, 78
га жашылча , 58
га картошка , 19 га
бахча өсүмдүгү жана
106 га беде
чөп аянтына айдап
себүү иштери аяктады.
Азыркы күндө 4
комбайн 4 трактор
жана жардамга келген комбайн, техникалар менен
оруп жыйуу иштери
башталып жүрүп жатат
жана аяктоо алдында
турат. 15 .Электр
энергиясы боюнча азыркы
күндө 21 транформатор бардык
айылдарга үзгүлтүксүз электр – энергиясын жеткирип
берүүдө.
Калк электр-энергияга болгон
төлөмдөрдү
өз убагында төлөп турушат.
CASA -1000 долбоору аркылуу Ынтымак, Челекчи, Таш-Булак айылдарында
быйылкы жылда ЛЭП
жаңыланып жана транформатолор жаңы
коюулуп калкыбыздын электр – энергияга болгон муктаждыгы кандырылат
жана жакшырмакчы. |