Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
тогузунчу сессиясынын № 9-1 ТОКТОМУ 21-январь 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024- жылдарга
бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган айылдык бюджети жана 2023-2024- жылдарга болжолун бекитүү
жөнүндөгү маселени
Кыргыз Республикасынын Бюджет
кодексинин 78-бренесинин негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү
мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Т.Зулпуев
атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча
туруктуу комиссиясы тарабынан каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктун жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.
2022-жылга
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери
жана чыгашалары 21245,6 миң
сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
(1-тиркеме тиркелет.) 2.
Айыл өкмөтүнүн
бюджетинин чыгаша бөлүгү 2022-жылга түшкөн
кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте
корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,
соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга)
каржылануусу белгиленсин. 3.
Т.Зулпуев атындагы
айыл өкмөтүнүн 2023-2024- жылдарга бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2 жана №3 тиркемеге ылайык колдоого
алынсын. 4.
Кирешенин
болжолу 2023-жылга 17903,6
миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 3685,0 миң сом менен) жана
2024-жылга 18153,6 миң сомго
(республикалык бюджеттен алынуучу гранттар
3685,0 миң сом менен) бекитилсин. 5.
Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн
2023-2024- жылдарга айыл өкмөтүнүн бюджетинин
негизги көрсөткүчтөрүнүн
болжолу жактырылсын. 6.
Атайын
каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген
өлчөмүнөн
ашыкча бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүң
бюджетинин мекемесинин каржылоосуна
калаары аныкталсын. 7.
Айыл өкмөтүнүн
бюджетинин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн
тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу
салынсын. 8.
2022-жылда
айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан
ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү
жана өзгөртүү, киргизүү айылдык
кеңешке ыйгарылсын. 9.
Жергиликтүү бюджеттик
мекеме-ишканалардын финансалык–экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын
финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун
камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн
башчысына милдеттендирилсин. 10.
Ушул
токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк
кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык
кеңешинин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк,
кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө
алынсын. Төрага:
Ж.Назаров Т.Зулпуев атындагы айылдык
кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги
тогузунчу сессиясынын №9-1токтомуна
№ 1 тиркеме Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга
айылдык бюджети
(мин сом)
Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жооптуу катчысы : К. үсөн уулу Т.Зулпуев
атындагы айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын № 9-1токтомуна
№ 2 тиркеме Т.Зулпуев атындагы өкмөтүнүн
2023-жылга бюджетинин болжолу
(мин сом)
Т.Зулпуев
атындагы айылдык кенешинин
жооптуу катчысы : К. үсөн уулу Т.Зулпуев атындагы айылдык
кенешинин 7-чакырылышынын
кезектеги тогузунчу сессиясынын № 9-1
токтомуна № 3 тиркеме
Т.Зулпуев атындагы өкмөтүнүн
2024-жылга бюджетинин болжолу
(мин сом)
Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жооптуу катчысы : К. үсөн уулу
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
тогузунчу сессиясынын № 9-2 ТОКТОМУ 21-январь 2022-жыл.
Атамерек айылы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
2022-жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык
чарбаларга акча каражатын бөлүү
жөнүндө Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетин бөлүүдө,
айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк,
кайра иштетүү боюнча” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан
каралып чыккандыгын эске алып, жалпы
кеңештин кароосунан кийин
айыл аймагындагы көйгөйлүү
маселелерди чечүү максатында
Кыргыз Республикасынын Бюджет
кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык, Т.Зулпуев атындагы
айылдык кеңеши Т О К Т О М
К Ы Л А Т: 1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
2022-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 3993000 сом акча каражаты
бөлүнүп
берилсин. Анын
ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн. ü
- 1310000 сом Айыл өкмөтүнүн имаратын чатырын, жылуулук системасын оңдоого жана
Бал-Кыял бала бакчаны оңдоп түзөөгө
өздүк салымы ü
- 400000
сом Жарандык коргоого жана өзгөчө
кырдаалдарга ü
- 507000сом Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
башка чыгымдарына ü
- 594000
сом Долбоорлорду даярдаганга
ü - 100000 сом Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо
үчүн ü - 200000 сом Айылдардагы ички арыктарды тазалоого ü
- 200000 сом Айылдарга электр мамычаларын сатып
алууга ü
- 544000 сом Айылдарга таза суу чыгарууга ü
- 138000 сом Техникалык шарттарды жана электр
эсептегичтерди алууга 2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык –
экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды
максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө
жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына
милдеттендирилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк
кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык
кеңешинин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк,
кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө
алынсын. Төрага: Ж.
Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи
чакырылышынын кезектеги тогузунчу
сессиясынын № 9-3 ТОКТОМУ 21-январь 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022- жылга
жергиликтүү бюджетинен Маданият боюнча дагы башка иш чаралар жана
Спорт боюнча иш чараларга акча каражатын
бөлүү жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетин бөлүүдө
айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк,
кайра иштетүү боюнча”
боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы кеңештин
кароосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү
маселелерди чечүү максатында,
Кыргыз Республикасынын Бюджет
кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши Т О К Т О М
К Ы Л А Т: 1.
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
2022-жылдын бюджетинен Маданият боюнча иш чаралар болумуно – 300000 сом жана Спорт
боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр жумуштарга -200000 сом сом акча каражаты бөлүнүп
берилсин. Анын ичинен төмөнкүлөргө
бөлүнсүн. Майрамдык оюн-зоок кечелерине ü - 5000 сом 15-февраль Ооганчылар күнүнө ü - 15000сом 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө ü - 25000сом 8-март –аялдардын эл аралык майрам күнүнө
ü
- 30000
сом 21-март Нооруз майрамына ü
- 25000 сом 9-май Жениш күнү майрамына ü
- 25000
сом 15-май Энелер күнүнө ü
- 10000 сом
25-май Акыркы конгуроо салтанатына ü
- 15000 сом 4-июнь
Медицина кызматкерлер күнүнө
ü
- 40000 сом 5-июнь
Муниципалдык кызматкерлер күнүнө ü
- 30000 сом 31-август эгемендуулук күнү
майрамына ü
- 5000
сом 1-сентябрь билим күнүнө ü
-
20000сом 22 –октябрь тушум
майрамы ü
- 55000
мин 31-декабрь жаны жыл майрамы Спорттук
иш чараларга ü
- 45000 сом
23-февраль, 8-март, 21-март, майрам күнүнө волейбол мелдешине ü
- 105000 сом
Айыл өкмөттүн атынан,
мугалимдердин жана окуучулардын
райондук,облустук, республикалык спартакиада катышуучуларына ü
- 32000сом облустук,
республикалык Көкбөрү мелдешине
катышуучуларына ü
- 18000 сом
эркектер, аялдар үчүн спорттук
форма 2.
Ушул токтомго
карап жергиликтүү бюджетин
мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чыңдоо,
алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу
пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана
финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына
милдеттендирилсин. 3.
Бул токтомдун
аткарылышы көзөмөлдүк
кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык
кеңешинин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк,
кайра иштетүү боюнча”туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө
алынсын. Төрага: Ж. Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
тогузунчу сессиясынын № 9-4 ТОКТОМУ 21-январь 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин 2022-жылга карата божомол бюджетин бекитүү жөнүндө Т.Зулпуев
атындагы айылдык кенешинин сесиясында айтылган сунуштарды угуп жана
талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү”
мыйзамынын 4-беренесинин 3 пунктуна ылайык депутаттардын Т.Зулпуев атындагы
айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин 2022-жылга карата өндүрүмдүүлүгүн
түзгөн жайыт акысы 507000 (беш жүз жети мин) сом болуп
бекитилсин. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чыгаша бөлүгүнө
507000 (беш жүз жети мин) сом болуп бекитилсин. Жайыт пайдалануучулар
бирикмесине жайыт акысына төгүлгөн акча каражатын кайрадан
толугу менен кайтарып берилсин. (№1 тиркеме
тиркелет). 2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2022-жылга карата каралган бюджетине, 235000 (эки жүз отуз беш мин) сом
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
2-тиркеменин негизинде жүргүзүлсүн. (№2 тиркеме
тиркелет). 3. 2022-жылга карата кабыл алынган бюджеттин
аткарылышын максаттуу пайдалануу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы
Арапов Азиретке милдеттендирилсин. 4. Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин
“Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү
боюнча” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров Т.Зулпуев атындагы айылдык
кенешинин 7-чакырылышынын
кезектеги тогузунчу сессиясынын № 9-4
токтомуна № 1 тиркеме
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2022-жылга болжолдуу кирешеси.
(мин сом)
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2022-жылга болжолдуу чыгашасы.
Катчы: К./сөн
уулу Т.Зулпуев атындагы айылдык
кенешинин 7-чакырылышынын
кезектеги тогузунчу сессиясынын № 9-4
токтомуна № 2 тиркеме Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2022-жылга болжолдуу кирешеси.
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2022-жылга болжолдуу чыгашасы.
Катчы:
К./сөн уулу
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
тогузунчу сессиясынын № 9-5 ТОКТОМУ 21-январь 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга
социалдык-экономикалык өнүгүү программасына
киргизилген “Бал кыял” балдар бакчасын ремонттоо боюнча долбоорго акча
каражатын ажыратып берүү жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү
программасына “Бал кыял” балдар бакчасын ремонттоо киргизилген. Бул долбоор
мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү)
гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн
өздүк салымын кошуу максатында Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ 1. Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүнө караштуу “Бал кыял”
балдар бакчасын ремонттоого даяр долбоорго, мамлекеттик үлүштүк
(дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн
жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 265 000 (эки жүз алтымыш
беш миң ) сом акча каражаты ажыратылсын. 2. Тиешелүү иш кагаздарын,
документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин. 3. Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк,
кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
тогузунчу сессиясынын № 9-6 ТОКТОМУ 21-январь 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев
айыл Өкмөтүнүн
2022-жылдын 1-январына карата эсептик
счетундагы калдыкты 4759,7 миң сом
акча каражатын бекитүү жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
2022-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн
эсептик счетунда калган калдыгы боюнча
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-январында өткөрүлгөн
сессиясында каралып, Кыргыз
Республикасынын “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык,
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т 1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
бюджетинин 2022-жылдын 1-январь айына 4759,7 миң сом калдык болуп өткөн
акча каражатынан, 1386,29 миң сом акча каражаты Ноокат райондук
шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын эсеп счетуна, айыл өкмөтүнүн
кредитордук карызына түзүлгөн акт сверканын негизинде төлөп берүү жагы №1 тиркемеге ылайык
каралсын. (тиркеме тиркелет). 2.Айыл өкмөтүнүн
бюджетинин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2022-жылдын
1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн
жана Фининсы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу
милдетин аткаруучу М.Рысбаевге милдеттендирилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү
Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү
боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров Т. Зулпуев
атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын № 9-6 токтомуна №1-тиркеме Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына калган калдыктын
эсебинен 2022-жылдын айылдык бюджетине өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү
жөнүндө
(мин
сом)
Катчы :
үсөн уулу К.
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу
сессиясынын № 9-7 ТОКТОМУ 21-январь 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга
социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген
“Россия колхозунун тарых музейинин” капиталдык оңдоо боюнча долбоорго
жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн
акча каражатын ажыратуу жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү
программасына “Россия колхозунун тарых музейинин” капиталдык оңдоосу
киргизилген. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү)
гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн
өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамынын
18-беренесинин 1-пунктуна
негиз Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ 1. Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүнө караштуу “Россия
колхозунун тарых музейинин” капиталдык оңдоого даяр долбоорго,
мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү)
гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин
эсебинен өздүк салымга 508190 (беш жүз сегиз миң бир
жүз токсон ) сом акча каражаты ажыратылсын. 2. Тиешелүү иш кагаздарын,
документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин. 3. Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк,
кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
тогузунчу сессиясынын № 9-8 ТОКТОМУ 21-январь 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
аймагындагы жайытка баруучу мал жандыктарынын
мал башына төлөнүүчү
жайыт акысын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин
сессиясында айтылган сунуштарды угуп
жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү
мыйзамынын” 10-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайытка баруучу
малдарга төмөндөгүдөй өлчөмдөрү
бекитилип берилсин. 1.Кара Мал сезонго -140 сом айына 20 сом 2.Жылкыга
сезонго -140 сом айына 20 сом 3.Эчкилерге
сезонго -140 сом айына 20 сом 4.Койлорго сезонго
-84 сом айына 12 сом 2.Айыл
аймагынан сырт жактан келген малдар үчүн үч эсселенген
сумма болуп төмөндөгүдөй өлчөмдө
акы төлөө бекитилсин. 1.Кара Мал
сезонго - 420 сом айына 60 сом 2.Жылкыга
сезонго - 420 сом айына 60 сом 3.Эчкилерге
сезонго - 420 сом айына 60 сом 4.Койлорго сезонго
- 252 сом айына 36 сом болуп
бекитилсин. 3.Бекитилген өлчөмдөгү
төлөмдөрдү жыйноо аны туура пайдалануу менен калк
арасында түшүндүрүү иштерин жакшыртуу жагы
жайыт комитетинин төрагасы Арапов Азиреталиге милдеттендирилсин. Төрага:
Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
тогузунчу сессиясынын № 9-9 ТОКТОМУ 21-январь 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт ресуртарын
мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Жайыт
пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Арапов мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн гектарына жайыт
акысын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн
угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү
мыйзамынын” 3-1-беренесин 3-бөлүгүнө жана 6-беренесинин 5 бөлүгүнө
негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал
жаюу менен байланышпаган башка
максаттарга убактылуу пайдаланууга төмөндөгүдөй
өлчөмдө жайыт акы төлөө өлчөмдөрү
бекитип берилсин. 2. Бак дарактар гектарына бир жылына жайыт акысы 1500 сом Чөп чабынды
жер бир гектарына бир жылга жайыт акысы 2500 сомдон 3000 сом болуп бекитилип
берилсин.Бекитилген өлчөмдөгү төлөмдөрдү жыйноо аны туура пайдалануу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жакшыртуу жагы жайыт комитетинин
төрагасы Арапов Азиреталиге милдеттендирилсин. 3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн
башчысы С.Мурзакуловго тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин
жетинчи чакырылышынын кезектеги
тогузунчу сессиясынын № 9-10 ТОКТОМУ 21-январь 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын
элинин ички тартип эрежелери
жана кызмат көрсөтүү
акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө Т. Зулпуев
аатындагы айыл аймагынын
айыл элинин жалпы
элдик чогулушунда кабыл
алган ички тартип эрежелери жана кызмат
көрсөтүү
акыларынын тарифин бекитүү максатында
Т. Зулпуев атындагы
айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Ички
жайытка мал көчүү 10-апрелден 15-майына чейин, алыскы жайытка көчүү
20-майынан 5-июнга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-сентябрдан эрте
эмес мөөнөтү белгиленсин. Малчылар жана чабандар мал
жандыктарын жайытына карап, ченем менен алуусу милдеттендирилсин. 2.
2022-жылдын 10-апрелден баштап
дыйкандардын үлүш
жерлерине кароолдорду уюштуруу
жер ээлерине милдеттендирилсин. 3. Кароолдорду
уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн. 4. Т.
Зулпуев атындагы айыл аймагында 2022-жылдын
10-апрелинен баштап бада уюштурулсун. 5. Ички
жайыттагы сарай ээлерине
1 ат 1-2чейин саан уй, 10 кой-эчкиден
мал алып калууга уруксат
берилсин. 6.
2022-жылдын 10-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерлерине
кароол уюштурулгандыгына
байланыштуу, мал ээлери короосундагы
малга көзөмөлдү
күчөтсүн. 7.
Камакка түшкөн малга
түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Укук
Бузуулар кодексинде көрсөтүлгөн тартипте айып пул салынсын. 8. Айыл тургундары
үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал
алып алган, жайыттарга көчүрүү,
көнүү эрежелерин
жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана
бада кайтаруу тартибин
бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинде
көрсөтүлгөн тартибине ылайык
жоопко тартылаары эскертилсин. 9. Бул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана
тиешелүү
документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу жагы, жайыт комитетинин төрагасы А. Араповго жана
айыл өкмөтүнүн
алдындагы бузуулар жөнүндөгү комиссиясына милдеттендирилсин. Төрага:
Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы
айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын
кезексиз он биринчи сессиясынын № 11-1 ТОКТОМУ 24-март
2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө
караштуу Кашкалдак айылынын тургун А.Орозованын арызын кароо жөнүндө Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашкалдак
айылындагы көчөгө Кашкалдак айылынын тургуну маркум Шеранов
Акматалинин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү
А.Орозованын арызын канааттандыруу максатында, Кашкалдак айылынын көчөсүнүн
тургундарынын 2022-жылдын
4-мартындагы айыл тургундарынын
чогулуштук №2-протоколун карап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кашкалдак
айылынын көчөсүнө
Жолдошов Исамаматтин үйүнөн Раимжанов Миталдин үйүнө
чейин Шеранов Акматалинин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин. 2. Токтомдун түп нускасын маалымат иретинде
Ноокат райондук Кадастр мамлекеттик
ишканасына жиберилсин. 3.
Шеранов
Акматали атындагы көчөнүн тазалыгын иретке келтирүү,
көрнөк жарнактарды ирети менен илүү жана дайыма көзөмөлдөп
туруу Кашкалдак айылынын айыл башчысы Медетбек Аматжановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
“Мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык
этика, маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча”
туруктуу комиссиясынын курамына
тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы
айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын
кезексиз он биринчи сессиясынын № 11-2 ТОКТОМУ 24-март
2022-жыл
Атамерек айылы Коомдук алдын алуу борборунун алдындагы Аксакалдар сотунун комиссия курамын бекитүү
жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө
караштуу Коомдук алдын алуу борборунун алдындагы Аксакалдар сотунун төрагасы
К.Орозбаевдин Аксакалдар сотунун комиссия курамын бекитип берүү жөнүндөгү
сураныч катын карап чыгып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши Т
О К Т О М К Ы Л А Т: 1.
Коомдук
алдын алуу борборунун алдындагы
Аксакалдар сотунун төрагасы К.Орозбаевдин Аксакалдар сотунун
комиссия курамын бекитип берүү жөнүндөгү
сураныч каты жактырылсын. 2. Аксакалдар сотунун комиссия курамы төмөндөгүдөй
№1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (комиссия курамы жана протокол түзүүчүлөр
тиркелет). 3.
Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Зулпуев
атындагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика,
маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо
боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. Төрага:
Ж.Назаров Т. Зулпуев атындагы
айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын
кезектеги тогузунчу
сессиясынын № 11-2
токтомуна №1-тиркеме Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун комиссия курамы: 1. – К.Орозбаев
аксакалдар сотунун төрагасы 2. – М.
Жунус уулу үч-Бай
айылы а/кеңештин
депутаты 3.
–
Б.Эргешов
Ак-Чабуу айылы а/кеңештин
депутаты 4.
– М.
Мамасыдыков Өсөр
айылы а/кеңештин
депутаты 5.
–
Н.Алимжан уулу Жатан
айылы а/кеңештин депутаты 6.
–
Д.Абдыразак уулу Калдай
айылы а/кеңештин
депутаты 7.
–
А.Нуранов
Атамерек айылы а/кеңештин
депутаты 8.
–
Ж.Зулпукаров Кашкалдак
айылы а/кеңештин депутаты 9.
– З.Кудайбердиев Чүчүк айылы а/кеңештин
депутаты 10. –
М.Бакиров Айбек
айылы а/кеңештин
депутаты 11. – З.Барнаев Камал-Ата
айылы а/кеңештин депутаты 12. – Ар
бир айылдын айыл башчылары кызматы боюнча өздөрүнүн
айылдарында карала турган маселелерге комиссия мүчөсү болуп
эсептелет.
Катчы:
К. үсөн уулу
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы
айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын
кезексиз он биринчи сессиясынын № 11-3 ТОКТОМУ 24-март 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев айыл атындагы өкмөтүнүн
2022-жылдын
1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты 4759,7 миң сом
акча каражатын бекитүү жөнүндө Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн
эсептик счетунда калган калдыгы боюнча
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-мартында өткөрүлгөн
сессиясында каралып, Кыргыз
Республикасынын “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык,
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
Т
О К Т О М К Ы Л А Т: 1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
бюджетинин 2022-жылдын 1-январына 4759,7
миң сом калдык акча каражатынан айыл өкмөт башчысы
Д.Тажибаевдин сунушуна ылайык, 1497,5 миң сом акча каражаты “Ви Ва
Комфорт строй” ЖЧКсынын кредитордук карызына төлөп берүү жагы №1 тиркемеге ылайык каралсын. (тиркеме
тиркелет). 2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин
чыгаша бөлүгүнөн 2022-жылдын 1-январына
эсептик счетунда калган
калдыкты каржылануусу боюнча
айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн Фининсы-экономика бөлүмүнүн
башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Мурзаевага милдеттендирилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү
Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү
боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи
чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын № 11-3 токтомуна №1-тиркеме Т.Зулпуев
айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-январына калган
калдыктын эсебинен 2022-жылдын айылдык бюджетине өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү
жөнүндө
(мин
сом)
Катчы :
үсөн уулу К.
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы
айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын
кезексиз он биринчи сессиясынын № 11-4 ТОКТОМУ 24-март
2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы
калдыкты 4759,7 миң сом акча каражатын бекитүү жөнүндө Т.Зулпуев
атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн
эсептик счетунда калган калдыгы боюнча
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-мартында өткөрүлгөн
сессиясында каралып, Кыргыз
Республикасынын “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык,
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
Т
О К Т О М К Ы Л А Т: 1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
бюджетинин 2022-жылдын 1-январына 4759,7
миң сом калдык акча каражатынан айыл өкмөт башчысы
Д.Тажибаевдин сунушуна ылайык, айыл өкмөтүнүн
кредитордук карыздарына жана атайын долбоорлор үчүн №1
тиркемеге ылайык төлөп
берүүгө макулдук
берилсин. (тиркеме тиркелет). 2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин
чыгаша бөлүгүнөн 2022-жылдын 1-январына
эсептик счетунда калган
калдыкты каржылануусу боюнча
айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн Фининсы-экономика бөлүмүнүн
башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Мурзаевага милдеттендирилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү
Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү
боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи
чакырылышынын кезектеги тогузунчу
сессиясынын № 11-4
токтомуна №1-тиркеме Т.Зулпуев
айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартына калган
калдыктын эсебинен 2022-жылдын айылдык бюджетине өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү
жөнүндө
мин
сом)
Катчы :
үсөн уулу К.
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы
айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын
кезексиз он биринчи сессиясынын № 11-5 ТОКТОМУ 24-март 2022-жыл Атамерек
айылы “Райхон Ноокат” ЖЧКсы таксилеринин жол акысына
болгон тарифтерин бекитип берүүгө
макулдук берүү жөнүндө “Райхон
Ноокат” ЖЧКсы таксилеринин жол
акысына болгон тарифтерин
бекитип берүүгө макулдук
берүү жөнүндөгү Х. Маткосимовдун 2022-жылдын
23-мартындагы №2/29
сандуу сураныч катын
карап жана 2022-жылдын
24-мартындагы айылдык кеңештин кезексиз 11-сессиясындагы
Х.Маткосимовдун баяндамасын угуп талкуулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1. “Райхон Ноокат” ЖЧКсынын калкты тейлөөдөгү
күндүзгү жана түнкү отургузуу үчүн
(посадка) +25 сомдон, ал эми километрине 30 сомдон белгилөөгө
макулдук берилсин. 2. “Райхон Ноокат” ЖЧКсынын кызмат акысы Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө
салуу мамлекеттик агенттигинин Ош облустук бөлүмү менен
макулдашуу жагы Х.Маткосимовго жүктөлсүн. 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү
“Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология
маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы
айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын
кезексиз он биринчи сессиясынын № 11-6 ТОКТОМУ 24-март
2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Караке
айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну Матисаков
Алтынбек Аманбайевичтин арызын кароо жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө
караштуу Караке айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну
Матисаков Алтынбек Аманбайевичтин жеке менчигиндеги 932,0 чарчы метр жер
участогун пайдалануу багытын курулуш
материалдарын жана унаа тетиктерин сатуучу дүкөн багытына которуу
жөнүндөгү Жер,
жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология
маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №2 протоколунун негизинде Т.Зулпуев
атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ 1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө
караштуу Караке айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну
Матисаков Алтынбек Аманбайевичтин арызы
канааттандырылып, жеке менчигиндеги 932,0 чарчы метр жер участогунун
максаттуу пайдалануу багытын курулуш материалдарын жана унаа тетиктерин
сатуучу дүкөн багытына өзгөртүп
берүүгө макулдук берилсин. 2. Ушул токтомду аткарууга жана
жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн
башчысы Д.Тажибаевге милдеттендирилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин
Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай,
экология маселелери боюнча туруктуу
комиссиясынын курамына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы
айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын
кезексиз он биринчи сессиясынын № 11-7 ТОКТОМУ 24-март 2022-жыл
Атамерек айылы Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Караке айылынын
Камал-Ата көчөсүнүн тургуну Исламидин кызы
Айжаркындын арызын кароо жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө
караштуу Караке айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну
Исламидин кызы Айжаркындын жеке менчигиндеги 500,0 чарчы метр жер
участогун пайдалануу багытын багытын
азык-түлүк, жер семирткичтерди сатуу боюнча соода борбору
багытына которуп берүү жөнүндөгү Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай,
экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №2 протоколунун
негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык
кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ 1.
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Караке
айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну Исламидин кызы Айжаркындын
арызы канааттандырылып, жеке менчигиндеги 500,0 чарчы метр жер жер
участогунун багытын азык-түлүк, жер семирткичтерди сатуу боюнча
соода борбору багытына өзгөртүп берүүгө
макулдук берилсин. 2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы
айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге
милдеттендирилсин. 3.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин
Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай,
экология маселелери боюнча туруктуу
комиссиясынын курамына тапшырылсын. Төрага:
Ж.Назаров |