“Салиха Нур” МЧББ мекемесинин директору Боркошова Бүбүсалихинын тексттик отчету

“Салиха Нур” балдар бакчасы 2019-жылы уюштурулуп, декабрь айынан баштап ишке киришти. Бала бакчада 30 бала тарбияланып, 9 кызматкер эмгектенет.

Бакчанын имараты толук шарттар менен бүтпөгөндүктөн, Ынтымак айыл өкмөтүнөн 87000 сом бөлүнүп, жылытуу системасы бүткөрүлүп, ремонт иштерине 13000 сом берилди.

Аткарылган жумуштар:

1.     Бакчанын айланасы тосулду.

2.     Балдардын ажатканасы  толук бүткөрүлдү.

3.     Имарат астындагы подвалы толук ремонттолуп, жумшак эмеректер, шкаф, стол, компьютер, принтер коюлду.

4.     Уктоочу бөлмөгө эки кабаттуу 15 кровать диван өкмөттүн бюджетинен 55500 сомго алынды.

5.     Бүт бакчанын ичиндеги гилем, паластар демөөрчүлөрдүн жардамы менен алынды.

6.     Ички окуу канаасынын жасалгалары кызматкерлердин өздүк салымы менен бүткөрүлдү.

7.     Ойноочу бөлмөдө да оюнчуктар демөөрчүлөр тарабынан алынды.

8.     Бакчанын балдар ойноочу аянтчасындагы ойноочу эмеректер айылдык кеңештин депутаты  Жарматов Манастын демөөрчүлүгүндө курулду.

9.     Ноокат райондук бюджетинен 30000 сом бөлүнүп, бакчанын сырткы айланасы цемент менен төшөлдү

10.    100 баллон кыркылып, кызматкерлер тарабынан жасалгаланды.

11.  Электрондук эсептегич, өрткө каршы  шаймандар өкмөт трабынан берилди.

         “Салиха Нур” МЧББМнин

 

Директору:                                                   Б.Боркошова