М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№24-1

15.08.2019

Т.  Зулпуев   атындагы    айыл   Өкмөтүнүн   2019  - жылдын     алты   айлык  бюджетинин   аткарылышы,  2019-жылдын  бюджетине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду   киргизүү   жана  2020  - 2021   -  2022 -  жылдарга    бюджеттин   долбоорун   бекитүү   жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№24-1

15.08.2019

 

Т.  Зулпуев   атындагы    айыл   Өкмөтүнүн   2019  - жылдын          алты   айлык  бюджетинин   аткарылышы,  2019-жылдын  бюджетине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду   киргизүү   жана  2020  - 2021   -  2022 -  жылдарга    бюджеттин   долбоорун   бекитүү   жөнүндө

            Т.   Зулпуев    айыл   өкмөтунун   2019  - жылдын    алты  айлык бюджети    жана   2020-2021  -2022 - жылдарга    болжолун    бекитүү    жөнүндөгү   маселени    "Кыргыз    Республикасынын    2019-жылдын   бюджетинин    аткарылышы    жана   2020-2021-2022-жылдарга   бюджетин  болжолун    бекитуу   жөнүндөгү"  негизинде    Кыргыз    Республикасынын   бюджетик   кодексинин   115-беренесинин    2-жана   4- пунктуна    таянып    Т. Зулпуев  атындагы   айылдык    кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2019   жылдын  алты   айында  бюджетин   кирешелери   план   11026,1  мин  сом   болсо,   аткарылганы    11128,5  мин  сом   же    болбосо   102,4  мин   сомго,    киреше    ашыкча    түшкөн  пайыз   101,0%  ке    аткарылгандыгы  белгиленсин.                                                                                                               

 2. Т. Зулпуев     айыл     өкмөтүнүн кошумча трансферттер кошулбаганда  2020-жылга 16339,8 мин сом, 2021-жылга 16456,8 мин сом, 2022  - жылга 16664,3 мин сомго,  айылдык     бюджеттин    негизги   көрсөткүчтөрүнүн   болжолу  жактырылсын   жана     аларды    конкреттүү ошол жылдары бюджетке   тактоо  жана толуктоо  жүргүзүү    менен   белгиленсин.         

3. Айыл   өкмөтүнүн   аппаратынын    эмгек   акына  экономист  - статистин  эмгек   акы   жана   соц.   фонду   биригип  189.5  мин   сомго  эсептелип   калгандыктан  бул   сумманы  аз  камсыз    болгон  үй    бүлөлөргө  50.0 мин сом,   К.  Бобулов   атындагы    орто   мектебин   жасалгалоо    жумуштарына    56.0  мин  сом   ар    түрдүү    иш   чараларга   83.5 мин  сом  жергиликтүү    бюджетин   эсэбинен    бөлүнүп   берилсин.

 4. Айыл өкмөтүнө караштуу Калдай жана /ч-Бай айылындарда ачылган "/мүт Нуру" жана "Дил-Мүрөк" бала бакчалардын, ата энелерден  эсебинен каржылануучу (взнос), кошумча түшө турган 318,9 мин сом акча каражатын, 2019-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин атайын эсебинин  киреше бөлүгүнө киргизилсин.

  5. ПРООН уюму тарабынан каржыланып жаткан "Мырза Арык" латок каналын ондоого жана Кашкалдак айылындаг №2 резервуарына жана Жатан айылынын Орто Кызыл участкасына ВЛ-10кВ, курулушу, КТП орнотууга" түзүлгөн келишимдин негизинде 2-траншта түшө турган +296,0 мин сом   акча каражатын 2019-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин   киреше бөлүгүнө киргизилсин.

 6. 2019-жылдын бюджетине Раздел -70429 Айыл чарба (Жайыт комитети) чыгымдарына каралган сметасына  Статья -2215- "Башка тейлөө кызматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар"  - 287,0 мин сом, Раздел -701 "Кызматтык кыдырууларга чыгашалар"-215,0 мин сом акча каражатына, иштетилбей турган  Раздел -701 "Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар" чыгымдар сметасындагы Статья -2721 " Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул"  статьясынан 144,5 мин сом акча каражаты бөлүнүп которулуп берилсин.(тиркеме тиркелет)

7. 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнөн "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы" -1106,0 мин сом акча каражаты кыскартылсын жана бекитилген планга кошумча акча каражатын Салык агенти төлөөчү киреше салыгы +520,0 мин сомго, "Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык"ка +90,0 мин сомго; "Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы" на+300,0 мин сомго, Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр +196,0 мин сомго, акча каражатын планга кошумча киргизилсин(тиркеме тиркелет).

 8. Бюджеттин 2020-2021-2022-жылдарга түзүлгөн долбоорун аткарууга жана бюджетке киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду           максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы    С. Мурзакуловго жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Мурзаева милдеттендирилсин         

 9. Бул   токтомдун    аткарылышын   көзөмөлдөө    жагы   Т.   Зулпуев   атындагы    айылдык    кенешинин  "экономика   бюджет   соода    жана  ишкерлик   боюнча  туруктуу   комиссиясына   тапшырылсын.

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К. Мурзаматов                

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад