Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи
чакырылышынын кезектеги сегизинчи
сессиясынын № 8-2 ТОКТОМУ 09-декабрь 2021-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы
Атамерек айылынын тургуну
Саипова Айнуранын арызын кароо жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө
караштуу Атамерек айылынын тургуну Саипова Айнуранын 06.12.2021-жылдагы жеке
менчик багытындагы
1138,0 чарчы метр жер аянтын турак жай багытына өзгөртүп
берүү жөнүндөгү арызын карап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ 1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу
Атамерек айылынын тургуну Саипова
Айнуранын арызы канааттандырылсын жана жеке менчик багытындагы 1138,0 чарчы
метр жер аянтын турак жай багытына которуп берүүгө макулдук
берилсин. 2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы
айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин
Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай,
экология маселелери боюнча туруктуу
комиссиясынын курамына тапшырылсын. Төрага: Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
сегизинчи сессиясынын № 8-3 ТОКТОМУ 09-декабрь 2021-жыл
Атамерек
айылы Т.Зулпуев атындагы
айыл өкмөтүнүн Жаман-Адыр бөлүмүнүн
№706-контурда жайгашкан 25,20га жана Ноокат-Ош жолундагы №883-контурда
жайгашкан 26,6 га жайыт жер аянтынын максаттуу пайдалануу
багытын өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын,коргонуунун
жерлери өнөр жай жана
башка багыттагы жерлер категориясына
которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл өкмөтүн
дотациядан чыгаруу максатында Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
Жаман-Адыр бөүмүндөгү №706-контурда жайгашкан
25,20 (жыйырма беш гектар жыйырма сотых)га жайыт багытындагы жана Ноокат-Ош
жолундагы №883-контурда жайгашкан жайыт эсебинде белгиленген 26,60 (жыйырма
алты гектар, алтымыш сотых) га баары
болуп 51,80 (элүү бир гектар сексен сотых)га жер аянтынын
максаттуу пайдалануу багытын өнөр жайынын, транспорттун,
байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына
которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү 08.12.2021-жылдагы №1938 жана
09.12.2021-жылдагы №1942 сандуу сураныч каттарын карап, талкуулап, Кыргыз
Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып,
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ 1.
Жаман-Адыр бөүмүндөгү
№706-контурда жайгашкан 25,20 (жыйырма беш гектар жыйырма сотых)га жайыт
багытындагы жана Ноокат-Ош жолундагы №883-контурда жайгашкан жайыт эсебинде
белгиленген 26,60 (жыйырма алты гектар, алтымыш сотых) га баары болуп 51,80 (элүү
бир гектар сексен сотых)га жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын өнөр
жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы
жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин. 2.
Жогоруда аталган айыл чарба
жерлер категориясын максаттуу
пайдалануу багытын өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын,
коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуп
(трансформациялоону) берүүнү Ноокат райондук мамлекеттик
администрациясынан суралсын. 3. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык
кеңештин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай,
экология маселелери боюнча туруктуу
комиссиясынын курамына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
сегизинчи сессиясынын № 8-4 ТОКТОМУ 09-декабрь 2021-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга
социалдык-экономикалык өнүгүү программасына
киргизилген айыл өкмөтүнүн имараттын чатырын жабуу
жана жылуулук системасын жаңылап орнотуу боюнча долбоорго акча
каражатын ажыратып берүү жөнүндө. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү
программасына айыл өкмөтүнүн имаратынын чатырын жаңылап
жабуу жана жылуулук системасын орнотуу
киргизилген. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү)
гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн
өздүк салымын кошуу максатында Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ 1. Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн имаратынын чатырын жаңылап
жабуу жана жылуулук системасын орнотууга даяр долбоорго, мамлекеттик үлүштүк
(дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн
жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 1 045
073 (бир миллион кырк беш миң жетимиш үч ) сом акча каражаты
ажыратылсын. 2. Тиешелүү иш кагаздарын,
документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин. 3. Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк,
кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
сегизинчи сессиясынын № 8-5 ТОКТОМУ 09-декабрь 2021-жыл
Атамерек айылы Улуу Ата-Мекендик, Афган жана
Баткен согушунун ардагерлеринин жаркын элесине арналган эстелик тургузуу
максатында жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө Улуу Ата-Мекендик, Афган жана Баткен
согушунун ардагерлеринин жаркын элесин түбөлүккө
калтыруу, жаштарды патриоттуулукка жана мекенди сүйүүгө
тарбиялоо максатында Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
административдик имаратынын алдынан эстелик тургузууга жер аянтын ажыратып
берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин
18-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ 1.
Улуу Ата-Мекендик, Афган жана
Баткен согушунун ардагерлеринин жаркын элесине арналган эстелик тургузуу үчүн
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн административдик
имаратына тиешелүү муниципиалдык менчиктеги 5870,0 чарчы метр жер
аянтынын ичинен 300,0чарчы метр жер тилкесин ажыратып берүүгө
макулдук берилсин. 2.
Жер аянтына болгон
архитектуралык пландоо шарттарын даярдап берүүнү Ноокат районунун
шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын. 3. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык
кеңештин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай,
экология маселелери боюнча туруктуу
комиссиясынын курамына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров |