М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

37-1

17.09.2020

Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 12-февраль 2020-жылдагы №1-отурумунун протоколун жана 30-1 сандуу токтому жокко чыгаруу жөнүндө.

2.

37-2

17.09.2020

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек  айылынын тургуну Саитов Иметали Камаловичтин  арызын кароо жөнүндө

3.

37-3

17.09.2020

Т. Зулпуев  атындагы  айыл өкмөтүнүн Камал -Ата айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 37 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

37-1

17.09.2020

 

Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 12-февраль 2020-жылдагы №1-отурумунун протоколун жана 30-1 сандуу токтому жокко чыгаруу жөнүндө.

             Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин  12-февраль 2020-жылдагы отурумунун №1-протоколунун чечими менен Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылынын тургуну Абдуллаев Нуралинин жашап жаткан турак-жайын,  жер участогун жана ага тиешелүү документтерин   тактоону айыл өкмөтүнө сунушталган жана анын негизинде 12-февраль 2020-жылы айылдык кеңештин кезектеги сессиясында маселени карап, Абдуллаев Нуралинин арызы канаттандырылып анын жашап жаткан турак-жайын 0,14га. жер участогу менен анын жеке менчигине акысыз бекитип берүүгө макулдук берген 30-1 сандуу токтому кабыл алынган . бирок 10.09.2020-жылдагы  Ноокат районунун прокуратурасынын  № 11/1514-20 сандуу чыгыш каты менен Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 12.02.2020-жылдагы №30-1 сандуу токтому Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 29-беренесинин талаптарын бузуу менен кабыл алынгандыгы тууралуу каршылык билдирүү катынын негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1.   Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 12-февраль 2020-жылдагы №1-отурумунун протоколу жана Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылынын тургуну Абдуллаев Нуралинин жашап жаткан турак-жайын, 0,14га. жер участогу менен акысыз жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берген 30-1 сандуу токтому жокко чыгарылсын.

2.  Ушул токтомдун бир түп нускасы маалымат иретинде Ноокат районунун прокуратурасына  жиберилсин.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр  жай, экология  маселелери  боюнча комиссиясына  тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 37 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

37-2

17.09.2020

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек  айылынын тургуну Саитов Иметали Камаловичтин  арызын кароо жөнүндө

          Саитов Иметали Камаловичтин Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылындагы № 5-05-09-1002-0780 сандуу идентфикациялык коддо жайгашкан турак-жай багытындагы 1478,0 чарчы метр жер аянтын  2014-жылдын 19-февралындагы  мурас  укугу №310-күбөлүгүнүн негизинде  жеке менчигине өткөрүп алып, сериясы "Ч" № 527546 сандуу мамлекеттик акт  алган. 10-август 2020-жылы Ноокат районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын аталган жер участогунун ичинен 160,0ч.м жер тилкесинин максаттуу пайдалануу багытын  соода  сатык багытына которууга  боло тургандыгы тууралуу  № 125/20 сандуу  архитектуралык-техникалык корутундусун  даярдап берген.     13-август 2020-жылы  Саитов  Иметалиге ушул   турак - жай багытындагы 1478,0 чарчы метр жер участогунун ичинен  160,0 ч.метр жер тилкесин максаттуу пайдалануу соода-сатык багытына өзгөртүп берүү жөнүндө айылдык кенештин төрагасына арыз менен кайрылгандыктан, 17.09.2020-жылдын Т. Зулпуев  айылдык кенешинин депутаттары маселени карап чыгып,  Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 1-18-беренелерин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши 

                                      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айбек айылынын тургуну  Саитов  Иметали Камаловичтин  Айбек айылындагы турак-жай багытындагы  1478,0 чарчы метр жер ичинен 160,0 чарчы метр жер тилкесин  максаттуу пайдалануу багытын  соода - сатык багытына өзгөртүүгө  макулдук берилсин.                                                                            

2. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

3.  Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин  жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, өнөр-жай жана экология боюнча туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 37 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

37-3

17.09.2020

 

Т. Зулпуев  атындагы  айыл өкмөтүнүн Камал -Ата айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

       Т. Зулпуев  атындагы  айыл  өкмөтүнүн Камал-Ата айылынын тургундарынын өздөрүнү жашап жаткан  айыл Караке айылы болуп аталып  келе  жаткандыктан Караке айылын Камал-Ата айылы деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, Кыргыз  Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Т. Зулпуев атындагы  айыл өкмөтүнө караштуу  Караке айылын Камал-Ата айылы деп өзгөртүлсүн.

2.  Ушул токтомдун түп нускамасын кадастр мамлекеттик мекемесинин  Ноокат  филиалына жана  Ноокат райондук шааркурулуш жана  архитектура боюнча башкармалыгына маалымат иретине жиберсин.

3. Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөөнү  айылдык  кенешинин  мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык, этика маданий каада  салттар жана жаратылышты коргоо боюнча   комиссиясына  милдеттендирилсин

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

 

 

Назад