Т.Зулпуев айыл аймагы

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын “Барын” айылынын тургундарынын 2021-жылдын

4-январындагы жалпы чогулушунун

 

Протоколу

Барын айылы                                                                                              4-январь, 2021-ж.

Катышкандар:73 киши

Күн тарттибиндеги маселе:Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Барын айылынын тургундарынын Какыр массивинде жайгашкан сугат, айдоо үлүш жерлеринин ордуна келечекте райондук универсал базарынын курулушу пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу үлүш жерди башка жерге көчүрүү маселесин талкуулоо.

Күн тартибиндеги маселе боюнча Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн жер адиси Ш.Султанов сөз алып, өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

   Урматтуу атуулдар,өзүнүздөргө белгилүү болгондой биздин айыл аймагыбыз районубуздун борбору менен чектеш болгондуктан, азыркы күнгө келип элдин,айрыкча автоунаалардын санынын көбөйгөндүгүнөн көчөлөрдө жүрүү кыйын болууда. Райондук борбордо жайгашкан соода-сатык жана коомдук турмуш-тиричилик жаатында кызмат көрсөтүү жайларында санитардык эрежелерди сактоого мүмкүн болбой калды,ушул себептен Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы биздин айыл өкмөткө кайрылып,азыркы калыптанып калган абалды жоюу максатында,заманбап долбоор менен кайрадан заманбап базар куруу керектигин,ушул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн биздин айыл аймактын,ушул сиздердин үлүш жериниздердин орду туш келгендиги маалымдалган.Жогорудагы маселени сиздер менен түз отуруп кенешкени  сиздердин алдыныздарга келип отурабыз.Менин айтайын дегеним жер үлүшү бул сиздердин менчигинер, ал кол тийгис мүлк болуп саналат.Бирок Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча атайын мыйзамдары болуп, ал мыйзамдардын талабы боюнча кээ бир учурларда жер аянттары мамлекеттин кызыкчылыгына туура келип калган учурларда, өкмөт жердин ээсине, ушул жердин базар баасында эсептелген суммасын төлөп берип,же болбосо ушул жерге баалуулугу тен болгон жерди компенсация иретинде жер ээсине берип,ал жерди алууга укуктуу деп көрсөтүлгөн,деп билдирүү жасады.

   Сөз алган үлүш ээлеринен “Акмат” дыйкан чарбасынын жетекчиси Акматов Каныбек өз сөзүндө мейли,эгер биз жерибизди берген учурда,бизге кайсыл жерден үлүш бересинер,ал жер суу менен камсыздалабы,жердин түшүмдүүлүгү кандай абалда,ал жер биздин жерден төмөн болсо болбойт,эгерде жакшы болсо макулбуз деген суроо менен кайрылды.

   Жер адиси Ш.Султанов сөз алып,биз мыйзамдын негизинде жогорку органдарга кайрылып,ал жактан трансформациялоого уруксат берилгенден кийин үлүш жерлеринерди айыл аймактын Саманкана,Айбек аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна караштуу жерге көчүрүп беребиз деп билдирүү жасады.

   “Досмат”дыйкан чарбасынын мүчөсү Тажибаев Р. Сөз алып,өз сөзүндө эгерде биздин үлүшүбүз заманбап базар болуп калса,ал жерде курула турган обьекттерди куруу үчүн үлүш жер ээлерине да жер берилсе,анда биз үлүшүбүздү бергенге макулдук беребиз деген сөзүнө бардык чогулушка катышып турган үлүш ээлери кошулаарын билдиришти.

   “Барын” айылынын айыл башчысы Б.Лутпиев сөз алып,эгерде бул иш жүзүнө аша турган болсо,бардык үлүш ээлери жазуу жүзүндө үлүш жеринин башка жерге көчүрүлүшүнө макул экендигин билдирип кат берүүлөрү керек деген пикирин ортого салды.

   Сөзгө чыккан башка атуулдар да жогоруда айтылган сунуш жана пикирлерди колдоорун билдиришти.

   Жогорудагы бардык сунуштар жана талкууланган маселелерди эске алып Барын айылынын жалпы чогулушу

                                                   Чечим   кылат:

1.      Райондук универсал базар курулушу үчүн пландаштырылган тандалган  №484, 495, 497, 498, 499 контурлардагы 10,20га. жер аянтында  үлүш жери бар болгон атуулдарды тактап ,так тизмесин түзүү жагы айыл башчы У.Лутпиевге жүктөлсүн.

2.      Түзүлгөн тизменин негизинде үлүш ээлерине Кашкалдак айылында жайгашкан,суу менен камсыз болгон фонд жерден үлүш көрсөтүлүп берилсин.

3.      Курулушу көздөлүп жаткан универсал базарынан үлүш ээлерине соода кылуу үчүн орун берилсин.

4.      Ушул протоколубуздун талаптарын бекитип берүү жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинен жана Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөттүн башчысынан суралсын.

 

 

 

 

 

Чогулуштун төрагасы:                                        У.Лутпиев

 

                   Катчысы:                                             М.Акматов